Мазмунга өтүү

Азия

Википедия дан
Азия

Азия (континент)Жер шарындагы аянты (43,4 млн км2дей) жана калкынын саны (3,9 млрд чамасында, 2005) боюнча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түндүк жарым шардын бардык географиялык алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түштүк жарым шарга кирип кетет. Европа менен биригип, Евразия материгин түзөт. Азия менен Европанын чек-арасы шарттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч дарыясынын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түндүк чети — Челюскин, түштүгү — Пиай, батышы — Баба, чыгышы Дежнев тумшуктары. Африка менен Суец мойногу аркылуу туташып, Түндүк Америкадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын четки деңиздери менен чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн км2ден ашык (анын ичинде Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Филиппин, Малайя арх., Шри-Ланка, Кипр аралдары). Азиянын жээктеринде булуң-буйтка салыштырмалуу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. Азиянын океандан эң алыс жери 2—2,5 миң км. Азиянын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери — Жомолунгма чокусу (бийиктиги 8848 м, Гималайда), эң чуңкур жери — Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңгээлинен—395 м төмөн), эң терең — Байкал көлү (тереңд. 1620 м) жайгашкан. Суу каптаган ачык жердеги эң чуңкур жер да Азияда; ал Борбордук Азиядагы — Турпан ойдуңу, деңиз деңгээлинен — 154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер — Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Черапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп менен 13 миң ммден ашык жаан-чачын жаайт (1861-ж. 22 900 мм жааган). Аймагынын 75% ин кырка жана бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдыңкы Азия тайпак тоолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна жана Малайя архипелагына чейин бүт Азия аркылуу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир-Тоодон Түштүк Сибирдин тоолоруна жана андан ары Чукча жарым аралына чейин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка созулат. Эң бийик тоолор (бийиктиги 4 миңден 7 миң мге чейин жана андан жогору) Борбордук Азияда жана анын чеги боюнча жайгашкан. Негизги тоо системалары: Гималай (бийиктиги 8848 мге чейин), Гиндукуш (7690 м, Тиричмир), Каракорум (8611 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улугмузтат), Теңир-Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар-Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м, Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м, МункуСардык). Ири тайпак тоолору: Памир (7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Тибет (6000-7000 м), Алдыңкы Азия тайпак тоолору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Сибирь (1701 м, Путорана), Араб жарым аралдагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдуңдуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борбордук Азияда) - Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи сопкасы), Чыгыш Азиянын аралдарында жана Малайя архипелагында (Кракатау жанар тоосу, бийиктиги 813 м) өчө элек жанар тоолор көп. Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында — байыркы тайпаңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрыкча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, ошондой эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жапыз платолорунда сакталган), жер кыртышынын неоген жана антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык жана горизонталдык кыймылдардан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 мден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жакасы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолордун чет жакаларынын эрозиялык кескин тилмеленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Гималай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоолорун, Становой, Алдыңкы Азия тайпак тоолорун кесип өткөн терең капчыгайлар) жана башкалардан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, ошондой эле Орто жана Борбордук Азияда, айрыкча Хуанхэ дарыясынын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ жана гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропогендеги муз каптоо (Азиянын түндүк-батышында 60° түндүк кеңдиктерден түндүктү карай муздук текши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Каракорум, Памир, Теңир-Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралышы (47° түндүк кеңдикке чейин), жанар тоолор (жанар тоо конустары, Индистан жана Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң жана Кичи Зонд аралдагы аракеттеги жанар тоолор, Алдыңкы Азия тайпак тоолорундагы, Сирия-Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур-Корей тоолорундагы мурдагы жанар тоолор) зор таасирин тийгизген. Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп-Гималай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созулуп жатат. Ал чыгышта Монгол-Охота жана Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб жана Индистан жарым аралынын платформалык аймактары чектеп турат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан жана алардын аралыктары боюнча созулуп жаткан ири бүктөлүү облустарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Сибирь бөксө тоосуна туура келет), Кытай-Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей жарым аралын камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынын алабы), Инди (Индистан жарым аралынын басымдуу бөлүгүн жана Шри-Ланканы камтыйт), Араб (Араб жарым аралынын басымдуу бөлүгү) платформалары жайгашкан. Платформалар Азиянын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бириктирип турган геосинклиналдык облустарды байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (протерозойдун аягы-кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Байкал бою, Забайкалье тоолору, Араб жарым аралынын айрым жерлери, каледон бүктөлүүсүнө (кембрий, ордовик, силур) - Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түштүк-Чыгыш Кытай, Түндүк Теңир-Тоо, герцин бүктөлүүсүнө (девон, карбон, пермь) – Теңир-Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Наньшань, Түштүк Алтай, Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой бүктөлүүсүнө - Түндүк-Чыгыш Сибирь, Сихотэ-Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп бүктөлүүсүнө (кайназой) - Кавказ, Памир, Түркмөн-Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдыңкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гиндикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чыгыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык алкак ээлейт; ал материкти Тынч океандын таманынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары жана четки деңиздердин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанар тоолор, катуу жер титирөөлөр, тектоникалык контрасттуу кыймылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү. Азия континентинин азыркы турпаты салыштырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда болгон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, ошондой эле эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконтиненттик тайыз деңиздер менен капталган жазы шельфти түзгөн. Инди жана Араб платформалары ошол кездеги зор түштүк материк - Гондвананын курамына кирген. Герцин бүктөлүүсүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургактыктын монолиттүү массиви - Ангаридага бириккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бөлүктөргө ажырап, алардын ичинен платформалуу Инди-Араб массивдери кайназойдо Тетис геосинклиналы (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, Азия пайда болгон.

