Баффин деңизи
Көрүнүш
Баффин деңизи - Түндүк Муз океандагы жарым-жартылай туюк деңиз. Гренландия аймагы менен Канадалык Арктика архипелагынын аралыгында. Дейвис кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен кошулат. Аянты 530 миң км2. Эң терең жери 2414 м. Суунун температурасы жайында 45°С ден 0°С ге чейин, кышында -1°С ден төмөн. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат, айсберг көп. Туздуулугу 30-34%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (4 м ге чейин). Балык (треска, сельдь ж. б.) кармалат. Англиялык уюл изилдөөчү У. Баффиндин ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4