Италия

Wikipedia дан
Италия.
Flag of Italy.svg

Италия, Италиян Республикасы – Европанын түштүгүндөгү мамлекет, Жер Ортолук деңиздин алабында. Апеннин жарым аралын, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түштүк капталдарын, Сицилия, Сардиния ошондой эле майда аралдарды ээлейт. Италия – Франция, Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино жана Ватикан менен чектешет. Батышынан Лигурия жана Тиррен, түштүгүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери менен чулганат. Аянты 301,3 миң км2. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – Рим. Акча бирдиги – евро (2000-ж. чейин лира). Расмий тили – италян тили. Италиянын аймагы адатта 3 тарыхый-экономикалык аймакка бөлүнөт: Түндүк, Борбордук жана Түштүк Администрациялык-аймактык жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт.

БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1958–67-ж. Европа экономикалык кызматташтыгы; 1967–92-ж. Европа кызматташтыгы), НАТОнун (1949), Евратомдун (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Италия унитардык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1947-ж. 22-декабрда кабыл алынган. Мамлекет башчысы президент. Аны парламент эки палатанын биргелешкен жыйынында 7 жылдык мөөнөткө шайлайт. Президент премьер-министрди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Сенат жана Депутаттар палатасы), аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңешине таандык.

Саясий партиялары: Христиан-демократиялык партиясы, Солчул күчтөрдүн демократиялык партиясы (мурдагы Италия коммунисттик партиясы).

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Италия аймагы материкте (ири орографиялык объектилери Альп тоолору, Падан туздугу ж. б.), жарым аралда (Аленнин жарым аралы) жана аралдарда (Сицилия, Сардиния, ошондой эле Тоскана архипелагы, анын ичинде Эльба а., Кампано архипелагы, Капри аралы, Липари аралдары, Пантеллерия а. ж. б. көптөгөн майда аралдар) жайгашкан тоолуу өлкө. Батыш Альп тоолорунда анын, ошондой эле Италиянын эң бийик чокусу Монблан жайгашкан, бийиктиги 4807 м. Апеннин жарым аралынын басымдуу бөлүгүн Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт. Өлкөнүн түштүгүндө аракеттеги (Этна, Везувий) жана өчкөн жанар тоолор бар. Италия Альп-Гималай кыймылдуу облусунда жайгашкан; жер титирөө тез-тез болуп турат. Коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, ошондой эле марганец, сымап, сурьма, боксит, күрөң көмүр, нефть жана табигый газ ж. б. кендери бар. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):

Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл жана ысык, июлдун орточо температурасы 23–26°С, түштүктөн соккон сирокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу жана жаанчыл, январдын орточо температурасы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоолордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидро ресурска бай, сугатка жана кеме жүрүү үчүн пайдаланылат. По (Италиядагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. дарыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борбордук жана Түштүк Италиядагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис жана гарига, айрым жерлерде эмен, каштан жана бук токою, пиния жана альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңгээлинен 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) жана жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп жана альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) жана айрым жерлери шалбаа өсүмдүктөрү менен капталган.

Италияда жалпы 2,9 млн га жерди ээлеген коргоого алынган 772 табигый аймак уюшулган; анын ичинде жалпы аянты 1,34 млн га болгон 22 улуттук парк бар, алардын эң алгачкылары жана белгилүүлөрү – Гран-Парадизо (1922), Чирчео (1934) улуттук парктары. Тиррен жана Адрия деңиздеринин жээктеринде Европанын көптөгөн келгин куштары кыштайт. Ошого байланыштуу коргоого алынган 48 аймак эл аралык маанидеги суу-саздуу жер болуп саналат. Коргоого алынган деңиз мейкиндиктери, анын ичинде ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген Мирамаре деңиз паркы 2,8 млн га аянтты ээлейт. Липари аралы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Италяндар өлкөнүн калкынын 92,5%ин түзөт, анын ичинде сицилиялыктар 8,3%, сардиниялыктар 2,3%. Төрөлүү мурда өтө жогору (1970-ж. 1000 адамга 16,5 бала туура келген) болгон, азыр Италия төрөлүү деңгээли боюнча (1000 адамга 8,5 бала) Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен акыркы орундардын бирин ээлейт. Өлүм-житим (10,5 адам) төрөлүүдөн ашат. Италиянын калкы Европа жана дүйнөдөгү эң картаң калк (орточо жашы 42 жыл). Калктын курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 13,8%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 66,4%ти, 65 жаштан ашкандар 19,9%ти түзөт (2007). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 196дан ашык киши туура келет. Падан түздүгү менен Тиррен жана Адрия деңиздеринин жээктеринде калк жыш (1 км2 жерге 400 адамдан ашык), Түндүк жана борбордук тоолуу аймактарда, Сардиния аралында сейрек отурукташкан. Шаар калкы 67,6% (2005). Ири шаарлары (2008): Рим (калкы 2,5 млн; шаар айланасы менен 3,9 млн), Милан (1,3 млн; 4,3 млн), Неаполь (965,4 миң; 3,8 млн), Палермо (652,9 миң; 1,0 млн), Генуя (588,4 миң; 689,6 миң). Италиянын калкынын 90%и католиктер, 5%и башка конфессиялардын өкүлдөрү, негизинен мусулмандар менен иудейлер.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Capitoline she-wolf Musei Capitolini MC1181.jpg
117.

Италиянын аймагында адам палеолит доорунда жашай баштаган. Коло (биздин заманга чейинки 2-миң жылдык) жана темир доорлорунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) жашаган лигури, этруск, италик урууларына таандык бир катар археологиялык маданияттар калган. Латындар менен сабиндер (италик уруусунан) биздин заманга чейинки 6-кылымдын ортосунда Римди негиздеген. 5–3-кылымда Апеннин жарым аралын караткан соң, биздин заманга чейинки 2-кылымда ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. Рим байыркы). Кул ээлик системанын кризиси (биздин замандын 3-кылымынан) жана варварлардын 4–5-кылымдардагы кысымы 476-ж. Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. Италияда 493–554-ж. остготтор (борбордук Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-ж. Италиянын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түндүк Италияны 568-ж. лангобарддар басып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алардын тушунда кул ээлик система бузулуп, эркин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган.

Италия айрым феодалдык ээликтерге бытырап, герман королу Оттон 1чинин баскынчыл жортуулдарынын (951, 961–62) натыйжасында 962-ж. Ыйык Рим империясынын курамына киргизилген. 11–12-кылымдарда Италия рим папасы менен герман императорлорунун талашына түшкөн.

Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экономикалык күч-кубатын чыңдаган жана алардын көбү 11–12-кылымдарда өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. шаарда коммуналар түзүлүп, бийлик патрицийлер менен көпөстөргө өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында италиялык шаар-коммуналар Европа менен Чыгыштын ортосундагы негизги соода борборуна айланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири коммуналар иш жүзүндө көз карандысыз республика болгон. 8-кылымдан арабдар сурап турган Түштүк Италия менен Сицилияны 11-кылымда норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штауфендин (ошол кезде герман императору да болгон) Орто Италия шаарларын каратуу үчүн 13-кылымдын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпаган. Түштүк Италияны 13-кылымдын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14-кылымдын башында Сицилия, 15-кылымдын ортосунда Түштүк Италия испандык Арагон королдугунун курамына киргизилген. Италиялык шаарлардын экономикалык жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн өнүгүшү Италияда (14–15-кылымда эле) капиталисттик мамилелердин пайда болушуна алып келген. Италиядагы шаар турмушунун гүлдөшү, капиталисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-кылымда соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан Италиянын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испания менен Франциянын Италия үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында Италия аймагынын кыйла бөлүгүндө чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун баары 16-кылымдын 2-жарымында Италияда феодалдык-католиктик реакциянын башталышын шарттап, социалдык карама-каршылыктын кескин курчушуна (Түштүк Италиядагы 17-кылымдын 1-жарымындагы көтөрүлүш), 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында Испания (1701–14), Польша (1733–35), Австрия (1740–48) мурастары үчүн Италиянын аймагында болгон согуштар анын саясий жана экономикалык жактан начарлашына алып келген. Италия жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-кылымдын 2-жарымында Италиянын экономикасы жанданып, капиталисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. Италиялык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанжери ж. б.) феодалдык тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу Италиялык мамлекеттерде агартуу абсолютизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн.

18-кылымдын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кыймылы Рисоржименто (италиялык Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абсолюттук тартипке каршы чыгып, буржуазиялык түзүлүштү орнотуу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү Италияны түзүүдө революциячыл Франциядан жардам алууга үмүттөнгөн. Бонапарттын Италияга жортуулдарынан (1796–97) кийин анда Францияга көз каранды бир нече республика түзүлүп, буржуазиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок франциялык администрациянын талоончул саясаты Италиянын экономикалык өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. Вена конгресси (181415) боюнча Наполеондун жортуулуна чейинки Италиядагы феодалдык-абсолюттук монархия калыбына келтирилип, Италия мамлекеттеринин дээрлик бардыгы (Сардиния королдугунан башкасы) Австрия империясынын курамына киргизилген. Австриялык эзүүгө жана саясий бытырандылыкка каршы күрөшкө карбонарийлер жетекчилик кылган. Алар башкарган буржуазиялык революциялар (Неаполитан королдугунда, 1820; Пьемонтто, 1821 ж. б.) жеңилген соң, италиялык демократтар күрөштүн башка жолун издеген. Ж. Мадзини элдик революция чыгаруу жана көз карандысыз демократиялык республика түзүү менен Италияны бириктирүү программасын иштеп чыккан. Бирок ал түзгөн «Жаш Италия» уюмун эл колдогон эмес. 1848–49-ж. Римде республика түзүлүп, буржуазиялык-демократиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок контрреволюциячыл интервенттердин (Франция, Австрия ж. б.) аскерлери аны биротоло басып салган.

Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжасында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана жана Романья герцогдуктарынан куулган, Италиянын түштүгү испаниялык Бурбондордун бийлигинен кутулган. Италиянын бошотулган аймагы 1860-ж. Сардиния королдугуна бириктирилип, 1861-ж. бирдиктүү Италия королдугу жарыяланган. Австрия-Италия согушунан кийин 1866-ж. ага Венеция кошулуп, конституциялык монархия орногон. Италия мамлекети түзүүлөрү менен эле колониялык согушту баштап, Сомалини (1889), Эритреяны (1890), Ливияны (1912) басып алган. Италия биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Антанта тарабында 1915-жылдан катышкан. Согуштан кийинки келишимдер боюнча, ага Түштүк Тироль, дээрлик бүткүл Истрия ж. б. жерлер караган. Согуштан кийин Италия индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. 1922-ж. Б. Муссолини фашисттик диктатура орнотуп, Италия фашисттик мамлекетке айланган. Фашисттик Италия Эфиопия (1935–36) менен Албанияга (1939) агрессиячыл согуш ачып, ал өлкөлөрдү караткан жана фашисттик Германия менен бирдикте республика Испанияга каршы интервенцияга (1936–39) катышкан. Гитлердик Германия менен согуштук союз түзүп, 1940-ж. Германия тарапта экинчи дүйнөлүк согушка (1939–45) кирген. Италия Грецияга (1940, октябрь), Югославияга (1941, апрель) кол салып, 1941-ж. 22-июнда фашисттик Германия менен бирге СССРге каршы согуш жарыялаган. Улуу Ата Мекендик согушта Советтик Армиянын жеңиши, өлкөдөгү антифашисттик кыймылдын өсүшү, англиялык-америкалык аскерлердин Сицилияга түшүрүлүшү 1943-ж. 25июлда Муссолини бийлигинин кулашына алып келген. Бирок 1943-ж. 8-сентябрда фашисттик Германия Италиянын көп бөлүгүн басып алган соң, өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу Каршылык көрсөтүү кыймылы менен англиялык-америкалык аскерлер 1945-жылдын жазында Италияны бошоткон. 1946-ж. монархия жоюлуп, Италия республика деп жарыяланган жана конституция (1947) кабыл алынган. 1947-жылдагы тынчтык келишими боюнча Италия колонияларынан баш тартып, Югославияга Истрия менен бир катар башка аймактарды, Грецияга Додеканес аралдарын ж. б. кайтарып берген. Премьер-министр Маршалл планы боюнча Италия 1948-ж. АКШдан экономикалык жардам алып, 1949-ж. НАТОну түзүүгө катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Италия өнөр жай өнүккөн өлкөгө айланган.

Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кыймылынын өсүү шарттарында башкаруучу партия 1962-ж. солчул борборчул саясатка өткөн. Алар социалисттер, социал-демократтар жана республикачылар менен реформанын белгилүү бир программасынын негизинде кызматташууну жана компартияны четтетүүнү көздөгөн. А. Фанфанинин өкмөтү (1962–63) бир нече реформа (электр-энергетика өнөр жай мамлекеттештирилип, пенсия көбөйгөн, дыйкандардын абалы бир аз жакшыртылган) жүргүздү. Италияда иш таштоолордун эң кубаттуу толкуну көтөрүлүп, өкмөт элдин көптөгөн таламын канааттандырууга мажбур болду. 70-жылдардын башында демократиялык кыймылдын жогорулашы реакциячыл күчтөрдүн, баарыдан мурда неофашисттердин активдешүүсүн пайда кылды. Бирок Италиянын саясий өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңунан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чечкиндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парламенттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оңчулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006-ж. Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Бирок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жоюуга дарамети жетпей, 2008-ж. өткөн шайлоодо Берлусконинин «Эркиндик эли» оңчул-борбордук коалициясы жеңишке жетип, Берлускони өлкөнүн премьер-министри болуп калган.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Италия дүйнөдөгү экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн постиндустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү (1,8 трлн евро) боюнча дүйнөдө 10-, Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинде 4-орунду (Германия, Улуу Британия жана Франциядан кийин) ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 31 миң доллардан туура келет. ИДПнин 1,9%и айыл чарбасына жана балык уулоого, 22,7%и өнөр жайына, 6,1%и курулушка, 69,3%и тейлөө чөйрөсүнө таандык. Өнөр жайынын башкы тармактары (продукциясынын наркы боюнча): машина куруу, тамак-аш (суусундук, тамеки өндүрүштөрүн кошкондо), нефть ажыратуу жана нефть-химия, текстиль, тигүү жана булгаары-бут кийим өнөр жай , кара жана түстүү металлургия.

