Президент

Википедия дан

Аткаруу бийлиги

Мамлекет башчы

ДиктаторМонархПрезидент

Өкмөт

Өкмөт башчысыКанцлерАткаруу бийлигинин башчысыПремьер-министрМинистрлер кабинетиМинистрликМинистр

Башкаруу формасы

Президенттик башкаруу системасыАралаш башкаруу системасыПарламенттик башкаруу системасыПарламенттик демократия (Вестминстер системасы) • Парламенттик монархияПарламенттик республика

Тизмелер

Президенттердин тизмесиМамлекет башчыларынын тизмесиӨкмөттөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик

ГубернаторМэрАкимАйыл башчы

Президент (лат. - алдыда олтуруучу)

  • 1. шайлануучу мамлекет башчысы, ажо;
  • 2. мекемени, коомду жетектөө үчүн шайланган төрага;
  • 3. корпорациянын, компаниянын жогорку кызматтагы башкаруучусу.

Кыргызстан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы 22–30-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кезексиз сессиясында биринчи жолу президент маселеси каралган. 1990-жылы 24-октябрда «Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, 27-октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаевди шайлоо менен коллегиялдуу мамлекет башчысынын ордуна жеке кызмат оруну – президент киргизилген. Парламент шайлаган президенттин ыйгарым укуктарын, президенттик бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы 12-октябрда көз карандысыз, эгемендүү мамл. башчысы мамл. түзүлүш жөнүндөгү маселени чечкен. 1993-ж. 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу менен совет системасы толугу менен жоюлуп, президенттик бийлик орногон. 1995-жылы 24-декабрда элдик шайлоо жолу менен Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев шайланган. Бул Конституцияга ылайык президенттин биринчи мөөнөтү деп эсептелген. 1996-жылы 10-февралда өткөрүлгөн референдумдун негизинде президент статусунун өзгөрүлүшү менен президенттик «күчтүү» бийлик орноп, Кыргыз Республикасы парламенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн. 2000-жылы 29-октябрда президентикке Аскар Акаев экинчи мөөнөткө кайра шайланган. 2003-жылы 2-февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлдү.
2004- жылдын 24-мартында элдик революция болуп, президенттикке Курманбек Бакиев дайындалган.
2008- жылдын 28- июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда да К. Бакиев жеңип чыккан.

2010-жылдын 7- апрелинде кайра элдик революция болуп, бийликке убактылуу өкмөт келип, президенттикке Роза Отунбаева келет.

2011–жылы декабрь айында Р.Отунбаева бийликти шайлоонун негизинде утуп чыккан Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.