Венесуэла

Wikipedia дан

Венесуэла, Венесуэла Боливар Республикасы Түштүк Американын түндүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Кариб деңизи жана Атлантика океаны менен чулганат. Батышынан жана Түштүк-батышынан Колумбия, түштүгүнөн жана Түштүк-чыгышынан Бразилия, чыгышынан Гайана менен чектешет. Аянты 916,5 миң км2. Калкы 25,3 млн (2006). Борбору Каракас шаары. Мамлекеттик тили испан тили. Акча бирдиги боливар. Венесуэла 23 штаттан, Федерация округунан жана федерация ээликтеринен [Кариб деңизиндеги аралдар тобунан (Лос-Рокес, Лос-Монхес, Лос-Эрманос, Лос-Тестигос ж. б.) жана аралдардан (Ла-Тортуга, Бланкилья, Орчила ж. б.)] турган федерация.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Жерлер

Аянты, миң км2

Калкы,

миң

Административдик

борбору

Федерация округу Штаттары

0,43

1808,9

Каракас

Амасонас

177,6

76,8

Пуэрто-Аякучо

Ансоатеги

43,3

1394,5

Барселона

Апуре

76,5

425,5

Сан-Фернандо-де-Апуре

Арагуа

7,0

1597,0

Маракай

Баринас

35,2

723,6

Баринас

Боливар

240,5

1366,2

Сьюдад-Боливар

Варгас

1,5

302,4

Ла-Гуайра

Гуарико

65,0

688,2

Сан-Хуанде-лос-Моррос

Дельта-Амакуро

40,2

104,9

Тукупита

Карабобо

4,7

2163,0

Валенсия

Кохедес

14,8

288,1

Сан-Карлос

Лара

19,8

1720,3

Баркисимето

Мерида

11,3

778,3

Мерида

Миранда

8,0

2539,6

Лос-Текес

Монагас

28,9

830,5

Матурин

Нуэва-Эспарта

1,15

428,1

Ла-Асунсьон

Португеса

15,2

795,9

Гуанаре

Сукре

11,8

827,4

Кумана

Сулия

63,1

3338,1

Маракайбо

Тачира

11,1

1070,8

Сан-Кристобаль

Трухильо

7,4

653,7

Трухильо

Фалькон

24,8

832,6

Коро

Яракуй

7,1

551,2

Сан-Фелипе

Федерация

ээликтери

0,12

1,9

-


Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Венесуэла федерациялык мамлекет. Азыркы конституциясы 1999-ж. 15-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт (Министрлер Совети) башчысы президент (6 жылга шайланат жана экинчи мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Аткаруу бийлигин президент, вице-президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Өкмөттүн курамын президент түзөт. Венесуэлада көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Бешинчи Республика үчүн кыймыл, Демократиялык аракет, Социал-христиандык партия, Социализмге карай кыймыл, Коммунисттик партия ж. б.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизинен венесуэлалыктар (96%), ошондой эле европеиддер (креолдор), негроиддер, метистер менен мулаттар, индейлер ж. б. жашашат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: аялдарыныкы 77,6, эркектериники 71,3. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 27,6 киши. Христиан динин тутушат. Шаар калкы 88,8% (2005). Ири шаарлары: Каракас, Маракайбо, Валенсия ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Венесуэланын аймагынын 2/3 бөлүгүнө тоолуу рельеф мүнөздүү; батышын Колумбия Анд тоолорунун түндүк-чыгыш тармактары, түндүгүн Кариб Анд кырка тоолору, түштүгүн Гвиана бөксө тоосу, борбордук жана түндүк-батыш бөлүктөрүн Лъянос-Ориноко түздүгү жана Маракайбо ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн батыш чек арасын бойлой орто бийиктиктеги Сьерра-де-Периха кырка тоосу (бийиктиги 3750 мге чейин) созулуп жатат. Маракайбо ойдуңунун Түштүк-чыгыштан бийик Кордильера-де-Мерида кырка тоосу (Боливар чокусу, 5007 м Венесуэланын эң бийик жери), чыгыштан Фалькон-Лара бөксө тоосу (1990 мге чейин) чектеп турат. Ойдуңдун борбордук бөлүгүн ээлеген ири лагуна көлү Маракайбо Венесуэла булуңу менен туташат. Негизинен платформалык, тоолоруна бүктөлүү структуралары мүнөздүү. Венесуэлада нефтинин, газдын, темир кен таштарынын ири запасы топтолгон. Нефтинин запасы боюнча дүйнөдөгү он өлкөнүн ичине кирип, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Нефть-газдын 5 бассейни бар, алардын эң ирилери Маракайбо, Ориноко бассейндери. Темир кен таштарынын запасы боюнча Латын Америкасында 2-орунда; анын ири кендери Карони дарыясынын алабында. Өнөр жайлык маанидеги көмүр кендери Тачира, Ансоатеги, Сулия штаттарында. Боливар штаттында жогорку сапаттагы бокситтин ири кени, Миранда жана Кохедес штаттарында никель кенташтарынын кендери бар. Алмаздын чачыранды кендери Карони жана Ориноко дарыясынын алаптарынан табылган. Венесуэлада ошондой эле жез, коргошун, цинк, марганец, алтын, ильменит ж. б. кендери бар.