Инди океанындагы Британия аймагы
|
Инди океанындагы Британия аймагы | |||||
| |||||
| Урааны: "лат. In tutela nostra Limuria" | |||||
| Гимн: "God Save the King" | |||||
| Расмий тили | англис тили, | ||||
| Борбор шаары | Диего-Гарсия | ||||
| Ири шаарлар | Диего-Гарсия | ||||
| Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
| Падыша Губернатор Премьер-министр | Чарльз III Колин Робертс Том Муди | ||||
| Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
| Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 230-орун - дүйнөдө 54 км² 99,89 | ||||
| Калкы • Бааланган (2018) • Жыштыгы | 2800 адам 46,67 ад./км² | ||||
| Акча бирдиги | АКШ доллары (USD, коду 840) (де-факто)[1] Фунт стерлинг (GBP, коду 826) (де-юре) | ||||
| Домени | .io | ||||
| ISO коду | IO | ||||
| Телефон коду | +246 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC +06:00 | ||||
Инди океанындагы Британия аймагы (англ. British Indian Ocean Territory) – Индиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында. Аймак 6 атоллду жана 56 аралды камтыйт. Башкы аралы Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат.
Аралды 16-кылымдын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-ж. басып алганга чейин француздардын башкаруусунда болгон. Андан соң англичандарга өткөн. Англиялык Маврикий аралдар тобунун курамына кирген аралдар 1966-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель а-нын курамына өткөн. 1976-ж. 23-июнда Чагос архипелагы Сейшель а-нан өзүнчө бөлүнүп, Инди океанындагы Британия аймагын түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия аралы деңиз деңгээлинен 4 м бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгүнүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык жана башкалар иш аракетине тыюу салынып, илимий-изилдөө иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-ж. чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия аралында АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иштейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия аралында аскерлер турган порт менен аэродромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кызматкерлери велосипед менен катнаш жасайт. Аралдын экономикасына байланыштуу иш-чаралар Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону менен балык кармалат (жылына млн долларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшектер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. Ошондой эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Азия өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Армения • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Вьетнам • Грузия1 • Жапония • Израиль • Индия • Индонезия3 • Иордания • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргызстан • Кытай • Корей Эл-Демократиялык Республикасы • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Мальдив • Мисир2 • Моңголия • Мьянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабиясы • Сингапур • Сирия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | |
| Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестина • Тайвань • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
| Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
| 1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. | ||