Италия отун-энергия ресурстарына жарды болгондуктан, импортко өтө муктаж. Өлкөдө өндүрүлгөн нефть (5,8 млн тонна, 2006) ички муктаждыктын 7%ин гана канааттандырат. Нефтини негизинен Ливия, Россия, Сауд Арабиясы, Иран, Ирактан алат (87 млн г). Өндүрүлгөн табигый газ (11 млрд м3) ички муктаждыктын 13%ин гана канааттандырат. Газ негизинен Адрия деңизинин шельфинен, ошондой эле Калабриядан казылып алынат. Газды Россиядан жана Алжирден алат (2006-ж. 77 млрд м3). Энергия ресурстары чектелүү болгондугуна карабастан, Италия электр энергиясын өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-ж. 290,6 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал эми өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 309,8 млрд кВт-с. Электр энергиянын 83%и ЖЭСтен, 17%и калыбына келүүчү булактардан (анын 85,2%и ГЭСтен, 10,1%и геотермалдык ЖЭСтен, 4,7%и шамал жана күн энергиясынан) өндүрүлөт.

Кара металлургия импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Сырттан темир кен ташы (негизинен Бразилиядан), металлолом (Батыш Европа өлкөлөрүнөн), коксталуучу көмүр алат. Чоюн, болот, прокаттарды (узун өлчөмдүү ысык, ысык каңылтыр, муздак катанка каңылтыр прокаттарын, темир-бетон конструкциясын ж. б.) чыгарат. Түстүү металлургия да негизинен импорттук сырьёну пайдаланат. Мында аллюминий жана коргошун-цинк өндүрүштөрү өзгөчөлөнөт. Глинозём, алюминий, коргошун, цинк, күмүш, алтын, жез ж. б. өндүрүлөт. Машина куруу өлкөнүн өнөр жайынын экспортко багытталган ири тармагы. Анын ичинде түрдүү транспорт каражаттарын (автомобиль, авиация техникасы, кеме ж. б.) чыгаруунун мааниси зор. Жеңил («FIAT», «Alfa Romeo», «Lancia» ж. б.) жана жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, аскердик транспорт каражаттарын, кеме, автомобиль тетиктерин ж. б. чыгарат. Авиация өнөр жай негизинен аскер техникасын даярдоого адистешкен. Машина куруунун маанилүү секторлорунун бири аскер продукцияларын өндүрүү. Анда курал-жабдык, аскер техникасы (сооттолгон танк, сооттолгон транспортёр БТР, дөңгөлөктүү сооттолгон машина, аскердик чалгындоо машинасы ж. б.), аскердик электроника, радар системасы, аскердик, жарандык авиация жана кеме куруу өнөр жай үчүн мотор ж. б. чыгарат. Темир жол өндүрүшүндө 2004-ж. 112 электровоз, 100 жүк ташуучу вагон чыгарган. Италиядан даярдалган велосипед менен мотоцикл спорт үчүн өтө маанилүү. Электр-техникалык жана электроника өнөр жай тиричилик электр-приборлорун (муздаткыч, идиш-аяк жана кир жуучу машиналарды, микротолкун мешин, ашкана мешин, телевизор ж. б.) чыгарууга адистешкен. Жалпы машина куруу өнөр жай продукциясынын экспорттогу үлүшү зор (70%; Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германиядан кийинки 2-орунда). Анда өнөр жай роботтору, автоматтык линия, ширетүүчү жана штамптоочу машиналар, трактор тетиктери, текстиль, тамак-аш жана тигүү, тери өңдөө өнөр жай үчүн жабдуулары, бут кийим ж. б. даярдалат. Айыл чарба машиналарын жана жабдууларын (ага кошо түрдүү тракторлор, топуракты иштетүүчү жана жер семирткич чачуучу машиналар, эгин жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу боюнча Италия Европада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле жол куруу техникаларын (бульдозер, экскаватор, чакан экскаватор, автоматтык жүк жүктөгүч, скепер ж. б.) чыгарат.

Химиялык продукциясынын көлөмү боюнча Европада Германия, Франция жана Улуу Британиядан кийинки 4-орунду ээлейт. Адистешүүсүнүн негизги багыты химиялык була, пластмасса, негизги химия продуктулары (кислота, щёлочь ж. б.) айыл чарба химикаттары, лак-боёк буюмдары, тиричилик химиясынын товарлары жана косметика каражаттары. Жыгач иштетүү жана эмерек өнөр жайынын экспорттук мааниси зор. Курулуш материалдар өнөр жайында белгилүү Италия мрамору (каррара ак мрамору), имараттарды кооздоочу табигый каптама таштар кеңири пайдаланылат; асбест, бентонит, бор казылып алынат. Цемент, кыш, карапа такта, кургак курулуш аралашмалары, курулуш химикаттары, желим, карапа жана фаянс буюм өндүрүштөрү өнүккөн. Айнек өнөр жай негизинен чоң айнек идиштерди, идиш-аяктарды, курулуш жана автомобиль өнөр жай , оптика приборлору үчүн айнектер, хрусталь, айнек-кебез, айнек-була чыгарууга адистешкен; көркөм айнеги менен Венециядагы Мурано аралы белгилүү. Текстиль өнөр жай импорттук (пахта, жүн, зыгыр) жана жергиликтүү (жибек, жасалма, синтездик жана аралаш була) сырьёдон ийрилген жип жана кездеме чыгарат. Италия үй үчүн текстиль өндүрүшү [ич кийим, шейшеп, парда, ички жасалга (интерьер) жана эмерек ж. б. үчүн кездемелер] менен белгилүү. Бир багытта иштеген техникалык текстиль (атмосфералык таасирден сактоочу, айыл чарбасында, курулушта, ошондой эле медицинада, аскер иштеринде, өнөр жайында пайдаланылуучу материалдар) өндүрүштөрүнүн мааниси зор. Тигүү өнөр жай аялдардын жана эркектердин модалуу кийимдерин даярдоого адистешкен. Жогорку сапаттагы жана «люкс» классындагы товарларды даярдоо салты сакталууда. Булгаары жана бут кийим өнөр жай өлкөнүн эл аралык адистешүүсүнө кирген салттуу тармагы. Өңдөлгөн тери (уй, чочко, кой, эчкинин) жанар ептилия терилери кийим (ичик, тон ж. б.), бут кийим, сумка, аксессуарларды, эмерек ж. б. даярдоодо пайдаланылат. Италия өңдөлгөн тери тонду экспорттоо боюнча дүйнөдө (20%) алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Теринин 70%и эмерек каптоого, 20%и бут кийим жана 10%и кийим тигүүгө жумшалат.

