Антил аралдары

Википедия дан
Антил аралдары.

Антил аралдары (испанча Antillas; anti - каршы, illas - аралдар, башкача айтканда океандын арткы тарабындагы аралдар) - Вест-Индиядагы архипелаг. Аянты 220 миң км2. Калкы 30 млн (2000). Чоң Антил аралдарына (Куба, Гаити, Ямайка, Пуэрто-Рико) жана Кичи Антил аралдарына (Виргиния, Айдарым, Ылымта, Тринидад, Тобаго, Барбадос) бөлүнөт. Климаты тропиктик пассаттык, ысык, жайы нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200-2000 мм, тоолорунун айдарым капталдарында 5000 мм чейин, ылымта капталдарында 700-800 мм. Жайдын аягында өтө катуу шамал (ураган) болот. Тоолорунун бийиктиги 3175 мге жетет. Аракеттеги жанар тоолор бар. Жалбырагын күбүүчү жана дайыма жашыл тропик токойлору, саванна мүнөздүү. Антил аралдарында жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика Республикасы, Куба, Сент-Винсент жана Гренадина, Сент-Люсия, Сент-Китс жана Невис, Тринидад жана Тобаго, Ямайка, ошондой эле Улуу Британиянын, АКШнын, Франциянын жана Нидерландиянын ээликтери; аралдардын бир бөлүгү Венесуэланын курамына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1