Коста-Рика

Википедия дан

Коста-Рика
Коста-Рика Республикасы

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:Costa Rica (orthographic projection).svg и LocationCostaRica.svg
Эгемендүүлүк күнү 15-сентябрь 1821-жыл

Испаниядан)

Расмий тили испанча
Борбор шаары Сан-Хосе
Ири шаарлар Сан-Хосе, Лимон, Алахуэла, Пунтаренас, Эредия
Башкаруу формасы Президенттик республика
Президент
Вице-президент
Вице-президент
Родриго Чавес Роблес
Стефан Брюннер
Мари Муниве
Мам. дини Католицизм
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
125 чи - дүйнөдө
51 100 км²
0,7
Калкы
• Бааланган ([[|]])
Жыштыгы

5 097 988 адам (123-чү)
100 ад./км²
АДӨИ ( 2019) 0,794 (жогору) (68-чи)
Этнохороним коста-рикалык,
коста-рикалыктар
Акча бирдиги Колон
(CRC)
Домени .cr
ISO коду CR
ЭОК коду CRC
Телефон коду +506
Убакыт аралыгы UTC -6

Коста-Рика, Коста Рика Республикасы – Борбордук Американын түштүк бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүк-чыгышынан Кариб деңизи, батышы менен түштүгүнөн Тынч океан менен чулганат (деңиздик чек арасынын узундугу 1290 км).Түндүгүнөн Никарагуа, түштүк-чыгышынан Панама менен чектешет (кургактыктагы чек арасынын жалпы узундугу 639 км). Коста-Рикага Тынч океандагы Кокос аралы да таандык.Аянты 51,1 миң км2. Калкы 4549,9 миң (2008). Борбору Сан-Хосе. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги коста-рика колону. Административдик-аймактык жактан 7 провинцияга, алар өз ичинен 68 кантоног бөлүнөт. Коста-Рика – Бириккен Улуттар Уюмуна (1945), Эл Аралык Валюта фондуна (1946), Эл аралык өнүгүү жана реконструкция банкына (1946), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1948), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө. Мамлекеттик түзүлүшү. Коста-Рика – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949ж. 7-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 4 жылга (кайра шайланууга укуксуз) шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея), 57 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин министрлер кабинетинин жардамы менен президент жүзөгө ашырып, министрлерди дайындайт. Коста-Рикада көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук боштондук партиясы, Жарандык аракет партиясы, Боштондук кыймыл партиясы, Социал-христиандык биримдик партиясы.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кариб деңизинин жээги түздүктүү, айрым жерлери өтө саздашкан, мангр токою менен курчалган; Тынч океандын жээги өтө тилмеленген (жарым арал, булуңдуу), абразия-бухталуу. Материктен түштүкбатыш тарапта жанар тоонун атылуусунан пайда болгон Кокос аралы жайгашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн тоолуу рельеф ээлейт. Борбордук бөлүгүндө түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай жанар тоолуу Кордильера-де-Гуанакасте (жанар тоолору: Миравальес, бийиктиги 2028 м; Ринков-де-ла-Вьеха, 1806 м; 1968жылдан бери тынымсыз аракеттеги – Ареналь жанар тоосу, 1633 м), Борбордук Кордильера (жанар тоолору: Ирасу, бийиктиги 3432 м; Турриальба, 3328 м; Барба, 2906 м; Поас, 2704 м ж. б.) кырка тоолору созулуп жатат. Борбордук Кордильеранын түштүк-батышында жанар тоодон пайда болгон, 900–1200 м бийиктикте жайгашкан Борбордук плато – өлкөнүн эң өздөштүрүлгөн жана калк жыш отурукташкан району. Түштүк бөлүгүндө жайгашкан, өтө тилмеленген Кордильера-де-Таламанка кырка тоосунун бийиктиги 3819 м (Чиррипо-Гранде чокусу – өлкөнүн эң бийик жери). Өтө катуу жер титирөө болуп турат; түштүк-батыш жээги цунаминин таасирине чалдыгат. Эң маанилүү кен байлыгы – алтын (Бельявиста ж. б. кендери); ошондой эле күмүш, аллюминий, жез, коргошун, цинк, марганец, хром ж. б. кендери бар. Цементтик акиташ тегинин, карапалык чопонун, диатомиттин, табигый курулуш материалдарынын өнөр-жайлык мааниси бар. Коста-Рика субэкватор климат алкагында жайгашкан. Түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш аймактарынын климаты өтө нымдуу (жылдык жаан-чачыны 3000–4000 мм). Жыл бою мол жаайт, январь–мартта бир аз азайып (айына 50–100 мм), сентябрь–октябрда көп (айына 600 ммден ашык) жаайт. Айлык орточо температурасы 23°Сден 26°Сге чейин (Лимон). Түндүк-батыш бөлүгүндө жаан-чачын кыйла аз (жылына 1000–1500 мм) жаайт; кургакчыл сезон даана байкалат (декабрь – апрель), айлык орточо температурасы 26,5°Сден 28,5°Сге чейин (Пунтаренас). Тоолордо жаан-чачындын өлчөмү каптал экспозициясына байланыштуу, батыш ылымта капталдарына жана тоо аралык өрөөндөргө аз жаайт); абанын температурасы бийиктеген сайын төмөндөйт; 1000 м бийиктикте орточо температура 21–23°С (Сан-Хосе), бийик тоолордо абанын орточо температурасы 10°Сден ашпайт. Дарыя тармагы жыш; Кариб деңизинин алабына кирген дарыялардын (Сан-Хуан, Парисмина, Матина ж. б.) суусу жыл бою мол, ал эми Тынч океандын алабындагы дарыяларга (Темписке, Рио-Гранде-де-Тарколес, Рио-Гранде-де-Терраба) агымынын сезон боюнча өзгөрүүсү жана жайында суунун кирүүсү мүнөздүү. Дарыялары босоголуу, басымдуу бөлүгүндө кеме каттабайт, гидроэнергетика ресурстарына бай. Жыл сайын калыбына келүүчү суу ресурстары 112 кмЗди түзөт; өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 26,4 миң мЗ суу туура келет. Кариб бою түздүгүнүн басымдуу бөлүгүнө жана тоолордун айдарым капталдарына кызыл-сары ферралит, өлкөнүн түндүк-батышына кызыл ферралит, айрым жерлерине күңүрт-кызыл ферралит топурактары мүнөздүү. Түздүктөрдө күңүрт түстүү слитозём, саз жана аллювий, жээктерде марш топурактары өөрчүгөн. Борбордук платодо күрдүү жанар тоо топурактары тараган. Өлкөнүн экол. негизги проблемаларынын бири – активдүү эрозиядан кыртыштын тилмеленүүсү. Өлкөнүн аймагынын чакандыгына карабай анын биол. жана ландшафттык ар түрдүүлүгү өтө жогору. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 11 миң түрү бар, анын 950 түрү – эндемиктер, 450дөн ашык түрү жоголуу алдында турат. Токой өлкөнүн аймагынын 46,8% аянтын ээлейт, бирок 20-кылымдын ортосунда эле токойлуулук 85%ке жеткен. 1990-жылдардын ортосуна чейин Коста-Рика токойсуздануу боюнча Латын Америкасында өтө жогору, дүйнөдө эң жогору өлкөлөрдүн бири болгон; 2000-жылдардын башталышынан токойсуздануу кыйла басаңдаган, сакталып калган токой массивдери коргоого алынган. Кариб бою ойдуңунда жана тоолордун чыгыш капталдарында (600–800 м бийиктикке чейин) нымдуу дайыма жашыл тропик токою таралган, ал бийик жана көп ярустуу келип, баалуу дарактарга бай, токой астында түрдүү пальма, эпифиттер жыш өсөт. Ал каптал өйдө дарак сымал папоротниктүү «туман токою» менен алмашат. 