Малайзия

Wikipedia дан

Малайзия (Malaysia), Малайзия Федерациясы (Persekutuan Tanah Malaysia, англисче Federation of Malaysia) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүк-Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу индонезиялык Суматра аралынан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 млн (2011). Борбору – Куала-Лумпур (улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор, парламенттин келүүчү жайы жана монархтын резиденциясы). Малайзиянын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган административдик борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – малайзия ринггити. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009) Малайзия – БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзия – федеративдүү мамлекет. Конституциясы 1957-жылы (1963-жылы толуктоолор киргизилген) кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – монарх. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган министрлер кабинети ишке ашырат. Малайзияда көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Улуттук фронт, Ислам партиясы, Демократиялык кыймылдар партиясы ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзиянын табиятынын жана рельефинин өзгөчөлүгү көп учурда анын обочолонгон эки аймакта жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал экватордук алкакта жатат. Малакка жарым аралынын көбүн дөңсөөлөр, жапыз жана бөксө тоолор (бийиктиги 1000–2000 м; эң бийик жери Тахан тоосунда, 2190 м). Көпчүлүк бөлүгү саздак келип, мангр өсүмдүктөрү өсөт. Калимантан аралынын жээги булуң-буйткалуу, ички бөлүктөрү тоолуу (эң бийик жери 4101 м). Айрыкча түндүк-чыгышы (түштүктөн түндүктү көздөй жайгашкан булуңдарда: Дату, Бруней, Маруду, Лабук, Дарвел, Тавау ж. б.) шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Малакка жарым аралынын жээги туурасы 15–80 кмге жеткен жана көпчүлүк бөлүгү саздуу аллювий-деңиздик жана дельта түздүктөрү орун алган. Калимантан аралынын жээк тилкесинин туурасы 60 кмге жеткен аллювий-деңиздик түздүктөр менен курчалган. Аралдын борбордук бөлүгүндөгү түздүктөр дарыя өрөөндөрү менен тилмеленип, дөңсөөлөр (орточо бийиктиги 300 м) менен алмашат. Индонезия менен болгон чек арасында субкеңдик (Капуас-Хулу тоо кыркасы) жана субмеридиан багытында жаткан бийиктиги 2000–2400 мге жеткен тоо кыркалары орун алган. Эң бийик жери – Кинабалу чокусу (бийиктиги 4101 м). Жарым аралдын тоолуу борбордук жана түндүк бөлүктөрүндө жана Калимантан аралындагы тоолордо (Саравак штаты) дүйнөдөгү эң чоң (Саравак) карст үңкүрлөрү орун алган. Малайзияда калай (дүйнөдө 3-орун), жез, темир, боксит, нефть жана табигый газ (Түштүк Кытай деңизинин шельфинде), таш көмүр, алтын, марганец, вольфрам, сейрек кездешүүчү элементтер ж. б. кендер бар. Климаты түндүгүндө субэкватордук муссондук, көпчүлүк бөлүгүндө экватордук нымдуу. Абанын орточо айлык температурасы жыл бою аз гана өлчөмдө өзгөрөт. Түздүктөрдө 25–27°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү бир кыйла жогору: жээк тилкеде 5–10°С, түздүктөрдө 8–12°С. Жылдык жаан-чачыны жээк тилкесинде 2000–3000 мм, тоолордо 5000 ммден жогору. Жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. Малайзияда кыска, бирок суусу мол дарыялар көп. Нөшөр­лөгөн жаан-чачын учурунда дарыя сууларынын көлөмү кескин көбөйөт. Ири дарыялары Ражанг (563 км), Барам (402 км), Кинабатанган (560 км) ж. б. Айрым дарыяларында кеме жүрөт, бирок алардын дельталары саздак. Эң чоң көлү – Алаотра. Тоолорунда кооз шаркыратмалар кездешет. Малайзияда 60тан ашуун суу сактагыч курулган. Күрсүз кызыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик платодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Ошондой эле мангр шортоң топурагы да кездешет. Токойлор өлкөнүн аянтынын 63,6%ин ээлейт. Нымдуу экватордук, субтропиктик токойлор ж. б. өсөт. Өсүмдүктөрү – дээрлик эндемиктер. Эң башкы экол. көйгөйлөрүнүн бири токой аянттарынын кескин кыскарып жатканы. Биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Флорасынын курамында өсүмдүктөрдүн 15,5 миң тонна жогорку (анын ичинде бак-дарактын 2650, орхидеянын 800 түрү; жоголуп кетүү алдында өсүмдүктүн 680 түрү) белгилүү. Сүт эмүүчүлөрдүн 330 (анын 50сү жоголуп кетүү алдында), канаттуулардын 750 (40), сойлоочулардын 388 (21), жерде-сууда жашоочулардын 200 (45) түрү кездешет. Балыктар (1500дөн ашык түр) сууда быкылдайт. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 499,6 миң га (2007), кургактыкта өлкөнүн аянтынын 5,9%тин түзөт. Малакка жарым аралында Таман-Негара (өлкөдөгү эң мурда уюшулган), Танжунг-Пиай, Тасек-Бера, Калимантан аралында Бако, Кинабалу (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) жана Гунунг-Мулу улуттук парктары уюшулган. Суу-саздуу 126,8 миң га жери эл аралык мааниге ээ, коргоого алынган 6 аймак [ал жерде жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрү – орангутан (Саравак штатында), азия пили (Куала-Гандах; Малакка жарым аралында)] түзүлгөн. Кен байлыктары: калай, жез, алтын, темир ж. б.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын негизин малайялар (66,4%) түзөт. Ошондой эле даяктар оранг-лауттар, аслилер жана кытайлар, явалыктар, сулулар, тайлар жашайт. Расмий тили – малай (малайзия) тили (англис тили кеңири таралган; мамлекеттик иш кагаздары да англис тилинде жүргүзүлөт). Калкынын 62,4%и мусулман, калгандары буддизм (19,2%), христиан (9,1%), индуизм (6,3%), конфуцийлик жана даосизм (3%) диндерин тутат. орточо жыштыгы 1 км2ге 87,4 киши (2009). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектерде – 70,6 жаш, аялдарда – 76,2. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 22,2), өлүм-житим 1000ге 5,0 (жаш балдардын өлүмү 1000ге 6,3). 100 аялга 101 эркек туура келет. Шаар калкы 70% (2008). Ири шаарлары: Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг ж. б.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзия аймагында адам алгачкы палеолит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы – негр-австралоид уруулары. Азыркы малайялардын ата-бабалары Малайзияга биздин заманга чейинки 1-кылымдын башында Борбордук Суматрадан келген. Биздин заманга чейинки 5–6-кылымда Индия, Кытай жана Фунань менен байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалардан алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 15–16-кылымда Малайзия аймагы Малакка султандыгына баш ийген. 1511-жылы Малайзияны португалдар, 1641-жылы нидерланддар басып алган. Малайзиянын батыш аймагында (Малайяда) бир нече султандык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756–58, 1983–87-жылдардагы согуштардан кийин голланддарга баш ийген. 18-кылымдын аягында М Малайзияны англиялык колониячылар басып ала баштаган. 1888-жылы Сарвак менен Сабах Британия протекторатын орноткон. 19-кылымда өзүнүн Малайядагы ээликтеринен Британия Малайя колониясын (Малайзия мамлекеттеринин федерациясы, ММФ) түзгөн. 19-кылымдын аягында Малайзиядагы чет элдик капиталдын 70%и англичандарга тиешелүү болуп, каучук иштетүүчү, коргошун эритүүчү ишканалар, темир жол куруучу, камсыздандыруу жана транспорт компаниялары, медициналык мекемелер, мектептер ачылган. Жергиликтүү эл англиялык колониячыларга каршы нечен жолу көтөрүлгөн. 1930-жылы Малая компартиясы (МКП) түзүлүп, алар 1934-жылы Малаяда жалпы иш таштоо уюштурган. 2-дүйнөлүк согуш учурунда Малайзия аймагын япон аскерлери оккупациялаган (1942). Малая элдеринин япондук баскынчыларга каршы армиясы уюшулуп (1943) куралдуу күрөшкө чыгышкан. Япония багынгандан ки­йин (1945-жылы 2-сентябрь) Малайзия аймагына кайтып келген британдык аскерлер (250 миң) Сингапурдан Малайяны бөлүп, 1946-жылы 1-июнда британ колониясынын статусундагы Малай Союзун (1948-жылдан Малай Федерациясы, МФ) түзүп, Саравак менен Сабахты Улуу Британия колонияларынын министерствосунун карамагына берген. Жаңы түзүлгөн колония элдик нааразычылыктарды туудурган. 1948-жылы МФтеги улуттук-боштондук кыймылды күч менен басып, МКП ж. б. бир катар демократиялык уюмдарга тыюу салган. Бирок азатчыл күрөш токтобой, 1949-жылы февралда Малайя элдеринин боштондук армиясы түзүлгөн. МФтин мыйзам чыгаруучу советине шайлоодо (1955) Алянс жеңип, Абдул Рахман башында турган өкмөт түзүлүп, 1957-жылы 31-августта МФнин көз карандысыздыгы жарыяланган. Бирок МФ аймагында жана Сингапурда Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү жайгаштырылган. Британ өкмөтү менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 1963-жылы 16-сентябрда Малай Федерациясы (Сингапур, Саравака, Сабаха, Бруня) түзүлүп, ислам официалдуу дин катары таанылган. 1960-жылдардын 2-жарымынан Малайзия өкмөтү блокторго кошулбоо жана тынчтыкта жанаша жашоо саясатын жүргүзүүгө өтүп, премьер-министр (1970-жылы сентябрдан) Абдул Разак Түштүк-Чыгыш Азияны бейтараптоо планын көтөргөн. 1981-жылы июлда МФга Махаткир Мохамеддин премьер-министрликке келиши менен өкмөт экономикалык модернизациялоо багытында экспорттолчу товарларды чыгаруу жана кайра иштетүү ишканаларын күчөтүп, инфраструктураны жаңыртууга багыт алган. Малайзия дүйнөдө каучук, коргошун, пальма майын экспорттоо боюнча алдынкы орундарда. Малайзия жогорку технологиялык сапаттагы тиричиликте кеңири колдонулуучу техникаларды (радио, электроника, компьютер ж. б.) чыгаруу боюнча маанилүү борборго айланган. 1997–98-жылдары азиялык финансы кризисинде Малайзия ЭВФтин жана батыш фондуларынын жардамынан баш тартып, Түштүк-Чыгыш Азияда регионалдык экономикалык интеграцияны күчөтүү идеясын активдүү колдогон. Малайзия дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соода мамилелери бар. 2009-жылдан премьер-министри Нажиб Тун Абдул Разак.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзия – заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 млрд долларды (АКШ, 2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56%, Өнөр жайдыкы 37, айыл чарбаныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 8,4 млрд доллар. Ири инвесторлору: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Франция, Австралия, Тайвань. Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «Petronas» («Petroliam Nasional Berhad»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Tenaga Nasional» (электр энергетика), «Perusahan Otomobil Nasional» («Proton») жана «Perodua» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95%и ЖЭСке туура келет. Электроника, электр-техникалык, машина куруу (жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң тонна, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда, Таиланд менен Индонезиядан кийин; жылына 1,27 млн тонна), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика (пальма, кокос, арек майлары колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (административдик борбору – Сайбержая; «мультмедиа супер-коридору» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Таиланддан кийин 2-орунда) чогултат. Айыл чарба техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 млн тонна, 2007) жана газ (1,7 млн тонна) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары – күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктылары даярдалат. Автомобиль жолунун Узундугу 98,7 миң км (2008), темир жолунуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк ма­йын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук өнөр жай продукциясын (транзистор), радиотехникалык каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.

Билим берүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мектепке чейинки тарбиялоону, 11 жылдык милдеттүү акысыз орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Расмий малай тили, ошондой эле кит жана тамиль тили окутулат. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 91,9% (2008). Кесиптик коллеждер, мамлекеттик университеттер, илимий мекемелер, китепкана, музейлер Куала-Лумпуре шаарында жайгашкан, анын ичинде Малайя университети (1962), Азия искусствосу музейи (1962), Улуттук китепкана (1966), Улуттук музей (1963) ж. б. бар.

