Түштүк-Чыгыш Азия
Көрүнүш
Түштүк-Чыгыш Азия - Азиядагы табигый аймак. Индокытай, Малай архипелагын жана ага жакын жаткан аймактарды камтыйт.
Аянты 4,5 млн км2. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, күдүрлүү түздүктөр мүнөздүү. Климаты нымдуу экватордук жана муссондуу субэкватордук; тропик токою жана саванна өсөт. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине Бруней, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Тайланд, көп учурда Филиппин да кирет. Айрым учурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин Түштүк Азияга кошуп каралат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
| Дүйнө макроаймактары | |
|---|---|
| Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук | |
| Түндүк (Сибирь) • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш | |
| Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк | |
| Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк | |
| Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия | |
| Арктика • Антарктика | |
| Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч океан • Түштүк океан | |