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Түздүктүү аймагынын басымдуу бөлүгүнө субэкватордук, сезондук нымдуу климат мүнөздүү. Жаанчыл сезон (инвьерно деп аталат) апрелден ноябрга, кургакчыл, ысык сезон (верано) ноябрдан апрелге чейин созулат. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 800-1200 мм, айлык орточо температурасы жыл бою анча өзгөрбөйт, 25-29°С. Венесуэланын Түндүк бөлүгүнүн түздүктүү жана дөбө-дөңсөөлүү жээгинин климаты субэкватордук, кургакчыл (жаан-чачыны 280-400 мм, жылдык орточо температурасы 28°Сге жетет). Ориноко дарыясынын жогорку агымынын алабында жана Гвиана бөксө тоосунун ага караган капталдарындагы климат экватордук, дайыма нымдуу; жылдык жаан-чачыны 2500-3000 мм. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Айлык орточо температурасы бийиктеген сайын төмөндөйт: 800-1200 м бийиктикте 18-22°С, 2500-3000 м. бийиктиктен өйдө 10°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү айдарым капталдарда 3000-3500 ммге чейин жетсе, ал эми түштүк жана түштүк-батыш ылымта капталдары жана тоо аралык өрөөндөргө караган беттери кыйла кургакчыл. Кар чегинин бийиктиги Кордильера-де-Мерида тоолорунда 4700 м.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Дарыя тармагы өтө жыш; алар негизинен Ориноко д-нын алабына кирет, жайында ташкындап, жаанчыл сезондо жүздөгөн км2 аянтты каптап кетет. Ориноконун Гвиана бөксөтоосунан башталган оң куймаларынын (Карони, Каура ж. б.) нуктары босоголуу, шаркыратмалар көп; анын ичинде дүйнөдөгү эң ири шаркыратма Анхель да бар. Өтө зор суу-энергетикалык потенциалынын бир аз бөлүгү гана пайдаланылат. Карони дарыясында суу-энергетикалык максатта курулган Гури суусактагычы дүйнөдөгү 10 ири суу сактагычтын катарына кирет. Венесуэланын түштүгүндө Түштүк Американын эң ири эки суу системасы табигый туташат: Ориноконун жогорку агымында андан Касикъяре дарыясы бөлүнүп, Амазонканын сол куймасы Риу-Негруга кошулат. Өлкөдө 200дөн ашык көл бар; алардын эң ирилери: Маракайбо ж. б. көптөгөн лагуна-көлдөр, Кариб Анд тоолорундагы өрөөндө жайгашкан Валенсия көлү ж. б. Суу ресурстарынын 1 % гана чарбада пайдаланылат. Венесуэланын аймагынын басымдуу бөлүгүнө кызыл ферраллит, түштүгүнө жана түштүк-батышына кызгылт-сары жана сары ферраллит, көбүнчө күлдөшкөн, Ориноко дарыясынын өрөөнүнө, Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүнө гидроморфтук глей жана саз топурактары, Венесуэла булуңунун жээктерине феррозём мүнөздүү. Венесуэланын аймагынын 56% ин токой ээлейт; жыл сайын токой аянты 2,2 миң км2ге азаюуда. Венесуэланын түштүгүн жана түштүк-батышын гилей, Ориноко дарыясынын дельтасын жана Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүн мезгил-мезгили менен суу астында калган дайыма жашыл токой жана саз, жээктерин мангр токою ээлейт. Кордильера-де-Мерида, Кариб Анд тоолорунун жана Гвиана бөксөтоосунун капталдарына 800-1200 м бийиктикке чейин жалбырагын күбүүчү жана жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл токойлор (анакардиум, сейба же пахта дарагы, айдарым капталдарында дайыма жашыл токойдун баалуу дарактары, анын ичинде хинн дарагы, цедрел, воск пальмасы, папоротниктер, эпифиттер) мүнөздүү. Токойдон жогору (2200 мден өйдө) Кариб Анд тоолорунун кыры чөп өсүмдүктөрү жыш өскөн жана суйдаң бадалдуу шалбаа субпарамос, Кордильера-деМериданын бийик бөлүктөрү кылкандуу жана жаздык сымал өсүмдүктүү парамос менен капталган. Саваннанын ири массивдери Льянос-Ориноконун түздүктөрүндө кездешет. Венесуэлада жалпы аянты 53,5 млн га болгон коргоого алынган 176 аймак бар (2005), анын ичинде Канайма (Бүткүл дүйнөлүк мураска катталган), Серрания-де-Неблина улуттук парктары.