Аргентина

Wikipedia дан

Аргентина, Аргентинa Республикaсы - Түштүк Американын түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос жана башка аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Боливия, Парагвай, Бразилия, Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 2,78 млн км2 [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак - Фолкленд (Мальвин) аралын кошпогондо]. Калкы 39,5 млн (2005). Борбору - Буэнос-Айрес шаары. Акча бирдиги - Аргентина песосу. Аргентина - БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентина - федерациялык мамлекет. Аргентина 23 провинцияга жана Федерациялык (борбордук) округга бөлүнөт. Конституциясы 1853-жылы кабыл алынган, бирок аскердик төңкөрүштөргө байланыштуу, бир нече жолу токтотулган. 1949-57-жылдарда 1949-жылдагы конституциясы колдонулган, ал эми 1957-жылы 1853-жылдагы конституциясы калыбына келтирилген. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Президент жана вице-президент жалпы элдик шайлоо жолу менен 4 жылга (дагы бир жолу кайра шайлануу укугуна ээ) шайланат; андан соң мамлекет башчысы бир жолку мөөнөттү өткөрүү менен кайра шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Конгресс, ал Сенат жана Депутаттар палатасынан турат. Саясий партиялары: жарандык радикалдуу союз, Хустисиалистер партиясы, Өлкөнүн тилектештик фронту партиясы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинанын чыгыш бөлүгү түзөң; батышын Анд тоолору (Аконкагуа чокусу, бийиктиги 6960 м, Түштүк Американын эң бийик жери), түш.батышын Патагония бөксө тоолору, түндүгүн Гран-Чако түздүгү, Парана, Уругвай дарыясынын аралыгы (Экисуу арасы), борбордук бөлүгүн Лаплата ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн негизги бөлүгүн түзгөн түздүктүү аймагы байыркы Түштүк Америка жана Патагония платформаларында жайгашкан. Ал эми Анд тоолору мезозой-кайнозой бүктөлүү структураларына кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть (Комодоро-Ривадавия, Барранкас), газ (Лома, Ла-Плата, Сан-Хорхе жана башка), бериллий, уран, темир, жез, алтын жана башка. Тропиктик, субтропиктик жана мелүүн климаттык алкактарда жатат. Түндүгүндө январдын (жай айы) орточо температурасы Гран-Чакодо 28°Сден (абсолюттук максимуму 46°С), Оттуу Жер аралында 10°Сге чейин, июлда (кыш айы) түндүгүндө 18°С, түштүгүндө 1°С. Патагония бөксө тоолорунда -33°Сге чейин суук болушу мүмкүн (абсолюттук минимуму - Чубут дарыясынын өрөөнү, Түштүк Американын эң суук жери). Түштүктөн соккон памперос шамалы өлкөнүн түндүгүнө да үшүк алып келиши ыктымал. Жылдык жаан-чачыны Экисуу арасында 1600 ммге чейин, Гран-Чакодо 400-1400 мм, Пампанын чыгышында 600-1000 мм, батышында 400600 мм, Патагонияда 100-300 мм, Пунада 100 ммден аз, Анд тоолорунун капталдарында 100-5000 мм. Патагония Анд тоолорунда Түштүк Америкадагы ири мөңгүлөрдүн бири - Унсала жайгашкан. Ири дарыялары: Парана, Уругвай, Парагвай (кеме жүрөт), Чубут, Рио-Негро, РиоКолорадошондой Анд тоолорунда мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Тропиктик алкакта жайгашкан Экисуу арасынын түндүк-чыгышын, Анд тоолорунун чыгыш капталдарын нымдуу тропик токою (анын астында кызыл-сары ферралит топурактары өөрчүйт), кызыл-күрөң топурактуу Гран-Чакону кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо жана башка), Пунаны бийик тоонун тропиктик чөлү, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Парагвай, Парана дарыяларын бойлой, Экисуу арасынын борбордук бөлүгүн саз, токой жана чөп өсүмдүктөрү ээлейт. Субтропик алкагында – Экисуу арасынын түштүгүнө саванна, Пампанын чыгышына прерий сымал нымдуу шалбаалуу талаа пампас (кара топурактуу; азыр дээрлик айдалган же жайыт), батышына кургакчыл бадалдуу талаа, андан ары, ошондой эле Анд тоолорунун капталдарына бадалдуу жарым чөл мелүүн алкакта - Патагонияга дан өсүмдүктүү бадалдуу жарым чөл, Анд өндүрүндөгү ойдуңдарга талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолорунун чыгыш капталдарын 37° түштүк кеңдиктен түштүктү карай нымдуу дайыма жашыл, 41°тан түштүктө аралаш, ошондойэле жалбырагы күбүлмө субантарктикалык токойлор каптаган. Аргентинада жалпы аянты 9112 миң гага жеткен 145 коргоого алынган аймак бар; анын ичинен белгилүү улуттук парктары: Игуасу, Лос-Гласьярес (булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган), Лос-Алерсес, Ланин, Науэль-Уапи жана башкалар.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкы ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Креолдор (Аргентинада туулган испандар) жергиликтүү индейлер, кийин (19-кылымда) европа иммигранттары менен аралашып кеткен. Калкынын 90%тен ашыгы аргентиналыктар, алар расалык жактан «актарга» (73%) жана метистерге бөлүнөт; ошондой эле испан, италян, украин, поляк, немис, француз жана башка улуттар да жашайт. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 14,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: 75,9 жыл (эркектериники - 72,2, аялдарыныкы - 79,9 жаш). Мамлекеттик тили - испан тили. Калкынын 90% католик динин тутат. Шаар калкы 80%тен ашык. Ири шаарлары: Буэнос-Айрес, Росарио, Кордова, Ла-Плата жана башкалар.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинанын аймагын байыртан эле индей уруулары мекендеп келген. Алар 16-кылымдын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишкен. 