Пакистан

Википедия дан

Пакистан Ислам Республикасы
урду اسلامی جمہوریہ پاکِستان
англ. Islamic Republic of Pakistan

Герб
Туу Герб
Урааны: «ایمان، اتحاد، نظم»
«Ыйман, Ынтымак, Тартип»
Мамлекеттик Гимни
Ачык жашыл түс Индиянын аймагын көрсөтүп турат, Пакистан көзөмөлдөбөйт, бирок ал өзүнүн аймагы деп эсептейт
Расмий тилдери урдуча (мамлекеттик)
англисче (ырасмый)
Борбор шаары Исламабад
Ири шаарлар Карачи, Лахор, Фейсалабад
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президенти
Премьер-министри
Ариф Алви
Шахбаз Шариф
Аянты
• Жалпы
34 - дүйнөдө
803 940 км²
Калкы
• Бааланган (2017)
Жыштыгы

221 180 890

[1] адам (5)
258,45 ад./км²

ISO коду PK
ЭОК коду PAK

Пакистан (урду پاکِستان; англ. Pakistan), толук аталышы — Пакистан Ислам Республикасы (урду اسلامی جمہوریہ پاکِستان; англ. Islamic Republic of Pakistan) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 230 млн (2023; калкынын саны боюнча дүйнөдө 5-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупиясы.

Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пакистан – көп улуттуу өлкө. Калктын 45%и – панжабдар. Калгандары пуштундар, синдхилер, сераиктер, белуждар, брагуи, хазарейликтер, шина, балти, кхо, кашмирликтер, буриштер ж.б.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пакыстан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакыстанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакыстан мусулман лигасы, Пакыстан элдик партиясы, Пакыстан коммунисттик партиясы ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [1]Калып:Недоступная ссылка