Иордания

Wikipedia дан

Иордания, Иордан Xашимит Королдугу (Аль-Мамляка аль-Урдуния альХашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Сирия, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан жана түндүк-батышынан Израиль менен чектешип, түштүк-батышынан Кызыл деңиздин Акаба булуңу менен чулганат. Аянты 96,2 миң км2 (Иордан дарыясынын батыш тарабындагы 6,6 миң км2 жерди 1967-жылдан Израиль басып алган). Калкы 5,9 млн, андан ичкери 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жашайт (2008). Борбору Амман шаары Расмий тили араб тили. Акча бирдиги Иордания динары. Административдик-аймактык жактан 12 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) Иордания БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүгкүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) жана башкалар мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Иордания – унитардык өлкө. Конституциясы 1952-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – дуалисттик монархия. Мамлекеттин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы король. Мамлекеттин аталышы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухаммед пайгамбардын уруусунан чыгышына байланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги королго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) жана Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дайындалат) турган эки палаталуу парламентке Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король менен өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайындалат, ал эми премьер-министр өкмөттүн курамын министрлерди (королдун макулдугу жана Парламенттин колдоосу менен) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний жана атайын соттор бар. Саясий партиялары: Иордания араб улуттук демократиялык уюму, Иордания Эл биримдиги демократиялык партиясы, Ислам кыймылы фронту, Араб социалдык кайра жаралуу партиясы, Иордания профсоюздарынын конфедерациясы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Иорданиянын басымдуу бөлүгүн денудациялык түздүктөр жана супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харратэр-Ружайла), жапыз калдык тоолор жана шортоң ойдуңдар менен татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар (вади) менен өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоолору (бийиктиги 1757 м, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тектон. Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк Жансыз деңиз (көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашып, ага Иордан дарыясы куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун алган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июлда 24-30°С), кышы жылуу (январда 8-14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500-700 мм, чыгышында 100 ммге чейин. Туруктуу аккан дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен курма пальмасы өсөт). Иорданиянын аймагынын 1%тейин токой ээлейт. Иорданияда жалпы аянты 913,3 миң га болгон корукка алынган 11 аймак, андан ичкери ВадиРам, Петра улуттук парктары, Дана биосфералык резерваты жана башкалар бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 95%тейи арабдар (иорданиялыктар, палестиналыктар, ирактар, сириялыктар, сауд арабдары жана башкалар); калгандары «черкестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербайжандар, күрддөр, англистер жана башкалар Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. Иорданиянын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери калктын табигый өсүүсү (3,7%) жана миграциялык агым (негизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жакыны христиандар. Ислам мамлекеттик дин болуп саналат. Калкынын орто жыштыгы 1 км2 жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы менен 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкө аймагын байыркы заманда семит уруулары мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль жана Иудей падышалыктарына караган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягынан биздин замандын 2-кылымына чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети Набатей падышалыгы болгон. Иордания аймагына 2-4к-да Рим, 4-кылымда Византия, 7-кылымда арабдар, 1115-кылымда кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мамлюктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, Иорданиянын калкы ислам динин жана араб тилин кабыл алган. 16-кылымдын башынан 1918-ж. чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914-18) кийин Улуу Британия мандатындагы Палестинага кошулган. Колониячылар 1921-ж. Иорданиянын бир бөлүгүндө (Иордан дарыясынын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны сурап турган англиялык колониячылар бийлеген. 1928-ж. Трансиорданияга Улуу Британия өз мүдөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция менен бекемделген. Ушулардан улам нааразычылык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-ж. 25-майдан Англия-Иордания келишиминин (22.3.1946) негизинде И. Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948-49-ж-дагы араб-израиль согушунан улам Палестинанын борбордук райондору (Иордан дарыясынын батыш, Иерусалимдин чыгыш бөлүктөрү жана башкалар) Иорданияга кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-ж. Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-ж. уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-ж. патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн жана ал 1956-ж. парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук социалдык партиянын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-ж. февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, Иорданиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. 1957-ж. апрелде король мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген С. Набулсинин Өкмөтүн кетирген. 1967-ж. кайрадан тутанган Израиль менен болгон согуштан соң, 1948-49-ж-дагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-ж. Иордания аскерлери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктардын согуштук базаларын жок кылган. 1988-ж. Иордания Иордан дарыясынын батыш бөлүгү менен болгон расмий байланышын үзгөн. 