Референдум

Википедия дан

Референдум (лат. referendum – кабарлана турган нерсе) - конституциялык, мыйзам чыгаруучу, ички жана тышкы саясий суроолор боюнча акыркы чечим чыгаруу үчүн шайлоочу корпуска кайрылуу. Референдумдун башкы мазмундуу белгиси – мамлекеттик мыйзам чыгаруу бийлигинин түздөн-түз эл тарабынан ишке ашырылышы. Референдумдун объектиси болуп мыйзам, мыйзам долбоору, конституция, конституцияга толуктоолор, эл аралык статустун же өлкөнүн ички саясий турмушу боюнча маселелер эсептелет. Референдумдун мазмуну, шарттары жана процедурасы өлкөнүн конституциясы жана мыйзамдары менен тартипке келтирилет. Референдум процедурасы көп жерде шайлоолордун процедурасы менен дал келет: шайлоолордо да, референдумда да шайлоочулар катышат. Негизги айырмачылыктары: шайлоонун объектиси болуп депутаттыкка же шайланма кызматка (президент, губернатор ж. б.) талапкерлер эсептелсе, референдум объектиси – бир маанилүү маселени чечүү үчүн жүргүзүлгөн суроо болот.

Референдумду төмөндөгүчө бөлүшөт:

  • а) бүткүл мамлекеттин масштабында жүргүзүлгөн жалпы улуттук жана администрациялык-аймактык бирдиктердин чегинде жүргүзүлгөн жергиликтүү;
  • б) конституциянын долбоору, конституциялык реформа, конституцияга толуктоо боюнча жүргүзүлгөн – конституциялык жана мыйзамдуу долбоору жана күчүнө кирген мыйзамдар боюнча жүргүзүлгөн – мыйзам чыгаруучу;
  • в) маанилүү эл аралык суроолорду же курч ички-саясий проблемаларды чечүүдө шайлоочулардын эркин билүү максатында – консультативдик;
  • г) жүргүзүү зарылчылыгы мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттүү жүргүзүлүшү өкмөттүн же шайлоочулардын эркине баш ийген – факультативдик.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдердин юридикалык күчү эки башка. Мисалы, милдеттүү референдумдун чечимдери тез аранын ичинде юридикалык натыйжалары менен күчүнө кирсе, консультативдик референдумдун чечимдери мамлекеттик органдар тарабынан чечим чыгарууда гана эске алынат. Референдум жүргүзүү демилгеси жалпы улуттук суроону чечүүдө парламенттен же мамлекет башчысынан, жер-жерлердеги суроолорду чечүүдө жергиликтүү бийликтерден, референдум макул болгондордун саны мыйзамга ылайык болгондо шайлоочулардан чыгат. Референдум жүргүзүү укугу мыйзам менен тескелет. Референдум көп мамлекеттерде практикаланат. ХХ к. жалпы улуттук референдум жүргүзүлгөн өлкөлөр: Европада 100дөн ашуун, Африка жана Ортоңку Чыгышта – 50дөн ашуун, Азияда – жыйырмага жакын, Америкада – отузга жакын, Австралияда жана Океанияда – элүүгө жакын. Референдумда коюлган маселелер ар түрдүү монархияны сактап калуу же башкаруунун республикалык формасын орнотуу (Италия, Болгария, Греция), президентти парламент аркылуу же түз шайлоочулардын добуш берүүсү аркылуу шайлоо (Франция); саясий система бир партиялуу же көп партиялуу болушу керек (Алжир), Пиночетти мамлекет башчысына 9 жылга бекитүү милдеттүү (Чили), өлкөнүн НАТОдо катышуу шарттары жөнүндө (Испания). Жалпы рынокко кирүү жөнүндө (Иордания), конституцияны жана ага толуктоолорду бекитүү жөнүндө (Франция, Болгария, ГДР) ж.б. Кыргыз Республикасында 1994-ж. эки жолу (30-январда жана 22-октябрда) референдум өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9