Мазмунга өтүү

Сингапур

Википедия дан

Сингапур Республикасы
англ. Republic of Singapore
мал. Republik Singapura
кыт. 新加坡共和国
там. சிங்கப்பூர் குடியரசு

Герб
Туу Герб
Урааны: «Majulah Singapura
(Алга, Сингапур)»
Мамлекеттик Гимни
Файл:Singapore on the globe (Southeast Asia centered).svg, Singapore on the globe (Southeast Asia centered) zoom.svg и Singapore in its region (zoom).svg
Эгемендүүлүк күнү 9 август 1965-жыл
Расмий тили аңглисче, кытайча (путунхуа), малайча, тамилче
Ири шаарлар Сингапур
Президент
Премьер-министр
Тарман Шанмугаратнам
Лоуренс Вонг
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

714,3[1] км²
1,444
Калкы
• Бааланган (2012)
Жыштыгы

5 312 400[2] адам
7200 ад./км²
АДӨИ ( 2011) 0,866 [3] (өтө жогору) ({{{АДӨИ боюнча орду}}})
Акча бирдиги Сингапур доллары (SGD)
Домени .sg
ISO коду SG
ЭОК коду SGP
Телефон коду +65
Убакыт аралыгы UTC +8

Сингапур республикасы (англ. Republic of Singapore; мал. Republik Singapura; кыт. ; там. சிங்கப்பூர் குடியரசு Ciŋkappūr Kudiyarasu ) — шаар-мамлекет, Түштүк-Чыгыш Азия аралдарында жайгашкан, Малакка жарым аралынан ичке Жохор кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Малайзиянын курамына кирүүчү Жохор султанаты менен жана Индонезиянын курамындагы Риау аралдары менен чектешет.

Сингапур - синга (арстан) деген өздөштүрүлгөн (санскритчеси सिंह siMha (арстан)) малайя сөзүнө, санскритче पुर pura (шаар) сөзүн кошкондон алынган. Б.а. "арстандын шаары" дегенди билдирет.

Сингапурдун аянты 714,3 км² (2011-жыл) (кара. География Сингапура), 1960-жылдардан бери аянты деңиз түбүнөн топурак алып төгүүдөн чоңоюп жатат. Азыр Сингапур 63 аралдан турат. Эң ирилери — Сингапур (башкы арал), Убин, Теконг-Бесар, Брани, Сентоса, Семакау и Судонг. Эң бийик чекити — Букит-Тимах дөбөсү (163,3 м).

Негизги макала: Сингапурдун тарыхы

Сингапур тууралуу алгачкы маалыматтар кытайлык хроникаларда (III кылымдагы) жолугат. Арал Шривиджая империясынын ээлигинде болгон, империянын борбору Суматра аралында жайгашып, Темасек деп явалыктарча аталган экен.. Темасек бир учурда маанилүү соода борбору болуп туруп, кийин өз маанисин жоготуптур. Темасек шаары тууралуу айрым археологиялык табылгалардан башка маалыматтар жокко эсе.

XV—XVI кылымдарда Сингапур Жохор султанатынын курамына кирип турган. 1617-жылдагы Малайя-Португалия согушунун убагында Сингапурга португалия аскерлери кол салган экен.

1819-жылдын 6-февралында сэр Томас Стамфорд Раффлз, - Британдык Ост-Индия компаниясынын өкүлү, - Жохордун султаны менен Сингапурда ар түрдүү этникалык топтордун көчүп келишине уруксат берүү менен соода аймагын уюштуруу тууралуу келишим түзөт. 1867-жылы Сингапур Британ империясынын колониясы болуп калат, анткени англистер Китайга баруучу жолдогу таяныч пункт катары Сингапурга чоң маани беришкен. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Япония Малайяны ээлейт, анан Сингапур үчүн урушта англистердин аскерлери көп болгонуна карабастан аларды жеңип алат (бул стратегиялык калпыс чечимдин натыйжасы эле — англистер япондордун кол салышын деңиз жактан күтүшкөн, алар болсо бүткүл Малайяны басып өтүп, Сингапурга анча корголбогон кургактан сокку урушат), 1942-жылдын 15-февралында Сингапур Япониянын колуна өтүп, бул абалда Япониянын 1945-жылдын сентябрында жеңилишине чейин турат. 1959-жылдан баштап Сингапур Британ империясынын курамындагы өзүн өзу башкарган мамлекет болуп калат, Ли Куан Ю болсо шайлоодон кийин премьер-министр болот. 1963-жылы референдумдун жыйынтыгы менен Сингапур Малайзия Федерациясына - Малайя, Сабах жана Саравак мамлекеттери менен бирге - кирет, бирок 1965-жылы 7-августта чырдашуудан кийин Сингапур Малайзиядан чыгып кетип, 1965-жылдын 9-августунда эгемендигин жарыялайт. Сингапур тынчтык менен ажырашат, анткени федерациянын жетекчилиги анын Малайзиянын курамында болушу этникалык балансты кытай калкынын пайдасына кыйшайтат деп эсептешкен.

