Борбордук Америка

Борбордук Америка — Түндүк Америка материгинин эң түштүк четки бөлүгү. Тропиктик кеңдиктен орун алган. Анда Мексика (түштүк-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Борбордук Американынын табигый түндүк чеги Мексика тайпактоосунун түштүк четиндеги Бальсас тектоникалык өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу боюнча өтөт. Кээде түндүк чеги Теуантепек мойногу, түштүк чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 км, Панама мойногунда 48 км ге чейин. Борбордук Азиянын Түндүк Америка менен Түштүк Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин тең таасири бар. Тектоникалык жактан эки материк менен тең байланышта, климаты, флора жана фаунасы боюнча көбүнчө Түштүк Американын түндүк аймактарына окшош. Орто бийик тоолор жана жанартоонун аракетинен пайда болгон кыркатоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанартоолору (Тахумулько, бийиктиги 4217 м жана башкалар) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000-5000 мм ге чейин жаан-чачын жаайт. Түндүк-чыгышын нымдуу тропик токою, түштүк-батышын жана түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой жана бадал өсүмдүктөр ээлейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
![]() | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
![]() | Түндүк (Сибирь) • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
![]() | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
![]() | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
![]() | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
![]() | Арктика • Антарктика |
![]() | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |