Оман

Wikipedia дан

Оман, Оман Султандыгы (Уман султандыгы) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Араб жарым аралынын Түштүк-чыгышынан орун алган. Түндүк-чыгышынан Оман булуңу, түштүк-чыгышынан Араб деңизи менен чулганат. Аянты БУУнун маалыматы боюнча 309,5 миң км2 (батыш чек арасы чөл аркылуу өтүп, так жүргүзүлгөн эмес). Калкы 2,6 млн (2011); негизинен арабдар (90%), ошондой эле индейлер, пакистандыктар, бангладештиктер, шри-ланкалыктар жана Африка келгиндери жашайт. Орточо жыштыгы 1 км² жерге 14 киши. Калкынын жашынын Орточо узактыгы эркектериники – 70,2 жаш, аялдарыныкы – 73,2. Мамлекеттик тили – араб тили. Ислам динин тутат. Административдик-аймак жактан 4 губернаторлукка, 5 округга бөлүнөт. Борбору – Маскат шаары Шаар калкы 77,6%. Акча бирдиги – Оман риалы.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Оман – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет жана өкмөт башчысы – султан. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин султан өзү жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент – Шура кеңеши (межлис аш-шура) жана Мамлекет кеңеши (межлис ад-даула). Өлкөдө саясий партиянын негиздешине тыюу салынган. Султан Карбус бен-Сайд бен-Теймур 1970-жылдан бийликте.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жери тоолуу; эң бийик жери 3017 м (Эль-Ахдар массивиндеги Эш-Шам чокусу). Тоолор менен Оман булуңунун аралыгында кууш Эль-Батина ойдуңу жатат. Климаты тропиктик, ысык, кургак. Дүйнөдөгү эң ысык мамлекет. Январдын орточо температурасы 21°С, июлдуку 32°С. Жылдык жаан-чачыны 125 ммден 500 ммге чейин. Туруктуу дарыясы жок. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Тоолорунда саванна, жалбырагы күбүлмө тропик токою кездешет. Вази-Серин резерваты бар.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Оман аймагын адамдар б. з. ч. 3 миң жылдыкта мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Оманга Йемендин ямани уруусу келип отурукташкан. Б. з. 6-кылымында Оман Сасаниддер бийлигинде болуп, 7-кылымда Араб халифатына караган. Өлкөдө ислам үстөмдүк кылып, Оман эли халифаттагы Омейя династиясына каршы көтөрүлгөн. Ал кулаган соң (750), өлкөнү имам сурап, Оман көз карандысыз мамлекет – имамдык деп жарыяланган. 16–17-кылымда Оман аймагын португалдар, 18-кылымдын башында перстер басып алган, бирок 1741-ж. Ахмед Зафари (башчысы) аймакты перстерден бошотуп, ири мамлекет түзгөн. Ага Перс булуңундагы аралдар, азыркы Иран, Чыгыш Африка жээктери (Сомалиден Мозамбикке чейинки) караган. 1744-жылдан кайрадан имам бийлеп, 1792-ж. Маскат султандыгы пайда болгон. 1891-жылдан британ протектору. 19-кылымдын башында Оман имамдыгы, Маскат султандыгы жана Пират жээгине (1853-жылдан Келишим Оманы, 1971-жылдан Бириккен Оман эмирдиги) бөлүнгөн. 1970-ж. августта Маскат султандыгы менен имамдык биригип, Оман султандыгы түзүлгөн. Өлкөдө экономикалык модернизациялоо башталып, социалдык чектөөлөр жоюлган. 1987-жылдан Оманда туризмдин активдүү өнүгүүсүнө кеңири мүмкүндүктөр ачылган.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикасынын негизин нефть казып алуу жана экспорттоо түзөт. Омандын улуттук дүң кирешесинин көлөмү 53,5 млрд АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 23,9 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) – 61,6, өнөр жайыныкы – 36,3, айыл чарбаныкы – 2,1. Калктын жашоо деңгээли боюнча дүйнөдө 78-орунда (2004). Оман – нефть-газ өнөр жай өнүгүп келе жаткан агрардык өлкө. Оазис дыйканчылыгы, бакча жана тропика өсүмдүктөрү, курма пальмалары өстүрүлөт. Көчмөн мал чарбачылыгы бар. Балык кармалат. Кен байлыктарынан нефть, жаратылыш газы, алтын, күмүш жана жез казылып алынат. 2007-ж. 13,58 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу, химия, цемент, тамак-аш–татымал, машина куруу, металл иштетүү, оптика буласы өнөр жай, текстиль жана тигилүү кийимдер өндүрүштөрү иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (атылбас куралдар, булгаарыдан, кездемеден буюм жасоо) өнүккөн. Автомобиль жолунун Узундугу 42,3 миң км. (анын ичинде 16,5и асфальтталган), газ куурунуку 4,2, нефтиники 3,56. Темир жол жок. Деңиз порттору: Султан-Кабус (Маскаттын шаар айланасы), Райсут (Салалыга жакын), Матрах, Мина-эль-Фахаль. Сыртка нефть, суюлтулган жаратылыш газы, түстүү металл, балык, ун жана жашылча-жемиш чыгарат. Ошондой эле товарларды реэкспорттойт. Негизги сырткы соода шериктештери: Япония, Корей Республикасы, Тайвань, Сингапур, БАЭ. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүүсү башталгыч, орто, кесиптик жана жогорку билимди камтыйт жана 1972-жылдан акысыз. Акыркы 30 жыл ичинде 300гө жакын башталгыч мектептер курулган. Маскат шаарында султан Кабус атындагы университет бар. Университете гуманитардык, так жана табигый илимдерге тиешелүү факультеттер бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 72%ти түзөт (2009). Ири китепкана, музейлери иштейт. Гезит-журналдары араб тилинде чыгат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]