Большевиктер

Википедия дан

Большевиктер (орус. Большевики которулганда көп, көпчүлүк) РСДРПдеги (1917-жылдын апрелинен өз алдынча саясий партия) В. И. Ленин жетектеген социал-демократтардын саясий тобу (фракция).

Большевикти ур!
Поляк пропогандалык сүрөтү.

Большевиктер түшүнүгү РСДРПнин 2-съездинде (1903) пайда болгон, анда партиянын Уставын кабыл алууда жана РСДРПнин жетекчи органдарын шайлоодо Лениндин жактоочулары көпчүлүк (ушундан улам алар большевиктер аталган) добушка ээ болуп, алардын каршылаштары азчылыкты (меньшевиктер) түзүп калган. Большевиктер күрөш жүргүзүүнүн революциялык тактикасын кабыл алышып, бийликти күч менен алууну көздөшкөн. Г. Плеханов жана Л. Мартов жетектеген меньшевиктер падышалык бийликке каршы күрөшүүдө массалык жумушчу партиясын түзүүнү жана либералдык буржуазия менен кызматташуу керектигин билдиришкен. 1905-ж. орус революциясынын жеңилишинен кийин дыйкандардын колдоосуна ээ болбогон большевиктердин лидерлери эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. 1917-ж. Февраль революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн реформалары жана Россияны дүйнөлүк согуштан алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу элдин нааразылыгын күчөтүп, большевиктердин таасири жогорулай баштаган. 1917-ж. июль-август айларында большевиктер бийликти куралдуу жол менен тартып алуу чечимин кабыл алышып, 25-октябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынат. Бийлик В. И. Ленин жетектеген Эл Комиссарлар Советинин колуна өткөн. Россиядагы граждандык согуш учурунда большевиктер өлкөдө бийлигин толук орнотуп, башка революциялык агымдардын, саясий партиялардын бардыгына тыюу салууга жетишкен. 1917-52-ж. «Большевиктер» термини партиянын расмий аталышына киргизилген Россия социал-демократтык большевиктер партиясы РСДРП(б), Россия Коммунисттик большевиктер партиясы РКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик большевиктер партиясы ВКП(б). Партиянын 19-съездинин (1952) чечими менен ВКП(б) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС) деп аталып калган, к. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]