Мазмунга өтүү

Болонья

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Болонья
Желек Герб
Желек Герб
Облустук аймакИталия
ШаарБолонья шаары
Координаттар44°29′00″ с. ш. 11°20′00″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
БорборуБолонья
Убакыт аралыгыUTC+1
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы367 200 адам (2005)
Улуттук курамыИталяндар
Диний курамыКатолицизм
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 051
Почта индекси40100
Автоунаа кодуBO
Болонья (Италия)

Болонья (лат. Bononia, итал. Bologna [boˈloɲɲa] ) — Түндүк Италиядагы шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун администрациялык борбору.

2005 -жылкы калкы 367,2 миң адам болгон.

Болоньянын тарыхы бай. Б.з.ч. 6-кылымдын аягында этрусктардын Фельсина борбору болгон. Б.з.ч. 4-кылымда шаар бойлор тарабынан басып алынган. Орто кылымдарда Болонья укук мектеби менен даңкталган. 11-кылымда негизделген университети Европадагы эң байыркы университеттердин бири болуп эсептелет.

Архитектурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаарда көп тарыхый эстеликтер бар. Сан-Стефано чиркөө комплекси (11-13-кылым) роман стилинде курулган. Сан-Доминико, Сан-Петронио чиркөөсү (14-17-кылым) жана готика, ренессанс, барокко стилиндеги сарайлар сакталып калган. 1425–1438-жылдары Якопо делла Кверча ренессанс стилиндеги айкел порталдарын жасаган.

Болоньяда машина куруу, кара металлургия, химиялык, фармацевтика, полиграфия, жеңил, тамак-аш жана текстиль өнөр жайлары өнүккөн.

Шаарда Улуттук атом изилдөө борбору, Улуттук пинакотека жана бир нече музейлер бар.

1999-жылы Болоньяда бирдиктүү европалык билим берүү системасын түзүү боюнча эл аралык келишим — "Болонья келишими" кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]