1959-жылдан 1990-жылга чейин Ли Куан Ю башкарып турганда, эч бир байлыгы жок Сингапур (ичүүгө сууну дагы Малайзиядагы Жохордон ташып келишчү), толуп жаткан ички-сырткы проблемаларын өзү чечип, 3-дүйнөнүн кедей өлкөсүнөн жашоо деңгээли жогору турган эң өнүккөн өлкөнүн даражасына чейинки секирикти жасайт. 2004-жылы 10-августта Сингапурдун 63 жаштагы премьер-министри Го Чок Тонг, бул постту кийинки 14 жыл ээлеп тургандан кийин кызматтан чегинип, бул тууралуу расмий өтүнүчүн өлкө президенти С. Р. Натанга тапшырат. Өкмөттү 52 жаштагы Ли Сянь Лун — Ли Куан Юнун тун уулу - башкарып калат. Ал финансы министринин постун да ээлеп турат. Бийликтен кеткенден кийин ага министрдин кызматын аткарып келген 80 деги Ли Куан Ю, уулунун өкмөтүндө 2011-жылга чейин өкмөттүн кеңешчиси болуп турган. Сингапур эгемендик алгандан бери өткөн 53 жылдын ичинде эки гана премьер-министр (Ли Куан Ю жана Го Чок Тонг) алмашты, азыр өкмөттү Ли Куан Юнун уулу Ли Сянь Лун башкарып жатат. Сингапурдун гүлдөп өсүшүнүн дагы бир себеби, так ушул стабилдүүлүктө болсо керек.

1959—1990-жылдардагы модернизация Эгемендик алган кезинде Сингапур ичүүгө сууну жана курулушка кумду да сырттан ташып келген кичинекей кедей шаар-мамлекет эле. Чынында мамлекет эмес эле, балыкчылардын кыштагы экен. Кошуна мамлекеттер достук маанайда эмес эле, калктын үчтөн бири коммунисттерге тилектеш болгон. Ли Куан Ю өзүн жана өз командасын "англис тарбиясын алган буржуазиялык лидерлердин тобу"[5] деп мүнөздөгөн.

Сингапурдун символу — жомоктогу персонаж Мерлайон («жарым балык-жарым арстан») Ли Куан Юнун өкмөтү экономикалык өнүгүш Стратегиясы боюнча Сингапурду Түштүк-Чыгыш Азиянын финансылык жана соода борборуна айландырууну, ошондой эле, четтен инвесторлорду тартууну көздөгөн. Ли Куан Ю: «Биз ар бир инвесторду кошколдоп тосчубуз… Ага өндүрүштү жолго коюуга жардам бериш үчүн жан талашчыбуз», — деп жазат. Натыйжада «америкалык транснационалдык корпорациялар Сингапурда жогорку технологиялуу масштабы чоң өндүрүштүн байдубалын тургузушту», ошентип бул шаар-мамлекет, мисалга, электрониканын[6]ири өндүргүчү болуп калды. Эгемендикти алгандан кийин Сингапурда коррупциянын деңгээли жогору болгон. Ли Куан Ю минтип жазат: «Коррупция - азиялык турмуштун ажырагыс көрүнүшу эле. Адамдар параны ачык эле алчу, бул алардын жашоо мыйзамы болгон». Коррупция менен күрөш «чечимдерди кабыл алуу процедурасын жөнөкөйлөтүүдөн, мыйзамдарды ачык жана жөнөкөй эрежелерди кабыл алуу менен кош маанилүүлүктөн арылтуудан - керек болсо, ар кандай ишмердикке уруксат берүүлөрдү жана лицензиялоону алып таштоодон - башталды». Судьялардын эмгек акысы кескин көтөрүлдү, бул кызматка «мыкты жеке менчик адвокаттар» чакырылды. Сингапур судьясынын жылдык кирешеси бир нече 100 миң долларга жетти (ал эми 1990-жылдарда — 1 млн доллардан ашты.). Триада (уюшкан кылмыштуу топтор) аёосуз түрдө жок кылынды. Полициянын курамы кытайлардан туруп калды (мурда булар малаялыктар болуп, ичтен чыккан этникалык чырларын Ли Куан Ю өзү келип токтоткон учурлар да болгон). Жооптуу посттордогу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары жеке менчик компаниялардын топ-менеджерлериникиндей деңгээлге чейин көтөрүлдү. Чоңдордун арасындагы коррупция менен күрөшүү үчүн өзүнчө эч кимге баш ийбеген орган түзүлдү (Ли Куан Юнун жакындарына дагы кылмыш иштери козголгон болучу). Коррупционер катары бети ачылган министрлер ар кандай мөөнөткө кесилишти, кээ бирөө өз жанын кыйды, кайсы бирөөлөрү өлкөдөн качып кетти. Булардын ичинде Ви Тун Бун[7] (айлана-чөйрөнү коргоо министри) сыяктуу Ли Куан Юнун жолдоштору да болгон. Натыйжада Сингапур (эл аралык рейтингбоюнча) дүйнөнүн коррупцияга өтө аз чалдыккан мамлекеттеринин бири болуп калды.

Букит-Баток району. Ли Куан Ю өзүнүн мемуарларында дайыма мыйзамдын биринчилик принцибин жана мыйзамдын алдында - чоңдор менен өз туугандары кошо - баары бирдейлигин камсыз кылып келгендигин айтат. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу системасы англиялык колониялык башкаруудан мураска калган болучу[8]. 1960—1970-жылдарда билим берүү системасы реформаланды. Сингапурда болгон көп ар түрдүү улуттук мектептерге бирдиктүү минималдуу стандарттар берилди. Англис тили бардык мектептерде милдеттүү түрдө окутулуп, жогорку окуу жайларда окутуу да ушул тилде жүргүзүлүп калды. Өкмөт сингапурдук студенттерди дүйнөнүн мыкты университеттеринде[9] окутууга акча аяган жок. Өкмөт калктын көпчүлүгүн менчик турак-жай менен камсыз кылууга чоң маани берип турду. 1960-жылдарда ипотекалык кредиттөө системасы түзүлдү, турак-жай курулушу кескин өстү, ошентип 1996-жылга карата шаардагы квартиралардын 9 %ы гана ижарага берилип калды, калгандары менчиктештирилди.[10] Буга кыймылсыз мүлккө салынган салыктын төмөндүгү себеп болду (менчик ээси өзү жашаса квартиранын базар баасынын 3,7 %ын, ижарага берсе - 10 %ын төлөгөн).

Калып: Сингапур мамлекети Сингапур аралын, же Пулау-Уджонг[11]ду кошкондо 63 аралга жайгашкан. Малайзиянын Жохор султанатына эки жасалма жол катнашы алып барат түндүгүндө Сингапур-Жохор дамбасы жана батышындагы «Экинчи туташтырма» (Сингапурдагы Туса менен Жохордогу Танджунг Купангдын арасында). Журонг, Пулау-Теконг, Пулау-Убин жана Сентоза аралдары — Сингапур аралдарынын арасындагы чоңураактары. Эң бийик табийгый чекит — бийиктиги 166 метрлик Букит-Тимах дөңсөөсү[12]. Жуудуруп топурак төгүү долбоорун жүзөгө ашыруу менен Сингапурдун аянты 581,5 км2ден (1960-жыл) азыркы 704 км2ка чейин чоңойду; эми бул аянт дагы 100 км2ка чоңойушу мүмкүн (2030-жылы)[13]. Кээ бир долбоорлор боюнча кичине аралдардын ортосун жогоркудай жол менен бириктирип, Джуронг[14] сыяктуу чоңураак арал жасалып жатат, Сингапурдун жеринин 5 %ы корук[15] болуп эсептелет. Шаар курулушунун натыйжасында, эң башкысы, жамгыр токойлору жок болуп кетти. Букит-Тимах жаратылыш коругу — единственный значительный оставшийся дождевой лес[14].