Италия дүйнөгө мода таратуучу жана «люкс» классындагы бут кийим тигүүчү башкы өлкө. Бут кийим чыгаруу өлчөмү боюнча (жылына 244 млн жуп жогорку сапаттагы моделдүү булгаары, спорттук, резина ж. б. бут кийимдер) дүйнөдө Кытай, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Бут кийимдин 80%ке жакыны экспорттолот (243,6 млн жуп, дүйнөлүк экспорттун 1/4и; 2006). Ошол эле убакта кыйла арзан баадагы бут кийимди сырттан (Кытай, Румыния, Вьетнам, Индия, Болгариядан) сатып алат. Эзелтен эле модалуу булгаары-галантерия товарларын (сумка, чемодан, капчык, кемер, булгаарыдан жасалган кеңсе товарлары, кол кап, аксессуарлар) жана галстук, ошондой эле чий калпак, булгаары, кездеме, фетр калпактарын, килем чыгаруу салт бойдон калган. Оюнчуктарды, балдар үчүн түрдүү буюмдарды, балаты жасалгаларын, күмүш, хрусталь, фарфор жана териден жасалган баалуу белектерди, көркөм гравюра ж. б. чыгаруу өнүккөн. Италия музыкалык аспаптары (кылдуу жана үйлөмө аспаптар, орган, мандолина, гитара, аккардеон) менен да белгилүү. Тамак-аш жана тамеки өнөр жай Италиянын экономикасында машина куруудан кийинки 2-маанилүү тармак. Азык-түлүктү (шарап, макарондун түрлөрүн, быштак жана сүт азыктарын, зайтун майын, кондитер азыктарын, жашылча жана мөмө-жемиш консерваларын) экспорттоочу ири өлкө. Кондитер өндүрүшү шоколад жана татымалдардын түрлөрүн даярдоого адистешкен. Шарап жасоо боюнча Италия дүйнөдө 1–2-орунду Франция менен гана бөлүшөт. Италия колбаса, ыштап сүрсүтүлгөн ж. б. чүйгүн эт азыктарын даярдоо боюнча Европада маанилүү орунду ээлейт. Жылына 11 млн тонна ун даярдалат; макарон өндүрүшүнө байланыштуу (150дөн ашык түрү чыгарылып, дүйнөдө 1-орунду ээлейт) ун көп керектелет. Жылына 3,3 млн тонна жашылча жана мөмө-жемиш консерваланат; туздалган помидор, томат пасталары, мөмө-жемиш консервалары, маринаддалган жашылча, фаршталган зайтун, артишок консервалары чыгарылат. Башка экспорттук продукцияларына алкаголдук ичимдиктер (вермут, шампан ж. б.), кофе, жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган соустар ж-а татымалдар, кант, тамеки, пиво, алкоголсуз суусундуктар ж. б. кирет.

Өлкөнүн айыл чарбасынын ИДПдеги үлүшү 1,9% . Айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү боюнча Италия Европада Франция, Германиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Өлкө айыл чарба продукциясына жана азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 86%ин өзү камсыз кылат, калганын Франция, Германия жана Нидерланддан импорттойт. Агрардык секторунун өнүгүүсүнүн жалпы деңгээли европалык орточо көрсөткүчтөн төмөн, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана малынын продукттуулугу боюнча Италия Европадагы көп өлкөлөрдөн артта. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 17,8 млн га (2005); анын 53%и иштетилет, 18,8%и шалбаа жана жайыт, калганы токой (23%; бийик өскөн дарактар аз, негизинен теректүү токой жана бадалдар). Иштетилген жердин 75,6%и айдоо, анда тоют өсүмдүктөрү жүгөрү, арпа, кара буудай, сулуу, буурчак, буудай, кант кызылча, күн карама, жүзүм, жашылча, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Жаан-чачыны сезон боюнча кескин өзгөрүп тургандыктан, жери сугатка муктаж. Сугат жеринин аянты 3,97 млн га (2005). Айыл чарбасынын башкы тармагы өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Италия «Европанын багы» деп аталат; ал түрдүү мөмө-жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн кошо), жашылча, жүзүм, зайтун, буудай өстүрүүчү жана экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Киви (түшүмү боюнча дүйнөдө 1-орунда), шабдаалы, нектарин, алмурут (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), өрүк (Түркия, Ирандан кийинки 3-орунда), алма (Европада 1-орунда), курма (Европада 1-орунда), гилас, кайналы, анжир ж. б. өстүрүлөт. Италия жүзүм жыйноо боюнча (8,6 млн т; анын ичинде мейиз жүзүмү 1,7 млн тонна; 2006) дүйнөдө 1-орунда. Жүзүмзар өлкөнүн бардык жеринде таралып, өзгөчө италиялык пейзажды жаратат. Италия зайтунду чогултуу боюнча (жылына 4 млн тоннадай) дүйнөдө алдыңкы орунда. Маанилүү экспорттук тармагы гүл өстүрүү. Башкы дан өсүмдүктөрү буудай, шалы, жүгөрү, арпа. Мал чарбасынын өнүгүүсүнө Франция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүнөн келген арзан баадагы продукциялар, ошондой эле тоют базасынын жетишсиздиги тоскоолдук кылат. Өлкөнү чулгап турган деңиз жээктери балыкка анча бай эмес.

Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 69,3%и жаралат (2006). Рекреациялык жактан тейлөө Италиянын эл аралык адистешүүсүнүн маанилүү тармагы (дүйнөлүк туристтик сектордогу Италиянын үлүшү 6%). Туристтерди тейлөөдө 2 млндон ашык адам иштейт. Туризм индустриясынын өнүгүүсүнө түрдүү маданий-тарыхый (музейлердин жана сүрөт галереяларынын, түрдүү замандагы архитектуралык жана тарыхый эстеликтердин көптүгү) жана табият ресурстары өбөлгө түзөт. Адатта алардын эң белгилүүлөрү: деңиз жээктериндеги курорттор (Генуя Ривьерасы, Адрия деңизинин жээгиндеги кумдуу пляждар, Амальфитанын кооз жээктери), Альп тоолорундагы көлдөр (Лаго-Мажоре, Гарда), кооз жерлер, минералдуу булактардын тегереги, археологиялык эстеликтер зоналары, аралдардагы курорттор. Италия чет элдик туристтердин саны боюнча дүйнөдө Франция, Испания, АКШ, Кытайдан кийинки 5-орунду ээлейт. 2006-ж. өлкөгө 42,1 млн турист келген. Мейманкананын саны (33,5 миң) боюнча Европада Германия, Улуу Британиядан кийинки 3-, андагы орундун саны (2,0 млн; кемпинг ж. б. эс алуу жайларын кошкондо 4,2 млн) боюнча 1-орунду ээлейт. И-нын финансы системасына 87 банк тобу (793 банк, анын ичинде 245 акционердик, 474 кооперативдик банктар, 74 чет элдик банктардын бөлүмдөрү) жана 749 банк эмес финансы далдалчылыгы кирет. Италияда ири биржалар, камсыздоо компаниялары иштейт. Соода тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү секторлорунун бири. Чекене соодада 1,5 млндон ашык адам иштеп, 600 миңден ашык ишканасы бар. Соода ишканалары негизинен чакан, жекече же үй-бүлөлүк; басымдуу бөлүгү (айрыкча кийим, азык-түлүк жана суусундук сатууга) адистешкен. Ошондой эле ири тармактуу соода ишканалары да иштейт.

