Гаитиликтер

Википедия дан

Гаитиликтер (франц. Haïtiens) — Вест-Индиядагы улут. Гаити Республикасынын негизги калкы.
Саны 12 млн адам.

Haïtiens
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 12 млн
🇭🇹Гаити 11 млн
🇩🇴Доминикана Республикасы 400 миң
🇺🇲АКШ 130 миң
🇨🇦Канада
🇯🇲Ямайка
🇨🇺Куба
🇧🇸 Багам аралдары
🇫🇷Франция

Тили

француз
гаити креол

Дини

католицизм
протестантизм
вуду

Расалык тиби

негроид


Антропология

Калктын 90%ин негрлер түзөт. 10%и — мулаттар.

Тил

Француз жана гаити креол тилдеринде сүйлөшөт.

Дин

Ишенгендер — католиктер жана протестанттар (баптистер, англикандар, 7 күндүн адвендистери, пятидесятниктер).
Калктын бир бөлүгү африкалык вуду культун карманат.

Келип чыгышы

Негрлерди Батыш Африкадан плантацияларда иштөө үчүн испандар жана француздар алып келишкен. Улуттук боштондук күрөштүн (1791–1804) натыйжасында Гаити Вест-Индиядагы жана бүткүл Латын Америкасындагы биринчи мамлекет болуп көз карандысыздыкка жетишкен (1804).

Экономика

Гаити калкынын негизги бөлүгү айыл чарбасында иштейт. Алар кофе, манго, кант тростниги, жүгөрү, сизаль өстүрүшөт.
Жеңил жана тоо-кен өнөр жайларында да иштешет.
Көркөм кол өнөрчүлүк - жыгачтан оюу, саймачылык өнүккөн.

Турак жай

Турак-жай акиташ жана кум аралаштырылган чоподон жана самандан (дубал) курулган. Чатыры плитка төшөлгөн. Галерея сырткы дубалга тиркелет. Үйлөр кызгылт, ак, көк сырдалат.

Салттуу кийим

Эркектердин костюму түштүк европалык типте. Аялдардын айырмалоочу өзгөчөлүгү бар — Батыш Африка өлкөлөрүнө мүнөздүү түркүн түстүү кездемеден жасалган селде.

Маданият

Африкалык таасир оозеки элдик чыгармачылыкта, музыкада жана бийде күчтүүрөөк. Эң мүнөздүү аспап – барабан. Короз мушташуу – көңүл ачуунун популярдуу түрү.

Улуттук көйгөй

Гаити калкынын жарымынан көбү ачарчылыкта. Табигый кырсыктар, ачарчылык жана жакырчылык Гаитиде эпидемиялардын (ВИЧ, холера, тропикалык жугуштуу оорулар) жайылышына себеп болду.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]