Климаты Шаар экватордо жайгашкандыктан, климаттын температуралык термелүүсү жокко эсе. Январдын орточо температурасы июндукунан 1 °C эле төмөн (эң суук жана эң ысык айлар). Климаты - экватордук. Жаан-чачын дайыма көп жаайт (айына 170 ден 250 мм ге чейин). Шаардагы эң төмөн температура +19,4 °C, эң жогоркусу — +36,0 °C. Куйкалаган ысык дээрлик жок, суук дагы болбойт. Калып:Климат города Мамлекеттик түзүлүшү Негизги макалалар: Сингапурдун мамлекеттик түзүлушү, Сингапурдун Конституциясы Сингапур — парламенттик республика. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган министрлер кабинетине таандык, президент көбүнчө мамлекетти билгизип эле турат, бирок кээде маанилүү чечимдерге тыюу салышка укугу бар. Сингапурда 1965-жылдан бери саясий бийлик «Элдик аракет» (People’s Action Party, PAP) партиясында. Сынчылар Сингапурду де-факто бир партиялуу өлкө деп атап, жана PAPты оппозицияны кысып жатат деп күнөөлөшөт. Бирок, Жумушчу партия жана Сингапур демократиялык альянс сыяктуу оппозициялык партиялар парламентте орун алышкан. Чек арасыз репортёрлор Сингапурду басма сөз эркиндиги боюнча 167 өлкөнүн ичинен 140-орунга коюп жүрүшөт[16]. Буларга карабастан, Сингапур өкмөтү өлкөдө абдан натыйжалуу жана ачык базар экономикалык системасын түзгөн. Мындан тышкары, өкмөттүн ак ниет жана коррупцияга батпаган деген даңкы бар; ар кандай изилдөөчүлөр Сингапурду коррупцияга азыраак баткан өлкөлөрдүн 1-ондугуна, ал эми Азия боюнча - эң жогорку орунга коюп жүрүшөт (кара. Transparency International). Сингапур Улуттар достугу, БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (ASEAN), Азиялык-тынчокеандык экономикалык кызматташтык (АТЭС) сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө. СССР менен дипломатиялык мамиле 1968-жылы түзүлгөн. Кыргыз республикасы менен Сингапурдун да мамилеси бар. Мыйзамдары Сингапурда кылмыштуулуктун деңгээли — дүйнөдөгү эң төмөндөрдүн бири, мында мыйзамдар кыйла катаал (Сингапурда өлүм жазасы бар жана ал колдонулат). Улут аралык касташуу жана жек көрүү көрүнүштөрү жазаланат (ал эмес Интернеттеги дискуссиялар эске алынат). Кээ бир кылмыштар үчун балак алынат. Айрыкча таш боордук менен өлтүрүү жана наркотик сатуу дарга тартуу менен өлүм жазасына буйрулат. 1991-жылдан 2004-жылга чейин 400 өлүм өкүмүКалып:Нет АИ аткарылган, — бул дүйнөдөгү өтө жогорку көрсөткүчтун бири. Экономикасы Негизги макала: Сингапурдун экономикасы Артыкчылыктары : ыңгайлуу инвестициялык климат, жогорку конкуренттик чөйрө, экономикалык эркиндик рейтингиндеги жогорку орун, билими жогору, эмгекчил жана тартиптүү калк, калктын турмуш деңгээлинин жогорулугу. Начар жактары : Малайзиядан суу жагынан көз карандылык. Бардык дээрлик азык-түлүк жана энергияны ташып келүү. Адистердин дефицити. Дүйнөлүк электроника базарынын кризисинин 2001-жылдагы рецессиясы. Жердин аздыгы.


Шаар панорамасы. Сингапур — базар экономикасы бар жана алык-салыгы төмөн мыкты өнүккөн өлкө, бул жерде транснационалдык корпорациялардын ролу жогору. Улуттук дүң азыкты (УДА) ар бир жанга бөлгөндө дүйнөдө жогорку орундардын бирин ээлейт (2014-жылы — 81300 АКШ долл., 230 мамлекет ичинде 7-орун). Конкуренцияга жөндөмдүүлүк рейтингинде (ВЭФ - Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум - БЭФ) Сингапурдун экономикасы 2009-жылы 3-орун алган (2008-жылы134 өлкөнүн ичинен 5-орун, 2007-жылы 131 өлкөнүн ичинен 7-орун, 2006-жылы — 5-орун). Сингапурду экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине тез жеткен секириги үчүн чыгыш азиялык жолборстордун катарына кошушат. Өлкөдө (белгилүү европалык, америкалык, япондук, жана Flextronics сыяктуу сингапурдук компаниялардын) электроника өндүрүшү, кеме куруу, финансылык кызмат көрсөтүү сектору мыкты өнүккөн. Өлкө - CD менен иштөө каражаттарын чыгаруунун дүйнөлүк борборлорунун бири. Биотехнология жаатында чоң изилдөөлөр жүрүп жатат. Raffles Сингапур холдинги Swissotel отелдеринин эл аралык тармагынын ээси. Экономикасы, өзгөчө тиричилик электроникасы, информациялык технологиялар, фармацевтика тармактарында,.экспорттон абдан көз каранды, Сингапур — өз аймагындагы эң ири соода дөөлөтү. Тышкы сооданын көлөмү (2008) — 455,3 млрд АКШ.долларын түздү Экспорт — 235,8 млрд долл. болду, мунун ичинде электрондук жана электротехникалык өндүрүштүн продукциясы, керектөө товарлары, переработки натуралдык каучукту иштетүүнүн продуктылары, нефтепродуктылар бар. Экспорт (2007 г.) негизинен Малайзияга (12,9 %), Гонконгко (10,5 %), Индонезияга (9,8 %), Кытайга (9,7 %), АКШга (8,9 %), Японияга (4,8 %), Таиландга (4,1 %) кетет. Импорт — 219,5 млрд долл.: машиналар жана жабдуулар, отун, химиялык товарлар, азык-түлүк. Импорт боюнча башкы өнөктөр: Малайзия (13,1 %), АКШ (12,5 %), Кытай (12,1 %), Япония (8,2 %), Тайвань (5,9 %), Индонезия(5,6 %), Түштүк Корея (4,9 %) (2007). 2004-2007-жылдарда УДА жыл сайын орточо 7 %га өсүп турду, бирок 2008-жылы глобалдык финансылык кризистин айынан 1,2 пайызга түштү. Инфляция — 2,3 % (2008-ж.). 2001-жылы Сингапур технологиялар жаатындагы дүйнөлүк кризистин айынан экономикалык кыйынчылыктарга тушукту. 2005-жылы экономика кайра көтөрүлдү. Правительство стабилдүү экономический өнүгүштү камсыздоонун үстүндө иштеп жатат. 2008-жылы жумушсуздук 2,2 % болду (2005 — 3,3 %). Калып:Также Транспорту Калып:Главная Сингапур порту дүйнөнүн эң ири портторунун бири, ал эми көп көрсөткүчтөр боюнча 1-орунду ээлейт.


