Сальвадор

Википедия дан
Сальвадор.

Сальвадор (исп. El Salvador), Эль-Сальвадор Республикасы- Борб. Америкадагы мамлекет. Чыгышынан жана түндүгүнөн Гондурас, батышынан Гватемала менен чектешет. Түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 21,04 миң км2. Калкы 7,2 млн (2009). Борбору - Сан-Сальвадор шаары Адм.-айм. жактан 14 департаментке бөлүнөт. Акча бирдиги - АКШ доллары.

Сальвадор - БУУнун (1945), ЭВФтин (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЮНЕСКОнун (1948), ИНТЕРПОЛдун (1959) жана башка мүчөсү.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Департаменттери Аянты, миң км2 Калкы, миң Адм. борборлору
Ауачапан 1,2 319,5 Ауачапан
Кабаньяс 1,1 149,3 Сенсунтепеке
Чалатенанго 2,0 192,8 Чалатенанго
Кускатлан 0,8 231,5 Кохутепеке
Ла-Либертад 1,7 660,7 Санта-Текла
Ла-Пас 1,2 308,1 Сакатеколука
Ла-Унион 2,1 238,2 Ла-Унион
Морасан 1,5 174,4 Сан-Франциско

Готера

Сан-Мигель 2,1 434 Сан-Мигель
Сан-Сальвадор 0,9 1 567,2 Сан-Сальвадор
Сан-Висенте 1,2 161,7 Сан-Висенте
Санта-Ана 2,0 523,7 Санта-Ана
Сонсонате 1,2 439 Сонсонате
Усулутан 2,1 344,2 Усулутан

Мамлекеттик түзүлүшү. Сальвадор — унитардык мамлекет. Конституциясы 1983-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик Республикасы Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруучу органы - бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея). С-до көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Фарабундо Марти атынан Улуттук боштондук фронт (FMLN) солчул марксисттик партиясы, Улуттук Республикасы альянс (ALENA) партиясы, Христиандык-демокр. партия (PDC), Демокр. өзгөрүү (CD) солчул центристтик партиясы жана башкалар

