Геокриология

Википедия дан

Геокриология (гео... жана криология), тоң таануу – жер кыртышындагы тоң катмарынын түзүлүшүн, курамын, касиетин, пайда болуу себептерин, таралышын жана өөрчүү тарыхын, ошондой эле анын тоңуусуна жана эрүүсүнө байланыштуу процесстерди (геофизикалык, физикалык-геологиялык, геоморфологиялык ж. б.) изилдөөчү илим. Геокриология геологиялык илимдерге кирет. Ал курулуш, транспорт, айыл чарба ж. б. багыттар боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу тоң процесстерине таасир этүү ыкмаларын иштеп чыгат. Ага байланыштуу Геокриологиянын эки багыты калыптанууда; жалпы жана инженердик Геокриология. Тоң таануу 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап геологиянын, географиянын, геофизиканын жана инженердик-техникалык илимдердин чегинде пайда болгон. Илимдин калыптануусуна орус илимпозу М. И. Сумгин зор салым кошкон. Изилдөөсүндө геологиялык, геофизикалык, географиялык илимдердин экспедициялык жана камералык, физикалык, физикалык-химиялык лабораториялык, математиканын ыкмалары пайдаланылат. Геокриологияга байланыштуу көптөгөн илимий эмгектер жарык көрүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]