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыртан бери Венесуэланын аймагын алгачкы жамааттык коомдун ар кайсы баскычында турган индей уруулары мекендеп келген. 1498-ж. бул аймак Колумб тарабынан европалыктар үчүн ачылган. «Венесуэла» аталышы «Кичи Венеция» дегенди билдирген. Бул мезгилде Венесуэланын 16-кылымдан испаниялык конкистадорлор Венесуэланы колониялай баштап, жергиликтүү урууларды кыра башташкан. Колонизаторлор балкамыш, пахта, тамеки плантацияларын түзүшкөн, бир катар шаарларды курушкан. Африкадан негр кулдарды алып келишкен. Испаниянын колониялык эзүүсү эл массасынын нааразылыгын пайда кылып, улуттук-боштондук кыймылын күчөткөн. 17-кылымдын 2-жарымынан көтөрүлүштөр чыга баштаган. 1810-жылдан 1920-жылга чейинки улуттук-боштондук күрөштө В. Испаниянын эзүүсүнөн бошонгон. Испан колонизаторлоруна каршы согушту С. Боливар жетектеп, 1821-ж. англичандардын жардамы менен Карабободо жеңишке жетишкен. 1830-ж. толук көз каранды эместикке жетишкенге чейин В. Колумбия, Эквадор жана Панама менен бирдикте Улуу Колумбиянын курамында келген. 1830-ж. өз алдынча көз каранды эмес мамлекет катары түзүлгөндөн кийин, бир катар революцияларды жана диктатураларды башынан өткөргөн. 19-кылымдын 70-жылдарынан баштап Венесуэлага чет өлкөлүк капитал келе баштаган. Көбүнчө АКШ менен Англиянын капиталы кирген. Нефтини өндүрүүнүн башталышы менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал бир кыйла жакшырган. Нефтини экспорттоонун жана АКШнын экономикалык жардамы аркасында 20-кылымдын экинчи жарымында Венесуэла экономикалык жактан бир кыйла жогорулай баштаган. Венесуэла 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Германия, Италия, Япония менен мамилесин үзүп, 1945-ж. февралда Германия менен Японияга согуш жарыялаган. 1945-ж. октябрда мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийликке Демократиялык аракет партиясы келип, баштагыдан бир кыйла демократиялуу конституция кабыл алган. 1948-ж. ноябрда америкалык нефть монополиясы колдогон аскердик хунта төңкөрүш жасап, бардык демократиялык жеңиштерди жок кылды. Венесуэланын саясий жана экономикалык жактан АКШга көз карандылыгы күчөгөн. АКШнын 1956-57-ж. нефть чыгуучу 1 млн га жерди концессияга алышы, айрым социалдык катмарлардын, асыресе улуттук буржуазиянын нааразылыгын туудурган. Куралдуу көтөрүлүштүн натыйжасында 1958-ж. аскердик хунтанын башчысы Хименес бийликтен кулап, бурж. демократия калыбына келтирилди, саясий партиялар ачыкка чыкты. Р. Бетанкурдун өкмөтү (1959-64) АКШнын монополиялары менен кайра келише баштаган. Президент Р. Леони (1964-68) Р. Бетанкурдун саясатын уланткан. Социал-христиан партиясынын (1946-ж. негизделген) өкүлү Р. Кальдеранын өкмөтү (1969-73) өлкөнүн улуттук мүдөөсүн сактоо үчүн бир катар чаралар жүргүзүп, экономикада мамлекеттик сектордун ролун күчөткөн. Демократиялык аракет партиясынын (1941-ж. негпзделген) өкүлү К. Андрес Перес 1974-жылдын мартында президенттикке шайланды. 1975-ж. өкмөт нефть жана кен өндүрүү тармагын мамлекеттик менчикке алган. 80-жылдардагы экономикалык жана финансы кризиси өкмөттү катуу үнөмдөө саясатын жүргүзүүгө мажбурлаган. 1988-ж. президент болуп дайындалган К. А. Перестин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) тарабынан сунушталган либералдык методдордун жардамы менен реформа жүргүзүү аракети баалардын өсүшүнө жана массалык жумушсуздукка алып келген. 