Түндүк Америка

Википедия дан
Түндүк Америка

Түндүк Америка жарым шаардагы картада
Аянты

24,250,000[1][2] км²

Калкы

565,265,000 (2013) адам

Жыштыгы

22.9 адам/км²

Этнохороними

Түндүк америкалык, америкалык

Курамында

23 өлкө

Тилдери

англисче, испанча, французча ж.б тилдер

Убакыт аралыгы

UTC-10UTC

Ири шаарлары

Вашингтон, Нью-Йорк, Мехико, Лос-Анжелес, Чикаго, Оттава


Түндүк Америка (англ. North America, фр. Amérique du Nord, исп. América del Norte, Norteamérica, аст. Ixachitlān Mictlāmpa) — Батыш жарым шардагы материк. Аянты 20,36 млн км2 (аралдары менен 24,25 млн км2).


Калкы 531,1 млн (2009). Түндүгүнөн Түндүк Муз океаны (Бофорт, Баффин деңиздери жана Гудзон булуңу), батышынан Тынч океан (Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булундары), чыгышынан Атлантика океаны (Карьб деңизи, Мексика жана Ыйык Лаврентий булуңдары) менен чулганат. Түштүк чеги негизинен Панама мойногу аркылуу өтөт. Анын эң түндүк учу Мёрчисон тумшугу, батышында - Уэльс Принц, чыгышы - Сент-Чарльз тумшуктары. Канаданын жана Түштүк Алясканын жээктери фьорд дор менен терең тилмеленген. Атлантика океаны жээк жагында дарыялардын эстуарийлери жана дельталары басымдуу. Батыш жээги начар тилмеленген, тоолуу. Эң ири жарым аралдары: түндүгүндө - Вутия, Мелвилл, чыгышында - Лабрадор, батышында - Сьюард, Аляска, түштүгүндө - Флорида, Калифорния, Юкатан. Ири аралдары: Гренландия, Канадалык Арктика архипелагы, Вест-Индия, Алеугп аралдары, Александр архипелагы жана Атлантика океанынын Бермуда аралдары, Сен-Пьер, Микелон ж. б. Түндүк Американын рельефи чыгыштан батышты карай өзгөрөт. Материктин батышында түндүктөн түштүккө Кордильера тоо системасы (к. Түндүк Америка Кордилъерасы) созулуп, чыгышын кенен түздүктөр, плато, орто бийик тоолор ээлейт. Орто бийиктик батышында 1700 м, чыгышында 200-300 м. Түндүк-чыгышында Лаврентий дөңсөөсү, түндүгүндө Макензи ойдуңу, борбордук бөлүгүндө бөксө тоолуу Улуу түздүктөр (бийиктик 500-1500 м) жана тектирлүү Борбордук түздүк (бийикт. 500 -мге чейин) жайгашкан. Чыгыш чети Канадалык Арктика архипелагы, Лабрадор, Аппалачи тоолору менен курчалган. Түштүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңу жана Мексика бою ойдуңу орун алган. Материктин батыш жээгинде Кенай, Чугач, Ыйык Илья (Логан чокусу, бийикт. 6050 м), АКШнын Жээк, Канаданын аралдык кырка тоолору жана булуңдар (Кук, Калифорния) менен ойдуңдар (Сакраменто дарыянын жана Калифорния өрөөндөрү) ээлеген тилке бар. Кордильера тоо тизмеги Мексика тайпак тоосунан түштүктү карай экиге ажырап, бир бөлүгү чыгышты карай суу астындагы кырка тоолорду жана Вест-Индиянын аралдарын пайда кылып, Венесуэла Анд тоолоруна, экинчиси Теуантепек жана Панама мойноктору аркылуу Колумбия Анд тоолоруна өтүп кетет.