Азиянын саясий бөлүнүшү

Мамлекеттер Аянты (миң км2) Калкынын саны (млн) (2001) Борборлору
1 2 3 4
Азербайжан, Азербайжан Республикасы 86,6 8,3 (2004) Баку
Армения, Армян Республикасы 29,7 3,0 (2005) Ереван
Афганстан, Ооганстан Ислам мамлекети 652,2 25,9 (2005) Кабул
Бангладеш, Бангладеш Эл Республикасы 142,7 134,8 Дакка
Бахрейн 0,69 0,6 Манама
Бириккен Араб Эмирликтери 83,6 2,1 Абу-Даби
Бруней, Бруней Даруссалам 5,8 0,315 Бандар-Сега-Бегаван
Бутан, Бутан Королдугу 47,0 1,8 Тхимпху
Вьетнам Социалистик Республикасы 332,0 74,5 Ханой
Грузия, Грузин Республикасы 69,7 5,4 Тбилиси
Израиль 20,8 5,0 Иерусалим
Индия, Индия Республикасы 3,3 млн 984,0 Дели
Индонезия, Индонезия Республикасы 1,9 млн 212,9 Жакарта
Иордания, Иордан Хошимит Республикасы 89,4 4,3 Амман
Ирак, Ирак Республикасы 444,0 19,3 Багдад
Иран, Иран Ислам Республикасы 1,65 млн 60,0 Тегеран
Йемен, Йемен Республикасы 532,0 16,4 Сана
Казакстан, Казакстан Республикасы (басымдуу бөлүгү) 2,7 млн 17,0 Астана
Камбожа Королдугу 181,0 9,0 Пномпень
Катар 11,0 0,690 Доха
1 2 3 4
Кипр, Кипр Республикасы 9,3 0,725 Никосия
Корей Республикасы 220,9 43,7 Сеул
Корей Элдик Демократиялык Республикасы 121,2 22,6 Пхеньян
Кытай, Кытай Эл Республикасы 9,6 млн 1,2 млрд Пекин
Кувейт 17,8 1,668 Эль-Кувейт
Кыргызстан, Кыргыз Республикасы Лаос, Лаос Элдик Демократиялык Республи- 198,5 5 (2004) Бишкек
касы 236,8 4,5 Вьентьян
Ливан, Ливан Республикасы 10,4 2,8 Бейрут
Малайзия 329,7 18,2 Куала-Лумпур
Мальдив, Мальдив Республикасы 0,289 0,055 Мале
Монголия, Монгол Уле 1,6 млн 2,6 Улан-Батор
Мьянма (Бирма), Мьянма союзу 677,0 47,8 Янгон
Непал, Непал Королдугу 147,2 22,0 Катманду
Оман, Оман Султандыгы 212,4 1,6 Маскат
Өзбекстан, Өзбек Республикасы 447,4 21,2 Ташкен
Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы 796,0 115,5 Исламабад
Палестина - 5,0  
Россия, Россия Федерациясы (басымдуу бөлүгү) 17,1 млн 145,2 (2002) Москва
Сауд Арабстаны 2,15 млн 20,8 Эр-Рияд
Сингапур, Сингапур Республикасы 0,639 3,0 (1996) Сингапур
Сирия, Сирия Араб Республикасы 185,2 12,9 Дамаск
Тажикстан, Тажикстан Республикасы 143,1 5,5 Душанбе
Таиланд, Таиланд Королдугу 514,0 57,7 Бангкок
Тайвань 36,0 21,0 (1996) Тайбэй
Түркмөнстан, Түркмөн Республикасы 488,1 4,3 Ашгабат
Түркия, Түрк Республикасы (басымдуу бөлүгү) 780,6 58,8 Анкара
Филиппин, Филиппин Республикасы Шри-Ланка, Шри-Ланка Демократиялык 300,0 64,3 Манила
Социалисттик Республикасы 65,6 17,4 Жаяварденапура-Котте
Япония 372,0 124,3 Токио

Кен байлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азия кенбайлыктарга бай. Ташкөмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Сибирде (Кузнецк, Кан-Ачы, Лена ж. б. бассейндер), ошондой эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү Азияда. Нефть-газдуу ири аймактарга - Перс булуңу нефть-газ бассейни, Батыш Сибирь, Каспий бою ойдуңу, Закавказье, Орто Азиянын түздүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Суматра, Калимантан), Түндүк жана Батыш Кытайдын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, Орто Азияда, ошондой эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир рудасы Казакстандын бир катар жерлеринде (Костанай облусу, Борбордук Казакстан ж. б.), Ангара боюнда, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Алатоосу, Тоолуу Шория жана Хакасия), Кытай, Корея, Индиянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда жана Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери - Түштүк-Чыгыш Азияда (Бирма, Тайланд, Индонезия аралы). Борбордук Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.