Массалык-маалымат каражаттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Малай тилинде «Berita Harian», «Utusan Malaysia», «Utusan Melayu», англис тилинде «Bisiness Times», «The Malay Mail», «The New Straits Times, «The Star», кытай тилинде «Синчжоу жибао», «Чжунго бао» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу (1964-жылдан), телекөрсөтүүсү (1963-жылдан), Улуттук маалымат агенттиги (1967-жылдан) иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзия адабияты негизинен малай тилинде, ошондой эле кытай, тамиль жана англис тилдеринде да өнүгүүдө. Малайзия адабияты Индия жана яван оозеки адабияттарынын таасиринде өнүккөн. Негизинен малайя тилиндеги адабият негизги орунду ээлейт. Алгачкы жазма эстеликтери 17-кылымга таандык. Малайзия жаңы адабиятына Абдуллах бин Абдулкадир Мунши негиз салган. 1965-жылы Куала-Лумпур шаарында Тил жана адабият коому, 1958-жылы жазуучулардын улуттук союзу түзүлгөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында малайя тилиндеги пресса, исламды жаңылоо кыймылы адабиятка агартуучул көз карашты жайылткан. Буга Саид Шейх бин Ахмад аль-Хадинин Египет турмушун баяндаган «Фарида ханум» романы мисал. 1930–40-жылдары Малайзияда Индонезиянын улутчул маанайдагы адабиятынын таасиринде ар кыл тематикадагы романдар жазылган (А. Самад бин Ахмад, А. Бахтияр, Раж Мансур ж. б.). Япондор басып алгандан кийин Малайзия адабиятында колониячылыкка каршы күрөш күч алып, поэзия жана проза негизги орунду ээледи, ошондой эле роман жанры сынчыл реализм багытында жаңыланды. Хасан бин Мухаммад Алинин «Селсаяк» (1959), А. Самад Саиддин «Салина» (1961) ж. б. романдары да илимий 1967-жылы жерсиз дыйкандарга арналып жазылган коллективдүү ыр жыйнактар чыккан. 20-кылымдын башынан Малайзия адабиятынын негизинде Индонезия, Брунея жана Сингапур адабияттары өнүгүүдө.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзия искусствосунун эң байыркы эстеликтери неолит дооруна таандык. Жаңы доордун биринчи кылымдарынан Малайзиянын түндүк бөлүгүнүн маданияты байыркы-индия салттарынын таасирин сезип келген. Малака жарым аралында 50гө жакын будда жана индус курулуштарынын калдыктары сакталып калган (2–6-кылым). Пенкалан-Бахарудан (Кедах штаты) табылган коло фигураларда (5-кылым) жана Куала-Селинсингадагы (Перак штаты), 5–6-кылымдар индустук скульптураларда Амаравати (2–3-кылымдар) жана Гупттордун (4–6-кылымдар) мезгилине таандык стилдерге жакын белгилер байкалат. Ошол мезгилдеги эң атактуу архитектуралык эстеликтердин бири – Букит-Бату-Пахат (Кедах, 9–10-кылым) храм-чанди. Ушул мезгилдин скульптурасында малайзиялык, индиялык, индонезиялык жана кхмердик пластикалык традициянын айкалышуусу айрыкча ачык байкалат. 13–15-кылымдарда Малайзиянын искусствосу Маджапахит яван империясын жана Аюттхая тай мамлекетинин маданий салттарынын таасирлери тийген. 14–15-кылымда Малайзиянын аймагына исламдын таралышы менен диний архитектуранын жаңы типтери – мечиттер, минареттер, мавзолейлер пайда болгон, эң эскилеринен Малаккадагы Перингит (1720-жылыч.), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728), Кампунг-Клинг (1748) жана Кампунг-лаут (1730, Келантан штаты) мечиттери сакталып калган болуп эсептелет. Кийин курулган айрым мечиттердин (мисалы, Лангар мечити, 1870) пландалышына жана декоруна салттуу сарай архитектурасы таасир көрсөткөн. Жалпысынан мусулман эстеликтеринин архитектуралык декорунда орнаменттик кооздоо тенденциясы көрүнөт. 19-кылымдын башынан тартып прототиптери жакынкы чыгышта жолуккан (Капитан-Клинг мечити, 1802, Жоржтаун, Пинанг штаты) же индиялык диний курулуштары (Масжид-Жаме, 1909, Куала-Кангсар Лумпур, Убудиах мечити, 1913, Куала-Кангсар, Перак) кумпалуу мечиттер салына баштаган. Малайзиядагы мавзолей эстеликтер арасынан эң көрүнүктү катары Малакка штатындагы султан Алауддин Риаят Шахтын атактуу мүрзөсү эсептелет (15-кылымдын аягы). 15-кылымдын башынан Малайзияда Кытай менен соода жана маданий мамиленин өнүк­көнүнө байланыштуу кытай көркөм салттарынын таасири байкалат. Буга оймо-чиймелерге алыскы чыгыш мотивдери (булуттардын ажайып көрүнүшү, ажыдаардын, касиеттүү куштун (феникс), гүлдөрдүн ж. б.) киргени мисал. Эң эски кытай храмдарынын бири атактуу деңиз саякатчысы Чжэн Хэ 15-кылымдын башында Малаккага келгендигинин урматына 1645-жылы салынган Чэн-Хунь-Тэн болуп эсептелет. 16-кылымдын башында башталган Менены колониялаштыруу архитектура менен искусствого европалык формаларды киргизүү менен коштолот. Англиянын үстөмдүктүн учурунда жетектөөчү архитектуралык стилдердин бири классицизм болуп калат. Пинангедеги Ыйык Георгий чиркөөсү (1818), Ипох шаарындагы муниципалитеттин, Кучингедеги Жогорку Соттун имараты, Жохор-Барудагы султан сарайы, Куала-Кангсаредеги Малай колледжи буга мисал. Көз каранды эместик алгандан кийин Малайзиянын архитектурасында имараттардын курулушун интернационалдык стилде жасоо тенденциясы көрүнө баштайт: Мененын Парламентинин имараты (1963, арх. Д. Кержа Райа), «Нагариа» комплекси (1986, архитектор П. Рэка). Малайзиялыктар үстү пальма жалбырактары менен жабылган сваяларга отургузулган жыгач үйлөрдү курушат. Таяныч устундарын, балка-карниздерин кооздошот, керегелери бамбуктан согулуп, геом. орнамент менен кооздоп алышат. Бүгүнкү Малайзияда салттуу кытай тушь, акварель жана пастель живописинен башка дагы индиялык типтеги май негизиндеги станоктук живопись (Юнг Мун Сен, А. Арифф ж. б.) бар. Бир катар профессионал сүрөтчүлөрү реалисттик портреттерди, жанрдык жана пейзаждык акварелдерге кайрылышкан. 1950–60-жылдардагы сүрөтчүлөр: А. Л. Мохидин, Н. З. Абидин, С. А. Жама, Чеонг Лайтонг, Ли Жо Фор абстракттуу экспрессионизмдин духундагы иштерди аткарышкан. Өзүнүн чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктү жана учурдагы европалык живопистик тенденцияларды бириктирген 1970–80-жылдардын мастерлери: Ж. Тан, И. Зайн, И. Хусейн, Р. Захатуддин, А. Х. Юсоф, Ф. Омар, Ш. Ф. Зубир, С. Х. Эса ж. б. Станоктук жана монументалдык скульптура кеңири тараган.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзиянын полиэтникалык музыкалык маданиятынын негизин салттык музыка түзөт. Көз каранды эместикти алуу менен Малайзияда батыш тибиндеги музыкалык турмуш өнүгө баштаган. Гус Стейндин, Альфонсо Солианонун жана Жохари Саллехтин чыгармаларында малайдык, кытай жана инди музыканын мелодикалуу жана ритмикалык элементтери бат. Европалык гармониялык негиз менен айкалышып турат. Композиторлор Жон Йонг Лах Бох («Түштүк – Кытай деңизинин мистериясы» – симфониялык поэмасы), Жулия Чонг («Бергамбина» симфониясы, 1975, «Манора» балеттик сюитасы, 1982, «Кучинг» фортепиано жана оркестр үчүн концерт, 1992) батыш стандарттарына ык алышат. Малайзиянын бий искусствосунун байыркы салты бар. Анда инди-буддалык маданият элементтери, тайланддык (чыгышында) жана явалык (Малакка жарым аралынын түштүгүндө) канондордун таасири бириккен. Малайзиянын башкаруучулардын сарайларында, үйлөрүндө бий драмаларынын ар кандай түрлөрү: жикей (эл жомокторунун жана уламыштардын сюжетине), хадрах (арабдан чыккан; эркектер аткарат, отуруп, тизелеп, туруп бийлешет), ашык (жакшы көргөн чымчыгын жоготкон хан-кызынын тарыхы), менора (жергиликтүү жана тайланддык уламыштардын мотивдери боюнча; жай ыргактуу кыймылдар, колдун манжаларынын татаал оюндары, гротесктүү бет каптардын болушу). 20–21-кылымдын аралыгында бул жанрлардын баары кризиске учураган. Малайзиянын элдик бийлеринин репертуары ар түрдүү.

