Океания

Википедия дан
Океания.

ОкеанияТынч океандын борбордук жана түштүк-батыш бөлүктөрүндөгү аралдар (10 миңдей) тобу. Түндүк жарым шардын субтропик кеңдиктери менен Түштүк жарым шардын мелүүн кеңдиктеринин аралыгында жайгашкан. Аянты 1,26 млн км2. Калкы 10,7 млн (2010).

Аралдардын көбү архипелагга биригип, субмеридиан багытында жайгашкан. Эң ири аралдары – Жаңы Гвинея (анда океяниянын эң бийик жери Жая чокусу жайгашкан; бийиктиги 4884 м) менен Жаңы Зеландия (океяниянын 80%ин түзөт). Океяния көбүнчө Австралия материгине кошулат; кээде өзүнчө дүйнө бөлүгү катары каралат. Океяния Меланезия, Микронезия, Жаңы Зеландия жана Полинезияга бөлүнөт. Аралдардын көбү жанартоодон тоолуу; (Гавайи, Самоа, Маркиз, Коом, Кук (Түштүк), Тубуаи, Пасха ж. б.), шуру рифтеринен (ойдуңдуу; Маршалл, Каролина, Гилберт, Тувалу, Токелау, Кук (Түн.), Феникс, Лайн Туамоту, Науру ж. б.) пайда болгон. Тоолуу ири аралдары Тынч океан таманынын батыш четиндеги геосинклиналь облусундагы аралдар догосу системасына кирет. Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү аралдар базальттуу калкандарды, суудан чыгып турган чокулары бийик жанартоолорду (Гавайи аралындагы Мауна-Лоа, Мауна-Кеа жанар тоолору) түзөт. Кен байлыктары: никель (Жаңы Каледония), фосфаттар (Науру жана Туамоту), нефть (Жаңы Гвинея), алтын (Жаңы Гвинея, Фижи), таш көмүр (Жаңы Зеландия), жез (Бугенвиль аралы). Климаты океандык, дайыма нымдуу, көбүнчө субэкватордук, экватордук, түштүгүндө субтропиктик жана мелүүн. Айлык орточо температурасы экватор зонасында 26–28°С, түштүгүндө февралда 16°Сден августта 5°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1000 ммден батышында 3000–4000 ммге чейин, айдарым капталдарында 10 миң ммден ашык. Жаңы Гвинеянын тоолору менен Жаңы Зеландиянын Түштүк аралында мөңгүлөр (жалпы аянты 1000 км2ден ашык) бар. Көл жана дарыялар негизинен ири аралдарында кездешет. Океянияда кездешкен өсүмдүктөр палеотропик өсүмдүктөр дүйнөсүнө кирет. Тоолуу аралдардын айдарым капталдарында дайыма жашыл нымдуу токой, ылымта беттеринде кургакчыл бадалдар, ксерофиль токою басымдуу. Шуру аралдарын бадалдар, панданус, кокос пальмасы, нан жыгачтуу токойлор ээлейт. Фаунасы Полинезия облусуна кирет. Сүт эмүүчүлөр аз, ал эми курт-кумурскалар көп, эндемиктер да арбын. Канаттуулар базарлары бар. Жаныбарларды коргоо максатында коруктар уюштурулган (эң ириси Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Фьордленд коругу).

Тропиктик дыйканчылык менен балыкчылык өнүккөн. Океяниядагы мамлекеттер: Вануату, Самоа Батыш, Кирибати, Науру, Жаңы Зеландия, Папуа–Жаңы Гвинея, Соломон Аралдары, Тонга, Тувалу, Фижи. Океянияда ошондой эле Улуу Британиянын, Франциянын, АКШнын, Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын ээликтери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]