1516-жылы февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-делаПлата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. Аргентина аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча - күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү - энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн жана чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испандар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгышкан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү Аргентинанын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, айыл чарба продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода сатык жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-кылымдын 60-70-жылдарда мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-жылы Ла-Плата аймагы Перу вице-королдугуна кошулат. 1776-жылы азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай жана Уругвай кирген аймак Ла-Плата вице - королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис жана башка шаарлар өнүгүп, колөнөрчүлөр, токуучулар пайда болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-жылы Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май революциясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-жылы 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көзкаранды эместигин жарыялаган. 1826- жылы Аргентина Федерациялык Республикасы же Аргентина (латынча Argentum - күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-кылымда Аргентина көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946- жылы президент болуп шайланган Х. Д. Перондун өкмөтү Аргентинада «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү менен экономиканы индустриалдаштыруу жана улутташтыруу боюнча реформаларды ишке ашырган. 1955- жылы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Х. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн. 1974- жылы Х. Д. Перон президенттик постко кайрадан шайланган. 1976-83- жылдарда Аргентинада бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт. 1982- жылы аргентикалык аскерлер Фолкленд (Мальвина) аралына түшүрүлгөн (бул аралдар 1833- жылы Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген Аргентина менен Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскерлер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989- жылы бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демократиялык режим калыбына келтирилген. 1994- жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы киргизилип, ал президент тарабынан дайындалган жана парламентке жоопкер болгон. 1999- жылы шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990- жылы башталган экономикалык кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган жана бул социалцык жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде Аргентинада беш президент алмашылган. 2002-жылдагы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентина - экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча Латын Америкасында Бразилия жана Мексикадан кийинки 3-орунда турат. Бирок, айыл чарба продуктыларын өндүрүүчү жана экспорттоочу дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири, ошону менен катар өнөр жайы салыштырмалуу өнүккөн өлкө. 1990-жылы Аргентина өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикасын оңдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн: мамлекеттик секторлордогу ишканалар менчиктештирилген, бюджет катуу көзөмөлгө алынган, ички рынокко чет өлкөлүк компаниялар конкурент катары катышууга укук алган. Экономикасынын маанилүү тармактары нефть, газ, автомобиль өнөр жайы бүт, электр, суу жана газ менен камсыздоонун басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (АКШ, Германия, Япония, Франция, Италия) капиталдын көзөмөлүнө өткөн. Ички дүң продукциясы 129,7 млрд долларды (АКШ, 2003) түзүп, киши башына бөлүштүргөндө 3380 доллардан туура келет. Бул көрсөткүч борбордо бир кыйла жогору (25 миң доллар). Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүяүн үлүшү 53,5% ти, өнөржайыныкы 35,9%ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 10,6%ти түзөт (2004). Экономикалык активдүү калкынын ½ тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Структурасында финансы жана бизнес кызматы (30%), коммерция (28%), транспорт жана байланыш (10%) үстөмдүк кылат. Ири банктары: Улуттук, инвестиция, сырткы соода жана Улуттук ипотека. Байланыш кызматы, тоолыжа, деңиз курорттору, тарыхый маданий борборлор (Буэнос-Айрес, Мендос жана башка), ландшафтынын кооздугу (Игуасу шаркыратмасы, Патагония мөңгүсү) туризмдин өнүгүшүнө түрткү болууда. 2000-жылы 3 млнго жакын турист келген (андан түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзгөн). Ички дүң продукциясында казып алуу өнөр жайынын үлүшү 2,1%ти, иштетүүчү өнөр жайыныкы 16,1%ды түзөт (2002).Нефть жана газ өлкөнүн ички керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Нефть казып алуу боюнча Латын Америкасында (Мексика, Бразилия, Венесуэладан кийин) 4-орунду ээлеп, 40%тен ашыгын экспорттойт. Нефть өлкөнүн батышында (Мендос, Неукен, Чубут провинцияларында) жана түштүк-чыгышында (Сан-Хорхе булуңунун аймагы), жаратылыш газы Неукен жана Түнтүк-батыш Аргентинада казылып алынат. Ошондой эле көмүр (негизинен күрөң көмүр), жез, темир, коргошун, цинк, вольфрам, уран, марганец, калай казылып алынат.