Азияга арктика климатынан (түндүгүндө) субэкватордук жана экватордукка (түштүгүндө) чейинки ар түрдүү климат мүнөздүү. Батыштан соккон атлантикалык нымдуу аба Азияга жеткенде өзгөрүп, континенттик абага айланат. Ал эми Тынч океандык аба батыш аба массасынын үстөмдүк кылышына жана ички аймактарын кырка тоолор тороп тургандыгына байланыштуу Азиянын чыгыш чет жакасындагы кууш тилкеге гана таасирин тийгизет. Түндүктөн арктикалык аба Азияга терең кирет; ал эми түштүктө үстөмдүк кылган тропиктик жана субэкватордукмуссондук климаттын таасиринен Гималай тоолору тосуп турат. Кышында климатты батыштан соккон аба массасы аныктап, антициклондук зор аймак, Азиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында пассаттык циркуляция пайда болот. Сибирь тоолорунун жана Монголиянын үстүндө (40°, 60° түндүк кеңдиктердин аралыгында) Азия (Сибирь) антициклону түзүлөт. Радиациялык муздоонун, батыш аба массасынын муздап, төмөн чөгүүсү, арктика антициклонунун кириши октябрдан апрелге чейин антициклондун туруктуу болушуна шарт түзөт. Анда ачык жана суук абарайы үстөмдүк кылат: абанын температурасынын абсолюттук минимуму Оймякондо -71°Сге (Түндүк жарым шардын суук уюлу), Верхоянскиде 68°Сге, Якутияда -64°Сге жетет. Антициклондун чет жакалары аркылуу соккон туруктуу шамал андан муздак жана кургак абаны айдап чыгып, чыгышты, түштүк-чыгышгы жана түштүк (кышкы континенттик муссон), ошондой эле батышты карай Батыш Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга багыттайт (жогорку басымдуу аба Иранга чейин жетет). Уюлдук фронттун циклондору Жер ортолук деңиздик климаттуу Алдыңкы Азияга кышкы жана жазгы, Түштүк Сибирь тоолоруна жайкы жамгырды алып келет. Алдыңкы, Ортоңку жана Борбордук Азияда жайында аптап ысык жана кургакчыл континенттик тропиктик аба массасы үстөмдүк кылат. Түштүк Азия (Иран) менен Түштүк-Чыгыш Европадан соккон кургакчыл түндүк-батыш шамалдардын жана Индияга жаан-чачынды мол алып келген жайкы муссондун пайда болушуна шарт түзөт. Уюлдук фронттун циклондору Чыгыш Азияда нымдуу жайкы муссонду пайда кылат. Күзүндө Чыгыш Азия фронттору аркылуу кыйраткыч күчтөгү тропиктик циклондор - тайфундар өтөт. Кышында Азиянын тропиктик бөлүгүндө континенттик тропиктик, жайында - экватордук деңиздик аба, экватордун үстүндө жыл бою жаан-чачын мол жааган, абанын температурасы сезон боюнча анча өзгөрбөгөн деңиздик экватордук климат үстөмдүк кылат. Азиянын кургакчыл тропиктик аймактарында эң ысык болот; абанын эң жогорку температурасы - 53°С Пакистандын Жейкобабад шаары тушта катталган (дүйнөдөгү эң ысык жердин (Ливиядагы Триполи шаары тушта) температурасынан (58°С) 5°С гана төмөн). Азиянын көп бөлүгүндө жаан-чачын негизинен жылдын жылуу мезгилинде, Жер ортолук деңиздин чыгышында кышында жаайт. Чыгышы менен түштүгүнүн климаты муссондук; мында кургакчыл жана нымдуу мезгилдер кескин алмашат. Индиянын түндүк-чыгышында - Черапунжиге жылына 13 миң ммдей жаан-чачын жаайт (Жер шарындагы эң жаанчыл жер, 1861-ж. 22 900 мм жааган). Батыш, Орто жана Борбордук Азиянын түздүктөрүндө негизинен чөл жана жарым чөл климаты, Тибет, Памир тоолоруна суук чөл климаты мүнөздүү. Түндүк Жер аралында, Памир, Теңир-Тоо, Гималай, Каракорум, Гиндукуш ж.