Италияда темир жана автомобиль жол тармактары жыш. Альп тоолорунун ашуулары (Симплон, Мон-Сени, Сен-Готард, Бреннер ж. б.) аркылуу тешкен тоолор (тоннелдер) менен өткөн темир жана автомобиль жолдорунун эл аралык мааниси өтө зор. Жүргүнчүлөрдүн 90%тен, жүктүн 80%тен ашыгы автомобиль менен ташылат. Автомобиль жолунун узундугу 484,7 миң км. Темир жолунун узундугу 19,46 миң км (анын 70%и электрлештирилген). Сырткы жүктөрдүн басымдуу бөлүгүн деңиз транспорту (импорттун 80–90%ин, экспорттун 60–70%ин) ташыйт. Италиянын соода флотун 1,5 миң кеме түзөт (жалпы тоннажы боюнча дүйнөдө 10-орунда). Башкы деңиз порттору: Торонто, Генуя, Триест, Аугуста, Венеция, Жоя-Тауро, Равенна, Неаполь, Мессина, Режо-ди-Калабрия, Капри ж. б. Деңиз парому аркылуу катташуунун да мааниси зор. Ички суу жолунун узундугу 2,4 миң км. Эл аралык маанидеги ири аэропорттору: Рим-Фьюмичино, Милан-Мальпенса, Милан-Линате, Венеция-Тессера, Рим-Чампино ж. б. Магистралдык нефть куурунун узундугу 1136 км, газ куурунуку 17 589 км.

Италияга дүйнөлүк экспорттун 3,4%и, импорттун 3,4%и туура келет (2006). Экспортко негизинен машина куруу продукциялары, өнөр жай жабдуулары, транспорт каражаттары, химиялык жана нефть-химия продукциялары, металл жана андан жасалган буюмдар, азык-түлүк (ичимдик жана тамеки кошо), текстиль жана кийим тигүү өнөр жай продукциялары, булгаары товарлары, эмерек, айыл чарба жана балыкчылык продукциялары. Сырттан нефть, көмүр, темир рудасын, түстүү жана кара металлдарды, пахта, машиналарды, жыгач, азык-түлүк сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: Германия, Франция, Испания, АКШ, Нидерланд, Кытай.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Италиянын билим берүү системасы мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Алты жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланат. 6–14 жаштагы балдар сөзсүз жана акысыз билим алат. Мектепти аяктаган соң, жалпы билим берүүчү (академиялык) же техникалык окуу жайларга, башкача айтканда институттарда окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берилет. Булардын бирин аяктагандан кийин каалоочулар университеттерде билим алууну улантышат. 90-жылдардын башында Италияда 41 мамлекеттик университет болгон. Ири университеттер Рим, Неаполь, Милан, Болонья жана Падуя шаарында жайгашкан. Булардан тышкары, Милан жана Туринде политехникалык институттар, бир катар жеке менчик университеттер, анын ичинде ириси Миландагы Католик университети, консерваториялар, көркөм институттар бар. 11-кылымда негизделген Болонья университети о. кылымдардан эле белгилүү. Университеттердин көпчүлүк факультеттеринде билим алуу төрт жыл, ал эми айрым химия, инженердик жана архитектура факультеттеринде беш, медицина факультетинде алты жылга созулат.

Италиянын Билим берүү министрлигине 200 академия жана маданий мекемелер, Италиянын тарыхын изилдөөчү, ошондой эле илимий, адабий институттар жана коомдор карайт. 1603-ж. негизделген улуттук деп Линчеи академиясынын негизги милдеттеринин бири илимий, тарыхый жана филология жаатындагы ийгиликтерди дүйнөгө даңазалоо, таратуу болсо, Данте Алигьери улуттук коому итальян тилин, маданиятын чет элдиктерге үйрөнүүгө жардам берүүгө умтулат. Булардан тышкары, Адабият академиясы (1690), Болоньядагы Илимдер академиясы, Виргилий ИА ж. б. белгилүү. Көпчүлүк европалык жана америкалык өлкөлөр Италияда өз академияларын ачышкан. Алардын эң белгилүүсү жана эзелкиси Римдеги Француз академиясы (1666), мындан башка искусство жана археология жаатындагы чет өлкөлүк институттар Флоренция, Болонья, Неаполь, Рим, Турин, Милан шаарында жайгашкан. Италиянын бардык шаарларында китепканалар бар, анын ичинде ирилери: Ватикан китепканасы, Сенат жана Депутаттар китепканасы, Римдеги китепкана ж. б. Өлкөдө 150дөн ашуун музей бар. Ватикан музейинде дүйнөгө белгилүү антикалык жана искусство чыгармалары топтолгон. Капитолий музейлери, Уффици, Боргезе ж. б. галереялар, Рим улуттук музейи, Неаполь, Парма ж. б. шаарлардагы археологиялык ж. б. музейлер иштейт.

Италияда жалпы тиражы 6 млн нуска 88 наамдагы күндөлүк гезиттер жарык көрүп турат. Алардын ичинен Миландагы «Коррьере делла Сера», «Нотте», «Джорнале Нуово» и «Джорно», Туриндеги «Стампа»; Римде «Мессаджеро», «Темпо», «Репубблика», Болоньядагы «Ресто дель Карлино», Флоренциядагы «Национе», Венециядагы «Гадзеттино» эркин гезиттери белгилүү. Саясий партиялардын расмий органдары катары «Пополо» (Христиан-демократиялык партиясы), «Унита» (Солчул демократиялык партия), «Аванти» (Социалистик партия) жана «Уманита» (Социал-демократиялык партия) гезиттери эсептелет. Мындан тышкары, «Эуропео», «Эпока», «Темпо», «Оджи», «Дженте», «Эсирессо» ж. б. журналдар жума сайын жарык көрөт. Радио уктуруу 1924-жылдан, телекөрсөтүү 1954-жылдан иштейт.

Италиянын антикалык илими менен Европадагы о. кылым илиминин (5–6-кылымдар) өткөөл доорунда жашаган илимпоз А. Боэцийдин математика менен музыка теориясы боюнча эмгектери о. кылымдык монастрь билимине негиз болсо, Кассиодор өз заманынын табият илиминин энциклопедиялык жыйнагын түзгөн. 9-кылымда Салернодо түзүлгөн ак сөөктүк медициналык мектепте практикалык иштен тышкары рецепттер («Антидотарий») менен диагноз ыкмалары («Пассионарий») топтолуп, медицина боюнча арабча эмгектер которулган. 11–13-кылымдарда туңгуч университеттер (11-кылымда Парма менен Болоньяда, 1222-ж. Падуяда, 1224-ж. Неаполдо) ачылган. Курулуш, механика, навигация, соода-сатык, кол өнөрчүлүк сыяктуу практикалык билим топтоло баштаган. 1202-ж. кечил Леонардо Пизанский «Эсеп китеп» жазса, 13-кылымда көз айнек ойлоп табылган. Деңиз аркылуу соода жүргүзүү 13–16-кылымдарда навигациялык карталардын түзүлүшүнө шарт түзүп, Марко Поло 1271–95-ж. Кытайга саякаттаган. Кайра жаралуу доорундагы географиялык улуу ачылыштар бүтүндөй илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Космограф П. Тосканеллинин Индияга Атлантика океаны аркылуу (Африканы айланып) жетүүгө болорун биринчи болуп айтышы Х. Колумбдун Американы ачышына себепкер болгон. Көрүнүктүү саякатчылар Америго Весиуччи, Себастьян Кабот да Италиядан чыккан. 16-кылымдын ортосунда Ж. Рамузио саякаттар менен ачылыштарды «Саякат жыйнагы» деген үч томдугуна топтогон. 1540-ж. колдонмо химия боюнча В. Бирингуччонун «Пиротехника жөнүндө», 1548-ж. Ч. Пиккольпассонун «Карапачылык өнөр жөнүндө үч китеп», 1558-ж. Ж. Делла Портанын «Нагыз сыйкырчылык» деген эмгектери пайда болгон. Р. Бомбелли «Алгебра» деген эмгегинде (1572) комплекстүү сандардын жөнөкөй амалын биринчи болуп далилдеген. Кайра жаралуу доорунда геология илими пайда болуп, кен байлыктар суу менен кургактыктын алмашылышынан пайда болот деген Леонардо да Винчинин пикирин 16-кылымда Ж. Фракасторо, Ж. Кардано, А. Чезальпино ж. б. ырастаган. 16-кылымдын акырында геология Жер жөнүндөгү илим катары У. Альдровандинин эмгектеринде кездешет. Географиялык ачылыштар биология илиминин өнүгүшүнө өбөлгө түздү: А. Чезальпино өсүмдүктөрдү илимий классификацияласа, Б. Палисси аларга минерал азыктын керектигин биринчи болуп айткан.

