Экология

Wikipedia дан

Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен,жашаган жер жана logos - илим,окуу. Түздөн түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул Жер планетасы.)- организмдердин өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим.

Экологиянын өтө көп аныктамалары бар, бирок көпчүлүк окумуштуулар, “Экология – тирүү организмдердин тиричилигинин шартын изилдөөчү жана организмдер менен чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланышын изилдеген илим”, дешет.

Белгилүү окумуштуу америкалык эколог Ю.Одум мындай жалпы аныктама берет: “Экология – бул илим аралык билим тармагы, көп денгээлдик системалардын жаратылышта, коомдо жайгашуу жана алардын өз ара байланышы жөнүндөгү илим”.

Экологиянын ыкмалары

«Экология» терминин 1-жолу немец биологу Э. Геккел 1866-жылы колдонгон. Тирүү организмге чөйрөнүн түздөн-түз же кыйыр тийгизген таасири экологиялык фактор деп аталат. Ал биотик жана абиотик факторлоруна бөлүнөт. Биотик түрүнө тамак-аш факторлору, айрым особдордун же бир түрдөгү особдор тобунун жана ар башка түрдүн ортосундагы өз ара мамиле (аймак, тамак-аш, суу жана башкалар үчүн күрөшүү) кирет. Абиотик факторлор биологиялык объектиге сырттан таасир этет, мисалы, температура, жарык, нымдуулук, жаан-чачын, атмосфералык басым, шамал, атмосферанын иондошуусу жана башкалар.Белгилүү түрдүн жашаган шартынын жыйындысы (жашаган, көбөйгөн жери, тамагы, башка түр менен өз ара мамилеси жана башкалар) ошол түрдүн экологиялык очогун түзөт. Тирүү организмдин жашоо чөйрөсү менен өз ара мамилесин үйрөнүүдө биологиялык ыкмалар менен маалыматтар гана колдонулбастан физика, химия, геология, география, экономика жана башкалар илимдер да пайдаланылат.

Экология

Адамдын өндүрүштүк активдүүлүгүнөн атмосфера, океан, көл, дарыя-суулардын булганышы, өсүмдүктөрдүн жок кылынышы, жаныбарлардын көп түрүнүн тукум курут болушу айлана-чөйрөнү коргоо маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине түрткү берди. Экологиянын алдында биологиялык ресурстарды үнөмдүү пайдалануунун илимий негизин түзүү, адамдын иш-аракетинин таасиринен табияттын өзгөрүшүн изилдөө, мындай өзгөрүүлөрдүн масштабын, мүмкүндүгүн алдын ала прогноздоо, ошондой эле биосферада өтүүчү процесстерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу милдети турат. Экологиянын көйгөйлөрү медицина менен тыгыз байланышта болуп, социалдык-гигиеналык мүнөзгө ээ. Өндүрүштүк чарбанын улам тез темп менен тийгизген таасиринен чөйрөнүн ылдам өзгөрүшү адам жана ал жашаган чөйрөнүн ортосундагы Экологиялык тең салмактын бузулушуна алып келиши ыктымал, кээде анын бузулган учурлары да болуп жатат. Ошондуктан калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу максатында адамзаттын өндүрүштүк иш-аракетин жаңы негизде өркүндөтүү максатка ылайыктуу.

Экологиянын багыттары

Заманбап экология татаал жана бутактанган структурага ээ. 90 жакын багыттар акыркы жылдарда калыптанып, экологизация процесстери жүрүп жаткан адамзаттын ишкердүүлүгүнүн тармактары болуп эсептелет.

Айлана чөйрө жөнүндөгү илим: теоретикалык (классикалык), прикладдык (колдонмо), глобалдык экология.

Экологиянын этаптары[оңдоо | булагын оңдоо]

Экология өз алдынча дисциплина болуп XIX к. ортосунда калыптана баштады. Бирок экологиялык изилдөөлөр адамзаттын өнүгүүсү менен бирге эле жүрүп келген. Ар кыл окумуштуулардын экологиялык билимдин калыптанышына, экологиянын өнүгүү тарыхына салымын суммалап окумуштуулар 3 негизги этапка бөлүп жүрүшөт.

I-чи этап[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул этап экологиянын илим катары жаралып жана калыптануу этабы (байыркы доордон XIX к. 60ж чейин). Бул этаптагы окумуштуулар грек философтору (Анаксимандр, Демокрит, Фалес, Гиппократ, Архимед, Платон), Аристотель (384-322 б.э.ч.), кайра жаралуу доорунун окумуштуулары Н.Коперник, Дж.Бруно, Г.Галилео, Л.да Винчи – булар жаратылыш жөнүндө илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Роберт Бойль (1627-1691) биринчилерден болуп төмөнкү басымдарда жаныбардардын чыдамдуулугун изилдеген, б.а. абиотикалык шарттардын тирүү жандыктарга болгон таасирин изилдеп көргөн. 1650-1700 ж. Антони ван Левенгук бактерияларды байкаган.

II- этап[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул этапта (XIX к. 60-ж ХХк. 50-ж. чейин) экологиянын өз алдынча тармакка калыптануу этабы. А.Гумбольдт, Н.Северцов, Ч.Дарвин, Э.Геккель, К.Мебиус, В.Докучаев, К.Шретер, В. Вернадский, Э.Леруа, Г.Гаузе, А.Тенсли, В.Сукачев аттуу окумуштуулардын ачылыштары менен байланыштуу. ХХк. экинчи жарымынан баштап айлана чөйрөнүн кирденүүсү жогорулап жана адамдын жаратылышка таасиринин кескин жогорулашынан улам экология өзгөчө мааниге ээ болду.

III-этап[оңдоо | булагын оңдоо]

Экологиянын өнүгүүсүнүн 3-этабы ХХк. 50ж. – азыркы убакытка чейин. Экология өзүнө жаратылышты жана айлана чөйрөнү коргоону камтыган комплекстүү илимге айланды. Экологиянын заманбап өнүгүү мезгили Ю.Одум, Б.Коммонер, Р.Дажо, Н.Реймерс, И.Шилов, Ю.Израэл ж.б. окумуштуулар менен байланыштуу.

Экологиянын максаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Заманбап экологиянын максаты цивилизациянын туруктуу өнүгүүсүн экологиянын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен жаратылыш жана антропогендик системаларды, адамзаттын коомун жана бүтүн биосфераны башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу.

Коюлган максаттын негизинде төмөнкү маселелерди чечүү абзел:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • сөзсүз түрдө биосферага тийгизген антропогендик таасирди эске алуу менен, жашоонун уюмдаштырылышынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө;
  • жер планетасынын ресурстарын пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, антропогендик таасир астында жаратылыштын өзгөрүшүн прогноздоо;
  • айлана чөйрөнүн мониторинги.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз-Түрк Манас Университети. CEV-150 Экология. Киришүү. Экологиянын маселелери, изилдөө объектиси жана структурасы. Экологиянын дисциплиналар арасындагы мүнөзү

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Болот Кулназаров "Жалпы экология" 1999-ж.
  • EKOLOJİ ÇEV-150. 1. Hafta: Kırgızistan-Turkiye Manas Universitesi / Dr. Nurzat Totubayeva