Геологиялык түзүлүшү. Түндүк Американын борбордук бөлүгүн байыркы кембрийге чейин пайда болгон. Түндүк Америка (Канада) платформасы ээлейт. Платформанын фундаменти АКШнын түндүгүндө, Канадалык Арктика архипелагынын түштүгүндө, ошондой эле Гренландиянын батыш жана түштүк-чыгыш четинде жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Бул бөлүгү метоморфизмделген жанартоо чөкмөлөрү менен гранит-гнейстен турат. Платформа каледон (түндүк-чыгышы, Гренландия, Ньюфаундленд, Түндүк Аппалачи), герцин (Түштүк Аппалачи, Канадалык Арктика архипелагы) мезозой-кайназой (Кордильералар) жашындагы тоолор менен курчалган. Кен байлыктарынын көбү Канада калканы менен Кордильерада. Дүйнөлүк мааниге ээ кендери: темир (Жогорку Көлдөр аймагы, Лабрадор жарым аралы), никель (Канададагы Садбери кени ж. б.) алтын, кобальт (Аляска, Калифорния, Канада ж. б.), уран (Гурон, Колорадо платосу ж. б.), таш көмүр (Аскалуу тоолор, Ворб. түздүк, Аппалачи ж. б.), калий тузу (Канада), фосфаттар, түстүү жана сейрек металлдар, Тынч океан жак жээкте нефть жана газ бар. Арктикада алмаз концентрациясы табылган.

Климаты. Материктин түндүктөн түштүккө созулуп жатышы жана рельефинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу аба ырайы ар түрдүү. Ошондуктан материктин климаты мелүүн арктикалыктан тропиктикке чейин өзгөрөт. Эң четки түндүгүндө арктикалык, түштүгүндө тропиктик, батыш жана чыгыш жээктеринде океандык, ички аймактарында континенттик. Январдын орточо температурасы -36°Сдан (Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө) 20°Сга (Флорида менен Мексика тайпак тоосунун түштүгү) чейин, июлдуку -4°Сдан (Канадалык Арктика архипелагынын түндүгү) 32°Сга (АКШнын түндүк-батышында) чейин. Температуранын аба минимуму Аляскада (-64°С) жана Канаданын түндүк-батышында (-70°Сга чейин), ал эми максимуму (56,7°С) АКШнын түштүк-батышындагы Ажал өрөөнүндө катталган. Жаан-чачын эң көп жааган жерлери: Аляска менен Канаданын Тынч океан жак жээги жана АКШнын түндүк-батышы (жылдык жаан-чачыны 20003000 мм; негизинен кышында жана күзүндө); материктин түндүк-чыгыш аймактарында жылдык жаан-чачыны 1000-1500 ммди (негизинен жайында жаайт) түзөт. Борбордук түздүктөрдө жылдык жаан-чачын 400-1200 жм. Кордильера тоолорунун ички платолор менен тоо аралык өрөөндөрүндө 100-200 мм. 40-44° түң. кеңдиктен түндүктү карай кышында кар дайыма жатат. Түндүк Америкадагы муздуктардын жалпы аянты 2,1 млн юи2ден ашып, көбү Гренландия менен Канадалык Арктика архипелагында. Материктин өзүндө мөңгү Алясканын түштүгүндө кеңири тараган, ошондой эле Брукс, Аляска, Алеут, Аскалуу, Каскад, Жээк, Жанартоолуу Сьерра-Мадре тоолорунда да бар.

Ички суулары. Түндүк Америка агын сууларга бай. Ага Жер шарындагы узун дарыя системасы - Миссисипи (Миссури менен кошо узундугу 6420 км) жана тузсуз суунун эң ири запасы чогулган - Улуу көлдөр жайгашкан. Түндүк Американын дарыяларынын жылдык орточо чыгымы 8200 км3. Атлантика океанына Миссисипи жана Ыйык Лаврентий, Тынч океанга Юкон, Колумбия, Колорадо, Фрейзер, Түндүк Муз океанга Макензи, Нельсон ж. б. дарыялары куят. Ниагара дарыянын нугунда бийиктиги 50 м, туурасы 800 -мге жеткен эң чоң Ниагара шаркыратмасы жайгашкан. Материктин түндүгүндө мөңгүнүн жана тектон кыймылдын аракетинен пайда болгон ири көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Манитоба, Чоң Эрксиз көл, Чоң Аюулуу көлу, Бугулуу көл ж. б.) бар. Борбордук Американын ири көлдөрү: Никарагуа, Манагуа, Чоң Туздуу көл. Жээк ойдуңдарда лагуна көлдөрү, Кордильера тоолорунда жанартоо көлдөрү кездешет.

Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө жана Борбордук Америкада тропиктик дайыма жашыл токой, сейрек токой жана саванна өсөт. Эң четки түндүгүнөн башка бардык жеринин ландшафты антропогендик таасирден дээрлик өзгөргөн. Фаунасында Евразияга мүнөздүү жаныбарлардын бардык түрлөрү кездешип, анын бир нечеси (кой бука, бизон, чүткөр, ондатра, сасык кашкулак, гризли аюусу ж. б.) - эндемиктер. Коргоого алынган 50дөн ашык ул. парк жана коруктар уюштурулган. Белгилүүлөрү: Йеллоустон улуттук паркы, Чоң Каньон, Йосемити улуттук паркы, Банф, Жаспер, Секвойл, Эверглейдс ж. б. Изилдөө тарыхынан. 0. кылымдарда Гренландияда отурукташа баштаган нормандар 11-13-кылымда эле материктин түндүк-чыгыш жээктеринде болушса да, алардын географиялык ачууларын европалыктар билген эмес. Tагыраак айтканда жаңы жер катары 1492-жылдын 12-октябрында, Xристофор Колумб башкарган испан экспедициясы келген күнү белгилүү болгон. Ал 1492-1503-ж. аралыгында Чоң жана Кичи Антиль а-н, Кариб деңизинин Гондурас, Никарагуа, Коста-Рика жак жээктерин жана Панама мойногун ачкан. Ошондон тарта бул аймак европалыктардын кызыгуусун арттырып, Колумбдун аркасынан француздар (Ж. Картье ж. б.) жана англичандар (Ж. Девис, Генри Гудзон, Р. Байлот, В. Баффин, А. Маккензи ж. б.) материктин түндүк жана борбордук бөлүгүнө жетишкен. Ал эми испаниялык саякатчылар (Э. Кортес ж. б.) Борбордук Американы бир нече ирет кесип өтүп, Тынч океанга чыгышкан. Ошондой эле Түндүк Американын изилденишине орус саякатчылары да зор салымын кошкон. 18-кылымда орус изилдөөчүлөрү В. Беринг, А. Чириков Түндүк Американын батышындагы Тынч океандын жээгиндеги аралдарды жана Аляска жарым аралын картага тушүрүшкөн. Аляскага орус дениз саякатчысы Г. Шелихов орустарды отурукташтырып, «Россия Америкасын» негиздеген. Түндүк Американы ээликке айландырууда европа колонизаторлор жергесинде индей, эскимос жана алеут урууларын массалык түрдө кырып, калгандарын атайын резервацияларга айдашкан. Алардын ордунда француздар негиздеген Канада мамлекети, англистар ээлик кылган АКШ жана испандар түптөгөн Мексика жана Борбордук Америка өлкөлөрү пайда болгон. Ал эми россиялыктар материктин түндүк-батышынын катаал табиятынан улам өздөштүрүүдөн баш тартып, Алясканы жана бир нече аралдарды 1867-ж. АКШга сатып жиберген.

Калкы. Түндүк Американын калкы 3 расадан турат: европалыктар келгенге чейин материкти мекендеген индейлер, эскимостор жана Азиядан келген моңголоиддер, европа келгиндер - европоиддер жана Африкадан чыккан негроиддер. Басымдуу бөлүгүн Европадан келген имигранттар (англистер, ирландиялыктар, немистер), афроамерикалыктар (17-18-кылымда Африкадан алынып келинген эрксиздердин тукумдары), ошондой эле аралаш расалык топтор (метистер, мулаттар ж. б.) түзөт. Азыраагы - Азиядан келгендер (негизинея кытайлар) жана индейлер, эскимостор, алеуттар. Негизинен англис, француз жана испан тилдеринде сүйлөшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

  1. БЭС
  2. Географиялык энциклопедия