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентина ядро энергетикасы жана уран өнөр жайы боюнча дүйнөгө белгилүү болгон. Кара металлургия сырттан алынып келинген сырьёнун негизинде иштейт. Түстүү металлургия (цинк, алюминий, коргошун) өнөр жайы өнүккөн. Оор өнөр жайында алдыңкы орунду машина куруу ээлейт; анын ичинен транспорттук, айыл чарба машиналарын куруу, электртехникалык, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруучу тармактары өнүккөн. Автомобиль чыгаруу боюнча Латын Америкасында (Бразилия, Мексикадан кийин) 3-орунда турат. 1990-жылдын аягынан 13 автомобиль компаниясы иштейт [анын ичинен 8 жеңил автомобилдерди («Фиат», «Рено», «Форд», «Фольксваген»), калгандары автобус жана жүк ташуучу машиналарды «МерседесБенц» кураштырууга адистештирилген]. Кеме жана авиа куруу, аскер, айыл чарба, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу, нефть-химия (этил, олиэтилен, изопропанол, метанол, күкүрт кислотасы, пластмасса жана башка), фармацевтика, булгаары-бут кийим, табигый жана жасалма була өнөр жайлары бар.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентина эт (негизинен уй этин) даярдоо (жылына 3 млн одан) жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Ички аймактарында колөнөрчүлүк (жип ийрүү жана токуу) өнүккөн. Аргентина өзүн айыл чарба продуктылары менен толук камсыз кылат. Латифундизмдин үстөмдүк кылышы экстенсивдүү чарбаны - жайыт мал чарбасын жана күрдүү топуракта дан эгиндерин өндүрүүгө түрткү берди. Айыл чарбага жарактуу жери 162 млн га (2002), анын ичинен шалбаа жана жайыт 51,8%, токой 18,6%, иштетилүүчү аянты 9,9%. Башкы айыл чарба району - Пампа. Мал чарбасы, анын ичинен бодо мал, ошондой эле кой чарбасы өнүккөн. Жүн кыркуу жана экспорттоо боюнча дүйнөдө Австралия, Жаңы Зеландиядан кийинки 3-орунда. Малы Пампа менен Патагониянын жайыттарында багылат. Эзелтен экспорттук маанидеги дан эгиндери жана май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Айдоо аянты 33 700 миң га, сугат жери 1 561 миңга. Дан эгиндерин жыйноо боюнча Латын Америкасында 1орунда (негизги аймагы Пампа); күнкарама (1-орун), соя (2-), жүгөрү (3-), пахта (2-; Чако, Формос), акжүгөрү, шалы, арпа, сулу, кендир (1-), балкамыш, чай,арахис,зайтун, тунг дарактар өстүрүлөт. Цитрус өсүмдүктөрү негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында (негизинен лимон), тропик жемпштери (банан, манго, ананас) түндүк-батышында, мелүүн алкактын мөмө-жемиштери (алма, алмурут, кайнаалы) Мендос провинцияларында өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн (жылына 2,4 млн д жүзүм шарабы). Балык (Парана, Уругвай дарыясынан; 2002-жылы 645,9 млн д) кармалат. Темир жолунун узундугу 35,8 миң км, автомобиль жолунуку 233 миң км (анын ичинен 30% асфальтталган; 11 миң кмге жакынына акы төлөнөт). Негизги порттору: Буэнос-Айрес, Ла-Плата, Баия-Бланка. Деңиз соода флотунун тоннажы 820 миң рег. бр.-д. Нефть куурунун узундугу 6 миң км, газдыкы 14 миң км. Өлкөдө 10 эларалык аэропорт, «Аустраль» жана «Аэролинеас архентпнас» авпакомпаниялары иштейт. Ички дүң продукциясында экспорттун үлүшү 11%ке жакын. Негизги соода шериктери: Бразилия, АКШ, Чили, Кытай, КМШ өлкөлөрү (анын ичинен Россия, Украина, Грузия).

