Гудзон булуңу

Википедия дан
Гудзон булуңу менен Гудзон кысыгы.

Гудзон булуңуТүндүк Муз океандын кургактыкка (Канаданын аймагына) терең кирип турган деңизи.

Чыгышында Гудзон кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен, тундүгүндө Канада кысыктары аркылуу Түндүк Муз океаны менен байланышат.

Аянты 819 миң км2. Орт. тереңд. 112 м, эң терең жери 301 м. Суунун орт. көлөмү 92 миң км3. Климаты арктикалык. Суунун температурасы кышында 0°С ден төмөн, жайында 3°—9°С. Тузд. 23— 30,5 %о. Октябрдан августка чейин муз каптан жатат.

Суунун төмөнкү катмарында температура —1,8°С ден — 2,2°Сге чейин, тузд. 32,5—33,3 % о. Треска, сельд, камбала балыктары кармалат, тюленге анчылык кылынат.

Башкы порттору: Черчилл, Порт-Нельсон.

1610-ж. булуңга саякат жасаган англ. Гудзондун ысымы менен аталган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.