Сингапур абажолдору Airbus A380 Авиациясы Сингапурдагы эң ири аэропорт — Чанги эл аралык аэропорту . Ал Түштүк-Чыгыш Азиядагы башкы авиациялык дарбаза болуп эсептелет, жүргүнчүлөр агымы — жылына 36 млн адамдан, ал эми жүк агымы — 1,9 млн тоннадан ашат. Аэропорт Чанги аймагында, коммерциялык борбордун түндүк-чыгышында 17,2 км аралыкта жайгашып, 13 чарчы чакырым аянтты ээлейт[17]. Аэропорт Сингапурдагы негизги ташыгыч болгон Сингапур авиалиниялары үчүн дарбаза болуп эсептелет. Авиакомпания Star Alliance тын мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү Негизги макала: Сингапурдун администрациялык бөлүнүшү Администрациялык жактан өлкө 5 аймакка[18] бөлүнгөн. Салыктар Калып:См. также 2008-жылдан баштап Сингапурда бир деңгээлдүү салык системасы киргизилген, ага ылайык салык кирешелерден компаниялардын деңгээлинде гана алынат (мурдагы импутациялык салык системасы боюнча акционерлердин дивидендинен алынуучу салык компаниялардын эсебинен алына турган). Эми Сингапурдагы компаниялардын түзүүчү-резиденттери алуучу дивиденддер салыктан толук бошотулду. Компания жергиликтүү же чет өлкөлүк экенине карабастан (Сингапур мыйзамдарынын топтомунуну 134-бөлүмүнө ылайык), компаниялардын кирешелерине (чыгашалардан тышкаркы кирешелер) бирдиктүү 18 пайыздык (2010-жылы — 17 пайыз) салык салынат. Сингапурдагы резиденттик эмес компаниялардын чет өлкөдөгү булактардан алынган жана Сингапурга которулбаган кирешелерине киреше салыгы салынбайт, бул жагынан алганда территориалдык принциптеги салык системасы Гибралтардын жана Гонконгдун салык системаларына окшош. Корпоративдик киреше салыгынан жана товарлар менен кызмат көрсөтүүгө салыктан тышкары, сингапурдук компаниялар мүлк салыгын жана гербдик жыйымдарды төлөшөт. Салык салууну көзөмөлдөөнү ишке ашырууга Сингапур ички кирешелер Кызматы[19][20] жооп берет. Физикалык жактарга салынуучу кыймылсыз мүлк салыгы ижаранын потенциалдык наркынын 4%ын түзөт (өз үйүндө жашаган менчик ээлери үчүн), ал эми ижарага берилген турак-жай үчүн бул салык - 10 %. Калкы Негизги макалалар: Сингапурдун калкы, Сингапурдагы дин, Сингапурдагы католицизм Сингапур — калкынын жыштыгы боюнча дүйнөдө экинчи орундагы өлкө. Калкы 2012-жылы - 5,31 миллион ( 2005-жылы - 4,42 миллион), улуттук курамы кошуна Малайзиядан айырмаланып турат. Калкынын көпчүлүгү кытайлар — 76,8 %. Теги ар кандай малайялыктар - 13,9 %. Индиядан келгендер 7,9 %, булардын көбү — тамилдер, азыраагы — малаяли, пенджабдыктар жана бенгалдыктар. Аз-маз англичандар, арабдар, еврейлер, тайлар, армяндар[21][22], япондор жана метистер (евроазиаттар) бар. Сингапур — көп диндүү өлкө. калктын 40 %ы буддизм багытында. Кытай калкынын көпчүлүгү даосизм,конфуциандык, буддизм жана байыркы анимизм.сыяктуу традициялуу ишенимдерди карманышат. Мусулмандын көпчүлүгү — малайялыктар, бирок башка элдерден да исламды кармангандар бар. Христиандыкты калктын 14 %ы карманат; мында католиктер, православдар ж.б. конфессиялар бар. 1960-жылдарда Сингапурда болгон олуттуу улут аралык чатактардан кийин өкмөт улут аралык мамилелерге дыкаттык менен көз салып, билим берүү, турак-жай берүү системасында, армияда жана башка социалдык сфераларда гармония принцибин киргизди. 1970-жылдардан баштап чатактар дээрлик токтоду. Азыр мектептерде ислам жоолуктарына тыюу салынган. 2005-жылдын октябрында Интернет тармагында расисттик комментарий бергендиги үчүн бир кардар бир ай түрмөгө кесилген. Саламаттык сактоо Сингапур саламаттык сактоого өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу[23] бюджетинен каржыны азыраак бөлгөнүнө карабастан, бул тармакта кыйла ийгиликтерге жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өз отчетунда Сингапурду дүйнөдө алтынчы орунга коёт[24]. Сингапур кийинки 20 жылдын ичинде балдардын өлүмү боюнча дүйнөдө эн мыкты көрсөткүчтү ээлеп турат[25]. Сингапурда өмүрдүн узактыгы орточо алганда эркектер үчүн 79 жашка, аялдар үчүн 83 жашка жетти, бул дүйнөдөгү 15-орун болуп эсептелет. Калк толугу менен сапаттуу суу менен жана канализация менен камсыз болгон дешке мүмкүн. Өлкөдө СПИДден өлгөндөрдүн саны 100 000 адамга 10 дон ашпайт. Иммундаштыруу деңгээли жогору. Чоң адамдардын арасында семиздер 10% дан төмөн[26]. Саламаттык сактоо системасы 3 «M» принцибине негизделген деп коюшат: • «Медифанд» (англ. Medifund), - өздөрүн медициналык тейлөө менен камсыздай албагандарды коргойт, • «Медисэйв» (англ. Medisave), - медициналык аманаттардын милдеттүү схемасы, калктын 85 % ын камтыйт, • «Медишилд» (англ. Medishield), - медициналык камсыздандыруунун мамлекет каржылоочу схемасы[23]. Сингапурда мамлекеттик ооруканалар башкаруу чечимдери жагынан өз алдынчалуулукка ээ, жана пациенттерди өзүнө тартуу боюнча мелдеше алышат. Кирешеси төмөн адамдар үчүн субсидия[27] схемалары аракеттенет. 2008-жылы саламаттык сактоо системасы 31,9 % га каржыланган, бул Сингапурдун УДА сынын 3,5 % ын түзөт[28]. Маданияты Калып:Главная


