Кыргызстан

Wikipedia дан
(Кыргыз Республикасы барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз Республикасы

Flag of Kyrgyzstan.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Гимн: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни»
Kyrgyzstan (orthographic projection).svg
Негизделген 14 октябрь 1924-жылы (Кара-Кыргыз автономиялуу облусу)
Эгемендүүлүк күнү 31 август

( 1991-жылы)

Расмий тили Кыргыз тили — мамлекеттик тил
орус тили — расмий тил[1]
Борбор шаары Бишкек
Ири шаарлар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Өзгөн
Башкаруу формасы президенттик
Президент
Төрага
Премьер-министр
Садыр Жапаров
Талант Мамытов
Улукбек Марипов
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
85-орун - дүйнөдө
199 951 км²
4,4[2]
Калкы
• Бааланган (1.01.2021)
Жыштыгы

6 636 803[3] адам (110-орун)
33 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы

25,915 млрд[4] $
ИДП (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

8,261 млрд[4] $
1293[4] $
АДӨИ  0,697[5] (орточо) (120)
Этнохороним кыргыздар
Акча бирдиги сом (Sign of som.svg)
(KGS, код 417)
Домени .kg
ISO коду KG
ЭОК коду KGZ
Телефон коду +996
Убакыт аралыгы UTC +6:00

Кыргызстан, расмий түрдө Кыргыз РеспубликасыБорбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.

Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.

Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Анын туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.

Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,6 миллион ашуун адам түзөт[3]. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген[6]. 25 ноябрь 2015-жылы Кыргызстандын 6-миллиончу жараны туулган[7].

Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адам дарамети өсүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген[5].

Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле өлкө КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдардын мүчөсү.

Этимология

«Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган[8].

Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.

Тарых

Негизги макала: Кыргызстандын тарыхы

Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан (2200-жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.

Байыркы мезгил

Кыргызстандын территориясында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө  А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.

Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана  коло доорунун ыйык саналган зор борбору.

Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.

Биздин эрага чейинки  III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.

Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.

VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.

Батыш Түрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып,  Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон.

Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.

Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн  улуу чыгармаларын жаратышкан.

Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.

XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.

XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон.  

XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат.

XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Россия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Россияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Россиянын букаралыгын алган. Бул Кыргызстандын Россияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы Кыргызстандын түндүк бөлүгү Россияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына  каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган.

1867-жылы Кыргызстанда Россиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон.

Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле. Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо трагедия менен аяктагандыгы белгилүү.

Кеңештер мезгили (Совет мезгили)

Россиядагы Октябрь революциясы (1917-ж.), социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш этап болгон.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен (1924-жылдын 14-октябры) советтик типтеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди.

Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.    

Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда РСФСР менен Казакстан гана болгон.

Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган.

Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.

Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы (1943) чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган.

Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү.

Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды.

1990-ж. Жалган Куран айында СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.

Эгемендүү Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.

Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.

Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.

Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк  тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.   

Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.   

Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.

География

Кыргызстандын топографиясы

Жайгашкан жери

Кыргызстандын деңизге чыга турчу жери жок. Толугу менен Түндүк жана Чыгыш жарым шарларында жайгашкан, түндук кеңдигинин 39°11′—43°16′ жана чыгыш узундугунун 69°15′—80°18′ аралыгында[9]. Өлкөнүн чыгышттан батышка карай 900 км, түндүктөн түштүккө карай 410 км созулат[10]. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.

Мамлекеттик чек ара

Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4675, 17 км түзөт. Анын ичинен: 1241, 58 км — Казакстан менен, 1378,44 км — Өзбекстан менен, 970,8 км — Тажикстан менен, 1084,35 км — Кытай менен. Аны менен чек аранын 823,04 км аныкталган эмес: Өзбекстан менен ― 371,34 км жана Тажикстан менен — 451,7 км. Ошентип, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугунан 1007,1 км такталган же 73,1 %, Тажикстан менен — 519,1 км же 53,4 %[11]. Мамлекеттик чек ара негизи тоолордун кырларынан жана дарыялар менен өтөт.