2000–2300 м бийиктиктен жогору эмендин эндемиялык түрлөрүнөн турган токой таралган. Эң бийик чокуларын бийик тоо шалбаасы – парамо ээлейт. Коста-Риканын түндүк-батыш бөлүгүнө жана батыш ылымта капталдарына сезондук нымдуу жана кургакчыл тропиктик токой мүнөздүү; азыр алардын басымдуу бөлүгү экинчи жолку саванна, айыл-чарба жерлери менен алмашкан. Борбордук платодо маданий өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Сүт эмүүчүлөрдүн 230дан ашык (13 түрү жоголуу алдында), канаттуулардын 830дан ашык түрү белгилүү (18 түрү жоголуу алдында). Сойлоочулары менен жерде-сууда жашоочулары да ар түрдүүлүгү жана жогорку эндемизми менен өзгөчөлөнөт. Токойлордо жоголуу алдында турган жана мамлекет тарабынан коргоого алынган, Борбордук Америкага мүнөздүү мышык сымалдардын (оцелот, пума, онцилла, ягуар, америка мадылы) түрлөрү, тапир, алп кумурскачы ж. б. кездешет. Жээктерде сейрек кездешүүчү деңиз таш бакасынын жатактары, деңиз куштарынын ири топтору коргоого алынган. Жээк сууларынын биол. ар түрдүүлүгү (деңиз балыгынын 700дөн ашык, деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн 200дөн ашык түрү) өтө жогору. Өлкөнүн аймагынын 1/4 бөлүгүн ээлеген улуттук табият парктары уюшулган. Коргоого алынган аймактардын саны жана статусу боюнча Коста-Рика Борбордук Америка өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунда. Ла-Сельва биологиялык станциясы – тропиктик экосистеманы изилдөөчү дүйнөдө ири борборлордун бири. Ири Ла-Амистад улуттук паркында (ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген) Борбордук Америкадагы жергиликтүү тропиктик токойдун эң ири массиви корголот. Сарино-Бальена жана Исла-дель-Коко деңиз коруктары, бийик тоолуу Чиррипо улуттук паркы, Монтоверде тропиктик жамгыр токою коругу белгилүү. Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине Кокос аралы улуттук паркы, коргоого алынган Гуанакасте аймагы, Таламанка Рейнж жана Ла-Амистад резерваттар тобу (Коста-Рика, Панама) киргизилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коста-рикалыктардын көбүн (78,7%ин) актар (креолдор) түзөт. Чибча индейлери негизинен өлкөнүн түштүгүндө жашап, 1,7%ти, метистер 9,7%ти, Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнөн келгендер 6,8%ти, Весть-Индиялык негрлер (ямайкалыктар) 1,3%ти, кытайлар 0,8%ти түзөт, ошондой эле америкалыктар, басктар, англис, араб, еврей улуттары да жашайт. 20-кылымдын ортосунан баштап Коста-Риканын калкынын саны 6 эсе өскөн (1950-ж. 800,8 миңден 2000-ж. 3810,2 миңге чейин). Региондун жалпы өлкөлөрүндөгүдөй эле Коста-Рикада төрөлүүнүн төмөндөшүнөн (2008-ж. 1000 адамга 17,4 бала) жана өлүм-житим деңгээлинин туруктуулугунан (1000 тургунга 4,3 адам – Латын Америкасындагы эң төмөнкү көрсөткүч) калктын табигый өсүүсүнүн темпи басаңдоодо (1,34 %). Калкынын орточо курагы 27,1 жаш. Эмгекке жарамдуу калкы (15–64 жаш) 66,8%, балдар (15 жашка чейинкилер) 27,2%, 65 жаштан ашкандар 6,0% (2008). Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 77,4 жаш, эркектериники 74,8, аялдарыныкы 80,1 (2008). Орто эсеп менен 100 аялга 102 эркек туура келет. Коста-Рика жашоого ыңгайлуу өлкө болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттар көп (миграция сальдосу 10 миң тургунга 4,8 адам, 2008; өлкөнүн калкынын табигый өсүүсүнүн 1/3 и да мигранттардын эсебинен түзүлөт,Расмий маалымат боюнча Коста-Риканын калкынын 7,8%и иммигранттар жана алардын тукумдары (2000; 1950-ж. 4,5% болгон), никарагуалыктар 5,9%, панамалыктар 0,3%, америкалыктар (АКШ) 0,3%, сальвадорлуктар 0,2%, колумбиялыктар 0,2%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 89,1 адам туура келет (2008). Калк өлкөнүн аймагы боюнча бир кылка отурукташкан эмес. Анын 3/5ү Борбордук платодо, ошондой эле Никоя булуңунун жана Кариб деңизинин жээктеринде да калк жыш жайгашкан; бул аймактарда калктын жыштыгы адатта 1 км2 жерде 100 адамдан ашып кетет. Тынч океан жээгинде калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 30–50 адам. Калк