Кытай тили

Wikipedia дан

Кытай тили — кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайлары сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диалектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги курамы бир. Байыркы кытай жазма даректери биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эстелиги — «Шуцзин» («Тарых китеби») жана «Шицзин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү — байхуа (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик кытай тилине негиз болуп, путунхуа (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа веньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук адабий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы катары Пекин говору алынган. Байхуанын колдонулушу менен кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путунхуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семантика, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдонулат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглютинация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсептелет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]