Орто Азия

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
Орто Азия
Аянты

1 281 475 км²

Калкы

58 млн. ашуун адам

Жыштыгы

45 адам/км²

Курамында

4 өлкө
Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан
Flag of Tajikistan.svg Тажикстан
Flag of Turkmenistan.svg Түркмөнстан
Flag of Uzbekistan.svg Өзбекстан

Убакыт аралыгы

+5 — +6

Интернет-домени

.kg, .uz, .tg, .tm

Ири шаарлары

Бишкек, Душанбе, Ташкент

Commons-logo.svg Орто Азия Уикиказынада
Орто Азия

Орто АзияАзиядагы тарыхый-географиялык аймак. Заманбап түшүнүгүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыйт.

Түшүнүк алгач Орусия империясында Орус Түркстанды белгилөө үчүн колдонулган. Анын чегинде Закаспий, Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана жана Самарканд облусу курамындагы Түркстан генерал-губернаторлугу жана Орусия империясына көз каранды Бухара эмирлиги менен Хива хандыгы жайгашкан. 1917-жылы улам революциялардан Орусия империясы кулагандан кийин мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) 1918-жылы Советтик Орусиянын курамында Түркстан АССР түзүлөт. Советтер Союзу учурунда 1924-жылы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү өткөндөн кийин жана 1936-жылына чейинки советтик мамлекеттүүлүк өнүгүшүнүн жыйынтыгында төрт биримдик республикасы калыптанат: Кыргыз ССР, Өзбек ССР, Тажик ССР, Түркмөн ССР. Алар Орто Азиялык экономикалык аймакты түзүшкөн. Мындан аларды «Орто Азия республикалары» деп айтып калышкан. 1924-жылындагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшүндө Орто Азиянын айрым аймактары Казакстанга өтүп кеткен. Бирок совет доорунда Казакстан Орто Азия бөлүгү катары эсептелген эмес. Беш республиканы камтыган аймакты «Казакстан жана Орто Азия» деп аташкан.

«Орто Азия» түшүнүгүн көп маанилүү «Борбордук Азия» түшүнүгү менен адыштырбоо керек. 1990-жылдардын башында «Орто Азия» ордуна «Борбордук Азия» колдоно баштайт. Азыркы учурда ал түшүнүктөр бир бирин коштоп колдонуп келгендиги үчүн туура түшүнүү боюнча күмөн жаратып келет.

1992-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орто Азия саммитинде «Борбордук Азия» түшүнүгү пайдасына «Орто Азия жана Казакстан» түшүнүгүнөн баш тартууну сунуштады. ЮНЕСКО «Борбордук Азия» түшүнүгүнө башка аныктама берген. Ага ылайык Борбордук Азия айтылган өлкөлөрдөн тышкары Монголия, Батыш Кытай жана Түштүк Сибирди камтыйт. Бул аныктама география илиминде да колдонулат.

Дүйнөдөгү бөлүгү Орто Азия

"Манас" эпосунда[оңдоо | булагын оңдоо]

Орто Азиятопоним . Эпосто кыргыздардын жана аларга жамаатташ элдердин мекени. Сагымбай жана башкалар илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат. Анткени бул аталыш Европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган. Мисалы, «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.).

Географиялык реалияда Орто Азия Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстандын бүт аймагын, Казакстандын түштүк, түштүк-чыгыш жана ортолук (Арал-Эргиш суу бөлгүчүнө чейин) бөлүктөрүн камтыган табигый аймак. Орто Азия түштүгү жана чыгышы Иран, Ооган жана Кытай мамлекеттери, батышы Каспий жээктери, Үстүрт жана Мүгалжар тоолору менен чектелет. Саясий-акимий жактан Орто Азия аталган 4 республика гана кирет, Казакстан кирбейт. Орто Азия 1924—25 жылдары чейин Түркстан деп аталган.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4