С.Дали, «Ньютон» Калып:Нет ссылок в разделе Сингапурда жергиликтүү малайялыктар аз гана пайызды ээлейт, калктын көпчүлүгүн улуту кытайлыктар, азыраагын индиялык же араб келгиндери түзүшөт. Өзгөчө маданияттын өкүлдөрү катары евразиялык сингапурлуктарды жана перанакандарды (кытайлык иммигранттар менен алардын малайялык аялдарынын тукумдары) көрсөтүп жүрүшөт. Туура улуттук саясат ар түрдүү маданияттардын тынч жол менен аралашуусуна алып келди жана Сингапурга гана тиешелүү болгон өзгөчөлүк пайда болду. Сингапурда Литл-Индия («чакан Индия») жана «Чайна-таун» сыяктуу этникалык райондор бар. Бул райондор, жаңы келгендерди улуттук геттолорго жайгаштырып жашатуу аркылуу көндүрөбүз деген Раффлздын планы боюнча пайда болгон. Азыр бул райондор мурдагы маанисин жоготушканы менен, маданий борбор бойдон калышты; буларда улуттук товарлар сатылат жана улуттук ресторандар иштейт. Өкмөт толеранттуулук принцибинин, анын ичинде динге ишенүү эркиндигинин сакталышына көз салып турат. Сингапурда бир нече индуисттик, буддисттик жана даостук храмдар, ошондой эле мечиттер жана христиандык чиркөөлөр бар. Башка дагы ортодокстук эмес диний топтордун бардыгы белгилүү .


«Эспланада» театры Сингапур маданиятынын космополиттик багыты адабиятта[29], көркөм өнөрлөрдүн түрлөрүндө, музыкада жана театрда ар түрдүүлүккө алып келди. 2003-жылы Сингапурда көп орундуу жаңы «Эспланада» театры (формасы жергиликтүү дуриан) жемишине окшогон) курулду, анда чоң спектаклдер жана оюндар коюлат. Шаарда көп сандаган скульптуралар коюлган, алардын ичинде «Ньютон» (Сальвадор Дали) дагы бар. Ашканасы Калып:Главная Архитектурасы Калып:Главная Сингапур тилдери Калып:Главная Тарыхый шарттарга ылайык, улуттук тил болуп малайя тили эсептелет, жана мамлекеттик гимн Majulah Singapura малайя тилинде ырдалат. Англис, путунхуа (普通話), малайя жана тамил тилдери расмий тил болуп эсептелишет Эгемендик алгандан бери администрация англис тилин активдүү пайдаланат. Кытай тилинин бардык диалекттерин бириктирүү максатында «Путунхуада сүйлөгүлө» деген кеңири масштабдуу кампания өткөрүлгөн. Көптөгөн жарыялар, газеталар жана басылмалар англисче жана кытайча. Тарыхый жактан кытай иммигранттары бир нече топторго бөлүнүшөт жана түшүнүүгө кыйын бир нече диалекттерде сүйлөшөт: булар - хоккиен же хок-кьень (福建話; Fújiànhuà, фуцзянь же южноминь), юэ же кантон (粤语 Yueyu), хокчу (福州話 fuzhouhuà фучжоу), чаошань (潮州话, Cháozhōuhuà, англ. Teochew), хакка (客家话 Kèjiāhuà) жана хайнань (海南話 Hǎinánhuà). Мектептер аркылуу кирген англис тили «синглиш» (англ. Singlish) деген көчө формасына ээ болду, мындан тышкары — аралаш малайя-англис тили болгон «манглиш» (Manglish) тили дагы бар. Ошентсе дагы, сингапур адабияты жана расмий мекемелер нормативдик англис тилин пайдаланышат. Билим берүү Калып:Главная Сингапурдун мамлекеттик билим берүү системасы - дүйнөдөгү эң мыктылардын бири. Көп улуттуу мамлекетти бириктирүү жана чоң дүйнөгө тезинен кошулуу максатында окутуунун башкы тили болуп англис тили тандалган. Өлкөдө 6 жергиликтүү ЖОЖ бар, алардын негизгиси - мамлекеттик Улуттук Сингапур университети. Сингапур уламыштары Мерлайон (англ. Merlion, башка транскрипцияда Мерлион) — жомоктогу грифондорго жана дракондорго окшош көркөм адабий традицияда кезиккен жаныбар. Байыркы Сингапурдун көзүнөн кызыл жалын чачкан коргоочусу (пири) делген арстан баштуу, балык куйруктуу бул жандыктын сүрөтүн Индияда Аджантадагы жана Матхурадагы храмдардын дубалдарынан, байыркы этрусктардын жана эллинизм доорунун монеталарынан, англистик Норфолк графтыгынын, Манила (Филиппиндер) шаарынын жана Ост-Индия компаниясынын гербдеринен жолуктурууга болот. Легенда боюнча, илгери бул жерде арстан баштуу, балык куйруктуу мокочо жашап, жергиликтүү элди коргоп туруптур. Кас душманды көргөндө көзүнөн кызыл жарык чачырап, аларды куйкалап кетчү экен. Эгер катуу шторм болсо, ал суудан чыгып элди өлүмдөн сактап калчу имиш. Сингапурдун бул пирине арналып жарым балык-жарым арстан сүрөтүндөгү фонтан курулган. Анын бийиктиги 8,6 м, салмагы 70 тонна жана баасы 165 тыс. сингапур доллары. Автору-скульптор Лим Нанг Сенг. 1972-жылы курулган. Малайя санжырасы «Сулалат-ус-салатин»де[30] айтылгандай 1299-1347-жылдарда Санг Нила Утама аттуу малайя ханзадасы (индиялык ханзада Раджа Кулан менен суу падышасынын кызынын уулу) башкарып турган. Ханзада Тамасек (Temasek) аралынан («деңиз жээгиндеги шаар») бул жаныбарды көрүп калып, жанындагылардан анын атын сураптыр. Эч ким эч нерсе билбейт, бир акылман гана арстанга окшоштурат. Ханзадага бул окуя катуу таасир этип, аралды бул жаныбардын урматына Сингапур деп[31][32][33] атаган экен. Белгилүү жерлери Калып:Переписать раздел Калып:Смотри также Клар-Ки жээги өз атына Сингапурдун 2-губернатору сэр Эндрю Кларктын урматы үчүн ээ болгон. Жээкти кыдырата XIX кылымда негизинен кытайлыктар ээлеген пакгауздар жайгашыптыр. 1990-жылдарда бул аймак шаар куруучулардын көзүнө түшүп, магазиндер, пабдар, калкыма ресторандар жана кол өнөрчүлөрдүн дүкөндөрү жайгашкан комплекске айланат. Ушул жээктен баштап катер менен дарыя боюнча саякаттар уюштурулат. Жаныбарлар табийгый шартта багылган Сингапур зоопаркы бар. 70 гектар тропик токоюн ээлеген «Букит Тима» коругун, көп тропик канаттуулары жашаган 20 гектарлык Журонг канаттуулар паркын көрүүгө болот. Сентоc туристтик аралында гольф ойноп жана көңүл ачууга шарттар түзүлгөн.

