Мазмунга өтүү

Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы (Түркстан АССР, ТАССР) – ОСФСРдин курамында 1918-жылы 30-апрелде Орто Азия аймагында түзүлгөн. Борбору Ташкен шаары болгон. 1918-жылы 5–14–октябрда өткөн Түркстан Республикасынын советтеринин чукул чакырылган 6-съездинде ТАССРдин конституциясы кабыл алынган.

Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы
автономиялуу республика
1918 — 1924


Желек Герб
Тил кыргызча, түркмөнчө
Акча бирдиги рубль
Калк кыргыздар, түркмөндөр
Өтүүчүлүк
Кыргыз автономиялуу облусу

1918-жылы жазында ТАССРдеги негизги өнөр жай тармактары, банктар, темир жолдор мамлекеттештирилген. 1918-жылдын. орто ченинде Түркстандын аймагында ички контрреволюцияга жана чет элдик интервенцияга каршы Оренбург-Акдөбө, Закаспий, Жети-Суу жана Фергана фронттору түзүлгөн. Түркстан Кызыл Армиясы түзүлүп, ТАССР Компартиясы менен Советтик республиканын экономикасын жапырт көтөрүү боюнча атайын чараларды көрүшкөн.

Жалпысынан ОСФСРге салыштырганда мында өнөр жай ишканаларын, анын ичинде кустардык жана жарым кустардык типтеги бардык өндүрүш ишканаларын мамлекеттештирүү бир кыйла тез темпте ишке ашырылган. ТАССРде 1920-жылдагы эсеп боюнча 5230 миң адам (казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, орус жана башка) жашаган. Калктын 85%инен көбү айылда жашап, республиканын бардык продукциясынын 2/3 бөлүгүн айыл чарбасы берген.

1924-жылдын 27-октябрындагы Орто Азияны улуттук-мамлекет бөлүштүрүүнүн натыйжасында ТАССР жоюлуп, анын аймагында Кара-Кыргыз автономия облусу (ОСФСРдин курамында), Өзбек ССРи жана анын курамында Тажик АССРи, Түркмөн ССРи, Каракалпак автономиялуу облусу (Казак АССРинин курамында) түзүлгөн, казак калкы жашаган аймактар Казак АССРине өткөн.

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.