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинада билим берүү мекемелери агартуу, илим жана технология министрлиги жетектейт. Мектепке чейинки жана 10-жылдык милдеттүү түрдө билим алуу провинциялык жана муниципалдык билим министрликтери аркылуу көзөмөлдөнөт. Аргентинада билим берүү системасы федералдык билим берүү мыйзамына ылайык (1993) жүргүзүлүп, мектепке чейинки (3-5 жаш), 9-жылдык жалпы базалык билим (6-14), орто билим берүү системасын камтыйт (15-17). Мамлекеттик жана менчик кесиптик окуу жайларды 1995-жылдан улуттук технологиялык билим берүү институту координациялайт. Аргентинада жогорку билим алуу 1995-жылы кабыл алынган мыйзам аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку мектептердин координациялык ишин университеттер аралык Улуттук, менчик университеттердин ректорлор, ошондой эле жогорку билим алуунун региондук пландоо кеңештери башкарат. Аргентинанын бплпм алуусунун жаңы структурасы 3-жылдык үч баскычтан (6-8 жаш, 9-11, 12-14) турат. Орто билим алуу (полимодалдуу билим алуу) 3 жылга созулуп, 15-17-жашгагы өспүрүмдөр окушат. Ар бир орто мектеп жалпы билим берүүдөн тышкары бир же бир нече адистикке да даярдайт (гуманитария, коомдук жана табигый илимдер, экономика жана коммуникация). Кесиптик-техникалык билимди окуучулар «полпмодалдуу» цпклде алышып, андан соң атайын бплпм берүү мекемелеринде уланта алышат. Мамлекеттик жана менчик орто окуу жайлары Улуттук технология институтут тарабынан координацияланат. Эки миңден ашык ЖОЖ болуп, анын 550сү университет статусуна ээ. 1997-жылдан ЖОЖду аккредитивдөөчү Улуттук кеңеш иштейт. Ири жогорку окуу жайлары: Буэнос-Айрес (1821), Улуттук Кордова (1613), Улуттук техника (1959) университеттери. 11 менчик окуу жайы бар. 20-кылымдын аягында 12 ИА (анын 10 Буэнос-Айресте) иштеген. Ири китепканалары Улуттук (1810), китепканалар системасы (1941), Улуттук Конгресс (1858). Башкы музейлери табигый илимдер (1823), тарых (1889), асем-өнөр (1895), этнография (1904), ботаника (1870), табигый-тарыхый (1911) жана башкалар. Аргентинада 250дөн ашык гезит, 700дөй журнал чыгат (2004). Жалпы улуттук гезиттер - «Кларин» («Clarin»), «Насьон» («La Nacion, 1970») жана «Пренса» («La Prensa, 1869»). Борбордук гезиттердин ичинен белгилүүлөрү - «Буэнос-Айрес геральд» («Buenos Aires Herald»), «Амбпто фпнансьеро» («Ambito Financiero»). Ири мамлекеттик жана менчик радиостанциялары: «Радио насьональ», «Антена 1», «Кадена 103». Ири мамлекеттик жана менчик телеканалдар: «Каналь 1», «Канал 8», «Америка 2».

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинанын адабияты испан тилинде өнүккөн. Аргентинаны мекендеген индей урууларынын фольклору сакталган эмес. Алгачкы адабий чыгармалар коникса түрүндө Л. Миранда де Вильяфаньянга («Романс», 1544), М. дель Барко Сентерге («Аргентина жана Рио-де-ла Платанын жеңиши», 1602) жана Р. Диаса де Гурманга («Аргентина жазмалары», 1612) таандык. 17-18-кылымда Аргентина поэзиясы гонгорпзмге карай багыт алган. 