Гаити
|
Гаити Республикасы | |||||
| |||||
| Урааны: «Liberté, Égalité, Fraternité» | |||||
| Гимн: «La Dessalinienne» | |||||
| Эгемендүүлүк күнү | 17-апрель 1825-жыл
( Франциядан) | ||||
| Расмий тили | гаити креол тили, француз тили | ||||
| Борбор шаары | Порт-о-Пренс | ||||
| Ири шаарлар | Порт-о-Пренс, Карфур, Дельма, Кап-Аитьен | ||||
| Башкаруу формасы | президенттик республика | ||||
| Өткөөл кеңештин төрагасы Премьер-министр | Фриц-Альфонс Жан Аликс Дидье Филс-Эме | ||||
| Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
| Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 143-орун - дүйнөдө 27 750 км² 0,7 | ||||
| Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 11 470 261 адам (83-орун) 414,7 ад./км² | ||||
| ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2022) • Ар бир жанга |
38,198 млрд $ (132-орун) 3166 $ | ||||
| ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
20,182 млрд $ (118-орун) 1673 $ | ||||
| АДӨИ ( 2021) | ▼0,651 (төмөн) (163-орун) | ||||
| Акча бирдиги | гурд (HTG, коду 332) | ||||
| Домени | .ht | ||||
| ISO коду | HT | ||||
| ЭОК коду | HAI | ||||
| Телефон коду | +509 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC −05:00 | ||||
Гаити, расмий түрдө ― Гаити Республикасы (гаит. креол. Repiblik Ayiti, фр. République d'Haïti) — Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км2. Калкы 8,3 млн (2006). Расмий тилдер: француз жана гаити креол тилдери. Борбору Порт-о-Пренс шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006): бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рельефи тоолуу (бийиктиги 2674 мге чейин, ЛаСель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орто температурасы 23-29°С. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: Артибонит, анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуңунда Гаитидеги эң ири көл Соматр (113 км2) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Гаитиде жалпы аянты 7,45 миң га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, андан ичкери Ла-Визит жана Макая улуттук парктары бар.
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гаити унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы аралаш республикалык. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламенттен турат. (Улуттук ассамблея) Депутаттар палатасы жана Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы жана Гаити социалдык-христиан партиясы.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизи гаитиликтер. Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары Порт-о-Пренс, Ле-Ке.

Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино жана сибон) жердешкен. Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис, гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол менен бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда Х. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин жана динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Испания, Франция жана Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көзкарандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган жана ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-ж. Гаити Мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) жана Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-ж. Франция анын көзкаранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өз алдынча мамлекет Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939-45) Гаити АКШнын согуш жана сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы менен Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соң 1971-ж. анын ордун уулу Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төңкөрүшгөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик оркнду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гаити – Латын Америкасындагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарындагы агрардык өлкө. Дүң продукция наркынын 30% айыл чарба, 20% өнөржайы, 50% тейлөө кызматы берет. Гаитинин аймагынын 49%и айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт - 30% , токой - 25% , айыл чарбага жарактуу жерлер - 0,2%. Тоокен тармагында алюминийдин негизги кенташы боксит иштетилет. Өнөржайы начар өнүккөн, деңизден креветка, краб, омар, балык кармашат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, балкамыш, гозо, цитрус, банан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 2003-ж. 546 млн кВтс электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 4160 км. Негизги деңиз порту Порт-о-Пренс. Эл-аралык ири аэропорттору бар (Порт-о-Пренсте, Кап-Аитьенде). Сыртка негизинен текстиль, кофе, кант чыгарат. Негизги соода шериги АКШААРЫ Билим берүүсү 6 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү түрдө жана акысыз. Порт-о-Пренс шаарында университет, политех институт, бир нече менчик унттар, Гаити-Америка институту, илимий - изилдөө институттары, Улуттук музей, Улуттук китепкана, Гаитинин искусство борбору жана башка бар. Гаитиде жалпы тиражы 35 миң нуска болгон 14 гезит, журналдар чыгат. 1930-жылдан радиоуктуруусу иштейт. Эки телекөрсөтүү станциясы бар. Адабияты негизинен француз, ошондой эле креол тилинде да өнүгүүдө. Архралык эстеликтеринен Порт-о-Пренстеги собор (18-к.), Кап-Антен шаарына жакын Ло-Ферьер цитадели (19-к.) жана Сан-Суси аксарайы (1811-12) бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
| Түндүк Америка өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
| Көз каранды аймактар | Америкалык Виргин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британиялык Виргин аралдары • Испаниялык Виргин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери | |