Монархия

Википедия дан

Монархия(Падышалык) (Monarchs <monos – жалгыз + archos < башкаруучу) – мамлекеттик башкаруунун бир формасы; мамлекеттик бийлик жеке бир адамдын колунда болот.

Бийлик мураска калат. Тарыхта Монархиянын алгачкы формасы абсолюттук Монархия болгон. Ага кандайдыр бир өкүлчүлүк мекемелеринин жоктугу менен катар эле бардык мамлекеттик бийликтин монархтын, падыша, хан, император ж. б. колунда топтолушу мүнөздүү. Бүгүнкү күндө, 40 ашуун Монархия өкүм сүрүүдө; Монархиянын негизин конституциялык: монархтын укуктары жана полномочиелери өлкөнүн конституциялары тарабынан чектелип турат. Абсолюттук Монархия айрым өлкөлөрдө: Сауд Аравиясында, Катарда, Оманда, ОАЭда сакталып калган. Конституциялык монархиялар эки түрдө: дуалисттик жана парламенттик функцияларды аткарышат. Дуалисттик Монархия артта калган өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Ал жерлерде феодализмдин калдыктары дале да болсо зор ролду ойноп, буржуазиянын экономикалык жана саясий позициялары алсызыраак. Дуалисттик Монархия негизинде начарлап жаткан феодализм менен күч алып аткан буржуазиянын ортосундагы компромисс. Саясий мекемелердин эки тиби – феодалдык Монархия жана буржуазиялык парламент өз ара мамлекеттик бийликти бөлүштүрүшөт.

Буржуазиялык мамилелердин орношу менен дуалисттик Монархия парламенттик Монархияга же республикага өсүп жетет. Бүгүнкү күндөгү Монархия көпчүлүгү парламенттик. Монархтын бийлиги мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкаруу, өкмөттү көзөмөлгө алуу сыяктуу тармактарында чектелет. Монарх өкмөт башчысынын жана министрлерди дайындоо укугун сактап калган. Бирок, алар да парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген партиялык фракциялардын сунушу боюнча болот. Өкмөт монархтын өкмөтү деп эсептелет, бирок парламенттик жол менен түзүлүп, парламенттин алдында гана жооп берет. Монарх чыгарган мамлекеттик актынын бардыгы ылайык келген министрдин макулдугунан соң юридикалык күчкө ээ болот. Өнүккөн өлкөлөрдө монархтар коомду мамлекеттик башкарууда анча деле маанилүү эмес. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө монархтар церемониялык укуктарга ээ болуп, жөн гана символикалык фигура бойдон калышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9