Батыш Африка

Википедия дан
     Батыш Африка (БУУнун картасындагы чөлкөм).      Магриб, Батыш Африкадан обочо турган аймак.

Батыш Африка (башкача аталышы: Африканын Батышы) - Африка континентинин батыш ыптасындагы чөлкөм. Бул аймакка 18 өлкө кирет: Бенин, Буркина Фасо, Кэйп Верде аралы, Гамбия, Гана, Гвинея, Гвинея-Бисау, Кот д-Ивуар, Либрия, Мали, Мавритания, Нигер, Нигерия, Ыйыу Елена аралы, Сенегал, Сиерра Леоне, Сан Томе жана Принпиал жана Того.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Африкага байыркы адамзат өкүлдөрү Африканын түндүгүнөн болжол менен б.з.ч. 12-миң жылдыкта келип байырлай баштаган. Дыйканчылык б.з.ч. 5-миң жылдыкта өнүгө баштаган.

1395-жылдагы картада Мали падышалыгынын өкүмдары Манса Муса тартылган.

Б.з.ч. 1500-жылдын тегерегинде темир кылымынын таасири байкалган.

Төөнүн колго үйүр алдырылышы менен аймак Сахара чөлү аркылуу Түндүк-Чыгыш Африкадагы цивилизациялык очоктор менен алака түзөт.

Аймакка карфагендиктер жана берберлер келе баштайт.

Б.з.ч. 1000-жылдан тартып Нок археологиялык маданияты өнүгөт.

Болжол менен б.з.ч. 3-кылымдан тартып Гана дөөлөтү, андан соң Гана дөөлөтү - Батыш Африкада негизделген алгачкы ири мамлекеттер болгон.

1052-жылы Мали падышалыгын мусулман ал-Моравийлердин аскерлери каратып алышкан.

1240-жылы Мали падышалыгы көз каранды эместикке кайрадан жетишкен. Жаңы дөөлөттү Сундиата Кеита негиздеген.

Анын небере жээни - падыша Манса Муса бийлеп турган чакта, мамлекет өзгөчө өнүккөн. Падышалыкты мосси, туарег, сонгхаи уруулары кийинчерээк басып алышкан.

15-кылымда аймакта Сонгхаи мамлекети негизделген.

Аймкта башка да шаар-мамлекеттер жана башка мамлекеттер улам пайда болуп турган.

Кулчулук доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Африка болжол менен 1839-жылы.

1445-жылдан тартып португалдык деңизчилер Батыш Африканын жээк бойлоруна келе башташкан. Алардын артынан англис жана француз деңизчилери келишкен.

Көп узабай, аймактагы кишилерди туткунга алып, кулчулукка сатуу иш-аракети ри өлчөмдө өнүгүп, аймактын цивилизациялык очокторун бүлгүнгө учураткан.

Асанте, Бамбара дөөлөттөрү да европалыктарга кул сатуу менен шугулданышкан.

Оторчулук доор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болжол менен 1913-жылы Батыш Африкадагы француздар.

19-кылымда өз ара атаандашкан Франция менен Улуу Бртания мамлекеттери Батыш Африканын өлкөлөрүн биринин артынан экинчисин каратып ала башташкан. Бул оторчулук жүрүм 1902-жылы дээрлик соңуна чыккан. Либерия гана көз каранды эместикти сактап калган.

Көз карандысыздык доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, Батыш Африкада улуттук боштондук кыймылдары күч алган.

Сахаранын четиндеги өлкө - Гана мамлекети 1957-жылы алгачкы болуп оторчулуктан көз каранды эместикке жетишкен.

1958-жылы Гвинея Франциядан көз каранды эмес болуп калган.

Көз каранды эмсикке жетишкен бир катар мамлекеттерде улам-улам аскердик режим орноп, улам төңкөрүш уюштурулуп келди. Мамлекеттер аралык жаңжалдар да чыгып турду.

Батыш Африкадагы салттык кийимчен киши.
Батыш Африкадагы даңазалуу "жоллоф күрүчү" же "беначин" азыгы.

Спорт жана элдик оюндар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ASEC Mimosas курамасынын күйөрмандары.

Оваре аталган такта оюну Батыш Африкада кеңири таркалган.

2012-жылы уюштурулган ЭКЛВАС оюндары (ECOWAS Games) калк сүймөнчүлүгү болду.

Футбол оюнунун күйөрмандары да көп. Гана, Нигерия футбол курамалары өзгөчө даңазаланып келет.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Paul R. Masson, Catherine Anne Pattillo, "Monetary union in West Africa (ECOWAS): is it desirable and how could it be achieved?" (Introduction). International Monetary Fund, 2001. ISBN 1-58906-014-8.
  • James McCann. Stirring the Pot: A History of African Cuisine, p. 132. Ohio University Press, 2009. ISBN 0-89680-272-8

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]