1992-ж. 4-февралда подполковник У. Чавес жетектеген офицердик жашыруун уюмдун төңкөрүш жасоо аракети ийгиликсиз аяктап, катышуучулары камакка алынган. Бирок венесуэлалыктардын өкмөттүн саясатына каршылык көрсөтүүсү улантыла берген. 1993-ж. президент Перес коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүп, парламенттин чечими менен бийликтен четтетилген. Андан кийин президенттикке шайланган К. Родригестин өкмөтүнүн өлкөнү кризистен чыгаруу аракети да натыйжа алып келген эмес. 1998-ж. президент болуп У. Чавес шайланган. 2000-ж. өлкөнүн аталышы Венесуэла Боливар Республикасы (С. Боливардын урматына) деп өзгөртүлгөн. У. Чавестин өкмөтү эконом. жана соцпалдык чөйрөдө мамлекеттин ролун бекемдөө саясатын жүргүзүп, агрардык реформа башталган. 2002-ж. апрелде Чавестин каршылаштары мамл. төңкөрүш жасоого аракеттенишип, бирок калктын массалык каршылыгына дуушар болушкан. 2005-жылдан тартып ал өлкөдө «венесуэлалык социализмди » курууну камсыз кылууга багытталган социалдык ишканалар деп аталган ишканаларды түзгөн. Эларалык аренада Чавестин өкмөтү АКШнын Кубаны блокадалоосуна каршы чыгып, мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу мамилелерди орнотуу үчүн чыгууда. 2005-жылдын 5-декабрында Улуттук ассамблеяга болгон шайлоодо Чавести колдогон патриоттук күчтөр Бешинчи республика үчүн Кыймылга биригишип, 89% (167 орундун 114ү) добушка ээ болуу менен ишенимдүү жеңишке жетпшишти.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 161,7 млрд долларды түзөт; киши башына бөлүштүргөндө 6400 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүүсү 8,3% (2005). Өнөржайы ИДПнин 48,2% ин, тейлөө чөйрөсү 47,2%пн, айыл жана токой чарбалары, балык уулоо 4,6%пн түзөт (2005). Венесуэлада нефть жана нефть продуктуларын, темир кен ташынын концентраттарын, болот, боксит, глинозём жана алгачкы алюминийди өндүрүү өнүккөн; аларга караганда машина куруу, жеңил жана токой өнөр жайлары артта калган. Туризм, айрыкча пляж туризми активдүү өнүккөн (жылына 600 миңден ашуун турист келет; туризмден түшкөн киреше 700 млн долларды түзөт). Венесуэланын эң жакшы пляждары Кариб деңизинин жээгинде, Ла-Гуайра аймагында жайгашкан. Венесуэланын экономикасынын негизин нефть өнөр жайы түзөт. Нефть өндүрүү боюнча Латын Америкасында 2-орунда (Мексикадан кийин), дүйнөдө 6-8-орунда. Нефть куур аркылуу Венесуэла булуңундагы деңиз портторуна ташылат. Нефть иштетүүчү заводдорунун кубаттуулугу боюнча (59 млн тдай) Венесуэла Латын Америкасында Бразилия менен Мексикадан кийин 3-орунда турат. Табигый газ өндүрүү боюнча Венесуэла Латын Америкасында 3-орунда (Мексика менен Аргентинадан кийин) турат. Венесуэла көмүрдүн запасы боюнча Латын Америкасында экинчи (Колумбиядан кийин), көмүр казып алуу боюнча үчүнчү (жылына 8,5 млн тдай; Колумбия менен Бразилиядан кийин) орунда. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү экспортко чыгарылат. Венесуэланын электр-энергетика тармагы өнүккөн. Электр станцияларынын кубаттуулугу 21,23 МВт (2002). 2004-ж. 87,6 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын пайдаланылганы 81,5 млрд кВт/с электр энергиясынын 65%ке жакыны ГЭСке таандык. Өнөр жайынын негизги тармактарынын бири кара металлургия. Венесуэлада темир кен таштарынын ири запасы бар. Алар негизинен ачык жол менен карьерден казып алынат. Түстүү металлургияда боксит жана алюминий өндүрүлөт. Химия өнөр жайынын негизги тармагы нефть-химия. Ири нефть-химия комплекстери: Эль-Табласо (Сулия штатында, пластмасса, жер семирткичтер), Ансоатеги (Ансоатеги штатында, метанол), Морон (Карабобо штатында жер семирткич, күкүрт кислотасы, жардыргыч заттар). Башка тармактардан фармацевтика, парфюмерия-косметика, фотохимия өнүккөн. Машпна куруу өнөр жайынын тармактары жеңил машина куруу (негизинен автомобиль кураштыруу, автомобиль кыймылдаткычтарын жана тетиктерин жасоо), трактор куруу, электр-техникалык жабдуулары, айыл чарба техникасы, аспаптарды жана тиричилик