Белуждар

Википедия дан

Белуждар - (өздөрүн балуч, балоч деп аташат) Түштүк Пакистандын калкы. Иран, Афганстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Индия жана араб өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 5,7 млн киши, анын ичинен Пакистанда 4 млн адам (2000). Белуж тилинде сүйлөшөт. Дини мусулман-суннит. Араб географтарынын маалыматтарына караганда, Белуждар 9-10-кылымдарда Керман жана анын чыгышындагы Систанда жашаган. Эфталиттердин (б. з. 5-к.), селжуктардын (11-кылымдын башында), моңголдордун (13-к.) жортуулдарынын ж-а Тпмурдун басып алууларынын (14-к.) натыйжасында Б. акырындык м-н түш., андан кийин чыгыш жакка ооп, Белужстан деп аталган чоң аймакты ээлешет. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Белужстанда бир нече княздыктар түзүлүп, алар Улуу Моголдорго, пран жана афган башкаруучуларына көз каранды болушкан. Калат княздыгынын (Чыгыш Белужстан) башкаруучусу Наспр хан Белуж (1750-95) Белужстандын бардык аймагын өз бийлигине баш ийдирген. 19-кылымда Белужстанга англичандар басып киришкен. Чыгыш Белужстан Улуу Британияга баш ийдирилип, батышы Ирандын курамына кошулган. 1947-жылдан Пакистандын курамында. 1970-ж. княздыктар жоюлуп, Белужстандын бирдиктүү провинцияга бириктирилип этностук консолидацияга жана улуттук аң-сезимдин жогорулашына жагымдуу шарт түзгөн. Алар негизинен мал чарбасы, дыйканчылык, балык уулоочулук менен кесиптенишет. Белуж жылгындан согулуп, ылай менен шыбалган, үстү чабак жыгач менен жабылган жер үйлөрдө, малчылар көчүп жүрүүгө ылайыктуу чатырчаларда (гедан) жашашат. Эркектери узун көйнөк, кенен шым, жеңи жок чапан жана шалы жоолук (пату), кийизден жасалган баш кийим же тебетей (чалмасы менен), пальманын жалбырактарынан согулган бут кийим (сандали), аялдары көйнөк жана кенен ыштан (улгайгандары кара, жаштары кызыл түстө), тебетей кийишип, узун чүмбөт жамынышат. Көкүрөктөрүнө кооз жасалгаларды тагынышат. Тамак-ашы негизинен эт (кээде гана), сүт азыктары, айран кошулуп жасалган нан, жашылча, жемиштер. Дыйкандар чегиртке туздап, кууруп, тамак-ашына колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4