Теңир-Тоо

Википедия дан
Теңир-Тоо.

Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Тянь-Шань – Орто жана Борбордук Азиядагы тоо системасы. 40° менен 45° түндүк кеңдиктердин, 67° менен 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Теңир-Тоонун батыш жагы негизинен Кыргыз Республикасынын, түндүк жана батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Республикасынын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км). Түндүктө Теңир-Тоо Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Ала-Тоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу менен туташат. Теңир-Тоонун батыш бөлүгүнүн түндүк жана түштүк чегаралары болуп адатта Иле жана Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Тенир-Тоо түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары менен чектелет.

Теңир-Тоо.

Теңир-Тоо көбүнчө кеңдик же ага жакын багытта созулган тоо тизмектерден турат; борбордук бөлүгүндө гана меридиан багытында жайгашкан тоо (Меридиан кырка тоосу) бар. Бул кырка тоо Батыш (Кыргызстандын аймагында) Теңир-Тоо менен Чыгыш (Кытайда) Теңир-Тоонун табигый чегарасы болуп саналат. Теңир-Тоонун бул бөлүгү Борбордук Теңир-Тоо деп аталып, мында бийик чокулар жайгашкан: Жеңиш чокусу (7439 м), Кантоо (6995 м).

Теңир-Тоо төмөнкү орографиялык облустарга бөлүнөт: Түндүк Теңир-Тоо Кетмен кырка тоосу (бир бөлүгү Кытайда), Иле-Ала-Тоосу, Күнгөй Ала-Тоо, Кыргыз Ала-Тоосунан турат; Батыш Теңир-Тоо Талас Ала-Тоосун, түштүк-батышында ага тутумдаш жаткан Чаткал, Пскем, Угам кырка тоолорун, о. эле Каратоону ичине камтыйт. Фергана өрөөнүн курчаган тоо кыркалар, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы кошо, кээде Түштүк-Батыш Теңир-Тоо деп да аталат; Кыргыз Ала-Тоосунун жана Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүгүндөгү Ички Теңир-Тоо түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Ички Теңир-Тоо Борбордук Теңир-Тоодон бөлүп турган Акшыйрак массиви менен торолгон. Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун тоо кыркалары чыгыштан батышка карай акырындык менен 4500–5000 мден 3500–4000 мге (Каратоодо 2176 мге) чейин жапыздайт; капталдары асимметриялык түзүлүштө: Иле, Чүй, Талас өрөөндөрүнө караган түндүк капталдары узунураак, капчыгайлар менен өтө тилмеленген, салыштырма бийиктиктери 4000 мге чейин жана андан да бийик. Ички Теңир-Тоонун ири кырка тоолору: Тескей Ала-Тоо, Борколдой, Ат-Башы кырка тоолору (4500–5000 мге чейин), Какшаал тоо тизмеги (Данков чокусу 6982 м).

Чыгыш Теңир-Тоодо кеңдик багытында созулган өрөөндөр жана чуңкурдуктар менен бөлүнгөн кырка тоолордун 2 тилкеси даана байкалат. Негизги кырка тоолордун бийикт. 4000–5000 м; түндүк тилкенин тоо кыркалары – Борохоро, Иренхабырга, Богодоула, Карлыктоо 95° чыгыш узундукка чейин созулат. Түштүк тилкеси кыскараак (90° чыгыш узундукка чейин гана); негизги кырка тоолору – Халыктау, Сарминула, Куруктаг. Чыгыш Теңир-Тоонун этектеринде Турпан (тереңдиги деңиз деңгээлинен төмөн, 154 м төмөн жайгашкан). Хами чуңкурдуктары орун алган түштүк тилкесинин аймагында Баграш көлү жаткан тоо арасындагы ойдуң бар.

Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы учурдагы көз караш боюнча Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири — даана көрүнүп турган субкеңдик багыттагы тектоникалык зоналуулуктун болушу. Ал каледон жана герцин геосинклиналь түзүлүштөрүнүн түндүктөн түштүккө карай закон ченемдүүлүктө мейкиндик жайгашуусу менен мүнөздөлөт. Мында Улутоо — Түндүк Теңир-Тоо (Тяншань) жана Түштүк Теңир-Тоо бүктөлүү системаларына ажыратылат. Кыргызстандын аймагында болгону алардын чыгыш бөлүгү — Түндүк Теңир-Тоо бүктөлүү облусу орун алган. Түштүк Теңир-Тоо бүктөлүү системасы Ортоңку Теңир-Тоо, Чаткал–Курама жана Фергана–Какшаал бүктөлүү облустарын бириктирет.

