Боливия

Wikipedia дан

Боливия, Боливия Республикасы Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Бразилия, түштүк-чыгышынан Парагвай, түштүгүнөн Аргентина, түштүк-батышынан жана батышынан Чили жана Перу менен чектешет. Аянты 1098,58 миң км2. Калкы 9,2 млн (2005); кээ бир маалыматтар боюнча 9,0 млн. Расмий жана сот бийлигинин борбору Сукре, анык борбору Ла-Пас шаары (өкмөт жайгашкан). Мамлекеттик тили испан, аймара, кечуа тилдери. Администрациялык-аймактык жактан 9 департаментке бөлүнөт (табл.). Акча бирдиги боливиано. Боливия БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттери уюмунун, Латын Америкасы интеграциялык биримдигинин, Риоде-Жанейро тобунун мүчөсү. Боливия — унитардык мамлекет. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Улуттук Конгресс (Сенаторлор жана Депутаттар палатасы). Саясий партиялары: Улуттук революциялык кыймыл, Социализм үчүн кыймыл, Солчул революциячыл кыймыл, Республикалык жаңы күч. Өлкөнүн 2/3 бөлүгүн дөңсөөлүү түздүк ээлеп түндүк-чыгышты көздөй жайык дарыя өрөөндөрү жатат. Чыгыш жагы Пантанал ойдуңуна өтөт. Батышы менен түштүк-батышында (аймагынын У3) Анд тоолор жатат. Тоолуу аймагынын басымдуу бөлүгүн тоо аралык Альтиплано платосу (бийиктиги 4500 м ге чейин) ээлейт. Батыш Кордильерадан чыгышты карай Сахама тоосу (бийиктиги 6520 м) созулуп жатат. Альтиплано платосунун түштүк жагын бийиктиги 6020 м ге жеткен Кордильера-де-Липес тоосу, чыгышты көздөй Борбордук Кордильера, анын ичинде Кордильера-Реаль (бийиктиги 6550 м Боливия эң бийик чокусу, Анкоума тоосу) тоосу жатат. Тайпак тоонун климаты тропиктик бийик тоолуу, кургак (орточо айлык температурасы 3°С ден 11°С ге чейин, жылдык жаанчачыны 150-600 мм). Анд тоолорунун чыгыш капталдарына ландшафттык бийиктик алкактуулугу (жаан-чачыны 2000 мм ге чейин) мүнөздүү. Чыгышындагы түздүктөрдүн климаты тропиктик (айлык орточо температурасы 17°С ден 28°С ге чейин, жаан-чачын 800-1000 мм). Батышындагы дарыялары Альтипланонун ички алабына (Бени, Маморе, Гуапоре) Чыгышы Атлантика океанынын алабына кирет. Туздуу Койпаса көлүнө Баррас, Лаука жана башка суулар куят. Боливияда суусу мол Бени, Маморе, Гуапоре дарыясы бар. Негизги дарыясы Пилькомайо. Пантанал саздуу ойдуңу менен Парагвай дарыясы агып өтөт. Өсүмдүктөрү түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай (чөл өсүмдүктөрүнөн гилеяларге чейин) өзгөрөт. Аянтынын 40%тен ашыгын баалуу жыгачтарга бай токой массиви ээлеп, дарактын 2 миң ден ашык түрү кездешет. Коргоого алынган 17,8 млн га жерде 36 корук бар, анын 12си улуттук парк, ирилери: Каа-Лья, Мадиди, Ноэль-Кемпфф-Меркадо; Исиборо-Секуре Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн кечуа жана аймара индейлери түзөт. Алар Пуна бөксөтоосунда жана бийик тоолуу өрөөндөрдө жашашат. Орточо жыштыгы 1 км2га 8,4 киши. Католик динин (95%) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 61,8, аялдарыныкы 66 жаш. Шаар калкы 58%. Ири шаарлары: Санта-Крус, Кочабамба, Оруро, Потоси. Боливиянын аймагында байыртадан эле индей уруулары жашап келген. 2-6-кылымдарда бул жерлерде өнүгүү жогорку деңгээлде болгон. 4-кылымда аларды инктер багындырып алышкан. 1523-38-ж. инктерди испандыктар басып алып, аймакты колонияга айландырган. 1542-жылдан Перу вицекоролдугунун, 1776-жылдан Ла-Плат вице-королдугунун курамына кирип, Жогорку Перу аталып калган. Жогорку Перу Испаниянын Түштүк Америкадагы эң негизги экономикалык борбору эле. Потосидеги күмүш кени ал учурда дүйнөдөгү эң ири кен болгон. Кендерде индей-митайостор милдеттүү түрдө иштешкен. Индейлер колониячыларга каршы айыгышкан күрөштөрдү жүргүзүшкөн (Тупак Амарунун башчылыгы менен болгон көтөрүлүш өзгөчө белгилүү). 