Туу

Википедия дан
Желек‎»‎ барагынан багытталды)

Туу — асаба, байрак, желек; мамлекеттик аскер бөлүгүнүн жана башкалар символу. "Манас" эпосунда ар бир аскер бөлүгү, башкача айтканда ондук, жүздүк, миңдиктердин өз өзүнчө желеги болуп, бардыгы бир Т-га бириккен. Ал ар кандай кездемеден жасалып, каскакка (жумуру ичке узун жыгачка) бекитилет. Байыркы Чыгыш, Индия, Кытай жана башкалар өлкөлөрдөн келип чыккан. Кыргыздарда Т. жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Т. бийик жерге илинип, аскерлерди чогултуу белгисин билдирген. Орто кылымда аттын куйругун узун шыргыйдын же найзанын учуна бекитип жасаган Т-лар да колдонулган. Т. кыргыздарда да ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. Жоого аттанганда Т. алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем, кубат берүү максаты менен ал Т-ну көрүнө дөңсөө жерге кармап турган: "Ушул турган Кутубий туу түбүндө турарың" (Саякбай Каралаев, 1. 106), "Туу түбүндө көп колдун" (Саякбай Каралаев, 1. 136). Т-нун душмандын колуна түшкөнү, туунун жыгылганы жеңилгенге тете болгон. Ошондуктан, Т. ар дайым ыйык сакталган: "Туу түбүндө турушуп, Туубуз качпай турат деп Кубат кылып урушуп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 140), "Туу жыгылды, кан өлдү, Тутушкандын баарысы Туш-тушка качып жөнөдү" (Сагымбай Орозбаков, 2. 89). Тынчтык мезгилинде көп эл чогулган жыйын, той-тамашаларда ар бир уруу, эл өз тууларынын айланасында топтолушкан. "Манас" эпосунда ар бир элдин, этностун өз туусу болгону айтылат, ал муундан муунга өтүп келген. Мисалы:

Бай Жакыптын кызыл туу,
Байкаганга сөзү бу:
Кыргыздын кыйла тобунан
Алыс жерден калган туу,
Башкы атасы Бабыркан, Андан калган ушул туу
(Сагымбай Орозбаков, 2. 28),
"Ногойдон калган кызыл туу Оболотуп таштады" (Сагымбай Орозбаков, 1. 79).

Эпостон ар бир аскердик топтун да өз туусу, желеги болгонун жана анын түсү да, өздөрүнө гана таандык экендигин баамдоого болот. "Алты жүз миң аскерибиз, Алты тууга бөлүндүк" (Сагымбай Орозбаков, 2. 40). Ак асаба, кызыл туу
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу
Көк жаңырган улу чуу (Сагымбай Орозбаков, 2. 31).
"Торала желек туу алып" (Саякбай Каралаев, 1. 129).
... Кызыл байрак туу менен,
Кыйгылаган чуу менен,
Кытайдын зору эр Коңур
(Сагымбай Орозбаков, 3. 104).
Адам каза болгондо да сөөк жаткан боз үйдүн жанына же түндүгүнө кара, көк Т. же өлгөн адамдын өз туусу сайылган. Көкөтөй каза болгондо көтөрүлгөн Т. төмөнкүчө сүрөттөлгөн: Өкүрүп келген кишини
Аркы-терки тиккен үй,
Арасынан өткөрүп,
Көкөтөйдүн кызыл туу,
Көтөрүлгөн мына бу (Сагымбай Орозбаков, 3. 51)1 Аш берилгенде да туу көтөрүлгөнү Көкөтөйдүн ашында да айтылат: Аш берүүчү жерине
Азырданып конгондо,
Көк ала байрак көк тууну
Көтөрүлттү бийиктеп,
Көргөн душман көөнүнө
Көрүнө түшсүн күйүт деп
(Сагымбай Орозбаков, 3. 102).

Эл намысына жарап, элдин камын ойлогон эр азамат да тууга теңештирилген. Аны Манастын өзүнө карата айтылган төмөнкү саптардан баамдоого болот: "Бурутка бүткөн туу экен" (Саякбай Каралаев, 1. 137), "Тукумдан бирөө чыгар деп, Сени туу кылып жүргөмүн" (Саякбай Каралаев, 1. 114). Эпостон ошондой эле желек, байрактарды майда уруулар, кичине аскердик бөлүктөр пайдалангандыгы байкалат. Т-ну болсо алар бириккен чоң топтор, ири аскердик бөлүктөр көтөргөн. Аны төмөнкү саптардан баамдайбыз. "Желбиреп желек туу болуп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 79).
Желеги туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй,
Тозоңу тоодой созулуп,
Туу, байрагы кошулуп
(Сагымбай Орозбаков, 2. 79),

Желек туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй,
Асаба туудан бөлүнбөй
Асман чаңдан көрүнбөй
(Сагымбай Орозбаков, 2. 67).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4