б. тоолордо мөңгү жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 120 миң км2дей. Түндүк жана Чыгыш Сибирдин кыйла аймагын (11 млн км2дей) көп жылдык тоң ээлейт.

Негизги дарыялары: Обь (Иртыш менен), Енисей (Ангара менен), Лена (Түндүк Муз океандын алабына кирет; жылдын көп бөлүгүндө муз каптап жатат), Амур, Хуанхэ, Янцзы (узундугу 5800 км, Азиядагы суусу эң мол жана эң узун дарыялар), Сицзян, Меконг (Тынч океандын алабы), Салуин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат (Инди океанынын алабы), Амударыя, Сырдарыя (Арал деңизинин алабы). Азиянын көп дарыяларынын транспорттук жана энергетикалык, Орто Азиядагы жана чет өлкөлөрдөгү көптөгөн дарыялардын ирригациялык мааниси зор. Азиянын көп аймактарынан океанга (Каспий, Арал деңиздеринин алабы, Борбордук Азиянын көп бөлүгүндө, Иран тайпак тоосунун жана Араб жарым аралынын ички аймактарында) суу агып чыкпайт. Азиядагы эң ири көлдөр - Каспий жана Арал деңиздери; алардан башка чоң көлдөрү: Байкал, Балкаш, Ысык-Көл, Ван, Урмия, Кукунор, Поянху, Тайху, Тонлесап. Азиянын көп бөлүгү Голарктика флоралык жана зоогеографиялык дүйнөсүнө таандык. Араб жарым аралынын түштүгү, Индстан, Индикытай жана Малайя архипелагы Палеотропиктик өсүмдүк дүйнөсүнө кирет. Түштүк Азия Инди-Малайя зоогеографиялык облусуна, Арабстандын түштүгү Эфиопия облусуна кирет. Азиянын фаунасынын көбү Европа, Түндүк Америка жана Африкадагы жаныбарлардын түрүнө окшош. Түндүк Муз океанды жээктей мамык чөп, эңилчек, бадалчалуу тундра ээлеп, анын астында глейлүү тундра топурагы өрчүгөн. Андан түштүктөгү ичке тилкеде токойлуу тундра зонасы жайгашкан. Анда сейрек токой менен тундра өсүмдүктөрүнүн айкалышы мүнөздүү. Токойлуу тундранын түштүгүндө кенен тилкени ээлеген тайгага (негизинен ийне жалбырактуу токой) тоң-тайга, күл, чымдак-күл топурактары мүнөздүү. Амур бою аймагынын, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана Япон аралынын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлору түргө байлыгы, эндемиктердин жана реликттеринин көптүгү менен айырмаланат. Андагы ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (Корей кедри, сибирь жана аян карагайлары) менен кошо эмен, кайың, кара жыгач, манжур жаңгагы, япон каштаны, лиана ж. б. өсөт. Алардын астында күлдөшкөн коңур жана токойдун коңур топурактары өрчүгөн. Токойлуу талаа зонасынын Батыш Сибирь бөлүгүнө майда жалбырактуу токой жана шалбаалуу талаа, Түштүк Сибирдин тоолоруна жана ойдуңдарына, Монголиянын түндүгүнө, Кытайдын түндүк-чыгыш түздүктөрүнө ийне-майда жалбырактуу токойлор мүнөздүү. Алардын астында кара, токойдун боз, оёң жерлеринде шортоң (солонец, солончак) топурактар өрчүгөн. Талаа зонасынын туташ тилкеси Түштүк Сибирь жана Монголия тоолорунда үзүлөт. Батыш Сибирдин түштүгүндө жана Казакстанда дүйүмчөп-кылкандуу талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылып, түштүктө кургак талаага өтөт. Талаа зонасында негизинен кара жана каралжын каштан топурактары басымдуу. Алтай тоолорунан Чоң Хинганга чейин дүңгөлүү-кылкандуу талаа өсүмдүктөрү Монголиянын түштүгүндө кургак талаа жана жарым чөл менен алмашат. Сибирь жана Казакстандагы токойлуу талаа жана талаа зоналары негизинен айдалган. Каспий деңизинин жээгинен Казакстандын борбордук бөлүгү, Орто Азия, Жунгария аркылуу Кытайдын батыш бөлүгүнө чейин мелүүн алкактын сейрек өсүмдүктүү жарым чөл жана чөл зоналары созулуп жатат. Анда бадалчалуу (шыбактын түрлөрү) жана бадалдуу (сөксөөл, караган), тоо аралык ойдуңдарында баялыштуу чөлдөр таралган. Борбордук Азиянын кыйла бөлүгүндө дээрлик өсүмдүк өспөйт. Казакстандын жарым чөлүнө ачык каштан, Орто Азиянын чөлдөрүнө бозомук-коңур, аллювий түздүктөрүнө аллювий-шалбаа жана такыр, кумдуу чөлдөргө чириндиси аз карбонаттуу топурактар, лёсстуу платолорго боз топурактар мүнөздүү. Гоби, Жунгарияда, Теңир-Тоо, Алтайдын этектериндеги түздүктөрдө бозомук-коңур чөл топурактары басымдуу. Такла-Маканда сапырылма кумдуу аймактар кеңири тараган. Тибет тайпак тоосунда топурак кыртышы анча өрчүгөн эмес. Субтропиктик алкактын Жер ортолук деңиздик секторунда дайыма жашыл катуу жалбырактуу токой, сейрек токой ж-а бадалдар Кара ж-а Жер ортолук деңиздердин жээктерин, Тавр, Понт, Антиливан тоолорунун айдарым капталдарын (этектерин ксерофиттик бадалчалар жана чөп өсүмдүктөр - маквис, фригана, гарига, 700800 мден жогору ийне жалбырактуу токой, арча) ээлейт. Мында сиалиттик карбонаттуу үбөлөндү кыртышта күрөң ж-а бозомук күрөң, ошондой эле кызыл топурактар өрчүгөн. Талыш, Эльбурс тоолорунун Каспий деңизин караган капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу токой ээлейт (анын ичинде реликтик каштан, жалбырактуу эмен, катраңкы, самшит дарактары да бар).

Субтропик алкагынын континенттик секторлору чириндиге жарды боз, бозомук-күрөң жана бозомук-коңур чөл, таштак жана кумдак жөнөкөй топурактуу келип, Кичи Азия тайпак тоолорунда бадал-дан өсүмдүктүү талаа (анын ичинде шыбак, эфемер өсүмдүктөрү), Армян тайпактоосунда аккылкан бетегелүү талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Кургакчыл таштак капталдарына тоо ксерофиттери (тикендүү жаздык сымал бадалдар) өсөт. Иран тайпактоосунда ташта өсүүчү бадалчалар кездешет. Этек тоолордо ж-а тоо капталдарынын этек бөлүктөрүндө жапалак эмен, мисте, ошондой эле арчадан турган сейрек токой кездешет. Паропамиздин жана Гиндикуштун төмөнкү алкактарында талаа өсүмдүктөрү субтропиктик жаңгак-мөмө-жемиш токойлору (бадам, анжир, мисте) м-н аралаш өсөт. 2200 м бийиктиктен жогору тоонун ийне жалбырактуу токой (көккарагайы, гималай карагай ж. б.) алкагы башталат. Тибет тайпактоосунда өскүлөң кылкан өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаа басымдуу (альп шалбаасы да кездешет). Эң мүнөздүү өсүмдүктөрү: ыраңдын түрлөрү, доңузсырт, аккылкан, карагай, терскен, аяния, шыбак. Кытайдын чыгышындагы Циньлин м-н Наньлин тоолорунун аралыгын жазы ийне жалбырактуу субтропиктик токой ээлейт. Ийне жалбырактуулардан юньнань кызыл карагайы, куннингамия (реликттер - метасеквоя, жалган кара