Мьянма

Wikipedia дан

Мьянма (1989-жылы чейин Бирма), Мьянма Союзу Республикасы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Индия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, Түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет. Түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бенгал булуңу, Андаман деңизи менен чулганат. Аянты 678,5 миң км2. Калкы 58,8 млн (2009); калкынын саны боюнча дүйнөдө 26-орунда. Борбору – Нейпьидо (2006-жылдан; башкы экономикалык борбору – Янгон). мененын курамында 7 улуттук жана 7 административдик облусу бар. Акча бирдиги – мьянма кьяты. Мьянма – БУУнун (1948), ЭВФтин (1952), Азия өнүктүрүү банкынын (1973), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1952), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), АСЕАНдын (1997) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мьянма – федерациялык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Эл өкүлдөр чогулушу, улуттук чогулуш). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – Бүткүл союздук өкмөт. Мьянмада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Улуттук биримдик партиясы, Демократия үчүн улуттук партия.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн тоо ээлейт. Батышын Ракхайн тоолору (бийиктиги 1500–3000 м) жана анын түндүкуландысы – Паткай, Кумун кырка тоолору (эң бийик жери – Кхакаборази чокусу, Бийиктиги 5881 м), чыгышын Шан бөксө тоосу, Борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Иравади түздүгү ээлейт. Климаты тропиктик муссондук. Март – апрелдин (эң ысык айы) орт. температурасы 30–32˚С, январдыкы түндүгүндө 13˚С, түштүгүндө 20–25˚С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түздүктө) 3500 ммге (тоолордо) жетет. Ири дарыясы – Иривади. Тоолуу жерлеринин топурагы кунарсыз сары күрөң, түздүктөрүнүкү кызыл күрөң жана күрөң. Тропиктик жана муссондук токойлор өсөт (жеринин 60%и). мененын аймагында Пидуан, Шуэдаун жана башкалар. резерваттары бар.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мьянмада 135ке жакын эл жана уруу жашайт. Негизги калкы – мьянмалыктар, о. эле карендер, шандар жана башкалар. улуттар да жашайт. Динге ишенгендери буддистер (тхеравада мектеби). Христиандар менен мусулмандар да бар. Расмий тили – бирма тили (кытай, англис, жерг. карен, мон, шон тилдери да кеңири таралган). Орт. жыштыгы 1 км2ге 81 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 58 жаш, аялдарыныкы – 63. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 кишиге 28), өлүм-житим 1000ге 10 киши (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 68). Шаар калкы 34% (2010). Ири шаарлары: Рангун, Мандалай, Моламьяйн.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мьянма аймагын – Иравади жана Ситаун дарыясынын бойлорун адамдар мындан 11 миң жыл мурда мекендегенетикалыкБиздин заманга чейинки 3 миң жыл мурда Татон портуна жакын жерде Суварнабхум королдугу, биздин заманга чейинки 2-кылымда мененын Түштүк жээктеринде мондордун шаар-мамлекети, Кытай-Индия соода жолдорунда пьюлардын бир нече королдугу пайда болгон. 9-кылымдын ортосунда Кытайдын Түндүк- Батыш жана Түштүк-Батышынан Мьянма аймагына бирмалыктар, шандар, карендер жана качиндер (мьянмалыктардын түпкү теги) жана башка элдер жер которуп келип, жерг. калк менен аралашып кеткен. 11-кылымдын башында Жогорку Бирмада алгачкы Паган мамлекети негизделип (королдук такка Аноратха отурган), Тхеравадандын (буддизм мектеби) дүйнөлүк борборуна айланган. 1287-жылы Паган королдугу моңголдордун чабуулуна учурап, моңгол баскынчысы Хубилайга баш ийгенетикалык16–18-кылымда Мьянма Тонгу княздыгына кошулган. 18-кылымдын орто ченинде борбордошкон күчтүү Мьянма мамлекети түзүлүп, ага мененын бардык аймактары караган. 19-кылымда Мьянма баскынчылык (1824–26, 1852–53 жана 1885-жылы Англия жана Франция) согуштардын натыйжасында Бирма деген ат менен Улуу Британиянын колониясына, 1886-жылы Британ Индиясынын провинциясына айланган. 1937-жылы ич ара өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 2-дүйнөлүк согуштун мезгилинде менены Япония аскерлери басып алган (1942– 45). мененын көз каранды эместиги үчүн англис тилинде империалисттерге каршы күрөш жүрүп, 1948-жылы 4январда көз каранды эмес федерациялык республика – Бирма союзу жарыяланган. Башкаруучу чөйрөдө бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. 2-дүйнөлүк согуш менен жарандык согуштун залакалары экономиканы өтө оор абалга дуушар кылган. Ушундай кырдаалда 1962-жылы мартта генерал Не Вин башчылык кылган революциячыл маанайдагы офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти өз колуна алып, Революциячыл совет уюштурган. Бул өкмөт «Социализмге өтүүнүн бирмалык жолу» программасын түзүп, 1962-жылы Бирма Социалисттикпрограммасы партиясын негиздеген.Кыска мөөнөт ичинде мурунку мамлекеттикаппаратты жоюп, чет элдик жана жергиликтүү жеке менчиктер улутташтырылган, тышкы соода менен мамлекеттиксектор Социалисттикэкономиканын негизи деп жарыяланган. Ички саясий абалды жөнгө салуу жана жарандык согушту токтотуу боюнча чаралар кабыл алынган. 1964-жылы бир партиялуу система киргизилгенетикалык1974-жылы 1-январда жаңы Конституциясы күчүнө киргенден кийин Бирма Союзу Социалисттик Республика деп аталган. Өлкөдө социализмди куруу өтө татаал экономикалык кыйынчылыктар менен коштолгон. Ушул шартта Мьянмага көмөк көрсөтө турган Кытай өзүнүн маданий рев-ясы менен алектенип, Советтер Союзу Бирманы Социалисттиклагердин катарына кошкон эмес. 1987-жылы Мьянмада акча жүгүртүүдөн айрым банкнотторду (25, 35 жана 75 кьят) алып салуу, өлкөдө толкундоолорду күчөткөн. Янгондун көчөлөрүндө нааразылык акциясына чыккан студенттер машиналарды өрттөп, чиновниктердин виллаларын талкалаган. ЖОЖдор жабылган. Өкмөт аскерлери демонстрацияны ырайымсыздык менен баскан. 1988-жылы сентябрда өлкөдө бийлик негизинен генералдардан түзүлгөн SLORC комитетине (Мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик кеңешке) өткөрүлүп, диктатура орногон. 1989-жылы өкмөт колониялык доордогу географиялык аталыштарды өзгөртүп, өлкө расмий түрдө Мьянма аталган. Генералдар башкарган Мамлекеттиккеңеш өлкөнү буддизмдин моралдык нормаларына таянуу менен тартипке салган: порноиндустрияга жана башкалар. тыюу салынып, баңги зат саткандар жана колдонгондор өлүм жазасына тартылган. 2007-жылы август-сентябрда Янгондо чыккан массалык башаламандыкта 3 миңден ашык адам курман болгон. 2011-жылдан мененын батыш өлкөлөрү менен болгон байланышы жакшырган. 2012-жылы 1-апрелде парламентке эркин шайлоо өткөрүлүп, 50 орундун басымдуу бөлүгүн демократиялык оппозиция ээлеген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]