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн жанартоонун аракетинен пайда болгон бөксө тоолор (эң бийик жери Санта-Ана чокусу; бийикт. 2385 м) ээлейт. Аракеттеги Исалько жанартоосун (бийикт. 1885 м) «Сальвадор маягы» деп аташат. Тез-тез атылган жанартоолор жана жер титирөөлөр өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип келет. Аймагынын тоолуу бөлүгү түштүктү карай тик түшөт. Тынч океандын жээгинде туурасы 10-30 км келген түздүк созулуп жатат. Бөксө тоолордон түндүктө жайгашкан терең тектон. ойдуңдан Лемпа д. агып өтөт. Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орт. темп-расы 21-22°САЛЬВАДОР Жылдык жаанчачыны 600-700 лоаден (ойдуңдарында) 1500- 2500 ммге чейин (бөксө тоолордо). Дарыялары кыска, жанартоо көлдөрү бар. Күрөң-кызыл тоо топурагы басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болуп турат. Бөксө тоонун үстүнкү бети жанартоонун күлү жана лава менен капталган. Ал топурактын күрдүүлүгүн арттырат. Анда тропика өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Кофе аянтын кенейтүү үчүн токойлору көп кыйылып кеткен. Бийик тоолорунда бир аз эмен, мырза карагай өсөт. Табигый ландшафтты сактоо максатында Монтекристо, Эль-Импосибле улуттук парктары, Эль-Хокоталь резерваты уюштурулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элинин негизин сальвадорлуктар түзөт. Ошондой эле индпакистандыктар, пипиль индейлери (батышта), ленкалар (чыгышта) жашайт. Расмий тили - испан тили. Дини - католицизм. Борб. Америкадагы калк эң жыш жайгашкан өлкө. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 307,5 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники - 69,9 жаш, аялдарыныкы - 76,6. Төрөлүүнүн денгээли жогору (1000 кишиге 32,4), өлүм-житим төмөн (ЮООге 6,1). Шаар калкы Санта-Ана шаары. 61%. Ири шаарлары: Сан-Сальвадор, Санта-Ана, Сан-Мигель.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-7-кылымда сальвадор аймагын индей уруулары (майялар, науалар жана башкалар) мекендеп, Кускатлан мамлекетин негиздешкен. 1524-жылы Кускатлан аймагын испандар каратып, 1525-жылы аны Сан-Сальвадор деп аташкан. 1560-1821-жылдары Гватемала генерал-капитандыгына кирген. 1821-жылы 15-сентябрда Америкадагы испан колонияларынын көз карандысыздык үчүн согушунун (1810- 26) натыйжасында азаттык алган. Бирок аны мексика аскерлери басып алып, мексикалык Итрубе империясына баш ийген, ал ыдыраган соң Борб. Американын бириккен провинциясына караган. 1839-жылы сальвадор көз карандысыз Республикасы деп жарыяланган. 19-кылымда С-до либералдар менен консерваторлор ортосунда бийлик үчүн күрөш жана сальвадор менен Борб. Америкадагы башка мамлекеттер ортосунда согуштар болуп турган. 1885-жылы Гондурастын колдоосу жана Никарагуа менен Коста-Риканын жардамы аркылуу сальвадор Гватемалага кол салган. Натыйжада Гватемала армиясы талкаланып, президенти Барриос өлтүрүлгөн. 1927-жылы С-до Пио Ромеро Боскенин президенттик бийликке келиши менен өлкөдө алгачкы демокр. өнүгүүлөр пайда болуп, реформалар ишке ашкан. 1931-жылы Максимилиано Эрнандес Мартинестин аскердик диктатурасы (1931-44)бийликке келип, саясий эркиндиктерди жойгон. Аскер режимине каршы Америкадагы биринчи коммунисттик көтөрүлүш - Фарабундо Марти баштаган 40 миң дыйкан (1932), ошондой эле армиянын, студенттердин, саясий топтордун чыгуулары Эрнандестин диктатурасын кулаткан (1944).

1990-жылдарга чейин «оңчул» жана «солчулдардын» ортосунда саясий күрөш күч алып, өлкөнүн экон. абалы оордоп, эмгекчилердин мүдөөсү канааттандырылган эмеСальвадор 1992-жылы өкмөт менен партизандардын ортосунда тынчтык келишим түзүлүп, 1994-жылдан өлкөдө демокр. кайра куруулар ишке аша баштаган. 2004-09-жылдары Улуттук Республикасы альянс партиясынын («ончулдар») өкүлү Антонио Сака, 2009-жылдан Фарабундо Марти атынан Улуттук боштондук фронтун («солчулдар») өкүлү Маурисио Фунес өлкө президенттигине расмий шайланган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сальвадор - өнүгүп келе жаткан агр. өлкө. Экономикасынын негизин сыртта иштеген жарандар которгон акчалар жана азыкомитетүлүк, кант, этил спиртинен түшкөн киреше түзөт. ИДПнин көлөмү 42,9 млрд АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 7,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 60,7, ө. ж-дыкы 28,2, а. ч-ныкы 11%. 2007-жылы 5,6 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш, тигүү, хим. (кир жуучу каражаттар, жер семирткичтер жана башкалар), целлюлоза-кагаз, машина куруу (негизинен амер. компаниялар) өнөр жай ишканалары иштейт. Жеринин 2/3 бөлүгүн агрардык сектор түзөт. Негизги маданий өсүмдүктөрү - кофе, бал камыш, жүгөрү, ак жүгөрү, шалы, буурчак. Эт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 10,9 миң км. Башкы деңиз порту - Акахутла. Сыртка кофе, этанол, кант, кийим-кечек, хим. товарларын чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Гватемала, Гондурас, Мексика.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]