1994-ж. Иордания жана Израиль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты боюнча Израиль 1967-ж. басып алган аймактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953-99-ж. башкарган) экономиканы көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либералдаштыруу жана Ж. Чыгыштагы абалда турукташтыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Иордания табигый ресурстарга жарды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага жана башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; ошондой эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор. ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, өнөр жайныкы 10,3, айыл чарбаныкы 3,9 (2006). 1967-жылкы Израилдин агрессиялык саясатынан улам Иорданиянын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-ж. 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн м3, Эль-Ариша аймагында) казылып алынат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу Эз-Зарка шаарында жайгашкан. Чакан нефть-химиялык ишканалары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу каражаттарды чыгарат. 2006-ж. 9,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук дарыясында ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 завод иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, кислота, минералдык жер семирткичтер жана башкалар) негизинен жергиликтүү ресурстардын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш материалдардан акиташ теги, чопо, мрамор жана башкалар казылып алынат; цемент чыгаруу өнөр жай өнүккөн. Фосфор жана калий жер семирткичтери, фосфор кислотасы, бром, күкүрт кислотасы, түрдүү химикаттар, кайнатма туз өндүрүлөт. Фармацевтика өнөр жай өнүккөн. Жансыз деңиздин тузунун жана баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим жана башкалар), тамак-аш (сүт продуктулары, зайтун майы, ун жана башкалар) өнөр жай да өнүккөн. Кургакчыл климат айыл чарбанын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-кылымдын башталышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө мигранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баштаган. Аймагынын 6-7%ке жакыны айдалат (анын 1/3и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы Иордан дарыясынын өрөөнү; ал жерде жемиш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жүзүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, ошондой эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, капуста, жасмык жана башкалар өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан д-на канал, Эз-Зарка, Эль-Кафрайн, Шуайб жана башкалар дарыяларда суу сактагычтар курулган. Бодо мал, төө, кой жана эчки асыралат. Акаба булуңунан балык кармалат. Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (андан ичкери Борбордук банк, Араб коммерциялык банкы жана башкалар) жана Амманда фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы Акаба булуңу менен Жансыз деңиздин пляждары, ошондой эле деңизге жакын жайгашкан ысык булактар. Иорданияда авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб жана африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт. Темир жолунун узундугу 505 км; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 7,5 миң км; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта Амман Маан Акаба; узундугу 320 кмден ашык); Эль-Мафрак-Ирактын чек арасына чейин. Негизги туристтик трассасы: Амман-Иерусалим. Деңиз порту Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 км түштүк тарапта), Акаба шаарларында эл аралык ири аэропорттору бар. Магистралдык куур транспортунун жалпы узундугу 475 км (2006), андан ичкери газ куурунуку 426 км (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 км. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер семирткич, фармацевтика продукцияларын, текстиль жана тигилүү буюмдарды, жемиш жана башкалар чыгарып, сырттан нефть, газ, машина жана жабдууларды, азык-түлүк, кездеме жана ийрилген жип жана башкалар алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери жана башкалар араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-ж. балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6-12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12-18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мектептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын студент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ жана башкалар араб өлкөлөрүндө билим алууда. Амманда Калк китепканасы (1958), университеттердин китепканалары бар. Музейлери: археологиялык, ислам, элдик искусство жана кийим; Улуттук көркөм өнөр жана Мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дустур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); Радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде араб тилинде, экинчиси чет элдик телекөрсөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис жана иврит тилдеринде чыгарылат. Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иордан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси И-нын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы менен байланыштуу. Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат. Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эстеликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура менен искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын курамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгилдин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү. Жалпы арабдык жана улуттук салттардын жалпы европалык адабияттын ар кыл формалары менен айкалышуусу Иордания адабиятын негизги мүнөзүн аныктайт. Элдик музыка менен катар классикалык музыкасы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симфогиялык оркестр иштейт. 1950-жылдарда тарыхый жана диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-ж. Амманда биринчи театр труппасы, 1951-ж. Театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыкалык жана театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-ж. жаштарга кинематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багытталган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшулган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен аралы Хасан жана Н. Хасандын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман шаарында кинофестиваль өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]