Ыйык Лаврентий булуңу
Ыйык Лаврентий булуңу — Атлантика океанындагы жартылай туюк деңиз.
Түндүк Американын чыгыш жээгинде. Океандан Ньюфаундленд жана Кейп-Бретон аралдары аркылуу бөлүнүп, Кабота, Белл-Айл, Кансо кысыктары аркылуу байланышат. Аянты 260 миң км2. Деңизге Ыйык Лаврентий дарыясы куят. Тереңдиги 530 мге чейин. Түндүк-батыш бөлүгүндө Антикости аралы жайгашкан. Климаты муссондук. Кышында түндүк-батыштан соккон муздак шамал, жайында түштүк-батыш жылуу шамалы үстөмдүк кылат. Абанын орточо температурасы февралда -10°С, августта 150С. Агымы циклондук айланманы пайда кылат. Суусунун орточо температурасы кышында 1°тан төмөн, жайында 15°ка чейин. Туздуулугу түндүк-чыгышында 32 %0, батышында 12-15% 0. Суткада бийиктиги 2 мге жеткен ташкындоо 2 жолу болот. Декабрдан июнга чейин муз каптайт. Айсбергдер кездешет. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Порттору: Квебек, Сет-Иль.
Булактар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.