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң Кара-Калча, Таш-Дөбө жана Тажикстандын Ворух, Батыш Калача[12] деген анклавтары бар. Ошондой эле баргана (фергана) өрөөнүндө Өзбекстандын аймагы менен курчалган Кыргызстандын эксклавы ― Барак айылы бар[13]. Талаш тилкелеринде улам чыр-чатактар болууда, алар кээ бир учурларда куралдуу кагылышууга да алып келет[14]. Акыркы эң ири куралдуу жаңжал ― 2021-жылы 28 апрелден 1 майга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон[15].

Рельеф

Негизги макалалар: Теңир-Тоо, Памир-Алай

Кыргызстандын аймагынын 3/4 бөлүгүн тоолор ээлейт. Өлкөүн аймагы эки тоо системаларынын айланасында жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Ала-Тоого (башка аталышы Теңир-Тоо) кирет, түштүк-батыш тарабы ― Памир-Алай тоолоруна карайт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 м жогору бийиктикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м. Кыргызстандын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана болжол менен үчтөн бири — 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 7439 м түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери, ошондой эле дүйнөнүн эң эле түндүк тарабындагы жети миң метрге жеткен чоку. Чыгышта Теңир-Тоонун негизги тоо кырлары басымдуу тоо кырын түзүп, Меридиандык тоо кырынын районунда жакындашып кетет. Кытай жана Казакстан менен чектешкен жерде Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири (7010 м же муз катмарын эсептебегенде 6995 м) көтөрүлүп турат[16]. Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Теңир-Тоодо жатат. Анын маанилүү орографиялык элементтери:

Түштүктө Түркстан тоо кыркасынын түндүк жантаймасы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Памирдин түндүк чети болгон Чоң-Алай тоо кыркасынын түндүк жантаймасы Кыргызстанга карайт. Чоң-Алай тоо кыркасынын эң бийик жери ошондой эле Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи жери ― Ленин чокусу (7134 м). Түштүк-батышта Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш жана түштүк чет жактары Кыргызстанга карайт.

Кыргызстандын башкы орографикалык элементтери:

Республиканын эң жапыз жери — 401 метр Кулунду айылына жакын жерде жайгашкан.

Климат

Негизги макала: Кыргызстандын климаты
Кескин континенттик климат мелүүн климатынын түрү (картада жашыл түсү менен белгиленген). Б.П. Алисовдун классификациясы боюнча

Кыргызстанда кескин континенттик, кургакчылыкка учурай турган климат, аны бийик тоолу рельефинен булут каптыгандык менен жаан-чачын артыганы бир аз жумшартат. Мындай болушуна үч фактор себептүү: Тундүк жарым шарында, Евразиянын борборунда жайгашкандыгы, олуттуу суу жайларынан алыстыгы жана чөлдөрдүн жакындыгы[17].

Суу ресурстары

Мөңгүлөр

Кыргызстандын мөңгүлөрү жалаң эле республиканын тузсуз суунун кампсасы эмес, жалпы Борбордук Азиянын кампасы. Мөңгүлөрдүн эриген суулары дырыялардын башкы булагы. Өлкө аймагынын 4 % (8 миң км² жакын) жайгашкан 8 миңге жакын мөңгү бар, кар эрибей жаткан жерлер менен өлкө аймагынын 40,5 % (81 миң км² жакын) түзүшөт. Бул Кавказ менен Альп тоолордун мөңгүлөрүнүн чогу эсептелген аянтынан ашат. Мөңгүлөрдө 650 км³ суу муз түрүндө сакталып турат[18][19]. Андан тышкары мөңгүлөр Кыргызстандын электроэнергетикалык коопсуздугунун башаты ― 2019-жылда электроэнергиясынын 92 % ГЭСтерде өндүрүлгөн[20].

Дарыялар

Арал деңизи жана анын бассейни. Сары түсү менен Сыр-Дарыянын бассейни белгиленген

Кыргызстанда 30 миңге жакын дарыя[21]. Алардын жалпы узундугу болжол менен 150 миң км, башка маалыматтар боюнча — 35 миң км. Бардык ири дарыялар тоолордун бийиктигинде башталат, негизи мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген суулары менен азыгышат. Республиканын рельефи үчүн дарыянын тоолу жана түзөң бөлүктөрү бар.

