Герб

Wikipedia дан

Герб (Пол. herb, нем ezbe – мурас) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Г. мамл-ке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Г. монета (тыйын), о. эле өз менчиги экендигин белгилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал- жарактарга, искусство чыг-на, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлө-рүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Г-дин жаралышын шарттаган.
Б. з. ч. 3-миң жылдыкта көпчү-лүк мамл-тердин Г. арстан баштуу бүркүт түспөлүндө болгон. Россияда 12-к-да шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков ж. б.) Г. болсо, дворяндардын алгачкы Г. 16–17-к-да пайда болуп, 18-к-да кеңири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамл-нин расмий эмблемасы ж- а анын курамындагы 15 союздук респ-лардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүү-лүккө ээ болгондон баштап анын мамл. атрибуттары да (Г., гимни, желеги) жаңыланды. Кыргыз Респ-нын мамл. Гербин респ-нын Жогорку Кеңешинин токтому м-н 1994-ж-дын 14-январында кабыл алынган (анын авторлору – сүрөтчү А. Абдыраев м-н милициянын генералы С. Дубанаев). Г. тегерек формада болуп, чекебели пахта ж-а буудай талдары м-н курчалган, Г-дин жогорку ж-а төмөнкү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы» деген жазуу бар, алдыңкы планда канатын жайган тоо бүркүтү, арткы фондо көгүш түстүү чалкыган көл, жээги ак чокулуу Алатоолор м-н курчалып, тоо башында күн нурларын чачыратып чыгып келатканы чагылдырылган.

Маалыматтын булагы[оңдоо]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003