карагай, кетелеерия ж. б.), жазы жалбырактуулардан эмендин түрлөрү, камфар лавры, катальпа, кастанопсис ж. б. өсөт; лианалар көп. Тропик алкагынын континенттик климаттуу аймактарында карбонаттуу жана туздашкан чөл топурактары басымдуу. Араб жарым аралынын кумдуу чөлдөрүндө псаммофилдик кылкандуу (аристида, жапайы таруу) өсүмдүктөр, бархандардын капталдарында тамарикс, жантак, такыр жерлерде каперстер басымдуу. Араб деңизинин жээктеринде, Инд дарыясынын дельтасында шор (солончак) жана шалбаалуу шортоң, өрөөндөрүндө чириндиге жарды боз топурактар кездешет. Дайыма нымдуу тропиктерде (Малайя архипелагында, Малакка жарым аралында, Индистан жарым аралынын батыш жээгинде, Шри-Ланканын түштүк-батышында, Индикытайдын тоолорунда, Вьетнамдын түндүгүндө, Юньнань-Гуйчжоу тайпактоосунда, Хайнань, Ява, Тимор аралда) кызыл-сары, кызыл ферралит, феррсиалит жана феррит топурактары басымдуу. Субэкватор алкагында кызыл-коңур ферралит (Индистан, Индикытай жарым аралда), кызыл ферралит (Чхота-Нагпур платосунда, Кытайдын түш. бөлүгүндө), үбөлөндү базальт, андезит ж. б. эффузия тектеринин үстүндө камдашкан кара монтмориллонит топурактары (Декан бөксө тоосунда, Иравади ж-а Чиндуина д-нын аралыгында) пайда болгон (Индияда ал пахта топурагы же регура деп аталат). Меконг, Менам-Чао-Праянын алаптарынын нымдуу сезондо суу астында калган жерлеринде глейлешкен аллювий-шалбаа жана саздак топурактар үстөмдүк кылат. Тропиктин аллювий топурактары шалы өстүрүүгө байланыштуу өтө өзгөрүп кеткен. Субэкватор алкагында жалбырагын күбүүчү (муссондук) токой үстөмдүк кылат. Ал кургакчыл сезондун узактыгына жана нымдуулукка байланыштуу нымдуу жана кургакчыл жалбырагын күбүүчү токой деп экиге бөлүнөт. Нымдуу жалбырагын күбүүчү токой (кургакчыл сезон 3-5 айга созулат) Индикытай жарым аралында, Батыш Гат тоолорунун айдарым капталдарында, Чхота-Нагпур платосунда, Чыгыш Гималайдын түштүк капталдарында өсөт. Анда сал дарагы, диптерокарп тукумунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Кургакчыл жалбырагын күбүүчү токойдун (кургакчыл сезон 6 ай) 90% ке жакынын тик, терминалий, кызгылт дарак жана сандал түзөт. Декан бөксө тоосунда, Индиянын түндүк-батышында, Индикытайдын тоо аралык өрөөндөрүндө тикендүү дарактардан жана бадалдардан (зараң, пальмира, тик, чөп өсүмдүктөрдөн - кылкандуулар) турган сейрек токой таралган. Чатырча сымал дарак өсүмдүктөрү саванна ландшафтын элестетет. Индиянын кургакчыл аймактарында (Ражастхан штаты) жана Мьянманын кургакчыл зонасында жапыз (1,5-2 мге чейин) зараңдуу, сүттүү чөп, зизифустуу чөлдөшкөн саванна кездешет. Нымдуу тропиктик дайыма жашыл жамгыр токою экватор алкагын (Малакка жарым аралын, Малайя архипелагынын аралдарын, Шри-Ланка аралынын түштүк-батышын), Индистандын түштүк-батышындагы жана Индикытайдагы тоолорду, Кытайдын түштүгүн (Хайнань аралын, Юньнань-Гуйчжоу тайпак тоосунун түштүк-батышын) ээлейт. Анда диптерокарп (Индонезияда эле 160тан ашык түрү бар) жана чанактуулар (птерокарпустар, дальбергдер) тукумдарынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган полидоминант токою, пальманын 100дөн ашык түрү, нан дарагы, фикустун түрлөрү өсөт. Ошондой эле лианалар, эпифиттер (анын ичинде