Дарыя системаларынын көпчүлүгү Арал бассейнине таандык. Башкача айтканда Борбордук Азиянын ири дарыясынын бирине — Сыр-Дарыяга (Аму-Дарыя менен Арал деңизине ага турган дарыя). Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери Арал бассейнине таандыгы менен, өз сууларын негизги суу артерияларына жеткизбейт (Моюн-Кум чөлүндө кургап кетишет). Республикасынын түштүк-чыгыш аймагы Тарим дарыянын (Батыш Кытайдын суу артериясы) агымы пайда болуш аймагы. Каркыра дарыянын бассейни Балкаш көлүнүн бассейнине таандык.

Чоң жана Кичи Нарындын биригүүсү менен республиканын эң ири дарыясы — Нарын жаралат. Сыр-Дарыянын негизги түзүүчүсү, ошондуктан Аралдын бассейнине таандык. Республиканын аймагындагы узундугу 535 км түзөт, бассейндин аянты — 53 700 км².

Каракол капчыгайы. 2008-жылдын август айы

Кыргызстанда эки гидрологиялык чөйрө: агымдын пайда болуш чөйрөсү жана агымдын таралыш чөйрөсү. Агымдын пайда болуш чөйрөсү республиканын 87 % камтыйт, агымдын таралыш чөйрөсү — 13 %. Ири дарыялардын таралыш чөйрөсүнүн чоң бөлүгү Кыргызстандын тышында жайгашкан. Таралыш чөйрөсү тоо жантаймаларына караганда жаан-чачындын бир кыйла аздыгы жана тез буулануу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан жердин үстундөгү агымдар пайда болушу чектелген, кээ жерлерде жок. Андан тышкары тоолордо жаралган агымдар бул жерлерден өтүп жерге сиңип кетет жана сугарууга алынат. Тоо астындагы түзөң жерлерде жер астындагы суу чыккан аймагы пайда болот, ошондой суулар көптөгөн дарыяларды кошумча толтуршат. Жер астындагы суулардын чыгышы майда агымдарын негиздешет, аларды тунук суусу үчүн «кара суу» деп аташат.

Агым режими боюнча Кыргызстандын дарыялары тянь-шань жана алтай типтерге киришет. Биринчи типтеги дарыялар негизи кар жана мөңгүнүн эриген суулары менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жайында катуу эрүү башталганда өсөт, максимумду июль-август айлырында жетет. Алтай типтеги дарыялар негизи орточо толуу аймактардын мезгилдик кары эриши менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жазында өсөт, ар кандай бийиктерде кар өз маалында эригендиктен суу ташкыны чоюлат. Жайында бул дарыялардын агымы азаят[22][23][24][25].

Көлдөр

Кыргызстанда 1923гө жакын көл[21], алардын жалпы аянты 6836 км² түзөт. Көлдөрдун көпчүлүгү бийик тоолу, деңиздин деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейин жайгашкан. Көлдөрдүн пайда болушунун негизги себеби ― мөңгүңгүлөрдүн эриши. Өлкөдө үч ири көл: Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл.

Деңиздин деңгээлинен 1609 м жайгашкан Ысык-Көл — дүйнөнүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда. Ысык-Көл Күнгөй Ала-Тоо (түндүк жагынан) жана Тескей Ала-Тоонун (түштүк жагынан) аралыгында жайгашкан. Көлдүн түндүк жагында көптөгөн пансионаттар, санаторийлер жана саякаттык базалар бар[26].

Ысык-Көлдөн чыгыш тарапка 105 км алыстыгында бийик тоолу Мерцбахер көлү жайгашкан. Түндүк Эңилчек менен Түштүк Эңилчектин мөңгүлөрүнүн бириккен жеринде тапса болот.

Суу сактагычтар

Суу сактагычтар Кыргызстандын рельефине чоң таасир эткен. Өлкөдө 34 суу сактагыч саналат. Кыргызстандын алгачкы болгон Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы Чүй дарыясында курулган. Токтогул суу сактагычы — республиканын эң ири суу сактагычы, 1974-жылдан бери колдонулат[27].

Флора жана фауна

Илбирс

2017-жылдын башына карата токойлор өлкөнүн аянтынан 3,5% түзүшөт (7041 км²)[28].

