Пуэрто-Рико

Википедия дан

Пуэрто-Рико же Пуэрто-Рико Шериктештиги (исп. Estado Libre Asociado de Puerto Rico «Бай порт»), англ. Commonwealth of Puerto RicoАКШнын Вест-Индиядагы ээлиги. Пуэрто-Рико аралын жана ага жакын жайгашкан чакан аралдарды ээлейт.

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 9,0 миң км2. Калкы 4,0 млн (2010); калкынын көбүн пуэрторикалыктар (80,5%) түзөт. Ошондой эле негр мулаттар, индейлер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. орточо жыштыгы 1 км2 жерге 409 киши. Шаар калкы 71%. Расмий тили – испан жана англис тилдери. Негизинен католик динин тутат. Мусулмандар да бар. Административдик-борбору – Сан-Хуан шаары (калкы 2,0 млн). Административдик-аймактык жактан 78 муниципалитетке бөлүнөт. Аткаруу бийлигин шайланган губернатор аткарат. Мыйзам чыгаруучу органы – мыйзам чыгаруу чогулушу. Жогорку бийлик – АКШ конгресси. Арал өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ.

Жайгашуун картасы.

Аралды батыштан чыгышка чейин созулуп жаткан Кордильера-Сентраль кырка тоосу ээлейт. Эң бийик жери – Пунта чокусу (1338 м). Пуэрто-Рико аралынан жана көптөгөн майда аралдардан, рифтерден турат. Климаты деңиздик, тропиктик пассаттык. Айлык орточо температурасы 24°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 800–2500 мм. Дайыма жашыл жана аралаш токой, түштүгүндө жана батышында кургактыкка чыдамдуу бадалдар, сейрек токой өсөт. Лукильо резерваты бар. Аралда 200дөн ашык үңкүрлөр кездешет. Спелеологдор үчүн дүйнөдөгү өтө ыңгайлуу жай. Мындагы Камай дарыясы – жер астындагы дүйнөдөгү эң узун дарыя. Аралдан 120 км батыштагы Пуэрто-Рико кобулу (узундугу 1754 км, туурасы 97 км, эң терең жери 8380 м) – Атлантика океанындагы эң чоң оёң. Фаунасында эндемик куштардын 16, жерде-сууда жашоочулардын 39 түрү (анын ичинде «коки» бакасы; узундугу 5 см) мекендейт. Флорасы өтө ар түрдүү. Вак-дарактын 225, папоротниктердин 100, орхидеялардын 50дөй түрү өсөт. Аралдагы Эль-Юнке биосфера коругу БУУнун көзөмөлүнө алынган. Байыртадан эле Пуэрто-Рикону индейлер мекендешкен. 15-кылымда испаниялык конкистадорлор басып алышкан. Колониячылар жергиликтүү калктын көп бөлүгүн жок кылган. 16-кылымда Африкадан кул-негрлерди алып келишкен. 1898-жылы болгон Испания – Америка согушунда арал АКШнын ээлигине өткөн. Пуэрто-Рико 1952-жылдан АКШга «эркин кошулган өлкө» деген статуска (өзүн-өзү башкаруу укугуна) ээ. Өлкөнүн экономикасынын негизин кайра иштетүүчү өнөр жай жана айыл чарба (негизинен экспорттук багытта) түзөт. Ички дүң продукциясында өнөр жайдын үлүшү 39%, айыл чарбасыныкы 1%ти түзөт. Радиоэлектроника, нефть ажыратуу, нефть-химиялык, фармацевтика, химиялык, жеңил, тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш, кофе, банан, ананас өстүрүлөт. Бодо мал, чочко асыралат. Үй канаттуулары багылат. Автомобиль жолунун узундугу 9,3 миң км. Башкы деңиз порттору – Сан-Хуан, Маягуэс, Понсе. Негизинен химия, радиоэлектроника өнөр жайынын продукцияларын жана азык-түлүк экспорттойт. Билим берүүсү 4 баскычта (башталгыч, орто жана жогору) жүргүзүлөт. Университеттер (анын ичинде менчик, католик ж. б.), китепкана, сүрөт галереясы, музей бар. Негизги соода шериги – АКШ. Чет элдик туризм өнүккөн. Акча бирдиги – АКШ доллары.

дүйнөдөгү эң чоң үңкүрлөр