Кариб деңизи

Википедия дан
Кариб деңизи.

Кариб деңизи, Караиб деңизи – Атлантика океанындагы жартылай туюк деңиз. Батышынан жана түштүгүнөн Борбордук жана Түштүк Америка, Түндүк жана чыгышынан Чоң жана Кичи Антил аралы менен чектешет. Юкатан кысыгы аркылуу Мексика булуңу, Кичи жана Чоң Антил аралындагы көптөгөн кысыктар аркылуу Атлантика океаны, Панама аркылуу Тынч океан менен туташат. Аянты 2777 миң км2, көлөмү 6745 км3. Эң терең жери 7090 м (Кайман кобулу). Жээктери тоо, ойдуңдуу; батышы жана Антил арал тарабы коралл рифтери менен курчалган. Булуңдары: Гондурас, Дарьен, Венесуэла. Ири аралдары: Куба, Гаити, Ямайка, Пуэрто-Рико. Суунун температурасы кышында 25°C, жайында 29°С. Туздуулугу 36‰. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мге чейин). Балык кармалат. Бермет чогултулат. Кариб деңизи – Панама аркылуу Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү портторду Тынч океандын порттору менен байланыштырган кыска деңиз жолу. Негизги порттору: Маракайбо, Ла-Гуайра (Венесуэла), Барранкилья жана Картахена (Колумбия), Лимон (Коста-Рика), Колон (Панама), Санто-Доминго (Доминика Республикасы), Сантьяго-де-Куба (Куба). Деңиз жээктери – негизги рекреациялык зона, курорттору көп, пляждары жакшы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]