Геологиялык түзүлүштүн башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири — жер кыртышынын үстүнкү бөлүгүнүн ири тектоникалык элементтеринин бирдей эмес мүнөздө болгон аймак жана тик багыт боюнча бир өңчөй эместиги. Дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — аймакта генезиси, созулуп жатышы, морфологиясы, масштабы, геологиялык жашы жана жайгашуу тереңдиги боюнча ар түрдүү тектоникалык жаракалардын көптүгү. Сызыктуу жана дого сымал ийри, тик жаракалар, ошондой эле үстүнө жылышуулар жана региондук тилмеленүү системалары көбүрөөк таралган.
Тектоникалык жаракалардын ушундай системасы менен Кыргызстандын аймагындагы Теңир-Тоо ар кандай өлчөмдөгү блокторго (геосекторлор, геоблоктор ж. б.) бөлүнгөн. Ушул жаракалар боюнча көп кайталанган тик жана түз сызыктуу (горизонталь) кыймылдар болгон. Ири жаракалардын көбү — терең тектоникалык жаракалар; буга жанартоо аппараттарынын, мафиттердин жана ультрамафиттердин аларга топтолушу далил болот.

Кыргызстандын аймагындагы Теңир-Тоонун дагы бир өзгөчөлүгү — ар кандай формада жүрүп, даана көрүнүп турган жаракалар структураларынын болушу. Геологиялык-геофизикалык материалдар жана космостон тартылган сүрөттөрдү дешифрлөөлөрдүн маалыматтары алардын байыркы доордо эле башталып, узак убакыт бою мезгил-мезгили менен өнүккөнүн тастыктайт.

Түндүк Теңир-Тоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туруктуу ички геосинклиналь блокторунан түзүлгөн жана аларды масштабы, жайгашуу тереңдиги жана геологиялык жашы боюнча айырмаланган бүктөлүү зоналарга бөлүп турган көп циклдүү бүктөлүү система болуп эсептелет. Блоктор болсо геосинклиналдык процесстерге ургалдуу дуушарланган геосинклиналга чейинки фундаменттин калдыктары (реликтери). Байыркы (рифейге чейинки) платформанын деструкцияланышынын натыйжасында алар Түндүк Теңир-Тоонун геологиялык тарыхында ортоңку массив же туруктуу геоантиклиналдык көтөрүлүү катары чыккан.

Бүктөлүү зоналарынын калыптануусу протерозойдун эң акырындагы геосинклиналдык ийилүүлөр менен байланышкан. Анткени бул учурда субкеңдик багытындагы түз сызыктуу зоналар тоотектердин топтолушу зоналардын бири биринен ажыроосу менен алмашылган. Бул ажыроонун жаралышы, мүмкүн, чегинде ургалдуу жанартоолордун атылышы жүрүп турган рифтер менен байланыштуу болгон. Байкал бүктөлүү доорунда кысылуунун натыйжасында ажыроо зоналары жабылып, чөкмө жанартоо тек катмарларынын топтолушу жана интрузиялардын жиреп чыгышы жүргөн. Каледон этабы алгачкы кембрийде эле башталган. Чөкмөлөрдүн алгачкы палеозойдогу топтолуу алаптарын, көтөрүлүү жана суу жеп оюлуу облустарынын жайгашуу сөлөкөтү жалпысынан мурдагы байкал этабынан бери сакталып калган. Эвгосинклиналдык ийилүү жогоруда айтылган жер кыртышынын чоюлуусунун натыйжасында пайда болгон ажыроолордун начарлаган зоналарын ээлеп калган. Аларда жанартоо тектеринин жана граувактардын калың катмарлары түзүлүп, алар эрте инверсиялык этапта — ордовиктин башталышында бүктөлүүлөргө дуушар болгон. Миогеосинкликаль зоналары эрте инверсиялык кыймылдан кийин ийилүүгө дуушарланган блоктордун четки бөлүктөрүндө жайгашкан.