электр-приборлорун өндүрүү. Тамак-аш, текстиль, булгаары-буткийим, жыгаччылык жана эмерек өнөр жай тармактарына жалпы өнөр жай наркынын 1/3и туура келет. Өлкөнүн жалпы аянтынан 24,6%ин айыл чарбага жарактуу жери түзсө, анын ичинде 14,8% айдоо жерлер, 3,2% бак-дарактар, 82,% жайыт. Айдоо жерлеринин 2/3си өлкөнүн көтөрүңкү жана тоолуу түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Айыл чарбанын негизги товардык өсүмдүктөрү: кофе, какао, балкамыш. Көтөрүңкү жана тоолуу аймактарда акжүгөрү, маниок, ямс, картошка, төө буурчак жана буурчак, жашылча, банан, кокос пальмасы (Кариб деңизинин жээгинде), цитрус өсүмдүктөрү, ананас, манго, папайя ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасынын негизги тармагы уй чарбасы (айрыкча эт багытындагы;) негизинен Льяностун табигый өскүлөң чөп өсүмдүктүү жайыттарында өнүккөн. Валенсия көлүнүн ойдуңуна эт-сүт багытында уй чарбасы мүнөздүү. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк мүнөздүү райондордо, ири шаарлардын тегерегинде чочко (5,4 млндой баш) жана үйкуштары, дөбө-дөңсөөлүү жана тоолуу жайыттарда кой, эчки асыралат. Балык (жылына 0,5 млн одай; макрель, кефаль, сардина, тунец, сельдь, деңиз окуну) Кариб деңизинин жээк сууларынан, лангуст жана краб Кариб деңизинен, креветка (негизинен экспорттолот) Венесуэла булуңунан кармалат. Транспорттун негизги түрү автомобиль. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 96,2 миң км, анын ичинде 32,3 миң км асфальтталган (2004). Негизги автомагистралдары (Баркисимето Валенсия Маракай Каракас Лос-Текес; Барселона Эль-Тигре) өлкөнүн түндүгүндөгү ири шаарларды бири-бири менен, деңиз портторун (Каракас Ла-Гуайра, Баркисимето Пуэрто-Кабельо ж. б.), ошондой эле өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ири борборлорду Сьюдад-Боливар Сьюдад-Гуаяна шаарлар менен байланыштырат. Темир жолу начар өнүккөн; анын узундугу 682 км (2004). Деңиз транспорттору аркылуу (сырткы сооданын 90%тен ашыгы) сыртка нефть жана нефть продуктулары, кенташ концентраттары жана металлдар ташылат. Тармактанган куур транспорту бар: нефть куурунун узундугу 6370 км, нефть продуктуларыныкы 480 км, табигый газдыкы 4010 км. Өлкөдө 369 аэропорт бар (2004). Ири 10 эларалык аэропорту Майкетия, Валенсия, Баркисимето, Маракайбо шаарында жайгашкан. Экспортунда нефть жана нефть продуктулары, металл (болот, алюминий), химиялык товарлар басымдуу; ошондой эле минералдык сырьёлор, айыл чарба продукцияларынан тропик мөмө-жемиштери (манго, ананас), кофе, какао, кант чыгарылат. Негизги сатып алуучулары: АКШ, Колумбия, Мексика, Эквадор. Импортук өнөр жай жабдууларын, химиялык товарларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк жана өсүмдүк продукцияларын, кагаз жана башкаларды, АКШдан, Бразилиядан, Колумбиядан, Германиядан, Япониядан алат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Венесуэлада жашаган индейлердин байыркы искусствосунан таш жана аска бетине түшүрүлгөн ар түрдүү айбанаттар менен адамдардын келбетин чагылдырган сүрөттөр сакталган. 16-18-кылымда кооз 3-нефтүү төбөсү жыгач чиркөөлөр, жыгач балкондуу, бышкан кыш, таштан салынган үйлөр, шаарлар курула баштаган. 20-кылымдын ортосунда азыркы архитектуралык стилдеги комплекстүү жаңы райондор, ансамблдер пайда болгон. 19-кылымда портреттик, жанрдык жана тарыхый сүрөттөр (М. Товар-и-Товар, А. Мичелена, Т. Салас) жана скульптура (М. Гонсалес) өнүгөт. 20-кылымдагы Венесуэла искусствосундагы реализм Т. Саластын тарыхый сүрөттөрүнөн, Ф. Брандт, Р. Монастерьос, А. Реверондордун пейзаждарынан, П. А. Гонсалестин графикасынан айкын көрүндү. Живописчи Э. Полео, скульптор Ф. Нарваэс элдик стилдеги образдарды жаратышты. 20-кылымдын аягы - 21-кылымдын башында Венесуэла искусствосунда графика, карапа чоң мааниге ээ боло баштады.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