16-кылымдын акырынан Италия илими Европада алдыга чыгат. А. Коперниктин гелиоборбор окуусун өнүктүргөн Ж. Бруно схоластикага каршы күрөшсө, Г. Галилейдин эмгектери табият таанууда, айрыкча дүйнөнүн гелиоборбордук системасын аныктоодо зор роль ойногон. Ал кураган телескоп астрономияда жаңы доор ачты. Академиядагы илимпоздор да (мисалы, дель Чименто академиясында Ф. Реди «өмүр өзүнөн өзү жаралбасын» далилдесе, А. Стено кристаллография менен геологияны негиздеген, Э. Торичелли атмосфера басымын ачып, сымап барометрин ойлоп тапкан) илимге кыйла жаңылыктар киргизген. 17-кылымда биологияда ятро физика агымы калыптанып, С. Сантарио зат алмашуу менен дем алууну изилдөөдө физикалык ыкманы кийирүүгө аракет жасаган. 18-кылымдын биринчи жарымында Я. Риккати дифференциал теңдеме теориясы боюнча иштеп, кылымдын аяк ченинде Л. Гальвани, А. Вольта электр боюнча классикалык эмгектер жаратышкан. А. Авогадро идеалдуу газ үчүн физика законун (1881) ачып, Л. Бруньятелли италян тилинде туңгуч хим. журналдарды басып чыгарган. С. Канниццаро (19-кылым) молекула жөнүндө так түшүнүк берип, атом салмагына реформа жүргүзгөн. Химик-органиктер Р. Назини, Л. Кьоцца, Ч. Бертаньини, Р. Пирия, Г. Пелиццари ж. б.; физиктер Р. Феличи, А. Пачинотти, Г. Феррарис, А. Меуччи, Риги, Г. Маркони ж. б.; зоологдор 0. жана А. Косталар, Б. Грасси, Д. Роза, Ф. Пачини ж. б-дын эмгектери илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түздү. 20-кылымдын башында нерв системасынын анатомиясы менен физиологиясы өрүш алып, 1906-ж. К. Гольжи негиздеген нейрон теориясы Нобель сыйлыгына татыган. Орто кылымдарда Италиядан чыккан Пётр Дамиани, Ланфранк, Ансельм Кентерберийский, Фома Аквинский сыяктуу белгилүү философтор чет жерде эмгектенишкен. Италия улуттук философиясы 13–14-кылымдарда калыптана баштаган. Мында Болонья, Падуя университеттеринин ролу зор. Падуя аверроизмдин очогуна айланган. Кайра жаралуу мезгилинде жаңы моралдык жана саясий принциптердин калыптанышына Н. Макиавеллинин «мамлекеттин зарылдыгы», «сокур» тагдырды жеңген адамдын идеалы жөнүндөгү пикири өбөлгө түзүп, анын идеясы жаңы доордогу социологиялык багыттарга да кыйла таасирин тийгизген.

Италиянын адепки фольклору сакталган эмес, о. кылымдагы адабияты Рим империясы кыйрагандан кийин (6–12-кылымдарда латын тилинде) түзүлгөн. Адегенде диний ырлар, уламыштар жаралган. 13-кылымда Тоскана шаарындагы ич ара күрөш саясий лириканын (Гвиттоне д’Ареццо, болжол менен 1230–94) чыгышына себеп болгон. Бул мезгилде махабат психологиясын таасын көрсөткөн философиялык поэзия (Г. Кавальканти, А. Данте ж. б.) да пайда болгон. Бирдиктүү адабий тил түзгөн Дантенин «Жаңы турмуш» (1292) повестинде, «Ажайып комедия» (1321) поэмасында доордун көкөй кести маселелери козголгон жана анын чыгармалары дүйнөлүк адабият казынасына кирген. Кайра жаралуу доорунда акын Петрарка (1304–75), Ж. Боккаччо (1313–75), П. Браччолини (1380–1459), Л. Альберти (1404–72), Л. Валланын (1407–57) чыгармалары көрүнүктүү орун ээлеген. 16-кылымда Л. Ариосто (1474–1533), Н. Макиавелли (1469–1527), П. Аретино (1492–1556), философ Ж. Бруно (1548–1600) ж. б. комедия жазышкан. Проза жанрында Б. Кастильоне (1478–1529), Б. Челлини (1500–71) ж. б. эмгектенишкен. Агартуучул идеялар Италияга 18-кылымдын орто ченинен тарап, калктын улуттук аң-сезимин ойготкон. К. Гольдони (1707–93) жазган реалисттик комедиялар («Зөөкүр чалыштар», 1760), А. Альфьеринин трагедиялары («Саул») Италия драматургиясына зор салым кошкон. А. Мандзони тарыхый роман жанрына негиз салган. 1848–49-жылдардагы революциядан кийин гарибальдичил акындар А. Алеарди (1821–78), Л. Меркантини (1821–72), романчылар И. Ньево (1831–61), Р. Жованьоли (1838–1915) ж. б. кеңири таанылган. 19-кылымдын аягында Италия адабиятында романтикалык жана символисттик багыттар, 1909-ж. футуризм агымы жаралган. Каршылык көрсөтүү кыймылы (1943–45) учурунда неореализм негизги багытка айланып, Р. Виганонун «Анзьезе өлүмгө баратат» (1949) романында, К. Кассоланын «Эски жолдоштор» (1953) повестинде партизандык күрөш сүрөттөлгөн. 70-жылдары М. Сольдатинин «Актёр» (1970) романы, Л. Орсининин «Анестезия» (1971) аңгемелер жыйнагы коомдун социалдык мүчүлүштүктөрүн көрсөткөн. Дино Будзати, Марио Сольдати, Оттиеро Оттиери, Беипе Фенольо жана Пьер Паоло Пазолини сыяктуу жазуучулар 20-кылымдын 60–70-жылдары роман авторлору катары таанылды жана ошол эле учурда журналистика жаатында да ийгиликтерди жаратышты. Италия жергесиндеги байыркы көркөм эстеликтер палеолит жана энеолит дооруна таандык. Буга Апулиядагы аскага тартылган сүрөттөр, Лигурия жана Эмилиядагы аялдардын таш статуялары мисал. Байыркы грек, этрус ж. б. элдердин салттуу көркөм өнөрү биздин заманга чейинки 5-кылымдан биздин замандын 5-кылымына чейин Байыркы Рим искусствосунун өнүгүшүнө негиз болгон.

