Глюкоза

Википедия дан
Глюкоза.
Глюкоза.

Глюкоза, жүзүм канты (гр. glukys - таттуу), С6Н12О6 – мол. масс. 180,16 - моносахарид, стереоизомердүү альдогексоза 16 жуп оптикалык антиподунун бири. D-катарындагы Г. (жүзүм канты) жаратылышта кеңири таралган моносахарид. D-Г. эркин түрүндө жана олигосахарид (сүт канты, камыш канты) менен полисахариддер (крахмал, гликоген, целлюлоза, декстриндер), гликозиддер курамында кезигет. D-Г. - өсүмдүк жана жаныбар организминдеги энергиянын негизги булагы. D-Г. түссүз кристалл, сууда жакшы эрийт. Башка моносахариддер сыяктуу эле D-Г. бир нече структуралык формадан турат. Кристалл түрүндөгү D-Г.-нын a- жана b-формасындагы эки мейкиндик изомери белгилүү: a-D-Г.(I) жана b-D-Г.(II). Балкып эрүү t 146,50С,салыштырма айландыруусу (b)D +112,20С (сууда). D-Г. пиридинде кристаллдаштыруудан b-D-Г. алынат, кайноо t 148-1500С (a)D + 18,90С (сууда). Циклдүү конформациялары a- жана b-формалары D-Г-нын a-формасынан b-формага өтүшү, жана b-формасынан кайрадан a-формасына өтүшү аралык альдегиддик (III) формасынын пайда болушу менен жүрөт.

D-Г. альдегиддик топко мүнөздүү бир катар реакцияларга кирип гидразон, фенилгидразон, озазондор пайда кылат. Г. манноза менен эпимер болуп эсептелет. Калыбына келтирүүдөн Г. алты атомдуу спиртти (сорбит) пайда кылат. Г. альдегид тобу бир негиздүү D-глюкон к-тасына чейин окистенет, андан ары окистенүүдөн эки негиздүү D-кант к-тасын пайда кылат. Эгерде экинчи көмүртек атомунда турган гидроксил тобу окистенсе (альдегид тобун сактоо м-н) D-глюкурон к-тасы пайда болот. D-глюкон к-тасы ферменттер (оксидаза же гидрогеназа) жардамы менен алынат. Анын эң маанилүү хим. касиети – орг. катализаторлор – микроорганизмдер иштеп чыгарган ферменттер таасири астында ачышы. D-Г.-ны пиролиздөөдөн a-глюкозан жана левоглюкозан (b-глюкозан) алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]