Кыргызстанда түтүкчө өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү бар. 2000—2500 м бийиктигиндеги сейрек токойлордо ар түрлүү өсүмдүктөр өсүшөт.

Жаныбар дүйнөсүсүндө омурткалуу жаныбарлардын түрлөрү 500 ашат (анын ичинде канаттуулардын 335 түрү жана балыктардын 49 түрү) жана курт-кумурскалардын 3 миң түрү, көбү сейрек болгондуктан Кызыл китебине киргизилген. Тоо өрөөндөрүндө түлкүлөр, бөрүлөр, жана сары чычкан (суслик) сыяктуу майда сүт эмчүүлөр бар. Тоо дарыялары жилингирге (форель) мол. Негизи бийик тоолу аймактарда жашаган илбирс, мурда өлкөнүн көпчүлүк аймагында болгон, эми популяциясы чектелген. Айгүл гүлү — Кыргызстандын түштүк аймагынын эндемиги.

Алгачкы жолу Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн СССРдин Кызыл китибине 1978-жылы киргизишкен. Эмки жылдары тизме кеңейип жана кырылуу коркунучу бар болгон түрлөрү тууралу маалымат көбөйүп жаткан. Ошондо, 1985-жылы Кыргыз ССРдин Кызыл китеби жарыкка чыккан. Андан кийин 2006-жылы ал Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби катары кайрадан жарык көргөн.

Өзгөчө корголучуу жаратылыш аймактар

Кыргызстанда ар кандай статустагы 88 өзгөчө корголучуу жаратылыш аймак (ӨКЖА): жаратылыш коруктар, жаратылыш сейил бактар, өзгөчө коруктар, биочөйрөлүк аймактар жана башкалар. ӨКЖАнын жалпы аянты 1 476 121,6 га, же 14 761,21 км² (республиканын аянтынан 7,38 %) түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда: 10 жаратылыш корук; 13 жаратылыш сейил бак; 64 өзгөчө корук; 1 биочөйрөлүк аймак.

1959-жылы түзүлгөн Сары-Челек мамлекеттик биочөйрөлүк коругу 1979-жылы жана 1998-жылы түзүлгөн Ысык-Көл биочөйрөлүк аймагы 2001-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен дүйнөнүн биочөйрөлүк резерваттардын катарына киришкен. Ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк маанидеги корук аймактары бар: 1976-жылы Ысык-Көл жаратылыш коругу жана Ысык-Көл, Каратал-Жапырык коругуна таандык Чатыр-Көл (2005-жылы) менен Соң-Көл (2011-жылы) Рамсар конвенциясынын суу-саз жерлердин эл аралык тизмесине киришкен[29].

Мамлекеттик түзүлүш

Мамлекеттик түзүлүш

2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок нормаларына ылайык — президенттик болуп саналат.

Мыйзам чыгаруу бийлиги

Жогорку Кеңеш ― Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган. Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн[30]. Азыркы учурда 2015-жылы 4-октябрда шайланган Жогорку Кеңештин VI чыкырылышы ишин жүргүзүп жатат. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 4-октябрнда шайланган жаңы чыкырылыштын депутаттарынын ант берүүсү менен бүтмөк. Бирок, октябрь айындагы массалык нааразылык акциялар үчүн ал кездеги президенттин ― Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайлоосун 2021-жылдын күзүнө жылганына алып келген. Ошентип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы конституция менен каралган иштөө мөөнөтүн ашып кеткен.

Административдик-айммактык түзүлүш

Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик) киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга (Бишкек, Ош) бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт.