Соңку ордовикте аяктаган каледондук этап жалпы инверсия жана гранитоиддердин батолит тулкуларынын таралышы менен коштолгон. Орогенез болсо ажыраган структуралардын чегинде континенттик типтеги кыртыштын пайда болушу менен кысылуунун жалпы доорунда жүргөн.

Календондук бүктөлүү зоналарынын ичинен жара кесилиштин мүнөздөрү жана магматизмдин жүрүшү боюнча Чоң Кемин, Киндикташ, Жыргалаң, Борбордук Кыргыз, Суусамыр –Долон жана Карабалта зоналары, алардан башка Макбал жана Аспара геоантиклиналь зоналары, Моюнкум – Нарат ортоңку массиви жана Талас четки массиви ажыратылат. Бүктөлүү зоналарынын ичинен Карабалта зонасы гана миогеосинклиналь, калгандарынын бардыгы – эвгеосинклиналь тибиндеги катмарлар менен мүнөздөлөт.
Ортоңку палеозойдо девон жанартоо алкагын жана кызыл түстөгү терриген мульдаларынын пайда болушуна алып келген чоюлуу кыймылы басымдуулук кылган.
Соңку палеозой кысылуу дооруна туура келип, жер үстүндө жанартоолордун ургалдуу атылышы жана жегичтүү катардагы көп фазалуу интрузиялардын пайда болушу менен мүнөздөлөт.
Түндүк Теңир-Тоо жер кыртышынын анча калың эместигин (45–50 км), «гранит» катмары «базальт» катмарына салыштырганда басымдуу кылышы жана гранитоиддердин эң эле көп (аянттын 50 % чамасында) таралышы менен айырмаланат. Негизинен каледон интрузиялары басымдуу, ошондой эле протерозой жана герциндин магма тоотектери да көп учурайт.

Ортоңку Теңир-Тоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортоңку Теңир-Тоо каледон жана герциндеги кыймылдарга ургалдуу дуушарланган байыркы платформанын блогу болуп эсептелет. Каледондун Түндүк Теңир-Тоо жана герциндин Түштүк Теңир-Тоонун бүктөлүү системаларынын ортосунда жайгашкандыктан блок бул системаларда жүргөн геосинклиналдык жана орогендик процесстерге ыраттуу дуушарланган.

Чоюлуу этаптары менен начар дифференцияланган басаңдоочу кыймылдар жана Ортоңку Теңир-Тоонун чегинде адегенде каледондун, андан кийин герциндин структуралык кабаттарынын субгеосинклиналдык (парагеосинклиналдык) катмарларынын пайда болушу байланышкан. Жалпы кысылуу басымдуулук кылган доорлор менен орогендик процесстер байланышкан. Ортоңку Теңир-Тоодо каледон ороген кыймылдары өтө начар болуп, алар негизинен кандайдыр бир олуттуу магматизм болбой эле аймактын жалпы көтөрүлүүсүнөн байкалган. Герцин орогенези Ортоңку Теңир-Тоо үчүн аяктоочу болуу менен өтө ургалдуу жүргөн, жанар тоо жана терриген молластарынын кеңири өнүгүшү жана гранитоид интрузияларынын пайда болушу менен бүткөн. Убакыт боюнча Түштүк Теңир-Тоонун герцин геосинклиналындагы бүктөлүү жана орогенез, анын чегинде континенттик типтеги жер кыртышынын калыптануу процесстери менен байланышкан. Ортоңку-соңку карбон жана пермь мезгилдериндеги орогендик кыймылдар менен монцонит-гранодиорит (соңкөл жана сандалаш-чаткал комплекстери), гранодиорит (теректи жана кызылсай комплекстери) жана лейкогранит (чаарташ жана арашан комплекстери) курамындагы интрузиялардын таралышы байланышкан.

Ортоңку Теңир-Тоонун чегинде Көөлү – Сарыжаз геоантиклиналь зонасы (бул зона каледон этабында эле туруктуу көтөрүлүү облусу катары калыптанган) жана Жетим, Көкирим жана Нарын бүктөлүү зоналары ажыратылат. Биринчи эки зона жашы боюнча каледондук, ал эми Нарын зонасы герциндик болуп эсептелет. Ортоңку Теңир-Тоо Түндүк Теңир-Тоодон жер кыртышынын бир кыйла калыңданышы (50–55 км) жана каледон интрузияларынын жоктугу менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]