1810-26-ж. көзкаранды эместик үчүн болгон күрөштүн натыйжасында Жогорку Перу С. Боливардын аскерлери тарабынан колониялык эзүүдөн кутулуп, 1825-ж. анын урматына көз каранды эмес, Боливия мамлекети жарыяланган. 19-кылымдын ортосунан өлкөгө чет элдик, айрыкча англис капитал келе баштайт. 1879-83-ж. Боливия Чили менен согушуп, территориясынын бир бөлүгүнөн ажырайт да Тынч океанга чыга албай калат. 19-кылымдын аягында Боливияда калай кендери ачылып, бирок аларды чет өлкөлүк монополиялар ээлеп алган. 1932-35-ж. Боливия менен Парагвайдын ортосунда согуштун жыйынтыгында, Боливия Чако аймагында нефть чыгуучу жерлеринен ажыраган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ар түрдүү аскердик жана саясий топтор арасында бийлик үчүн узак жылдарга созулган күрөш жүргөн. 1952-ж. өлкөдө революция болуп, калай кендери мамлекеттештирилип, агрардык реформа жүргүзүлгөн. 80-жылдардын башында Боливияда саясий туруксуз абал өкүм сүргөн. 1985-ж. шайлоодон кийин өлкө президенттик башкарууга өткөн. 1993-ж. шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири да жетиштүү добушка ээ боло албай, Улуттук конгресстин чечими менен Гонзало Санчес Бустаманте де Лосада президент болуп шайланган (2002-ж. кайра шайланган). Ал нефть жана газ тармактарын менчиктештирүүнү баштаган. 2003-ж. көпчүлүк боливиялыктар үчүн агрессор катары саналган, Чилинин аймагы аркылуу газды экспорттоого каршы башталган элдик көтөрүлүштүн жүрүшүндө президент өлкөнү таштап качып кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке вице-президент К. Меса келген. 2004-ж. өлкөдө газ жана нефть боюнча элдик референдум өткөрүлүп көпчүлүк добуш менен бул тармактар мамлекетке кайтарылган жана чет өлкөлөргө Перунун порттору аркылуу экспорттоло баштаган. Экономикасынын негизин тоокен өнөржайы түзөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 22,3 млрд доллар (2004; АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 2600 доллардан туура келет. ИДПдагы өнөржайдын үлүшү 33,2% , айыл чарбаныкы 15%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,8% (2004). Сурьма (2,3 миң о, дүйнөдө 1-орунда), калай (13,2 миң о, дүйнөдө 5-, Латын Америкасында 2-орунда), күмүш (460 о, 10-орунда), вольфрам (474 о), висмут, Түштүк Америкадагы казылып алынган алтындын 10%. Жаратылыш газы (4,1 млрд м3, 2004), нефть (2,16 млн о) казылып алынат. 2004-ж. 3,9 млрд кВт\с\ электр энергиясы өндүрүлгөн. Ири өнөржай борбору Ла-Пас шаары Анда тамак-аш, текстиль тигүү, булгаары-буткийим, целлюлоза-кагаз, полиграфия, курулуш материалдар өнөржай ишканалары иштейт. Боливиянын аймагынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбанын өнүгүшүнө араксыз. Айыл чарбага жарактуу жери 26,6%, анын ичинде 24,4% жайыт, 2% айдоо аянты. Aйыл чарба продуктусунун 3/4 бөлүгүн жашылча өстүрүү берет. Негизги өсүмдүктөрү: соя (1,04 млн о, 2002), балкамыш (4,3 млн о), кофе (25 миң о), жүгөрү (725 миң о), шалы (248 миң о), күнкарама (194 миң о), пахта, жемиштер (негизинен цитрус өсүмдүктөрү, банан). Гевея ширеси, хинна дарагынын кабыгы чогултулат. Антиплано платосунун айдөш капталдарында тектир дыйканчылыгы (жүгөрү, арпа, буудай, таруу, буурчак, картөшкө) өнүккөн. Бодо мал (2000, млн) 6,4; кой 7,8; чочко 1,2; бийик тоолуу райондорунда лама, альпака, кой асыралат. Ошондой эле айыл чарбасында наркотик өсүмдүктөрүн өстүрүү (Чыгыш Кордильеранын этегинде) маанилүү орунду ээлейт. Анын аянты 24 400 га (дүйнөдө 3-орунда). Өлкөнүн экономикасынын 50% наркобизнеске