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:

  • 7 облус;
  • 40 район;
  • 31 шаар (алардын ичинен 2 республикалык маанидеги шаар, 12 облустук маанидеги шаар, 17 райондук маанидеги шаар);
  • 453 айыл аймагы[31][32].
Желек Аталыш Административдик
борбору
Аянты
(км2)
Туруктуу калк*

(1.01.2019 карата)

Туруктуу калк*

(1.01.2020 карата)[33]

Туруктуу калк*

(1.01.2021 карата)[3]

Flag of Bishkek Kyrgyzstan.svg Бишкек 160[34] 1 027 200 1 053 915 1 074 075
Flag of Osh.svg Ош 182[35] 299 500 312 530 322 164
Flag of Chuy Province.svg Чүй облусу Бишкек[36] 20 200[37] 941 100 959 884 974 984
Issyk kul obl flag.svg Ысык-Көл облусу Каракол 43 100[38] 499 800 496 050 501 933
Flag of Talas Province Kyrgyzstan.svg Талас облусу Талас 11 400[39] 263 500 267 360 270 994
Naryn obl flag.svg Нарын облусу Нарын 45 200[40] 287 000 289 621 292 140
Желеги
жок[41]
Жалал-Абад облусу Жалал-Абад 33 700[42] 1 214 400 1 238 750 1 260 617
Желеги
жок[41]
Ош облусу Ош 29 200[43] 1 341 900 1 368 054 1 391 649
Batken obl flag.svg Баткен облусу Баткен 17 000[44] 525 100 537 365 548 247
*Туруктуу калк ― каттоо учурунда убактылуу жок болгондорду кошкондо ушул аймакта туруктуу жашаган калк.

Куралдуу күчтөр

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүү 1992-жылы 29-майда Кыргызстанда жайгашкан мурдагы Совет аскерлердин бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өтүшү менен негизделген[45].

Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясына ылайык Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган баскынчылык учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз жоокерлери "Борбор-2019" аскердик машыгууда. 2019-жылы

Куралдуу Күчтөрүү төмөнкүлөрдөн турат:

  • аскердик башкаруу органдарынан;
  • жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан);
  • Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн;
  • Улуттук гвардиядан;
  • Чек ара кызматынан[46][47].

Калк

Туруктуу калктын улуттук курамасы (1.01.2021 карата)[48]
кыргыздар
  
73.7%
өзбектер
  
14.8%
орустар
  
5.1%
дунгандар
  
1.1%
уйгурлар
  
0.9%
тажиктер
  
0.8%
башкалар
  
3.4%
Негизги макала: Кыргызстандын калкы
Кыргызстандын калкы (1950―2018)

Кыргызстандын калкы 6,6 миллиондон ашат[3]. Бул өлкөдө 1959-жылда (2 065 000), 1970-жылда (2 935 000), 1979-жылда (3 523 000), 1989-жылда (4 258 000), 1999-жылда (4 823 000), 2009-жылда (5 362 793) жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти.

Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %).

2019-жылы турукту калктын 34 % шаарларда, 66 % айыл аймактарда жашаган.

2021-жылдын башына карата туруктуу калктын 34,6 % эмгекке жөндөмдүү жашка чейинкилер түзгөн, 57 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылар, 8,2 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылардан улуулар[49]. Калктын орточо курагы аз-аздан өсүп жатат, 2020-жылдын башына карата 27,8 жаш түзгөн, эркектер үчүн ― 26,8 жаш, аялдар үчүн ― 28,7 жаш[33].

Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт[48].

Тилдер

Кыргызстандын мамлекеттик тили ― кыргыз тили, расмий ― орус тили.

2020-жылдын Пушкин атындагы орус тилдин институтунун постсоветтик өлкөлөрдөгү (СССРдин мурдагы 15 республикасы) орус тилдин туруктуулугук индекси изилдөөсүндө Кыргызстан Беларустан кийин экинчи орунду ээлеген. Индекс үч көрсөткүчтүн натыйжасында түзүлгөн, алар өз кезегинде башка көрсөткөчтүрдү камтышат:

  • орус тили мамлекеттик-коомдук чөйрөсүндө (орус тилдин конституциядагы статусу, мамлекеттик сайттардын орус тилиндеги версиясы, мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы орус тилинде болушу);
  • орус тили билим берүү чөйрөсүндө (2018-жылында орус тилинде билим алган мектеп окуучулардын %, 2019-жылында орус тилинде окууга мүмкүнчүлүгү бар мектептердин %, 2018-жылында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жайларынын студенттердин %, 2019-жылында орус тилинде окууга мүмкүнчүлүгү бар орто кесиптик билим берүү жайлардын %, 2018-жылында жогорку окуу жайлардын студенттеринин %, 2019-жылында орус тилинде окууга мүмкүнчүлүгү бар жогорку окуу жайлардын %);
  • орус тили илимий катнаштарда (Scopus cайтындагы орус тилинде басылмалардын үлүшү (%), Web of Science сайтындагы орус тилинде басылмалардын үлүшү (%))[50].