эң сейрек (1 км2 жерге 1 адамдан аз) отурукташкан аймактары – Кариб деңизинин жээгиндеги жана Сан-Хуан дарыясынын алабындагы саздуу түздүктөр, бийик тоолуу аймактар, Оса жарым аралы. Шаар калкы 59% (2007). Эң ири шаары – Сан-Хосе (калкы 343,5 миң, шаар агломерациясында 1666,6 миң; 2008); башка ири шаарлары: Сан-Франсиско (Сан-Хосе агломерациясынын курамында, калкы 66,4 миң), Лимон (65,8 миң), Либерия (52,4 миң). Экономикалык активдүү калкы 2018, миң (өлкөнүн калкынын 45,4%и, 2007). Калктын 75%ке жакыны католиктер, 13%ин протестанттар, 3%ин башка диндегилер, 9%ке жакыны динди тутушпайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коста-Риканын азыркы аймагына негизинен чибча индейлери 16-кылымдын башында отурукташкан. 1573-ж. аларды испандар басып алып, көбүн кырган. 1560-ж. Коста-Рика Гватемала генерал-капитандыгынын курамына кирген. 1821-ж. Латын Америкасындагы көз каранды эместик үчүн согуш мезгилинде Гватемала генерал-капитандыгына көз каранды эместиги жарыяланган. Коста-Рика 1822-ж. А. де Итурбиде Мексика империясынын, 1823ж. Борбордук Америка бириккен провинциясынын курамына (өз өкмөтүн жана автономиясын сактап калган) кирип, борбору Сан-Хосе шаары болуп калган. 1820-жылдары Коста-Рикада либералдык жана консервативдик саясий топтор калыптанган. 1820–30-жылдары негизинен либералдык топтун өкүлдөрү прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашырган. Губернатор Х. Море Фернандестин башкаруу мезгилинде (1824–33) Коста-Риканын алгачкы конституциясы кабыл алынган (1825). Билим берүү системасы жакшырып, жолдор салына баштаган. 1838-ж. Коста-Рика Борбордук Америка бириккен провинциясынын курамынан чыккан. 1848-ж. 30-августта өлкө конгресси Коста-Рика Республикасынын эгемендүүлүгү жана көз каранды эместиги жөнүндө декпарация кабыл алып, мамлекеттин желеги менен гимнин бекиткен. 1856–60-жылдары Коста-Рика региондогу башка мамлекеттер менен бирге америкалык жаран У. Уокер жетектеген флибустьерлердин Борбордук Американы каратып алуу аракеттерине каршы күрөшкөн. 1850-жылдардын аягында Коста-Риканын экономикасы өтө тез темп менен жогорулай баштаган. 19-кылымдын аягында борборду Кариб жана Тынч океан жээктериндеги өлкөлөр, ошондой эле порттор менен бириктирүүчү темир жол бутактары салынып, өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капитал кире баштаган (негизинен түндүк америкалык). Президент Р. де Х. Хименес Ореамунонун учурунда (1910–14) салык киргизилип, (андан түшкөн акчалар билим берүүнүн өнүгүшүнө жумшалган), армиянын саны 1 миң кишиге кыскарган. 20-кылымдын башында жаңы саясий партиялар жана уюмдар пайда болгон. 1901-ж. Улуттук-республикалык партия негизделип, ири буржуазиянын, плантаторлордун жана улуттук интеллигенциялардын кызыкчылыктарын көздөгөн. 1920-жылдары алгачкы коммунисттик топтор калыптанып, 1931-ж. Коммунисттик партия (1943-жылдан Элдик авангард партиясы) түзүлгөн. 1940-ж. Улуттук-республикалык партиянын лидери – Р. А. Кальдерон Гуардия өлкөнүн президенттигине шайланып, 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде СССР менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн (1944). 