көз каранды. Темиржолунун узундугу 3519 км (2004), автомобилдики 53,8 миң км (анын ичинде 13 миң кми асфальтталган). Ички суу жолунун узундугу 10 миң км (Орьенте дарыясы). Титикака көлүндө үзгүлтүксүз кеме жүрөт [Гуаки жана Пуно (Перу) портторунун ортосунда]. Газ куурунун узундугу 4,86 миң км, нефтиники 2,5 миң км, азык-түлүк ташылчу куурдуку 1,6 миң км (2004). Боливияда 16 аэропорт, 3 улуттук, 11 чет өлкөлүк авиа компания иштейт. Сыртка жаратылыш газын, соя жана анын продуктуларын, түстүү металлдарды (калай, сурьма, вольфрам, висмут), цинк, коргошун, жез концентраттарын, алтын, иштетилбеген жыгач чыгарат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, чийки зат жана полуфабрикат, химиялык товарларды, нефть, азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: Бразилия (экспорт, импорт), АКШ (экспорт, импорт), Венесуэла, Аргентина, Перу (экспорт, импорт) жана Чили. Боливияда алгачкы мектептери 16-кылымда пайда болгон. 1825-ж. республика орногондон кийин ак сөөктөр мектеби пайда болгон. 1874-ж. милдетүү башталгыч билим жөнүндө мыйзам чыгарылган. 1955-ж. билим берүү жөнүндөгү реформага ылайык 7-14 жашка чейинки балдарды милдетүү түрдө окутуу киргизилген. Китепкана, музей, опера-балет театрлары өнүгө баштаган. 18-кылымга чейин айрым тарыхый чыгармалар гана пайда болгон. Өлкө көзкарандылыктан кутулгандан кийин гана (1826) Боливия адабияты европалык романтизмдин таасири астында өсүү жолуна түшкөн. Р. X. Бустаманте, Н. Галиндо, Н. Агирре, X. X. Мора жана башка ошол кездеги көрүнүктүү акын-жазуучулары болгон. Чыгармаларында индейлердин оор турмушу, эркиндикке болгон күрөшү, жана башка социалдык маселелери сүрөттөлгөн. Р. Хаймес Фрейре, Ф. Тамайо, Г. Рейнольдстун ырлары башкалардан музыкалуулугу менен айырмаланган. 20-кылымда проза жанры индихенизм багытында өнүккөн. Буга А. Аргедас, X. Мендос, А. Сеспедес, X. Лардын чыгармалары мисал боло алат. 19-кылымдан баштап сүрөт өнөрү, живопись, графика, архитектура өнүгө баштаган. Европалык стилдеги мекеме-ишканалардын, турак-жайлардын саны көбөйгөн. Таш жана кыштан (саман кошулган) курулган индейлердин «кинча» тибиндеги (каркас сыяктуу) храм, чиркөөлөрү сакталып калган. Сан-Франсиско (архитектура X. Агустин, Ф. Чаваррия), Сан-Лоренсо (фасад,1728-44), Ла-Компанья (фасад, 1700-07) чиркөөлөрү бар. Ошол мезгилдеги мастерлер бир эле убакта архитектуралык жана скульптуралык милдетти аткарышкан. Кийин архитектура классицизм багытында өнүккөн. Потосидеги собор (1809-36, архитектура М. де Санауха), Ла-Пасдагы Өкмөт үйү (1853, 1883-ж. кайра курулган, архитектура Н. дель Прадо) ири имараттарынын бири болгон. Чукисака, Потоси, Кольяо деп аталган үч Сүрөт борбору бар. Боливия Битти, Д. де Оканья, Д. Киспе, Д. Нуньеса, Ф. Мартинеса, X. Пасторелло, X. Франсискус сыяктуу жана башка таланттуу сүрөтчүлөр живопись жанрына көбүрөөк көңүл бурушкан. 1940-50-жылдары архитектура интернационал стилине өтө баштаган, кийин 1960-70-жылдары типтүү проектиге негизделген. Музыка өнөрүндө негизинен креоль жана индей салтын сактаган. Перу, Эквадор, Аргентинанын Түндүк-Батыш тарабындагы элдердин музыкасына жакын. Театрлаштырылган оюнзоок фестивалдары көбүрөөк өткөрүлөт. «Диарио», «Пренса», «Расон», «Мундо», «Периодико опиньон» сыяктуу күн сайын чыгуучу көлөмдүү гезиттери, «Радио насьонал де Боливиа» радиостанциясы жана телекөрсөтүүсү (1970), өкмөттүк информациялык агентчиликтери бар. Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Сашин Г. 3. Боливия: Очерки новейшей истории. М., 1976.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4