Ангилья

Wikipedia дан
Ангилья.
Ангилья аралын.

Ангилья, Ангуилла - Улуу Британиянын Кариб деңизиндеги ээлиги. Кичи Антил архипелагынын түндүк четинде жайгашкан. Ангилья аралын (аянты 91 км2, узундугу 26 км, туурасы 5 км; эл жашаган арал) жана элсиз аралдар тобун (Скраб, Дог, Сомбреро, Прикли-Пир-Кейс, Сил жана башка) камтыйт. Аянты 102 км2 (башка маалыматтар боюнча 96 км2). Калкы 12,7 миң (2003); негизинен Вест-Индиялык негрлер (90%), ошондой эле мулат, англичандар жашайт. Динге ишенгендер протестанттар (англикандар, методисттер). Административдик борбору - Валли. Расмий тили - англис тили. Акча бирдиги - чыгыш кариб доллары. Аралдары акиташтуу кумдуу пляждардан туруп, алар шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Ангилья аралынын жеринин бети салыштырмалуу тегиз келип, жапыз дөбөлөрдөн (бийиктиги 65 м, Крокус-Хилл) турат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 18-24°С. Эң ысык мезгили урагандуу июнь-октябрга туура келет. Жылдык жаан-чачыны 700-1200 мм (максималдуу август-ноябрда, минималдуу февраль - апрелде). Жаан суусу ичүү үчүн пайдаланылат. Өсүмдүгү сейрек саванна; жапыз өскөн бадалдар деградацияга учураган. Аралды жээктей кокос пальмасы, жүзүм өстүрүлөт. Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 8600 доллардан (АКШ) туура келет (2001). Чарбасынын негизин чет элдик туристтерди тейлөө (жылына 45 миң) түзөт. Туз казылып алынат. Балык, омар, лангуст кармалат. Таттуу картошка, тамеки, ак жүгөрү (сорго), жашылча, жүгөрү айдалат. Кой, эчки, чочко багылат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 105 км (анын 65 кми асфальтталган). Башкы деңиз порту - Блоуинг-Пойнт. Чакан эл аралык аэропорту бар. Сыртка омар, балык, туз, ром чыгарып; сырттан отун, азык-түлүк, химикат, тиричилик товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Пуэрто-Рико.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1