География

Википедия дан
Жердин физикалык картасы
Жердин саясий картасы

География (б.-грек. γεωγραφία, географиа, түзмө-түз "жер жазуу"), бул Жер'дины жана планеталардын жерлерин, өзгөчөлүктөрүн, жошоочуларын жана жана кубулуштарын изилдөөгө арналган илим тармагы. Γεωγραφία сөзүн алгачкы колдонгон киши Эратостенес (БЭЧ 276–194) болгон. География, Жер'ди жана анын адамдык жана табигый татаалдыгын түшүнүүгө умтулган ар тараптуу сабак — нерселер турган жерин гана эмес, ошондой эле алар кандайча өзгөрүшкөнүн, кандайча пайда болгонун дагы.

География көбүнчө эки тармак боюнча аныкталат: адам географиясы жана физикалык география. Адамзаттын географиясы, адамдардын жана алардын коомчулугунун, маданияттарынын, экономикасынын жана алардын космос менен мейкиндик ортосундагы мамилелерди изилдөө жолу менен алардын айлана-чөйрө менен өз пра мамилелеринин иликтөө менен алектенет. Физикалк георгафия, атмосфер, гидросфер, биосфер жана геосфер сыяктуу табигый чөйрөдөгү иштетүү жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө менен алектенет.

Географиялык изилдөөлөрдөгү төрт тарыхый салттарга табигый жана адам кубулуштарын мейкиндикте талдоо, жерлерди жана аймактарды изилдөө, адамдар менен жер ортосундагы мамилелерин изилдөө жана Жер жөнөндөгү илимдер кирет. География "дүйнө жөнүндө сабак" жана "адам менен физикалык илимдердин ортосундагы көпүрө" деп аталып калган.

Географиялык илимдердин системасы жана чектеш илимдер менен байланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рельеф карта.

География илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү жана тармактарга ажыроо процесспнде пайда болгон. Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жертаануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гпдрологпясы, океанология, гляциология, геокрпология, топурак географиясы жана бпогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы жана региондук Экономикалык география, өнөржай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий география жана башка); в) картография жана геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык жана стацпонардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, бпологпя сыяктуу илимдердин ыкмаларын жана маалыматтарын пайдаланат. Экономиялык география болсо физикалык география жана саясий экономия, демография, социология, өнөржай жана айыл чарба экономпкасы жана башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта. Табиый шарттар менен ресурстарды толук жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү жана өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү жана кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу географиянын милдети.

Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары (маанилүү географиялык саякаттар жана ачылыштар жөнүндө кыскасы географиялык ачылыштар макаласынан)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

География эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көзкарашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деңгээлинде түшүндүрүү биздин заманга чейинки 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт жалпы жертаануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бетп 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1-2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкөтаануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халпфаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деңгээлге көтөрүлүп калган: ар-түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы жана башка аныкталып, бирок материктердин табияты алп толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «Географпя генералис...» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет.

17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулушгардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүүгө көп көңүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири менен болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт.

19-кылымда географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт менен К. Риттер чоң салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845-62) Жер кубулуштарынын жалпы законченемдүүлүктөрүн жана ички байланыштарын изилдөө физикалык географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган. География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өзалдынча өнүгө баштайт.

20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча география табигый жана коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз географиялык мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкөтаануу менен «адамдын географиясын» бийик деңгээлге жеткирген. Россияда 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында географияда бир катар жаңы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурактаануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык геогриялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүяүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. 3. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын жана анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган. СССР ИА 1920-30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурактаануу, тоңтаануу, палеогеография жана башка тармактардын теориялык маселелерин изилдөө менен бирге комплекстик физикалык географиялык жана экономикалык географиялык проблемаларга, райондоштурууга көңүл бурулат; табигый чөйрөнүн физико-географиялык компоненттеринин аймактык таралышынын законченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы терең изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик жана компоненттик географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык Географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жертаануу (А. А. Григорьев) жана ландшафттаануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар жана деңиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан. Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү жана татаалдыгы Географияга ыкташкан жаңы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык География жана башка) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаңы математикалык, геохимиялык жана башка методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү. Советтин физикалык Географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн жана өнүгүү законченемдерин (жалпы физикалык география) жана анын аймактык бөлүнүшүн, морфол. түзүлүшүн жана башка маселелерди (ландшафттаануу) изилдеди; ири физикалык -географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия). Экономикалык география жалпы теория менен бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук жана тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөржай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар жана башка), табигый шарттардын жана ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык география башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту. География тарыхын жана тарыхый географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын география менен тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык жана комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар менен атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик география акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, башкача айтканда конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият менен коомдун өзара мамилелерин жалпылоочу жана жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик Географиянын теориялык жана практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.

Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук менен пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди жана монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония жана башка айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер жана жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар менен өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө жана чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси жана башка) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География жана экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көңүл бурат.

Маанилүү Географиялык коомдор жана мекемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү Эл-аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл-аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк жана региондук деңгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География инстититуту, КМШ ИАларынын География пнттары, бөлүмдөрү, унмверситеттердин географиялык факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому жана башка.

Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто Азиянын картасы (1874).

Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө Батыш менен Чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» жана башка), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей жана башка) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теңир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун жана башка уруулар, алардын жери, кесиби жана башка тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы жана башка кыска, так баяндалат.

18-кылымда жана 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) жана Л. Гумбольдт (1843) Теңир-Тоо менен Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын Географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий Географиясы акыркы 100-120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү жана жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык жана стационардык (1880-90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теңир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды.

19-кылымдын 2жарымында атайын тармактык (топографпялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык жана башка) жана комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө менен таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди. Кыргызстандын Географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши жана Д. Принц, немистер География Мерцбахер жана М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек жана башка) жана жергиликтүү саякатчылар, өлкөтаануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков жана башка) да катышкан. Октябрь социалдык революциясынан кийин Географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу жана өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын Географиялык (КР ИАнын географиялык бөлүмү, Бийик тоолуу Теңир-Тоо физико-географиялык станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абат университеттеринин География багыттагы факультеттери, Борбордук Азия Жер изилдөө институту жана башка) жана географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи жана башка) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллектпвдер жана башка бар. Гпдрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын жана башкаларды Географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) жана Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деңгээлдегп адпс географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин Республикасынын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград жана Ташкендин адистеринин күчү менен жүргүзүлгөн. 1920-40-жылдарда СССР ИАнын жана Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын Географиясына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Географиялык институту негпздеген Физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды. 1943-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-ж. КМУ ачылгандан бери Республикасынын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар менен адпстердпн колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар пчпнде География илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы жана башка жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 жана башка). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык жана гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөңгүлөрдүн каталогдору жана башка). Тармактык жана комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 жана башка) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөржайы, айыл чарба, табигый ресурстарды пайдалануу жана алардын экономикалык Географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөржайды жана эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары жана эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) терең талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 жана башка) жана бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 жана башка). Республикасынын жана анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы жана энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө. Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республикасынын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көңүл бурулуп келүүдө. Кыргызстандын аймагында абанын жана топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов жана башка). Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилдендп, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө жана прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө жана калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү жана алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө пштерине айрыкча көңүл бурулуп, аларды прогноздоо жана эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда. Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөңгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов жана башка). Жаратылыш ресурстарын комплекстүү инвентарлашгыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфологпя» (Ш. Качаганов жана башка) карталары түзүлдү. Тармактык изилдөөлөр менен бирдикте Кыргызстандын Географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык жана комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын География бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында) Алай кырка тоосунда (1973-75) жана Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976-80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э.К. Азыкова, С. Байгуттпев, К. Матпкеев жана башка). Теңир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топ тому болду. Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта Республикасынын Географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев жана башка) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» жана башка (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов жана башка) жарыкка чыкты. Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда жана жүздөгөн макалалар менен тезпстерде чагылдырылып, алар эл-аралык, бүткүл союздук жана республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРпнпн клпматы» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу серпясы» (1970), «Кыргызстандагы географпя илимдерпнпн өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» жана башка «Кыргыз жергесп» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географпясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар менен сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы География илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын жана илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар менен камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия жана картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын жана саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү жана фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер менен жабдылып, Республикасынын жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин жана жогорку окуужайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук жана координациялоо иштери КР УИАнын Геология инстититутунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]