Никарагуа
Никарагуа, Никарагуа Республикасы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүкчыгышынан Гондурас, түштүгүнөн Коста-Рика менен чектешет. Түштүк-батышын Тынч океан, чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 130,4 миң км2. Калкы 5,9 миллион(2010). Борбору – Манагуа. Административдик-аймактык жактан 15 департаментке жана 2 автономия облусуна бөлүнөт. Акча бирдиги – кордоба. Н. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Бүткүл дүйнөлүк метеорол. уюмдун (1959), Америкалар үчүн Боливия альянсынын (2007), ИНТЕРПОЛдун (1965), Улуттук өндүрүшчүлөр ассоциациясынын жана башка уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Никарагуа – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук Ассамблея. Никарагуада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Сандино Улуттук боштондук фронту, Либералдык-конституциялык партия, Никарагуалык демократиялык блок, Никарагуалык либералдык альянс жана башка.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкө ландшафтынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу 4 табигый облуска бөлүнөт. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн түштүктү көздөй кууштап кеткен Никарагуа тайпак тоосу ээлейт. Чыгышын Кариб деңизин жээктей ойдуңдардан турган 2-облус (Желимчелүү жээк), 3-облус Фонсека булуңунан түштүк-чыгышты көздөй кеткен Кариб жээк тилкеси, 4-облус көптөгөн аракеттеги жанартоолору бар аймак. Борбордук тоолуу облус (Никарагуа тайпак тоосу) жогорудан төмөндү көздөй багытталган бүктөлүштү элестеткен татаал системалуу кырка тоолорду түзөт. Түш.батыштагы тоолордун бийиктиги1500 мге чейин жетип, чыгышты көздөй 600 мге чейин төмөндөйт. Өлкөнүн чыгышы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Желимчелүү (москитный) жээктеги ойдуңдардын туурасы айрым жерлеринде 80 кмге жетип, Сан-Хуан дарыясынан түндүктү көздөй Гондурастын чек арасына чейин созулат. Бул ойдуң аркылуу көптөгөн дарыялар (Коко, Рио-Эскондо жана башка) агып, жери саздак келет. Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Консепсьон (бийиктиги1557 м), Момотомбо (1259 м) жанартоолору бар. Эң бийик жери – Моготон чокусу (2438 м). Климаты тропиктик пассаттык (түндүк-чыгышы) жана субэкватордук (түш.-батышы). Орточо айлык температурасы 25–28˚С (тоолордо 16–22˚С). Жылдык жаан-чачыны 1000–6200 мм (тоолордо). Ири дарыялары: Сан-Хуан, Рио-Эскондо, Морейра, Индельта жана башка Көлдөрү – Манагуа, Никарагуа жана башка Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тропиктик дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой жанабадалдар ээлейт. Волькан-Масая, Саслая улуттук парктары, Апанас резерваты уюштурулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын негизин метистер (72%) түзөт. Ошондой эле европалыктар (15%), негр (7%), индейлер (6%) да бар. Расмий тили – испан тили. Калкынын 80%тен ашыгы католик, калгандары протестант жана башка диндерди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 33,73), өлүм-житим орточо (1000ге 6,45). Жаш балдардын өлүмү да өтө жогору (1000ге 50,3). Орточо жыштыгы 1 км2 44,0 киши (2009). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 69,6 жаш, аялдарыныкы – 74. Шаар калкы 57% (2008). Ири шаарлары: Манагуа, Матагальпа, Чинандега жана башка.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Никарагуа аймагын Мексикадан келген индей уруулары (никарао, мискихо жана башка) эзелтен мекендеген. Өлкө ошол уруулардын башчыларынын бири Никараонун ысымынан аталган. 1502-жылы Никарагуага биринчи жолу испандар келип, аны колониялаган: 1523-жылы Никарагуа аймагын Санто-Домино ауденсиясына, 1539-жылы Панамага, 1573-жылы Гватемал генерал-губернаторлугуна кошкон. Америкадагы испан колонияларынын боштондук согушунун учурунда 1821-жылы 15-ноябрда Никарагуа көз карандысыздыгын алган. 1823– 38-жылы Никарагуа Борбордук Америка бириккен провинциялар федерациясынын (башында Мексика турган) бир бөлүгү болгон. 1838-жылдан Н. өз алдынча республикалык 1912-жылдан Никарагуада америкалык монополиянын таасири күчөп, иш жүзүндө анын колониясына айланган. 1920-жылы А. С. Сандино жетектеген чакан отряд америкалык интервенттерге каршы күрөшкө чыгып, 1934-жылы америкалыктарды тынчтык пактыга кол коюуга мажбурлаган. 1934-жылы Улуттук гвардиянын башчысы А. Самоса Сандинону өлтүрүп, узак убакытка диктатура орноткон. 1979-жылы июлда Сандино атындагы Улуттук боштондукка чыгаруу фронту (СУБЧФ) диктатор Самосаны өлкөдөн кууп чыгып, Никарагуанын улуттук кайра жаралуусунун Убактылуу демократиялык өкмөтүн түзгөн. Жарандык согушка байланыштуу өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалдан улам, 1990-жылы февралдагы шайлоодо оппозициячыл блок бийликке келип, 1996-жылдан ЛКП (Либералдык-конституциялык партия) башында турган оңчул оппозиция бийликте. 2006-жылдан президенти – Даниэль Ортега.
Экономиксы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Никарагуа – Латын Америкасындагы жакыр мамлекеттердин бири (калкынын 48%и өтө жакыр). Экономикасы чет элдик финансынын жардамы мененөнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 16,5 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56,4, өнөр жайлыкдыкы 25,8, айыл чарбаныкы 17,8. Алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк жана башка казылып алынат. 2007-жылы 3,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көпчүлүгүн ЖЭБден алынат. Айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, химия, текстиль, суусундук, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары: пахта, кофе, бал камыш, банан, тамеки жана башка. Башкы айыл чарба өсүмдүктөрү – кофе, бал камыш, тамеки; андан тышкары кокос пальмасы, ананас, какао, цитрустар, манго өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы анча жакшы өнүккөн эмес. Бодо мал, чочко асыралат, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана деңиз продуктулары даярдоо жүргүзүлөт. Автомобиль жолунун узундугу 19,1 миң км (2009; анын ичинен асфальтталганы 2 миң км), темир жол жок. Никарагуа жана Манагуа көлдөрүндө кеме жүрөт.
Башкы порттору: Коринто (Тынч океанында), Пуэрто-Кабесас, Блуфилдс (Атлантика океанында). Сыртка кофе, бал камыш, банан, тамеки, эт, сүт азыктарын, алтын, жер жаңгак, креветка, омар жана башка чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Коста-Рика, Сальвадор, Венесуэла, Мексика жана башка.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 88%ти түзөт (2008). Леон шаарындагы Улуттук автономия университети жана Борбордук америка университети сыяктуу ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалары, музейлери бар. «Гасета», «Новедадес», «Пренса», «Нуэво диарио», «Универсаль» жана башка ири гезиттери чыгат. Радиоуктуруу 1953-жылдан, телекөрсөтүү 1956-жылдан иштейт. 10 улуттук телеканалы, 30 радиостанциясы бар (2012).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7