Лимон

Википедия дан
Лимон.

Лимон (лат. Citrus Iimon) – руталар тукумунун цитрустар уруусундагы, дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Бийиктиги 1,5–7 м. Шагы негизинен тикендүү. Жалбырагы калың, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Гүлү кош жыныстуу, ак, жыттуу, чачыкта бир же экиден жайгашат. Мөмөсү – сүйрү, тоголок жемиш (диаметри 5–6 см, салмагы 120 г). Кабыгынын калыңдыгы 2–5 мм, ачык сары. Сулпу саргыч, ар мөмөдө 20 гдай урук болот. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Лимон жылуу, күнөстүү жерде жакшы өсөт. Жазында орточо 10ᵒС температурада өсүп, вегетация мезгили 200–220 күнгө созулат. 17–18ᵒС жылуулукта жакшы гүлдөйт. Шекерлердин түрүндөгү лимон 7,1% көмүртектерге алкагында. Мурда жонокой айлануу жаткан полен жана глюкоза, үстөмдүк кылган. 11% - теринин Пектин көлөмү 16%, катуу жана Жыгачтан барабар.[1] Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Жер Ортолук деңиздин, АКШ, Мексика, Аргентинанын жана башка субтропиктеринде, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кавказдын Кара деңиз жээгинде, Азербайжанда ачык жерде, Борбордук Азияда жылытмада (теплицада) жана үйдө өстүрүлөт. Мөмөсүндө 3,5–8,1% лимон кислотасы, 1,9–3% кант, С (100 гда 45–140 мг), Р жана В витаминдери, пектин заттары, темир, фосфор, калий, кальций, магний туздары, кабыгында эфир майы бар. Мөмөсү желет жана андан лимон кислотасы, шире жана башкалар алынат. Кыйыштыруу жолу менен, ошондой эле калемчесинен көбөйтүлөт. Ар түбүнөн 150–300 мөмө алынат. Лимон шаары, Пуэрто-Лимон – Коста-Рикадагы шаар. Лимон провинциясынын административдик борбору. Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 67,5 миң (2010; шаар айланасы менен 100 миң); чоңдугу жана калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сан-Хоседен (темир жолу аркылуу байланышат) кийинки 2-шаар. 1871-ж. негизделген. Шаардын экономикасынын негизин транспорт жана логистика кызматы түзөт. Лимон – өлкөнүн сырткы соодасын жүргүзүүчү башкы порточо Сыртка негизинен банан, кофе, жыгач жана электроника өнөр жайынын продукциясын чыгарып, сырттан нефть (Венесуэла менен Мексикадан), машина жана анын жабдууларын, химиялык продукция (анын ичинде жер семирткичтер) алат. Жеңил, тамак-аш жана жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Туризмдин борбору.

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Курамы жана лимон тоюмдуулугу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7