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Малайзиянын байыркы театрлашкан ритуалдар менен байланышкан салттык театрынын негизги формасы болуп 4 түрдө жашаган ваянг болуп эсептелет. 19-кылымда Малайзиянын шаарларында водевилдин, мелодраманын, опереттанын европалык жанрларына типологиялык жактан жакын оюндар тараган. Алгачкы труппалар 1870-жылдарда Пинанда түзүлгөн. Алардын репертуарында жергиликтүү легендалардын сюжетине жазылган пьесалар «Ханг Туах», «Жула-жула Бинтанг Туджук», «Данданг Сетиа», инд. эпостун, жакынкы чыгыш легендалардын («Лейли жана Межнун», «Али-Баба жана 40 каракчы», «Тадж ул-Мулук», «Абу Навас»), ошондой эле индонез. жана тайдык жомоктор («Сити зубудах», «Радин Мас», «Сити Жамилах»), батыш драматургдарынын чыгармалары (айрыкча У. Шекспир) кирген. Европалык типтеги биринчи драмалык чыгармалар 20-кылымдын башында мектеп театрларында ишке ашкан. Учурдагы улуттук драматургиянын негиздөөчүсү Усман Аванг болуп эсептелет. 20–21-кылымдын аралыгында эң көрүнүктүү драматург жана режиссёр – Нурдин Хасан, анын пьесаларында социалдык шарттуу фантастикалык-аллегориялык, кээ бир убакта абсурдисттик формаларды кабыл алат («Көпөлөктөрдү өлтүрбө­гүлө», 1978; «Ушул түнү таш бака ыйлады», 1994 ж. б.).

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

950-жылдардын аягына чейин Малайзияда фильмдерди чыгаруу өндүрүшү Сингапурда топтолгон да, эреже катары, буга чейин киноөндүрүшү бар Индиядан же Кытайдан чыккандардын колунда болгон. Биринчи малай фильми «Лейли жана Мажнун» (1933, режиссёр Б. С. Раджханс) болуп эсептелет. Бул жергиликтүү опера труппасы ойногон классикалык уламыштын экрандаштырылганы. 1937-жылы Ран Ран Шо менен Ранми Шо «Shaw Brothers» киностудиясын Сингапурда негиздешкен. Анда, 1941-жылы япондордун кол салышына чейин бир нече көңүл ачуучу тасмаларды («Өгөй эне», «Ойнош аял», «Сүйүү үч бурчтугу») тартылган. 1965-жылы Сингапур Малайзия Федерациясынын курамынан чыккандай кийин Куала-Лумпурда сингапурдук кинематографисттер иштей баштайт, алардын ичинде Л. Кришнан (1950–60-жылдардагы белгилүү продюсер жана режиссёр) Саллех Гани, Жамил Сулонг, Омар Роджик, С. Кадарисман ж. б. болушат. 1970-жылдардан чоң коммерциялык жеңишке «Чоматтын үй-бүлөсү» (1975, режиссёр Дедди М. Борхан) комедиясы ээ болот. 1970–80-жылдарда эң көрүнүктүү режиссёрлордун бири Жинс Шамсуддин «Эртеңди күтүү менен» (1978), «Эртеңки күн келет» (1980), «Эртең ким үчүн?» (1982) фильмдеринде татаал жана карама-каршылыктуу турмушту иликтейт. 20–21-кылымдын аралыгында жаңы толкун деп аталган фильмдердин ичинен Анвар Нор Араинин «Жонни фильм тартып жатат» (1994, цензура тыюу салып, 2008-жылы экранга чыккан); Амир Мухаммаддын тасмалары «Эрин эринге» (2000, биринчи малайзиялык санариптик толук метраждуу фильм) жана «Үрөй учурган» «Сусук» («Имплантант», 2008, Ирандан чыккан америкалык режиссёр Н. Халили) ж. б. айтууга болот. Өлкөдө 70тен ашык киностудия бар, алар Малайзиянын кино чыгаруучулардын ассоциациясына биригишкен. 1981-жылы Улуттук кинокорпорациясы (FINAS) түзүлгөн. 1980-жылдан (ар жыл сайын, ар кайсы шаарда) Малайзиянын улуттук кинофестивалы өткөрүлүп турат. 2007-жылдан жыл сайын Куала-Лумпур ЭКФи өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]