Набережная Клар-Ки Клар-Ки Риверсайд-Пойнт Сингапур — кооз балыктарды экспорт үчүн өстүрүүнүн дүйнөдөгү ири борборлорунун бири. Сингапурдун кооз балыктарынын экспортко чыгарылуучу түрлөрүн атап кетели: негизгиси - Poecilia reticulata , башкалары -Pterophyllum scalare , Poecilia latipinna , Poecilia sphenops , Xiphophorus helleri , Xiphophorus maculatus , барбустар, харацин жана гур балыктары. Дагы бир легенда боюнча, бул жерге биринчи аяк баскан Суматра ханзадасы болгон, ал ушул жерден арстан баштуу, балык куйруктуу жаныбарды көрүптүр Ал курган шаар «Арстандын шаары» деп аталыптыр, ал эми жомоктогу жаныбарга арнап храм тургузулат. Сингапурлуктар традиция боюнча, өз шаарын «арстандын жана храмдын шаары» деп аташат. Спорт 1948-жылдан баштап Сингапур жайкы Олимпиялык оюндарга катышат. 2008-жылдан баштап Сингапурда Формула-1дин түнкү жарышы өткөрүлөт. Сингапурдун 2008-жылкы Гран-призи Формула-1 дин тарыхында жарыштын түнкү этабынын жыйынтыгы болду. 2010-жылы Сингапурда биринчи өспүрүмдөрдүн Олимпиялык оюндары өткөрүлдү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Statistics Singapore - Key Annual Indicators. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 21 -февраль (бирдин айы) 2009.
  2. Statistics Singapore - Latest Data. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2018.
  3. Human Development Report 2011 (англ.). United Nations Development Program (2011). Текшерилген күнү 6 -ноябрь (жетинин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2012.