Физикалык география

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Физикалык география - Жердин географиялык катмары жана анын аймактык бөлүктөрү жөнүндөгү илим.

Негизги бөлүмдөрү жалпы жер таануу, ландшафт таануу, палеогеография. Табигый география илимдеринин тобуна Физикалык географиядан тышкары жаратылыш чөйрөнүн айрым компоненттерин өз алдынча изилдөөчү илимдер - геоморфология, климатология, кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы, биогеография да кирет. Булардын ар бири чектеш табигый илимдерге энчилеш жана аларды Физикалык география менен байланыштырып турат. Физикалык география картография жана экономикалык география менен да тыгыз байланышта. Тех., а. ч., медицина ж. б. илимдер менен байланышкан жерлерде географияда колдонмо багыттагы илимдер (инженердик география, медициналык география, рекреациялык география ж. б.) өнүккөн, алар табигый аймактык комплекетердин (ЖТК) ресурстарын жана шарттарын баалоо жана аларды рационалдуу пайдалануу, коргоо жолун изилдейт. Физикалык география бардык деңгээлдеги - географиялык катмардан ландшафттык фацияга чейинки табигый комплекстер же геосистемалар жөнүндөгү синтездик илим. Геогр. катмарды үйрөнүүгө - геосистеманын компоненттеринин ортосундагы байланыштарды - энергия жана зат алмашуу процесстерин, заттардын айланышын, геосистеманын структурасынын өзгөрүшүн изилдөө кирет. Географиялык ландшафттар калыптанышы, морфологиясы, структурасы, функциясы, динамикасы жана өнүгүшү жагынан каралат. Физикалык географиянын орчундуу маселелеринин бири - адамдын таасиринен ландшафттардын (антропогендик) өзгөрүүлөрүн, модификацияларын изилдөө. Салт болуп калган экспедицияны баяндап жазуу, салыштырма географиялык, картогр. жана тарыхый, геофизикалык, геохимиялык ж. б. ыкмалар колдонулган стационардык изилдөөлөр менен толукталат. Физикалык география боюнча топтолгон байкоолорду чогултуп теориялык корутундуларды чыгаруу үчүн математикалык аппараттарды, табигый процесстердин моделдерин түзүү, кибернетиканын принциптерин жана системалардын жалпы теориясынын методдорун колдонуу. Физикалык географиянын идеялары жана ыкмалары табигый ресурстарын жана шарттарын баалоодо, токойчулукта, мелиорацияда, шаар курууда ж. б. колдонулат. Анын негизги маңызы - адамдын чөйрөгө тийгизген таасиринен геосистемадагы байланыштардын бузулушун, алардын зат-энергетикалык балансын, тең салмактуулугун тактоо.

Байланыштуу макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4