1941-ж. Коста-рикалык социалдык камсыздандыруу палатасы түзүлүп, 1943-ж. Эмгек кодекси кабыл алынган. Коста-Рика коомунун консервативдик күчтөрү Р. А. Кальдерондун жүргүзгөн саясатына каршы чыгышкан. Натыйжада Улуттук-боштондук партиясынын (УБП) лидери X. Фигерес Феррер куралдуу төңкөрүш жасап, 1948-ж. 8-майда бийликти басып алган. Анын Убактылуу өкмөтү аялдарга жана 18ге чыккан жарандарга шайлоого катышууга укук берүү, өлкөнүн аскер күчтөрүн кыскартуу ж. б. өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жаңы Конституциянын долбоорун даярдаган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин (1949), Улате-и-Бланко президенттикке шайланып, Фигерес Феррер Убактылуу өкмөттүн башчысы кызматынан кеткен. 1953-ж. Фигерес Феррер кайрадан президенттикке шайланып, 1950–60-жылдары АКШ жана социалисттик (Венгрия, Румыния, Чехословакия, Польша, Германия Демократиялык Республикасы ж. б.) мамлекеттер менен дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды түзө баштаган. Фигерес Феррер өлкөдөгү чет элдик темир жол компанияларын мамлекеттештирип, АКШ нефть тресттеринин чалгындоолоруна тыюу салган. 1978-ж. консервативдик коалициянын өкүлү Р. Карасо Одио президенттикке шайланган. Анын бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык кризис, Борбордук америкалык кофе сатуудан түшкөн киреше төмөндөп, нефтинин дүйнөлүк баасы өскөндүктөн улам региондо саясий туруксуздук байкалган. 1982-жылдары президент Л. А. Монхе Альварестин мезгилинде Коста-Рика өкмөтү АКШ менен экономикалык байланыштарды түзгөн. 1986-ж. президенттикке шайланган О. Ариас Санчес Никарагуа жана Сальвадордогу ички чыр-чатактарды тынчтык жол менен жөнгө салууга, демократиялык кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга аракеттенген. 2006-ж. О. Ариас Санчес кайрадан өлкө президенттигине шайланган. 2007-ж. анын өкмөтү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик планын кабыл алып, адам эркиндигин жа укуктарын коргоого багытталган ж. б. иш-чараларды жүргүзөрүн билгизди.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коста-Рика – Латын Америкасындагы туруктуу жана социалдык жактан ийгиликтүү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 49,73 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,9 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси жогору (0,846) өлкөлөрдүн катарына кирет (2005; дүйнөдөгү 111 өлкөнүн ичинен 46-орунда, Латын Америкасында Барбадос, Аргентина, Чили, Уругвайдан кийинки 5-орунда). 1980-жылдарга чейин Коста-Риканын чарбасы мурдатан салт болуп калган айыл-чарбапродукциясын (кофе, банан, кант) өндүрүп жана экспорттоп келген. 1980-жылдардын башталышынан экономиканы либералдаштыруу, эркин экономикалык зоналарды түзүү (ЭЭЗ), өнөр-жай өндүрүшүн диверсификациялоо, агрардык, экспорттун структурасын кеңейтүүгө багыт алган. Коста-Риканын ички стабилдүүлүгү, өлкөнүн Түндүк жана Түштүк Американын аралыгында жайгашкан абалы, ЭЭЗдин иштөөсүнө ыңгайлуу шарты, билимдүү, англис тилин билген эмгек ресурстарынын арбындыгы чет элдик инвестициянын арбын түшүүсүнө (2006-ж. 1469 млн доллар) өбөлгө түздү. Коста-Рика капиталдык салымдын басымдуу бөлүгүн иштеп чыгаруучу өнөр-жайына түз (1996–2005-ж. орто эсеп менен 68%, Мексикада 48%, Бразилияда 28%) жумшаган: негизинен электрондук татаал технологиялык өндүрүштүн продукциялары, медициналык. аспаптар. Капиталдык салымдын азыраак бөлүгү тейлөө чөйрөсүнүн (туризм, кыймылсыз мүлк операциясы, маалымат технологиясы) өнүгүүсүнө багытталат. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 61,8%, өнөр-жайыныкы 29,4%, айыл-чарбасыныкы 8,8% (2006). Мамлекеттик сектор (энергетика, нефть иштетүү, байланыш, порт башкармалыгы) ИДПнин 10%тен азын гана камсыз кылат. Өнөр-жайында иштеп чыгуучу тармактын мааниси зор; машина куруу, металл иштетүү, жеңил, химия, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай тармактары да өнүккөн. Отунга болгон муктаждыкты дээрлик импорт канааттандырат. Бир аз алтын казып алынат (2005-ж. 3007 кг); кен таш эмес кендери да бар. 2005-ж. 8,35 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 7,77 млрды ички керектөөгө жумшалат. Электр энергиясынын 80%ке жакыны ГЭСтен өндүрүлөт (аныкталган жалпы кубаттуулугу 2,1 миң МВт). Хенераль дарыясында эң ири ГЭС каскады курулган (кубаттуулугу 600 МВт). Лимон шаарында өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу завод (кубаттуулугу 25 миң барель/сутка) жана анын жанында жалгыз ЖЭС жайгашкан. Венесуэладан алган импорттуку нефть (2,18 млн т ). Келечекте, 2021жылдан углеводородду колдонуудан толук алып салуу каралган. Иштеп чыгаруу өнөр-жайында 3 өндүрүштүк топ иштейт. Алардын ичинен эң маанилүүсү – ЭЭЗдин чегинде чет өлкөлүк инвесторлор курган ишканалар болуп саналат. ЭЭЗден сырткаркы режимде иштеген ишканалар адатта улуттук жеке капиталга баш ийип, сырткы жана ички рынокко продукция (негизинен резина, пластмассадан жасалган буюмдарды, металл буюмдарын, ошондой эле тамак-аш жана жыгач иштетүү продукцияларын) чыгарат. Салттык товарларды (банан, кофе, кант) өндүрүү жана экспорттоо чэйрөсүндө чет элдик жана улуттук жеке капиталдуу ишканалар иштейт. ЭЭЗде экспорттук продукциянын 52,4%и өндүрүлөт (2007); электрондук продукциянын 90%и, медициналык продукциянын 99%тен ашыгы, зер буюмдардын 79%тейи, текстиль, бут кийим, булгаары буюмдардын 55%тен ашыгы, тамак-аш өнөр-жай продукцияларынын 45%ке жакыны, химиялык товарлардын 35%и. 2006-ж. татаал технологиялык электрондук продукцияларды (микропроцессор жана микросхема, программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүү) чыгаруучу өндүрүштөрдө чет өлкөлүк 51 компания, медициналык жабдууларды чыгарууда 22 компания иштеген. Өзүнүн токой ресурстарынын базасында фанера, плита, ширеңке, эмерек, картон идиштерин ж. б. чыгарат. Цемент өнөр-жай ички рынокту камсыз кылууга багытталган. Жеңил өнөр-жайында салт болуп калган кебез-кездеме, жибек, синтез кездемелерин чыгаруу, тери иштетүү менен бирге, жаңы тармактар – тигүү, трикотаж, бут кийим ишканалары пайда болду. Жеңил өнөр-жай мөмө ширесин, концентраттарды, пюре, кант, бал камыш спиртин, пальма майын, ошондой эле кофе, күрүч, сүт жана этти кайра иштетүүгө адистешкен. Көп тармактуу айыл-чарбасынын өнүгүүсүнө өлкөнүн жагымдуу агроклиматтык ресурстары ыңгайлуу шарт түзөт. Айыл-чарбага жарактуу жери 2,9 млн га, анын 2,34 млн гасы шалбаа жана жайыт, 0,23 млн га жери айдоо, 0,33 млн гасы көп жылдык өсүмдүктөр; сугат жери 110 миң га (2005). Башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (айыл-чарба продукция наркынын 69,3%и; 2006). Коста-Рика эзелтен эле кофе, банан, бал камыш, какао, пахта жана тамеки өстүрүүгө адистешкен; 1980-жылдардан баштап экспорттук маанидеги агрардык продукциянын ассортименти кыйла кеңейди. 2000-жылдардын ортосунан баштап агрардык экспорттун негизин банан (экспорт наркынын 35%и; экспорттун көлөмү боюнча дүйнөдө 3-орунда), ананас (26%), кофе (13,6%), коон (4,4%), гүл (4,3%) түздү; ошондой эле манго, томат, пияз, кулпунай, апельсин, кокос жаңгагынын жана пальма майынын мааниси зор. Эзелтен мал чарбасы өнүккөн (ири чарбасы ранчо деп аталат), куш асыроо тез өнүгүүдө. Агрардык продукциянын негизги кардардары: АКШ (наркынын 42,5%и), Европа союзуна кирген (32%и; анын ичинде Нидерланд, Германия, Бельгия, Улуу Британия, Италия) жана Борбордук Америкадагы (15% чамасында; Никарагуа, Гватемала, Гондурас, Сальвадор, Панама) өлкөлөр. Өлкөнүн экономикасынын башкы тармактарынын бири – чет элдик туризм, 1990-жылдардан ылдам өнүгүүдө. 2005-ж. өлкөгө 1,7 млн чет элдиктер келген; туризмден түшкөн киреше 1,6 млрд долларды түздү. Саякатчыларды жана туристтерди тейлөөсү Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку деңгээлде. Өлкөдө экотуризмге зор маани берилет. Калыптанган туристтик инфраструктурасы (чакан мейманканалар басымдуу) экологиялык туристтерди тейлөөгө ыңгайлуу. Чет элдик туристтердин 60%ке чейинкиси улуттук парктарга же табият резерваттарына сөзсүз барат. 2000-жылдардан агротуризм өнүгүүдө. Байланыш системасы өнүккөн; Интернетти 1,214 млн адам (өлкөнүн калкынын 28,9%и) пайдаланат. Транспортунун негизги түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 35,3 миң км. Негизги автомагистралы — түндүктөн түштүктү карай кеткен Панамерика шоссесинин бир бөлүгү. Темир жолунун жалпы узундугу 700 кмдей (2007); ал бирдиктүү тармакты түзбөйт. Негизги магистралы Кариб деңизинин жээгин Тынч океан менен байланыштырат. Нефть продукт өткөргүчүнүн (Лимон – Сикиррес – Турриальба – Эль-Альто – Эль-Гарита – Баранка) узундугу 242 км. Сырткы соода жүктөрүнүн басымдуу бөлүгүн деңиз аркылуу Коста-Рикага таандык бир гана кеме (жүргүнчү, жүктү кошо) ташыйт. Негизги порттору: Кариб деңизинин жээгинде – Лимон (сырткы соода жүгүнүн 90%тейи өтөт), Тынч океандын жээгинде – Кальдера. Эл аралык аэропорттору СанХосе (Хуан-Сантамария) менен Либерияда (Даниэль Одубер). Товардык экспорттун наркы 9343 млн доллар, импорттуку 12 954,7 млн доллар (2007). Экспорттун 78%и даяр өнөр-жай буюмдары (анын 50%тен ашыгы электрондук техника, 13%ке жакыны медициналык багыттагы продукциялар), 22%и агрардык продукция. Экспорттун басымдуу бөлүгү АКШга (наркынын 41%и; 2007), Борбордук Америкадагы жана Кариб деңизинин алабындагы (21%), Азиядагы (21%, анын ичинде Кытай 12%тей) өлкөлөргө, Европа союзуна кирген өлкөлөргө (17%, анын ичинде Нидерландга 12%тен кашык, Улуу Британияга 6%тен ашык) жөнөтүлөт. Коста-Рика сырттан электрондук тетиктер менен компоненттерди, нефть менен нефть продуктуларын, металл буюмдарын, таңгактоо материалдарын (кагаз, картон), азыктүлүктүн айрым түрлөрүн (анын ичинде дан эгиндерин – жүгөрү, буудай, чанактуулардан – төө буурчак, соя, мал чарба продукцияларын ж. б.) сатып алат. Негизги импортчулары: АКШ (импорт наркынын 41,2%и; 2006), Венесуэла (5,4%), Мексика (5,2%), Ирландия (5%), Япония (4,9%), Бразилия (4,3%), Кытай (4,1%).

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү мектепке чейинки, милдеттүү базалык жалпы (баштапкы жана орто) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Жогорку билимди мамлекеттик ЖоЖдордон алышат. Илимий мекемелери, башкы музейлери, китепканалары СанХоседе. Күн сайын гезиттер чыгат, радиостанциялар, 20дан ашык телестанциялар иштейт. Адабияты испан тилинде өнүгүүдө. 18-кылым, 19-кылымдын 1-жарымында адабият агартуучулук багытта өнүккөн. 19-кылымдын 2-жарымында поэзия турмушту сүрөттөөгө көңүл бурса, 20-кылымдын башында модернизм (Р. Бренес Месен), реализм ( Х. Мерин Каньяс, Кармен Лир) өкүм сүргөн. 20-кылымдын ортосунда поэзия социалдык нукта өнүксө (Х. М. Селедон ж. б.), кийин адабиятта психол. Анализге көңүл бурулган. 