Маракайбо

Википедия дан
Маракайбо.

МаракайбоВенесуэланын түштүк-батышындагы шаар. Сулия штатынын административдик борбору. Маракайбо көлү менен Венесуэла булуңун туташтырган кысыктын жээгинде жайгашкан порт (жылына 70 млн тонна жүк ташылат). Калкы 1,8 млн (2006). Эл аралык аэропорту бар. Нефть өнөр жайлуу аймагынын борбору. Химиялык, нефть-химиялык, цемент, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. 1571-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]