Рим кулап, христианчылык орногондон кийин, Италияда орто кылым искусствосу калыптана баштаган. Италия искусствосуна Византия искусствосунун, варварлардын (гот, лангобард, франк ж. б.) көркөм маданиятынын таасири тийген. 4–6-кылымдарда Рим (Сан-Жованни-ин-Латерано, 313–318-ж. чен) ж. б. шаарларда Сан-Витале базилика чиркөөлөрү, зыярат кылынчу имараттар салынган. 8–10-кылымдарда Ломбардия архитектурасы өнүгүп, базиликалардын кампанила деп аталган классикалык тиби пайда болгон (мисалы, Миландагы Сант-Амброжо чиркөөсүнүн түштүк мунарасы, 9-к.). 8–10-кылымдарда буюм чегелөө, зергерчилик, көркөм шөкөт өнөрү өөрчүгөн. 11–13-кылымдарда шаар куруу иши кулач жайып, Болонья, Сан-Жиминьяно өңдүү шаарларда чептер, мунаралуу таш үйлөр, Бергамо, Бреша сыяктуу шааларда ратушалар, соборлор курулган. Эмплпя менен Ломбардияда роман скульптурасы өркүндөгөн. 13-кылымда икона тартуу өнөрү өөрчүп, Проторенессанс кыймылы башталган. 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында Италия архитектурасында готика стили пайда болгон. Готика Сиенадагы Палаццо Публико (1297–1310), Флоренциядагы Палаццо Веккьо (1298) сыяктуу курулуштарды жасалгалуу азем, динамизм менен байыткан. 15–16-кылымда Кайра жаралуу искусствосу жогору өнүккөн. Бул доорлордун скульпторлору (Лоренцо Гиберти, Донателло) адам жана айбанат статуяларында, монументтүү кооз скульптурада ренессанстык баатыр идеалын, телегейи тегиз өнүккөн пендени чагылдырышкан. Мазаччо, Андреа Мантенья, Сандро Боттичеллп өңдүү белгилүү сүрөтчүлөр негизинен шаар турмушун, үй-тиричилигин чагылдырган чыгармаларды жаратышкан.

Жогорку Кайра жаралуу мезгилинин (15-кылымдын аягы – 16-кылымдын 1-чейреги) искусствосунда жалпы улуттук патриоттук идеялар көтөрүлгөн. Адам жогору өнүккөн жан катары бааланып, анын классикалык образы жаратылган. Бул учурдун залкар өкүлдөрү: Рафаэль, Жоржоне, Тициан, Леонардо да Винчи, Микеланжело, Тинторенто, Тициан ж. б.

16–17-кылымдарда Италия искусствосунда барокко стили калыптанып, 17-кылымдын 60-жылдарында дүркүрөп өнүккөн. Ал стилдин туундуларында адам менен анын чөйрөсүнүн драмалуу өзгөрүлмөлүүлүгү жана динамикалык биримдиги жөнүндөгү түшүнүктөр чагылдырылган. 18-кылымда классицизмдин алгачкы белгилери жарала баштаган. Бу мезгилде Венеция живоипси көрүнүктүү орун ээлеп, шаар пейзажы ведута (Ж. А. Каналеттонун жана Б. Беллоттонун полотнолору) пайда болгон. 19-кылымда классицизм кеңири тарап, Рим, Турин, Мплан шаарында көчөлөр, аянттар классицизм духунда кайра курулган. Көркөм сүрөт өнөрүндө да алдыңкы орунга чыгып, чыгармалар жарандык маанисин төмөндөтүп, академиялык мүнөзгө өткөн. Улуттук-боштондук күрөштүн курчушу менен живописте (Ф. Айестин портреттери жана тарыхый чыгармалары; бир тууган Индунолордун жанрдык композициялары) романтикалык багыт түзүлгөн. 20-кылымдын башында архитектурага модерн стилинин таасири тийген. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1922–43) неоклассицизмдин белгилери (арх. М. Пьячентини) пайда болгон. 50–60-жылдары Римдеги Термини вокзалы (1950, архитекторлор тобу, жетекчиси Э. Монтуори), Кичи спорт сарайы (Палаццетто) ж. б. салынган. Скульпторлор Альберто Жакометти, Мирко Базальделла, Джакомо Манцу жана Марино Марининин чыгармалары көпчүлүккө белгилүү. Архитектурада болсо Пьер Луиджи Нерви стадион, завод, ангарларды курууда жаңы инженердик принциптерди пайдалангандыгы менен айырмаланган.

Италиянын музыка өнөрү Байыркы Рим маданиятынан башталат. Азыркы нотанын негиздөөчүсү музыкант-илимпоз Гвидо дАреццо (990–1050) музыканын очогу Тосканада жашап, музыканы нотага түшүрүүгө көп эмгек жумшаган. Италия музыкасы Европа маданиятында көрүнүктүү орун ээлеп, дүИнөлүк музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө да кыйла таасирин тийгизген.

