Физикалык-географиялык зоналар

Википедия дан

Физикалык-географиялык зоналар, кургактыктын табигый зоналары - географиялык (ландшафттык) алкактардын экватордон уюлдарга жана океандардан кургактыктын ички бөлүгүн карай мыйзам ченемдүүлүк боюнча ирети менен алмашып туруучу ири бөлүктөрү.

Физикалык-географиялык зоналар жана алкактар, Жер шар сымал формада болгондуктан, жер бетинин күндүн нуру менен жылышы экватордон уюлдарды карай улам азайгандыгынан кеңдик багытта алмашат. Ар бир Физикалык-географиялык зоналарга өзүнө гана ылайыктуу ландшафттын өзгөчө тиби, климаттык шарттары, өсүмдүктопурак катмары ж. б. мүнөздүү болот. Физикалык-географиялык зоналар географиялык алкактпар сыяктуу аба массаларынын жылуулук шартынын жалпылыгы боюнча гана эмес, нымдануунун жана ландшафттын бардык компоненттеринин бирдейлиги (же окшоштугу) менен айырмаланат. Физикалык-географиялык зоналар жылуулуктун таралышына байланыштуу негизинен кеңдик боюнча экватордон уюлдарды карай; океандардын таасирине байланыштуу океан жээгинен кургактыктын ички бөлүгүн карай алмашат. Тоолордо рельефтин таасири менен географиялык зоналуулук бузулуп, Физикалык-географиялык зоналар бийиктик алкактуулук менен алмашат. Физикалык-географиялык зоналарды бирдиктүү комплекс түшүнүгү катары «тарыхый калыптанган табигый зона» деген ат менен В. В. Докучаев сунуштаган. Кийин ал түшүнүк A. Н. Краснов, A. А. Григорьев, Л. С. Берг, С. В. Калесник ж. б. окумуштуулардын эмгектеринде андан ары өрчүтүлгөн. Л. С. Берг түндүк жарым шардын түздүктөрүндө тундра, мелүүн алкактын токою, токойлуу талаа, талаа, мелүүн климаттык жарым чөл, чөл, жер ортолук деңиздик субтропиктик токой, тропиктик чөл, тропиктик талаа, тропиктик токойлуу талаа (саванна), нымдуу тропиктик токой деген географиялык зоналардын калыптануусун далилдеген. Акыркы мезгилде С. В. Калесниктин суук алкактардын арктикалык чөлдөрү, тундра, токойлуу тундра, антарктиданын муз чөлдөрү, шалбаалуу тундра зоналары, мелүүн алкактардын тайга, аралаш жана жазы жалбырактуу токойлору, токойлуу талаа, талаа, жарым чөл, чөл, жер ортолук деңиздик жана субтропиктик аралаш токой, субтропиктик саванна, талаа, субтропиктик жарым чөл жана чөл зоналары, ысык алкактык нымдуу тропиктик токой, тропиктик саванна, тропиктик чөл жана нымдуу экватордук токой зоналары деген айырмалоолору кабыл алынган. Кыргызстандын аймагы мелүүн алкактын чөл зонасында жатат. Бирок, тоолуу өлкө болгондуктан, ландшафттары бийиктик алкактар боюнча жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4