папоротниктер, архидеялар) арбын. Деңиз ташкындаганда суу каптап калуучу жээктерге манрглар, саздар мүнөздүү. Жаныбарлары да ландшафттын башка компоненттери сыяктуу эле кеңдик зоналары жана бийиктик алкактары боюнча таралган. Тундрада сойлоктор, жерде-сууда жашоочулар дээрлик жокко эсе, куштардан ак чил, уюл үкүсү туруктуу жашайт, калгандары (өрдөк, аккуу, каз, акчардак ж. б.) келгиндер. Түн. деңиздердин жээктерине ак аюу, тюлень, морж, тундрага түн. бугусу, түлкү, ак коён мүнөздүү; ошондой эле кансоруучулар - чиркей, карачиркей, көгөндөр көп. Тайгада сүт эмүүчүлөрдүн 90го жакын түрү бар, алар багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, тыйынчычкан, булгун, киш, коён ж. б. Куштардан кайчытумшуктар, тоңкулдактар, каракурлар, кереңкур, рябчиктер, үкүлөр, сойлоктордон суу жыландар, чааржылан, кескелдирик, жерде-сууда жашоочулардын бир нече түрү мекендейт. Ы. Чыгыштын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлорунда Сибирь фаунасынын өкүлдөрүнөн сырткары сыпайы жана чаар бугу, амур жолборсу, гималай аюусу, енот ити, сарытөш суусар (харза), сойлоктордон - Ыраакы Чыгыш калкан тумшуктары, соймоңдор жашайт. Куштар (анын ичинде мандарин өрдөгү) көп.

Талаа зонасында кемирүүчүлөр көп: тыйынчычкан, момолой, коёнчычкан, талаа (байбак) жана монгол (тарбаган) суурлары, кадимки коён, кошаяктар. Ири туяктуулардан Казакстандын талааларында сайгак, монгол талааларында дзерен, эки өркөчтүү төө кездешет. Жырткычтардан ачкүсөн, корсак бар. Тоолорду аркар, илбирс (азыр коргоого алынган), Тибет тайпактоосун топоз, антилопа мекендейт. Чөл зонасында кемирүүчүлөр (кошаяктар, тыйынчычкандар ж.б.) жана сойлоктор (жыландардан - калкантумшуктар, гюрза, кобра, муунткуч жылан ж. б.) өтө көп. Чаяндар, бөйүлөр, каракурттар ж. б. жөргөмүш сымалдуулар кездешет. Субтропик климаттуу алкактын Жерортолук деңиздик секторуна туяктуулар (каман, чоң сакал теке, муфлон), жырткычтардан - суусар сымалдар тукумунун өкүлдөрү (анын ичинде мадыл), карышкыр, чөө, куштардан мукур сымалдардын жана думбулдардын өкүлдөрү мүнөздүү. Кытайдын чыгышындагы тоолордун субтропиктик токойлорунда дүйнөдө чанда кездешкен бамбук аюусу (чоң панда), жалтырак маймылдар жашайт. Тропиктик, субэкватордук жана экватордук алкактардын сезондук-нымдуу токойлорунда инди-малайя фаунасы үстөмдүк кылат. Ири туяктуулардан индия пили, кериктин 3 түрү мүнөздүү. Бодолордон бантенг жана гаур, ачык жерлерде антилопалар, токойлордо бугулар (аксис, замбар, мунтжак), жырткычтардан жолборс, кабылан, чөө кездешет. Азия арстаны дээрлик жок кылынган (анын 200гө жакын Индиядагы Гир токой коругунда жашайт). Токойлорун маймылдар (лангурлар, гиббондор, орангутандар) мекендейт. Кемирүүчүлөрдөн чүткөр, индия бандикоталары, вивер сымалдуулар (циветтер, мангусттар ж.б.) жашайт. Муссон токойлорунда жапайы тоок, кадимки павлин, асыл тотулар, жамгырлуу токойлордо шимикчи чымчыктар кездешет; даракчыл жыландар көп. Уулуу жыландардан эң кооптуулары индия жана падыша жыландары. А-нын жаныбарларынын көп түрү жок кылынган, омурткалуулардын 1450гө жакын түрү жоголуу чегинде турат; көп түрү табиятты жана табигый ресурстарды коргоо б-ча эларалык союздун Кызыл китебине киргизилген.