Ажайып жайлары

Арсланбаб

Арсланбаб — бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб — бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган — бул баарынан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.

Бирок жемиштүү жаңгак токойлору — Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).

Сулайман-Тоодо жайгашкан тарыхый музейи

Сулайман-Тоо

Сулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону  Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити (1963-жылы жардырылып жиберилген. Кийин сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген), ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити — XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар.

Сулайман- Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман-Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.

Жарылган жүрөк аскасы. Жети-Өгуз капчыгайы

Жети-Өгүз

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо койнундагы капчыгай.

Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска — жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.  

Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Бурана

Бурана мунарасы

Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан.

Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат.

Таш-Рабат

Таш-Рабат

Таш-Рабат — бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.

Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан.

1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады.

Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан: “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” — деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”.

Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө — Чатыр-Көлгө барса болот.

Сары-Челек көлү

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты — 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.   

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

Билим берүү

Wiki letter w.svg  Бул бөлүм толук эмес, муну толтуруу керек.

Жогорку окуу жайлар

Маданият

Майрам күндөрү

Жумуш эмес майрам күндөрү[51]
Датасы Майрам
1 январь Жаңы жыл
7 январь Иса пайгамбардын туулган күнү
23 февраль Ата-Журтту коргоочунун күнү
8 март Аялдардын эл аралык күнү
21 март Нооруз
7 апрель Элдик Апрель революциясы күнү
1 май Эмгек майрамы
5 май Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү
9 май Жеңиш күнү
31 август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы күнү
Ай календары менен аныкталат Орозо айт
Курман айт
7-8 ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскер күндөрү

Жаңы жылдын Үчтүн айынын 1 күнүн майрамдоодон тышкары, кыргыздар жазгы биримдик күнүндө Кыргыз Жаңы Жылды майрамдайт. Бул жаз майрамы Улак Тартыш ат ойуну менен сыяктуу өткөрүлөт.

Транспорт

Аба бекеттер

Кеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган. Бүгүнкү күндө алардын кызмат бойдон калууда саны аябай эле аз. "Кыргызстан" Аба Шеркети Кытайга, Оруссияга жана башка жергиликтүү өлкөлөргө аба ташууларын ишке ашырат.

Коңшу өлкөлөр менен темир жол каттанышы

Жолдор

Азийа Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол айактап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын — түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Баргана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат. Азыркы учурда Ош шаарынан Кытайга турган башкы жолду куруу планы иштелип чыгууда.

  • жыйынтыгы: 34 000 км (140 км жогорку ылдамдыктагы жолдорду кошкондо)
  • асфальт төшөлгөн: 22 600 км (таш менен капталган бардык жолдорду кошо алганда)
  • үшүк: 7 700 км (бул жолдор стерилдештирилбеген жерден жасалган жана нымдуу аба-ырайы менен жүргүзүү кыйын) (1990)

Кыргыз Республикасынын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери

Булактарга шилтемелер

  1. Биринчи бɵлүм. Конституциялык түзүлүштүн негиздери. 10-берене.
  2. .
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
  4. 4.0 4.1 4.2 World Economic Outlook Database, October 2019. Текшерилген күнү 27 Апрель 2020.
  5. 5.0 5.1 Доклад о человеческом развитии 2020: Следующий рубеж - Человеческое развитие и антропоцен (орус.). БУУнун Өнүктүрүү программасы.
  6. https://gtmarket.ru/ratings/world-population
  7. https://www.super.kg/kabar/news/130615/&pg=0
  8. https://inosmi.ru/sngbaltia/20141118/224333439.html
  9. Шаназаров А.С., Айсаева Ш.Ю., Глушкова М.Ю. [https://cyberleninka.ru/article/v/prirodno-geograficheskie-i-bioklimaticheskie-osobennosti-gornyh-territoriy-kyrgyzstana Кыргызстандын тоолу аймактарынын табигый-географиялык жана биоклиматикалык өзгөчүлүктөрү
    (орус.) 60 б. Ульяновсктогу медико-биологиялык журнал (2011).
  10. Смирнов Ю. Н. Архитектурное формирование природно-антропогенной среды Киргизии // Аналитика культурологии. — 2015. — № 2 (32). — С. 144.
  11. https://cyberleninka.ru/article/n/gosudarstvennye-granitsy-kyrgyzstana/viewer
  12. https://ru.sputnik.kg/columnists/20180221/1037847693/moskvich-uzbekskoe-selo-kyrgyzstan.html
  13. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_uzbekstan_barak/29434656.html
  14. https://sputnik.kg/politics/20190828/1045547323/kyrgyzstanda-kancha-talash-tilke-bar.html
  15. https://www.azattyk.org/a/31233250.html
  16. Кыргызстандын географиясы - Kyrgyzstan Review (орус.). Текшерилген күнү 30 Январь (Үчтүн айы) 2018.
  17. Кыргыз Республикасынын климаттык профили (орус.). Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы.
  18. Кыргызстандын мөңгүлөрү.
  19. Anur Tour Uzbekistan. Кыргызстандын мөңгүлөрү, Кыргызстандын табияты, Кыргызстан тууралу кызыктуу фактылар. www.tourstokyrgyzstan.com.
  20. http://www.stat.kg/kg/news/osnovnye-pokazateli-raboty-elektroenergetiki-kyrgyzskoj-respubliki-v-2019-godu/
  21. 21.0 21.1 "Кыргызстан" кыскача статистикалык маалымдамасы. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2018).
  22. Кыргызстандын дарыялары.
  23. Кыргызстандагы дарыялар жана көлдөр:: Кыргызстандагы аба ырайы. Кыргызстандагы жыл мезгилдери (орус.). kyrgyzstan.orexca.com.
  24. Кыргызстандын дарыялары - Kyrgyzstan Review (орус.).
  25. Кыргызстандын дарыялары (орус.). www.advantour.com.
  26. Кыргызстандын көлдөрү (орус.). www.advantour.com.
  27. https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/nature/water-resources/reservoir/1403-obschaya-informaciya-o-vodohranilischah-kyrgyzstana.html
  28. Ч. Турдубаева, Н. Власова. А. Султанованын редакциясында: Кыргыз Республикасынын статистикалык жылдыгы 2012-2016 30 б. (2017).
  29. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар (орус.). www.ecology.gov.kg.
  30. Төртүнчү бөлүм. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги. 70-берене.
  31. А. Осмоналиевдин редакциясында: Кыргыз Республикасынын статистикалык жылдыгы 474 б. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2016).
  32. 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Текшерилген күнү 21 Январь (Үчтүн айы) 2018.
  33. 33.0 33.1 Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы.
  34. Бишкек шаары(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  35. Ош шаары(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  36. Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты. Административдик-аймактык бөлүшү
  37. Чүй облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  38. Ысык-Көл облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  39. Талас облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  40. Нарын облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  41. 41.0 41.1 Кыргызстандагы геральдика и символика. 3-март 2015. "Вечерний Бишкек" гезити. Текшерилген күнү 26 Декабрь (Бештин айы) 2015.
  42. Жалал-Абад облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Репсубликасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  43. Ош облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  44. Баткен облусу(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2020.
  45. https://www.calend.ru/holidays/0/0/1961/
  46. 2-бөлүм. Куралдуу Күчтөр, алардын арналышы жана курамы. 6-берене. 10-берене.
  47. Бирнчи бөлүм. Конституциялык түзүлүштүн негиздери. 14-берене.
  48. 48.0 48.1 Калктын улуттук курамы.
  49. http://www.stat.kg/kg/statistics/download/dynamic/315/
  50. https://www.pushkin.institute/news/index1.pdf
  51. 11-Глава. Эс алуу убактысы. 113-берене.

Сырткы шилтемелер

Мамлекеттик сайттар

Жалпы маалымат

kyrgyzinfo.ru


 
Түркий Мамлекеттер
Азербайжан | Казакстан | Кыргызстан | Түркия | Түркмөнстан | Өзбекстан