1600-ж. Каракаста биринчи театрлаштырылган оюн коюлган. 17-кылымда шаардын аянттарында жана чиркөөлөрдө оюндар көрсөтүлгөн. Биринчи театр имараты 1784-ж. Каракаста салынган. 17-18-кылымда көбүнчө Лопе Ф. де Веги Карпьо, П. Кальдерон де ла Барки ж. б. испан драматургдарынын пьесалары коюлган. Вольтер, Мольер, Р. Б. Шеридан ж. б. авторлордун пьесалары которулган. 1853-ж. биринчи жолу Маракайбодо венесуэлалык автордун «Уятсыз, сараң жана жалкоо» деген комедиясы коюлган. X. А. Майтиндин, X. Помптун, Р. Агатинин драматургиясы романтизм агымында калыптанган. 20-к-дагы театр турмушу музыкалык комедия жанрынын гүлдөшү менен байланыштуу. 1938-ж. драматургиясынын негиздөөчүсү С. Ренхифонун «Эл эмне үчүн ырдайт» драмасы жарык көргөн. 1952-ж. Ренхифо «Маскарас» труппасын уюштуруп, режиссер катары чыккан. Венесуэланын театр турмушунда Венесуэла театр ассоциациясынын (1954) уюштурулушу чоң мааниге ээ болгон. 1984-ж. Каракаста мамлекеттик театр Улуттук драма труппасы И. Чокрондун жетекчилиги менен уюшгурулган. 1983-ж. Каракаста «Сесар Ренхифо» Улуттук сахна искусствосунун мектеби ачылган. 1959-жылдан Улуттук театр фестивалдары, 1978-жылдан эл аралык театр фестивалдары өткөрүлгөн.