18-19-кылымда М. де Лавардена жана башкалардын чыгармаларында классикалык тенденция өнүккөн. Сөз өнөрүнүн өркүндөшүнө 17-18-кылымда испан элдик поэзиясынын негизинде калыптанган креоль фольклору таасир эткен. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү жылдарында (1810-1816) улуттук идеяны бекемдөө В. Лопес-и-Планеса, Э. де Лука, X. Крус Варел, Б. де Монтеагудонун чыгармаларында чагылдырылат. Патриоттук классиканын негизинде Аргентинада улуттук көркөм сөз өнөрү «гаучо адабиятында» (Аргентинанын эркиндикке умтулган малчыларынын жашоо тиричилиги жөнүндө айтылган). Улуттук маданияттын идеяларын жана гаучо адабиятынын өнүгүшүнөн романтика келип чыккан. Анын адабиятынын баштапкы өнүгүүсүнө чыйыр салган Д. Ф. Сармьентонун (романтика, классика, гаучо стилин айкалыштырган) «Факундо» эссеси (1845). Гаучо адабиятынын туу чокусу улуттук эпопея болгон. 1880-жылы эссеистика (М. Канн, Л. В. Мансилья, Л. В. Лопес), шаар прозасы (Э. Камбасерес, А. Архерич, М. Подеет, Ф. Сикарди) өнүккөн. 1889-90-жылдарда поэзияга Америка романтикасы (Р. Облигадо, ОШОНДОЙ В. Андрад), патриоттук мистика (Альмафуэрте), неоклассизм (К. Ойуэл) жана модерн стили мүнөздүү. Эстетикалык модернизмдин таралышына 1893-98-жылдарда А. Р. Дарио, Р. Хаймес Фрейрдин келиши себепкер. Модерн стилинде Л. Лугонестин («Алтын тоолор», 1897), Р. Рохастын чыгармалары жаралган. Модернист акындар: К. Ортис, Л. Диас, Э. Диас Ромерошондой 20-кылымдын башында поэзия фольклорго өтүп (анын ичинен Э. Карриего); философиялык мүнөздөгү лирпиа (Э. Банчс, Б. Фернандес Морено) өнүгүп, Л. Лугонес башында турган декадент агымы өнүгөт. X. Л. Борхес түзгөн жаңы эстетикалык программа Л. Маречал, Э. Гонсалес, Лакус, ОШОНДОЙ Хирондо, Н. Ланге, Р. Гупральдес жана башкалардын чыгармаларында чагылдырылган. Эстетикага «Боэдо» жазуучулар тобу каршы чыккан (А. Юнк, Л. Барлетте, Р. Гонсалес Туньон, Р. Альп). Салттык лирикада (А. Сторни, Ф. Л. Бернардес, В. Барбьери), эссеистикада (Р. Скалабрини Ортис, Э. Мартинес Эстрада) белгилегендей 1920-30-жылдарда адабият идеяларын бприктирген «Аргентина ачылышы» мифалогемасы болгон. Поэзияда К. Мастронари, Р. Машнаринин чыгармачылыгындагы пейзаж символикасы 1940-жылы неоромантиктер тарабынан (Л. Бенарос, М. Граната, Д. Девото, ОШОНДОЙ Ороско жана башкалар) өздөштүрүлгөн. 1930-жылы улуттук тарыхый проблема экзистенциалисттик келечек менен тереңделип, 1970-жылдын аягына чейпн актуалдуулугун жоготкон эмес (Э. Мальеа, «Аргентинаны таануу жана түшүндүрүү», 1935; «Аргентинанын бпр тарыхына шыктануу», 1937; «Бейкут булуң», 1940; «Ыза», 1966 жана башкалар), 1950-жылы экзистенциализм менен интеллект акындардын чыгармачылык изденүүлөрү байланышта болгон (Р. Г. Агирре, Р. Алонсо, Ф. Урондо жана башкалар). 1970-жылдагы улуттук (акылга сыйбаган) мифология М. Пуигге («Рита Хейворттун саткынчылыгы», 1968; жана башкалар), Н. Санчесс, Д. Мойано, Х. Эрнандес, Э. Гудиньо Кисферанын чыгармаларына мүнөздүү. 1980-90-жылдарда тарыхый-философиялык жанр басымдуулук кылган (А. Поссе «Демон 2», 1978; «Дөбөттөр бейиште», 1985; «Париж дептерлери», 1998; жана башкалар).

Архитектура[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинадагы каада-салттын сакталбаганы Түштүк Америкадагы башка мамлекеттер сыяктуу эле байыркы ири мамлекеттердин отурукташпаганы себеп болгон. Жер-жемиш чогултуп, аңчылык менен алектенишкен калктын одоно карападан жасалган буюмдары гана сакталган. Өлкөнүн түндүк-батышындагы дыйканчылык менен кесиптенишкен уруулар (Кондоруаси маданиятынын байыркы урпактары) - таш менен ылайдан курулма курушуп, жыгачты кооздоп, алтын менен колону иштетишкен. Таштан айкелдерди жасап, карапага сүрөт түшүрүшкөн. 15-кылымда Аргентинаны колонияга айланткан инктердин «пукара стилиндеги» таш сепилдеринин калдыктары калган. 16-кылымдан шаар (Буэнос-Айрес, Мендос, Сан-Хуан, Сантьяго-дель-Эстеро, Санта-Фе, Сальта, Кордова, Жужуй) пайда болгон. Шаар тик бурчтуу планда курулуп, собор, ратуша, губернатордун, архиепископтун сарайлары, арсенал жайгашкан борбордук аянттан көчөлөрдүн жыш тармагы тарайт. 19-кылымдын алгачкы жылдарына чейин бир кабаттуу черепица менен жабылган испан тибиндеги үйлөр басымдуу болгон. Негизги эшик, терезенин жыгачтан кооздолуп жасалган кашектери жергиликтүү барокко стилинде курулган. Сальтада ак сөөктөрдүн таш менен кооздолуп салынган үйлөрү өзгөчөлөнүп турат. Француз, мерседар жана иезуиттер ордендери (уюм) жайгашкан Кордовада архитектура интенсивдүү өнүккөн. 17-18-кылымда курулган Компанье чиркөөсү кооздугу менен айырмаланат. Жергиликтүү архитектуранын өнүгүшүнө 1717-жылы европалык архптекторлордун (Х. Б. Бримоли, А. Бланки) салымы чоң. Латын Америкасынын барокко стилинде курулган курулуштарына Ыйык Тереса (Кордова) монастыры, Сан-Франсиско монастырь-чиркөөсү (Санта-Фе), Кордовадагы собор жана иезуит чиркөөлөрү кирет. 1585-жылы континентке келген иезуиттер индейлерди ар кандай кол өнөрчүлүккө үйрөтүшкөн. Ушунун негизинде чиркөө жана башка курулуштар индейлердин мотивинде кооздоло баштаган. Аргентинанын миссиясында алгачкы басылмалар пайда болуп, аларды индейлер жасалгалашкан. Учурда мурдагы миссиясынын ордуна бир нече музейлер (Сан-Игнасио-Мини, Санта-Росе жана башка) пайда болгон.

Искусство[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинанын живописи «Жогорку Перудан» түздөн-түз таасирленген. Негизги жанр - алтарь сүрөттөрү жана портрет. Алар өтө кооздолгон. 1780-жылы алгачкы гравюра жана миниатюралар тартылган. Өлкөнүн көркөм дүйнөсүнө четтен келген мастерлердин таасири зор. Алардын ичинен көрүнүктүүсү Швейцариядан келген Й. Гут 1821-жылы «Сүрөт мектебин» ачкан. 19-кылымдын аягында жергиликтүү чеберлер пайда болуп, алар колониялык стиль менен жаңы курулуш принциптерин айкалыштырып шаар курушкан. 19-кылымдын аягынан электизм кеңири кулачын жайган. 1920-кылымда азыркы шаар көрүнүштөрү пайда болгон. Модерн стилиндеги көп кабаттуу мансардалуу турак жана коомдук жайлар курула баштаган. 1930-жылы Аргентинанын борборунда асман тиреген үйлөр пайда болуп, конструктивизм пайдаланылган. 1960-жылы кайрадан колониялык мезгилге кайрылышса, кээ бир архитектуралык курулуштарда АКШнын архитектурасынын таасири байкалат. Өзгөчөлөнгөн долбоор менен курулган курулуштары: Провинция башкармалыгынын имараты (Санта-Росе), Улуттук китепкана (Буэнос-Айрес). Сүрөт искусствосу 19-кылымда өнүгө баштаган. Ал Улуттук гравюра (1878), Улуттук мектептердпн ачылышы (Буэнос-Айрес) менен түшүндүрүлөт. 20-кылымдын башында улуттук мектеп академизм стилин сүрүп чыгарып, улуттук идеяларды өнүктүргөн. 1913-23-жылы Э. А. Бурдель (элдик баатыр К. Альвеарунун эстелигин жасаган) жергиликтүү скульптуранын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. 20-кылымда искусстводо көпкө дейре импрессионизм, андан соң авангардизмдин ар түрдүү варианты сакталып келген. 1929-жылы живописчи Р. Сольди «авангардисттер мектебин» негиздеген, ага кубизм жана сюрреализм келип кошулган. Графикада окшош тенденциялар «Боэдо» тобунда пайда болгон. 1950-60-жылдарда Аргентинада башка авангардизм агымы - абстракционизм жана кинетикалык искусство, поп-арт таралган. Акыркы 10 жылда модернизмдин пайда болушу жеке манералуу багытты жайылткан.

Музыка[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентинанын музыка өнөрүнүн башаты Испаниянын музыкалык маданияты менен байланыштуу. Улуттук музыкасында ритмика, танго бийи мүнөздүү. Кеңири таралган музыкалык аспабы - 6 кылдуу гитара. Чако аймагында жашаган индейлердин байыркы музыкалык үлгүлөрү Экисууарасында, Түндүк-батыш райондорунда жана Патагонияда сакталган. Аргентинада 16-17-кылымда европалык профессионалдуу музыка иезуит миссияларынын негизинде түзүлгөн. Европадан келген музыканттар жергиликтүү калкты гитара, лютнеде ойногонду үйрөтүшкөн. Ал эми 1585-жылы Аргентинада 1-орган (сакталган эмес; Сантьяго-дель-Эстеро чиркөөсү) пайда болгон. 18-кылымдын башында Аргентинада италиялык органист жана композитор Д. Циполи эмгектенген. 18-кылымда ак сөөктөрдүн үйлөрүндө классикалык музыка концерттери коюлуп турган. 18-кылымдын 2-жарымында Буэнос-Айресте опера жана комедия «Театро де ля Ранчериа» театры иштеген. 1804-жылы «Колисео» (кийинчерээк «Архентино театры») театры ачылып, анда саинетес, тиранас жана башка лирикалык пьесалар музыканын коштоосунда коюлуп турган. 19-кылымдын башында, Аргентинанын театрларында европалык опера, испан сарсуэлалары коюлган. 1877-жылы 1-опера (Ф. А. Харгривс, «Ла Гата Бланка»; итальян тилинде) жазылган. Ф. Боэро 1918-жылы 1-либреттону испан тилинде «Тукуман» операсында колдонгон. Боэро европалык жана орус композиторлорунун опералары менен «Колон» театрынын репертуарын түзгөн. 1857-жылы Дж. Вердинин «Травиатасы» менен театр ачылса, 1908-жылы театрдын жаңы имаратында «Аида» операсы коюлган. 20-кылымдын башында Ф. И. Шаляпин ушул театрда ырдаган, ал эми А. Тосканини операны жетектеген. «Колон» театры Латын Америкасындагы ушул күнгө чейин туруктуу Россиянын опералары коюулуучу жалгыз театр гана болбостон, ошондой эле Латын Америкасындагы жана дүйнөдөгү эң ири опера театрларынын бири. 1822-жылы Филармония коому, 1949-жылы «Колон» театрынын базасында Улуттук симфониялык оркестр түзүлгөн. Белгилүү композиторлору: Р. Арисага, Р. Каманьо, А. Ланса, А. Кригер, А. Хинастера. А. Пяцолла көптөгөн танго бийинин автору, бандонеон аспабында ойноп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Өзгөчө популярдуулукка ырчы жана танго бийин негиздеген К. Гардель ээ болгон. 1915-жылы Аргентинада авторлор жана композиторлор коому, 1957-жылы жаш композиторлор ассосиациясы түзүлүп, 1964-жылы Латын Америкалык квалификацияны жогорулатуу жана музыкалык изилдөө институту (1965-жылы Торкуато ди Тельи астында) ачылган. Испан аспаптары (гитара, типле, рекинто, чаранго) кеңири тараган. 20-кылымда Аргентинанын шаарларында АКШнын белгилүү музыкалары тарай баштап, гитаристка М. Л. Анидо, пианистка М. Аргерих дүйнөлүк атак-даңкка ээ болушкан. 20-кылымдын аягынан Латын Америкалык «Тропика музыка» стили (куартето жанры жана башка) тарайт. Үзгүлтүксүз креол музыкасы жана танго майрамы, фестивалдар өткөрүлүп турат. Аргентинадагы белгилүү ырчы, аткаруучулар - Р.Сарсосо, Л. Торрес жана М. Сосошондой

Театр искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Аргентина театр искусствосунун башаты 16-17-кылымда испан миссионерлери тарабынан уюштурулган индейлердин ырым-жырым оюндарына жана католиктердин театрлаштырылган оюн көрсөтүүлөрүнө (пантомимо, мистерия, ауто жана башка) барып такалат. 18-19-кылымда театр өнөрүндө бий жана музыкалуу драма - сайнет, пантомима, операда колдонулган. 19-кылымдын жарымына чейин бий колдонгон спектаклдар аз болгон. 1830-жылы жергиликтүү бийчилер труппасы «Колисео» театрында оюн көрсөтүшкөн. Аргентинада классикалык балет 1857-жылы Буэнос-Айресте «Колон» театр ачылгандан белгилүү. Ж. Руссе жетектеген труппа Ж. Перро менен Ж. Мазильенин (А. Адана «Жизель», Ч. Пуньи «Катарина» жана башка) романтика балеттерин, 1912-жылы ОШОНДОЙ И. Преображенский, Дягелев орус балети (1913, 1917), Дункан (1916) койгон, А. П. Павлова (1917-19) жана башка гастролун ийгиликтүү өткөргөн. «Колон» театр труппасы менен Россиялык балетмейстерлер - А. Р. Больи, Б. Ф. Нижинская, Г. Г. Кякшат, Б. Г. Романов, М. М. Фокин, С. Лифарь, Дж. Баланчин иштешкен. 1971-жылы П. П. Чайковскийдин «Щелкунчик» балети коюлуп, анда Р. Нуреев бийлеген. 1968-жылы труппа 1-жолу Европада (Парижде) өткөн эларалык фестивалга катышкан. Театрдын алдында театр мектеби («Колон» театрынын алдында жогорку институт) ошондой эле танго бийине адистешкен көптөгөн труппалар иштейт. А-нын театр тарыхы 18-кылымга таандык. 1757- жылы Буэнос-Айресте 1-театр курулган. Биринчи улуттук драматургияны М. де Лавардена (1789, «Сирипо» классицизм салтында жазылган трагедия) жана белгисиз автор муз. комедия (сайнете, «Эстансьеранын махабаты», 1792) жазган. Ошондой эле лоа (бир актылуу пьеса) жана тонадилья жанры өнүккөн. 1804-жылы Буэнос-Айресте «Театро Колисео» (1838-жылдан «Театро Архентино»), кийинчерээк «Виктория», «Буэн орден» жана «Федерасьон» театрлары ачылган. Мендосто, Кордовада да театрлар курулган. Диктатор Х. М. де Росасанын бийлиги мезгилинде, көпчүлүк драматургдар четте ишгешкендиктен, европалык авторлордун чыгармалары коюлуп келген. 19-кылымда театр өнөрүнө актёрлор Т. Гевара, X. А. Касакуберта, X. Подеста жана башкалар көрүнүктүү салым кошкон. 19-кылымдын 2-жарымында Аргентинанын театрларында костумбризм негизделет. Аны 20-кылымдын биринчи он жылдыгында драматургдар Р. Пайро, Г. де Лаферрере, X. С. Гардель жана башка салттуу түрдө улантышкан. Бул мезгил театр тарыхына «он жылдагы атак» деген ат менен кирген. 1960-жылы Аргентинада «Жаңы Латын Америка театры», 1981-жылы «Ачык театр» уюшулган.

Кинематография[оңдоо | булагын оңдоо]

Алгачкы кыска метраждуу «Аргентина желеги» фильмин француз оператору Э. Пи тартса, 1908-жылы 1-көркөм фильм («Доррегону атып өлтүрүү»), 1930- жылы үндүү фильм («Креол мозаикасы») тартылган. 1910-30- жылдарда башкы режиссёр X. А. Феррейра «Өлүм бийи» (1917); «Ак көгүчкөндөр» (1920); «Гаучо ыры» (1930, алгачкы толук метраждуу үндүү фильм), «БуэносАйрес сулуулары» (1931) аттуу фильмдерин тарткан. 1932- жылы «Лумитон» студиясы жана «Архентина сонофильм» фирмасы уюшулган. Цензуранын катуу көзөмөлүнөн улам көңүл ачуучу музыкалуу кинокомедиялар (Л. Торрестин катышуусунда) тартылган. 1956-жылы Улуттук кино институту түзүлгөн. Аргентинада жана чет мамлекеттерде Л. Торре Нильсондун автордук кинолору («Периштелер үйү», «Тузакка түшкөн кол», «Мартин Фьерро») таанылган. Жаш режиссёрлор Д. X. Коон («Бир күндүн туткундары»), Р. Кун («Карыбаган аксакалдар»), М. Антин («Так сандар») европалык кино чеберлеринин эстетикасын өздөштүрүшкөн. 1956-жылы Санта-Феде улуттук университеттин алдында Ф. Бирринин жетекчилиги менен даректүү кинолор мектеби негизделген. 1968-жылы көз карандысыз топтор түзүлүп, алар революциялык күрөштүн куралы болгон «Жарык сааттар» (1966-68; жашыруун тартылып, Аргентинада 1973- жылы чейин көрсөтүүгө тыюу салынган) фильмин тартышкан. Аскер диктатура мезгилинде (1973-83) көптөгөн кинематографисттер четке кетүүгө аргасыз болгон. Жаңылануу 1983-жылдан башталып, эмигранттар өз өлкөсүнө кайтышкан. Улуттук кино мамлекеттик колдоого алынып, 1990- жылы жана 2000-жылдын башынан режиссерлор А. Аристараин («Кенже Мартин», 1997; «Коомдук жайлар», 2002), М. Пинейро («Жапайы жылкылар», 1996), X. X. Кампанелья («Колуктунун уулу», 2001) жемиштүү эмгектенишүүдө. Жаңы же көз карандысыз фильмдерди М. Рейтман, П. Траперо, А. Каэтано жана башкалар тартышкан. 1996-жылы Мардель-Платада өткөрүлгөн (1954-70-жылдарда) эл аралык кинофильмдер фестивалы калыбына келтирилген. 1998-жылдан Буэнос-Айресте эл аралык көз карандысыз фильмдердин фестивалы өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]