16-кылымда Рим жана Венецияда полифониялык музыка мектептери (А. Вилларт, А. жана Ж. Габриелилер) калыптанып, көп үндүү вокалдык-аспаптык стиль өнүккөн. 16–17-кылымдарда музыкада негизинен лирикалык ырлар мадригалдар басымдуулук кылган (А. Вилларт, К. Жезуальдо ди Веноза, Л. Маренцио, К. Монтеверди). Ж. Кариссими, А. Страделла, Я. Пери, Ж. Каччинилер 16–17-кылымдарда опера, оратория, кантата, канцонанын үлгүлөрүн жаратышкан. 1597-ж. Флоренцияда биринчи ирет «Дафна» операсы (композитор Я. Пери, сөзү О. Ринуччиники) коюлган. 17-кылымда опера бүт Италияга тарап, 1637-ж. Венецияда «Сан-Кассиано» театры ачылган. 17–18-кылымдарда Неаполь опера өнөрүнүн очогуна айланган. Бул мектепти А. Скарлатти жетектеген. 18-кылымдын ортосунан Неаполдо жана Венецияда комедиялык жаңы жанр – буфф операсы пайда болгон. Анын алгачкы классикалык үлгүсү Перголезинин «Кызматчы айым» операсы 1733-ж. коюлган. 18-кылымда Неаполдо «Сан-Карло» (1737), Миланда «Ла Скала» (1778), Венецияда «Фениче» (1792) сыяктуу опералык жаңы театрлар ачылган. 16-18-кылымда аспаптык музыка, айрыкча лютня (кыл аспап; Франческо да Милано, В. Галилей), орган (Ж. Фрескобальди), клавишалуу аспап (Д. Скарлатти) өнөрү дүркүрөп өнүгүп, кыл кыяктардын ичинен скрипка үчүн көп музыка жазылган. Скрипка жасоочу чеберлер Н. Амати, А. Страдивари, А. Гварнеринин атагы чыккан. А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини өңдүү композитораткаруучулар ансамбль жана жеке соната формаларына негиз салган. Симфония жазгандардын бири Ж. Саммартини, ал эми симфониялык жана камералык музыканын чебери виоленчелист жана комп. Л. Боккерени болгон. 1709–11-ж. Б. Кристофори фортепьяно жасаган. 18–19-кылымдарда музыкалык романтизмди негиздөөчү Н. Паганини, классикалык фортепьяно сонатасын түзүүчү М. Клементинин ысымдары алыска тараган. 19-кылымда көп композиторлор эркиндикке умтулгандыкты чагылдырган, мисалы, Ж. Россининин «Вильгельм Телль» (1829, Париж) операсы. Опера реализми Ж. Вердинин чыгармачылыгында жогорку деңгээлге жеткен. 16-кылымдын аягында Флоренцияда опера, кантата, оратория жанрлары пайда болгон. 16-кылымдын аягында алгачкы опера классиги, Венецияда иштеген К. Монтеверди болгон. Неаполдо 17–18-кылымдарда А. Скарлатти жана И. Иоммелли опера-серианы («олуттуу операны») негиздеген. 18-кылымдын ортосунда ошол эле жерде жаңы жана чыныгы, башаты этик болгон опера-буффа (комедиялуу опера) жанры пайда болгон (Ж. Б. Перголези, Ж. Паизиелло, Д. Гимароза, Б. Галуипи ж. б.) Италия операсынын 19-кылымдагы өсүп-өркүндөшү Ж. Россини менен байланыштуу. 20-кылымдын башында ири опера театрларынын арасында Неаполдогу «Сан-Карло» (1737-ж. негизделген), Миландагы «Ла Скала» (1778), Венециядагы «Ла Фениче» (1792), Рим опера театры (1880) болгон. Р. Леонкавалло, П. Масканьи. У. Жордано жана Ж. Пуччининин чыгармаларында веризм кеңири тараган. 19-кылымдагы лирикалык ырлардын чеберлери: эже-сиңди Гризи, Ж. Паста, Ж. Марио, Ж. Б. Рубини, А. Бозио, А. Патти ж. б. 20-кылымда А. Барби, А. Галли-Курчи, Т. Даль Монте, Т. Скипа, Титта Руффо ж. б. 20-кылымдын башында инструментализмдин кайрадан жандануусуна дирижёр жана композитор Ж. Мартуччи, пианист жана композитор Ж. Сгамбати өбөлгө түзгөн. Дирижёр А. Тосканини, пианист жана композитор Ф. Бузони дүйнөлүк маданиятка зор үлүш кошкон. Артуро Тосканини жана Виктор де Сабата сыяктуу дирижёрлор 20-кылымдын биринчи жарымында дүйнөдөгү эң белдүү дирижёрлордун катарына кошулган. 1992-ж. дүйнөдөгү алдыңкы беш дирижёрдун үчөө италиялык: Берлин филармониясынын Клаудио Аббадо, Амстердамдам филармония оркестринде Риккардо Кайли жана Филадельфия симфониялык оркестринин дирижёру Риккардо Мути. Италияда көптөгөн музыкалык фестивалдар жана кароо-сынактар, о. эле пианисттердин Ф. Бузони атындагы, Паганини атындагы (1954-ж.) скрипкачылардын эл аралык конкурстары өтүп турат.

Италияда театр өнөрүнүн алгачкы элементтери элдик үрп-адаттар менен оюн-зооктордон башталган. 16-кылымдын ортосунан элдик театрдын негизинде импровизациялуу комедия дель арте (бет кеп комедиясы) пайда болгон. 18-кылымдан бет кеп комедиясы реалисттик образ менен алмашылган. Венеция менен Рим театр өнөрүнүн ири очогуна айланып, Мплан, Неаполь, Генуя ж. б. шаарда театр труппалары иштеген. Куурчак театры, акробатика ярмаркасы жана карнавал оюндары кеңири тараган. 19-кылымдын акыры – 20-кылымдын башында Э. Дузэ, Э. Цаккони, Э. Новелли ж. б. актёрлордун атагы Европага тараган. Фашисттик диктатура (1922–43) мезгилинде Италия театры чоң кризиске учураган. Фашизм талкалангандан кийин прогрессчил театр өнөрүнүн өнүгүшүнө режиссёр Л. Висконтинин чыгармачылыгы, режиссёр, актёр жана драматург Э. Де Филиппо башкарган Неаполдогу театр кыйла салым кошкон. Туруктуу драма труппалардын түзүлүшү (Миланда «Пикколо-театро», 1947) улуттук театр тарыхында маанилүү роль ойногон. Белгилүү театр ишмерлери: режиссёрлор Ж. Стрелер, Л. Скуарцпна, Ж. Де Лулло; актёрлор: Р. Фальк, Ж. Альбертаццп, Л. Бриньоне ж. б.

Европалык балет өнөрүнүн башаты Италияда Кайра жаралуу доорунан башталат. 14–15-кылымда элдик бийлерди кайра иштеп чыгуунун негизинде түзүлгөн бал бийлерин бийлешкен. Италиялык балеттин негизинде Францияда түзүлгөн жаңы балет жанры бүткүл Европага тараган. 17-кылымдын аягында Милан, Рим, Неаполь, Венеция ж. б. шаарларда балет спектаклдери коюлган калк театрлары болгон. 19-кылымдын аягында Италияда бийдин виртуоздук стили иштелип чыккан. 20-кылымда өз алдынча балет труппалары («Атербалетто», 1977; «Балет Милана», «Балет Венеции») пайда болду. Римде Улуттук бий академиясы (1948) иштейт. Эл аралык балет фестивалдары («Флоренциянын музыкалуу майы», 1955-жылдан ж. б.) өткөрүлүп турат.

Италияда кино 1904-ж. пайда болуп, биринчи дүйнөлүк согуштун алдында Европада алдыңкы орунда турган («Помпейдин акыркы күндөрү», «Кабирия» ж. б. фильмдер). Фашизмдин кыйрашы, Каршылык көрсөтүү кыймылы жана өлкөнүн бошотулушу менен Италия кинематографиясында неореализм багытында режиссёр Роберто Росселининин «Рим ачык шаар» (1945), Витторио Де Сиканын «Шуша» (1946), «Велпсипед уурдоочулар» (1948), «Умберто Д.» (1951), «Эки аял» (1961), Дино де Лаурентинин «Ачуу күрүч» (1950), Федерико Феллининин «Жол» (1954) аттуу фильмдери тартылган. 70-жылдарда тарыхый сюжеттеги кинофильмдерди тартууга көп көңүл бурула баштаган. Буга Бернардо Бертолуччинин «Конформист» (1970), Витторио де Сиканын «Фпнцп-Контини багы» (1971), Лина Вертмюллердин «Жети сулуу» (1976) фильмдери мисал боло алат. 1980–90-жылдарда Микеланджело Антонионинин «Аялды идентификациялоо» (1982), Франко Дзеффиреллинин «Травиата» (1983), «Отелло» (1984), Федерико Феллининин «Кеме да келе жатат» (1983), «Джинджер жана Фред» (1986), Жузеппе Торнаторенин «Кино бейиш» (1989), «Бардыгы үчүн ажайып» (1991) Жанни Амелпонун «Ачык эшиктер» (1990) ж. б. фильмдер тартылган. Венецияда (1932-жылдан), Римде (2006-жылдан) эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]