Географиялык бөлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азиянын аймагы төмөнкү физикалык-географиялык өлкөлөргө бөлүнөт: Түндүк Азия (бүт Сибирди, россиялык Ыраакы Чыгышты камтыйт), Чыгыш Азия (Кытайдын 110° чыгыш узунунан чыгышты карай жаткан аймагы, Корей жарым аралы, Япон аралдары), Түштүк - Чыгыш Азия (Индикытай жарым аралы, Малайя архипелагы), Түштүк Азия (Индстан жарым аралы, Шри-Ланка аралы, Инд-Ганг түздүгү, Гималай), Батыш Азия (Кавказ, Алдыңкы Азия тайпактоолору), Түштүк - Батыш Азия (Араб жана аралы, Месопотамия, Левант), Борбордук Азия (Монголия, Батыш Кытай, Тибет), Орто Азия (Туран ойдуңу, Памир, Теңир-Тоо).

Коргоого алынган аймактар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азиянын табияты чарбачылыктан кыйла өзгөрүп кеткен. 2003-ж. коргоого алынган аймактын аянты Азиянын жеринин 8%ин түзгөн. Коргоого алынган аймактын көбү Индонезияда (1080), Кытайда (809), Индияда (497), Малайзияда (190), Таиландда (158) жайгашкан. Азиядагы 20 өлкөдө биосфералык корук бар (анын бирөө Кыргызстандагы – Сары-Челек биосфералык коругу). Кыргызстанда 6 табият жана улуттук парктар, 4 корук, 1 биосфералык корук, 1 биосфералык резерват, 54 заказник бар. Рамсар конвенциясынын (1971-ж. негизделген, Иран) маалыматы боюнча жалпы аянты 7,3 млн га болгон эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлер коргоого алынган. Коргоого алынган аймактын көбү Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, анын ичинде Сандарбан (Индия жана Бангладештин аймактарындагы мангр токой массиви), Казиранга, НандаДеви жана Кеоладео-Гхана (Индия), Ужунг-Кулон жана Комодо (Индонезия), Сагарматха жана Читван (Непал) улуттук парктары, араб антилопа резерваты (Оман), Туббатаха рифтиндеги деңиз паркы (Филиппинде), Япониянын парктары, ошондой эле Камчатка жанартоолору, Алтайдын Алтын тоолору (Алтай жана Катунь коруктары, Белуха табият паркы), Байкал көлү ж. б.

Жогорку палеолит жана мезолит доорунда эле Азиянын басымдуу бөлүгүндө адамдар отурукташа баштап, кийин Америка, Австралия, Океанияга чейин тараган. Азияда үч чоң раса калыптанган: европеоиддер (түштүк-батыш жана батыш аймактарда), монголоиддер (Борбордук жана Чыгыш Азияда), австралоиддер (түштүк-чыгышта). Неолит жана коло доорунда адамдар Азиянын бардык аймактарына тарап, ири дарыялардын (Тигр, Евфрат, Инд, Хуанхэ, Амударыя) өрөөндөрүндө дыйканчылык өнүгүп, ошондой эле сугат иштерин өркүндөтүүнүн (каналдарды куруунун) натыйжасында байыркы ири цивилизациялар пайда болгон. Азыркы Азиялыктар бир нече расага бөлүнөт, бирок анын басымдуу көпчүлүгү монголоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь ж-а Түн.-Чыгыш Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор ж-а түн. кытайлар) ж-а түштүк (монголоид ж-а австралоиддердин аралашма ж-а өтмө тиби түштүк кытайлар, индонезиялыктар, филиппиндер, Индикытай элдери, ошондой эле япондор). Европеоид расасына (анын түш. бутагына таандык) алдыңкы Азиянын, Түндүк Индия, Орто Азиянын (тажиктер) элдери, австралия расасына Азиянын ар кайсы аймактарында жашаган аз сандагы топтор: Цейлон веддери жана бхилдерде, мунда жана дравид элдеринин айрым топторунда, ошондой эле түштүк чыгыш Азиянын кээ бир майда элдеринде (сеной, тоала ж. б.) кездешкен веддо тиби; Чыгыш Индонезия элдериндеги меланезия жана папуас тиби; Филиппин аэталары, Малайя семангдары, Индия андамандарындагы негритостук; Япон айныларындагы айны тиби кирет. Ошондой эле Түштүк Индиянын дравид элдериндеги түштүк индиялык тип; европеоиддер менен монголоиддердин ортосунан чыккан аралаш типке кирген Батыш Сибирь, Орто Азия, Түндүк Индия, Түштүк Урал, Алтай, Казакстан элдери бар. Кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид жана монголоид тектеги расалардын аралашуусунан пайда болуп, түштүк Сибирь - тураноид расасына кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1