20-кылымдын аягы 21-кылымдын башындагы белгилүү акын-жазуучулар И. Ф. Азофейфа, Л. Пикадо, К. Наранью ж. б. Коста-Рика аймагында индей маданияты Мексика, Панама, Колумбия элдеринин маданияты эриш-аркак өнүккөн (рельефтүү таш алтарлар, адамдардын жана жаныбарлардын сөлөкөттөрү жана баштары, аркыл формадагы карапа идиштер ж. б.). Колониял мезгилдеги курулуштар (16–17-кылымдар) кайталанып туруучу жер титирөөлөрдөн жок болуп кеткен. Кудай эне чиркөөсүнүн урандылары гана сакталып калган. Эреди Ла-Иммакулада-Консепсьон базиликасы эрте классицизм менен барокконун элементтерин айкалыштырып (1797–1804). Коста-Риканын колониялык мезгилде пайда болгон шаарлары Сан-Хосе ж. б. Латын Америкасынын шаар курулушуна типтеш: тик бурчтуу көчөлөр, ачык боёктор менен сырдалган короолору бар жапыз үйлөр, коомдук имараттар менен борбордук аянт ансамблдери. Колониялык мезгилде искусство чыгармалары Гватемала, Мексика, Эквадордон алынып келинген. 19-кылымдын 2-жарымында жергиликтүү чеберлер пайда боло баштаган: таш менен иштеген X. Мора Гонсалес, боёлгон жыгачтан портрет жана скульптура жараткан скульптор Ф. Гуттьеррес, живописчи Э. Эчанди Монтеро. Көз карандысыздыктан кийин Коста-Рикада классицизм духундагы курулуштар пайда болгон (Улуттук сарай, 1851–56, архитектор В. Куртце; кафедралык собор, 1871–1878, архитектор X. Кирс Фильгер; экөө тең Сан-Хоседе). Германиялык архитектор П. Эренберг Брикман Коста-Риканын архитектурасына «жаңы кыймыл» (Г. Куберонун үйү, 1933) жана ар деко («Кино палас» кинотеатры, 1935) принциптерин киргизген, «Шифтер» кеңсе имаратын интернационалдык стилде долбоорлогон (1954, СанХосе). 20–21-кылымдардагы белгилүү архитектор В. Станьо постмодернизм идеялары менен экологиялык, тропикалык шартка айкалышкан курулуштарды (Гумбольд Көркөм искусство борбору, 1999, Сан-Хосе; «Holcim» компаниясынын имараты, 2003–04, Алахуэла) долбоорлогон. 19-кылымдын аягынан сүрөт искусствосу өнүккөн. 1897-ж. Көркөм сүрөт академиясы (азыркы Коста-Рика университетинде көркөм искусство факультети), 1928-ж. «Искусство досторунун ийрими» түзүлгөн. 20-кылымдын белгилүү чеберлери живописчи жана скульптор М. Хименес, скульптор Ф. Суньига, график Ф. Амигетти чыгармачылыгында реализм салттарын экспрессионизмдин элементтери менен айкалыштырган. Элдик кол өнөрчүлүктө карапачылык, токуучулук, сокмочулук жана жыгачка оюу түшүрүү, жазуу өнүккөн. Индей музыкасы мая жана ацтек цивилизациясынан башталат; ырым-жырымдардын элементтери чибча элинин музыкалык салттарында сакталган. Креоль музыкасы бардык жерде таралган: майрамдарда аскер оркестрлери аткарат, сарсуэл көрсөтүүлөрүндө, ярмаркаларда, маскараддарда ойнолот, католиктердин диний майрамдарын коштойт (Христостун туулган күнүн майрамдоого вокалдык-аспаптык ансамблдер гитара, скрипка, аккордеон, барабан, бубен ж. б. менен катышат). Креоль музыкасынын бир кыйла бөлүгү 20-кылымда фольклорчу Э. Прието тарабынан жазылып калган; аны композитор жана аткаруучу Л. Саласара кеңири жайылткан. 1845-ж. Сан-Хоседе гватемалалык музыкант Х. Мартинес алгачкы үйлөмө аспаптар оркестрин уюштурган. 1850-жылдан опералар коюла баштаган, 1897-ж. Улуттук опера театры курулган. 19-кылымдын аягында атайын окуу жайлары – Улуттук музыкалык мектеп жана Түндүк Сессилиядагы музыкалык мектеп ачылган. 1940-ж. Коста-Риканын Улуттук симфониялык оркестри уюшулган. 1942-ж. Г. Агиларанын жетекчилигинде Улуттук консерватория түзүлгөн. 20-кылымдагы белгилүү композиторлору: Х. Мата, А. Прадо, Р. Уллоа жана Р. Санц, Б. Гутьеррес, Б. Флорес; кийинки муундагылар — М. Альфагуэль, Л. Д. Херр, В. Поррас, Х. Л. Асеведо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]