Кино искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

1909-ж. Венесуэла биринчи кыска метраждуу «Каракастагы карнавал» фильми, 1913-ж. толук метраждуу «Камелия кармаган аял» фильми тартылган. Биринчи үндүү фильмдери «Табога» (1937), «Жарылуу» (1939). Фильмдердин арасынан аргентиналык жана Түндүк-амер. үлгүдөгү, курч мүнөздөгү «Көчөдөн келген Хуан» фильми (1941) өзгөчөлөнүп турат. 1948-ж. б. латын америкалык өлкөлөр менен бирдикте «Боливар фильм» студиясы уюштурулган. «Шайтан бул периште» (1949)жана «Исабель» яхтасы бүгүн кечинде келет» (1951 Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы) фильмдери тартылган. М. Перес Хименестин диктатурасынын мезгилинде (195258) Венесуэла киносу терең кризиске учураган. 1958-ж. реж. М. Бенасерраф жумушчулар тууралуу «Арайя» (Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы) даректүү фильмин тарткан. 1963-ж. улуттук кинонун биринчи фестивалы өткөн. 1960-ж. бир топ режиссёрлор өлкөнүн турмушу жөнүндө маанилүү маселелерди козгогон фильмдер тартышкан. «Сизди караган шаар» жана «Балдар айтпайт» (реж. X. Э. Гедес, 1966, 1968), «Каракастын элеси» (реж. X. Борхес, 1968), «Венесуэла» (реж. X. Соле, 1969) ж. б. Эл аралык мааниге ээ болгон фильмдер: «Үйлөнүү тою» (реж. Т. Урхельес, 1982), «Мен келатам» (реж. Ф. Рубартелли, 1984), «Айтып койгула, мени өлтүрүшпөсүн» (реж. Ф. Сисо, 1984) ж. б. 20-21-кылымдын башындагы белгилүү режиссёрлору: К. Отейса («Жүрөк үяү», 1995), А. Альверо Мендос («Бир өмүр жана эки тапшырма», 1996), Д. Рискес («Мануэла Саенс», 2000), Э. Шнайдер («Чегарадагы чекит», 2004).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]